Кең келечек

Таза шайлоо үчүн!
КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу атуулдар!
Алдыдагы президенттик шайлоо - мурдагы шайлоолордон айырмаланып, элибиздин чыныгы демократияны эңсеп, ал үчүн ачык күрөшүүгө умтулганын күбөлөндүргөн тарыхый зор окуя болмокчу. Ал ошондой эле, элибиздин, өлкөбүздүн келечегин тандоодо ар бирибиздин жарандык жоопкерчилигибизди, атуулдук намысыбызды текшерген олуттуу сынак да болуп калмакчы. Ошондуктан, шайлоону акыйкат, таза, ачык өткөрүүгө жигердүү катышуу - ар бир атуулдун жарандык парзы.
Тилекке каршы, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланып, администрациялык ресурстарды колдонгон, шайлоо мыйзамдарын одоно бузган фактылар орун алууда. Мындай терс көрүнүштөргө коомчулук, жарандар чечкиндүү түрдө каршы күрөшкөндө гана шайлоону таза, акыйкат өткөргөнгө өбөлгө түзүлөт.
Ушуга байланыштуу силерге кайрылабыз, урматтуу замандаштар, шайлоо мыйзамы бузулган фактылар тууралуу жергиликтүү штабдарыбызга билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз. Укук бузуу тууралуу маалыматтар мүмкүн болушунча тийиштүү документтер - актылар, видео, аудио жазмалар ж.б. менен ырасталып, далилдүү болууга тийиш (укук бузуу тууралуу арыздын жана актынын үлгүлөрү тиркелет).
Биз силер берген маалыматтарды Боршайкомго, укук коргоо органдарына жөнөтүп, укук бузууларды четтетүүнү, күнөөлүү кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылмакчыбыз. Алардын жыйынтыктары тууралуу силерге өз учурунда билдирип турмакчыбыз.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер
А.Ш. Атамбаевдин шайлоо өткөрүү боюнча борбордук штабы




  Ак халатты булгабай

Демократияга үн кошкула

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу медицина
кызматкерлери!
Биз силерге 23-июлдагы президенттик шайлоо алдында кайрылып олтурганыбыздын максаты силерди тигил же бул талапкерди колдоого чакыруу эмес. Кайрылуубуздун себеби - ушул саясый өнөктүктү таза, акыйкат, ачык өткөрүүгө салым кошууга чакыруу.
Улуу Улукмандын, кеменгер Гиппократтын, атактуу Ахунбаевдин ысымдары, даңкы менен сыймыктанган, алардын жолун жолдогон медицина кызматкерлери адамдардын саламаттыгынын сакчылыгында турган ардактуу кесип ээлери катары эле эмес, тазалыктын үлгүлөрү катары да калктын кадырлоосуна арзыйт. Ал эми тазалык бизде акыркы мезгилде медицина менен экология сыяктуу эле коом да таңсык болгон көрүнүшкө айланды. Адамдын оорулары болгон сыяктуу эле коомдун, мамлекеттин да илдеттери болот экен. Ал илдеттер шайлоо учурунда айрыкча күчөп, жарандардын ыймандуулугуна, коомдун өнүгүшүнө, келечегине абдан терс таасир тийгизүүдө. Тилекке каршы, андай илдеттерге эң гумандуу кесип ээлери - медицина кызматкерлери да чалдыкканы өтө өкүнүчтүү. Шайлоо өнөктүгүндө бийлик аларды өз кызыкчылыгына кеңири пайдаланып жатканы эч кимге жашыруун эмес!
Алдыдагы президенттик шайлоо - мурдагы шайлоолордон айырмаланып, элибиздин чыныгы демократияны эңсеп, ал үчүн ачык күрөшүүгө умтулганын күбөлөндүргөн тарыхый зор окуя болмокчу. Ал ошондой эле, элибиздин, өлкөбүздүн келечегин тандоодо ар бирибиздин жарандык жоопкерчилигибизди, атуулдук намысыбызды текшерген олуттуу сынак да болуп калмакчы.
Ошондуктан шайлоо процессинде активдүү позиция ээлеп, коомубуздун тазарышына, илгери көздөй ишенимдүү кадам таштоосуна өз салымыңарды кошоруңарга биз чоң ишенич артабыз.
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер
А.Ш. Атамбаевдин шайлоо өткөрүү боюнча борбордук штабы




