email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Күч бирдикте!

Биз - акыйкат шайлоо үчүн!
Урматтуу мекендештер, Кыргызстандын жарандары!
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы өлкөнүн тагдырына, өз балдарынын келечегине көңүлкош карабаган, улуу муунга камкордук көрүүнү каалаган адамдарды, бүт кыргызстандыктарды "Биз - акыйкат шайлоо үчүн! Биз - коркпойбуз!" акциясына жигердүү катышууга чакырат.
Көпчүлүгүңүздөргө аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жетекчилер тарабынан мурда болуп көрбөгөндөй кысым жасалып жатканын биз жакшы билебиз. Көпчүлүгүңүздөрдү "баш ийбесеңер кызматтан бошотобуз" деп коркутуп жатышканын да билебиз. 85 миңден ашык мамлекеттик кызматкерди азыркы президентти колдоого колтамга коюуга эле мажбурлабастан, үйбүлөсүнүн үч мүчөсүн шайлоого алып келүүнү талап кылышууда. Атүгүл, өз туугандарынын тизмелерин түзүүгө аргасыз кылып жатышат. Мугалимдерге окуучулардын үйбүлөлөрүндөгү добуш берүү укугу бар мүчөлөрүнүн так маалыматтарын көрсөтүп, атайын формаларды толтурууга көрсөтмө берилген. Ушундай эле жагдай саламаттык сактоо тармагында орун алган. Мындай ыкма ооруканаларда дарыланып жаткан оорулуулар аркылуу ташбоордук менен колдонулууда. Ошондой эле, колтамга коюлуучу бланкаларга колдоо көрсөтүлүп жаткан талапкердин аты-жөнү коюлбай, колтамга топтолгон фактылар да бар. Андан сырткары, акыркы эл каттоонун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмелерине жасалма түрдө киргизиш үчүн Гоголдун чыгармасындагы "өлүк жандар" ыкмасы колдонулду.
Коркунучтун кулу болуу - коркунучтун эң начар түрү экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Эркти билдирүү эркиндигине кысым жасоого эч кимдин укугу жок.
Сиздин добуш Сизге гана таандык!
Өз добушуңузду абийириңизге жараша бергенден коркпоңуз.
Өз тарабыбыздан биз Сиздин добушту сактап калганга бардык күч-аракеттерибизди жумшоого убада беребиз.
Жарандык укугуңарды коргогонго биздин юристтер укуктук жардам бергенге даяр.

Чогуу - биз күчпүз!
Бириксек - колдон келет!
Биз - акыйкат шайлоо үчүн!
Биз - коркпойбуз!
Кыргызстан
социал-демократтар партиясы