  Калыстыкка карай

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы билдирет

Кымбаттуу мекендештер!
Урматтуу шайлоочулар!
Жайында Кыргызстанда өлкөнүн президентин шайлоо өтөт. Шайлоо алдындагы кырдаал абдан татаал болуп турат. Анткени, бийлик мамлекеттик машинаны ишке салды, ал эми оппозиция утулган чакта келишпестик, а жеңген чакта - шайлоону акыйкат өттү деген позицияда турат. Ошол эле учурда эки тарап тең талапкерлерге каршы компромат материалдарды чыгарууну күрөшүүнүн башкы куралы катары тандап алышты. Бийлик тарабынан административдик ресурсту, оппозиция тарабынан ар кандай саясый технологияларды колдонуу менен шайлоочулардын аң-сезимин манипуляциялоонун арты жаман бүтүүсү мүмкүн.
Мындай экиге бөлүнгөн чаржайыт жагдайда болочок шайлоочуларга басым көрсөтүү ушунчалык чоң. Андыктан өлкөбүздө "Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылды жаратуу идеясы пайда болгон. Коомдук кыймылга авторитеттүү бейөкмөт уюмдар жана элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмес атуулдарыбыз кошулду.
"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо өлкөнүн бүткүл жарандарынын чыныгы эркин билдирген, шайлоолор боюнча мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берген шайлоону таза, ачык жана акыйкат өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлдү.
Шайлоочулардын алдында жоопкерчиликти түшүнүү менен бирге бул максатка жетүү үчүн күчүбүздү бириктирип жана бул Келишимди түзмөкчүбүз.
- Мыйзамды сактоонун негизинде жана шайлоо процессинин ар бир катышуучусуна сый мамиле жасоо менен президенттик шайлоону таза өткөрүүгө көмөктөшүү;
- Мамлекетибиздин атуулдарын Конституция тарабынан кепилденген шайлоо укугун эркин орундатуу жана саясый маданиятын өстүрүүгө жардам берүү;
- Шайлоого чейин шайлоо кампаниясынын мыйзамсыз методдорунан жана кара пиар жүргүзүүдөн баш тартуу.
Шайлоо процессинин катышуучуларынан биздин мыйзамдарды сактоосун, укуктук алкакта гана иш жүргүзүшүн, өздөрүнүн шайлоо кампанияларында "ыплас" технологияларды колдонбошун, шайлоочуларды шайлоого катышуу же катышпоого кыйнап, аларга кысым көрсөтпөшүн, административдик ресурсту колдонбостон, шайлоочуларды сатып албастан, ачык, эл алдында дискуссия өткөрүүлөрүнө биз биргелешкен аракеттер менен жете алабыз.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы колдойт:
o Атуулдардын эркин, ачык билдирүүсүн камсыздоо;
o Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын так аткарылышын;
o Шайлоо алдындагы агитацияда мыйзамсыз, татыксыз методдордон жана шайлоочулардын аң-сезимин манипуляциялаган ар кандай ыкмалардан баш тартууну. Мындай методдордун ичине компроматтарды массалык түрдө таратуу, талапкерлер тууралуу далилденбеген, текшерилбеген маалыматтарды жайылтуу кирет;
o Талапкерлердин шайлоочулары менен жолугушуусунда тең укуктуулуктун сакталышын;
o Талапкерлер үчүн ММКларда бирдей мүмкүнчүлүк берилүүсүн;
o Добуштардын так саналышын;


"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы колдобойт:
o Кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн бир беткей административдик рычагдын колдонулушун;
o Шайлоо алдындагы агитациянын мыйзамга каршы ыкмалар менен жүргүзүлүшүн;
o Шайлоо кампаниясын жүргүзүүдө "арам акчалардын" пайдаланылышын.

Максаттарына жетүү үчүн "Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы белсенет:
o Шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндөгү маалыматтарды топтоо;
o Мыйзам бузууларды тыюу салууга укугу бар органдарга маалымдоо;
o Добуш берүү жана добуштарды эсептеген күндү кошо камтыган шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү;
o Шайлоо кампаниясынын ар бир этабында мыйзам бузуу фактыларын ашкере кылуу жана талкуулоо;
o Шайлоо кампаниясынын бүтүшү менен коомдук угуу өткөрүү.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы:
Шайлоону чагылдырууда баардык ММКларды эч кимге тартпаган калыс, тең салмактуу иш жүргүзүүгө, кайсы бир талапкерди дискриминациялоого мүмкүнчүлүк бербөөгө чакырат. Журналисттик макалалар баардык талапкерлерге бирдей, калыс жарыяланышы зарыл.
Талапкердин дарегине багытталган репортаждар жана публикациялардагы сын далилдүү документтер менен тастыкталган учурда гана жарыяланышы мүмкүн деп кабылдайбыз.
"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы акы төлөнгөн саясый рекламага орун берүүдө, кайсы бир талапкердин аброюна шек келтире турган далилсиз маалыматтарды жайылтууда өтө сак болуш керек деп эсептейт. Биз журналисттерди коммерциялык кызыкчылык үчүн абийир сатпоого үндөйбүз.
Биз баардык адилет журналисттерди кызматташтыкка жана колдоого чакырабыз.
"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы бийлик структураларынын, күч органдарынан шайлоо кампаниясынын алдында эч бир талапкерге каршы иштебеген, тең салмактуу, калыс позицияны кармоосун көптөн-көп өтүнөбүз.
Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн калыс жана кызматташууга ачык болуп, мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырабыз.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы:
Республикабыздын ар бир шайлоочусуна кайрылып, КР президентин шайлоого активдүү катышуусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын ачык көрсөтүүгө кол кабыш кылууга чакырат.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы:
Кыргыз Республикасы шайлоо алдындагы кампанияда агитациянын абийирдүү, акыйкаттуу ыкмалары пайдаланылган жана саясый маданияттын нормалары сакталган ачык, адилет өлкө болуусу үчүн болгон аракетти көрүүгө белсенет.
"Акыйкат шайлоолор үчүн" коомдук кыймылы өзүнүн кызматташууга ачык экенин жарыялоо менен бирге бул демилгени колдоого чакырат.

Биздин координаттар: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, Достук үйү. Телефондор: (0312) 474988, 628087.
Факс: (0312) 663260
e-mail: leto0709@gmail.com