Алай-дүлөй кеп уруп

Топчубек Тургуналиев, БЭКтин Бюро мүчөсү, Саясый куугунтукка каршы комитеттин башчысы:
"Бу бийлик сөзсүз оодарылат"
-Топчуке, президенттик шайлоо алдындагы бүгүнкү саясый абалга сиздин бааңыз?
-Кечээ авторитардык бийлик деп жүргөнүбүз бүгүн тоталитардык диктатурага, саясый куугунтук репрессияга айланды.
-"Тоталитардык диктатура" дейсиз. Далили барбы?
-Бар. Өткөн айдын акыркы күндөрүндөгү Ысык-Көлдөгү окуялар оркоюп, Элдик курултайды өткөрүү жоопкерчилигин алган БЭКтин өкүлдөрүн, жыйынга катышабыз деп бараткан миңдеген адамдарды ар жерде тосуп, өткөрбөй, коркутуп, зордук-зомбулуктун далай түрлөрүн ачыктан-ачык көрсөтүп, Баш мыйзамда, Кыргызстандын мыйзам системасына кирген эл аралык укук жоболорун жоюп, көз көрүнөө тепседи. Дегеле тынчтык жыйын өткөрүү, өз Ата Мекенибизде тоскоолсуз ээн жүрүү, эл менен жолугуу, сөз эркиндигин кадам сайын бузуу - тоталитардык диктатуранын ачык көрүнгөн белгилери. Оппозициянын гана эмес, ар бир адамдын ар бир кадамын, пикирин күн-түнү көзөмөлдөө, чектөө, бийликке каршы ачык чыккандардын гана эмес, нааразы болгондордун, сындап койгондордун, жөн эле жактырбагандардын артынан сая түшүп, сары изине чөп салып, кара тизмеге киргизүү - тоталитардык бийликтин өнөкөтү, көнүмүш адаты.
-"Саясый куугунтук репрессияга айланды" дегениңизчи?
-Оппозициянын, бийликке ачык каршылардын, сындагандардын бирин-сериндердин саясый себептер менен куугунтуктоо - куугунтуктоонун бери жагы. Ал эми элди ормон опузага салып, жүздөгөн-миңдегендерди кармап, камап, соттоп, куугунтукту мамлекеттик саясатка айландырып, ал көпчүлүк көрүнүш, дайыма боло турган көнүмүш болуп калса, анда бул саясый куугунтуктун эң жаман түрү - репрессия.
-Тоталитардык диктатура менен саясый репрессиянын кандай байланышын айталасыз?
-Экөө эгиз козудай: тоталитаризм сөзсүз репрессияга алып келет.
-Бүгүнкү бийликтин тоталитардык диктатура менен репрессия жолуна түшкөндүгүн кандайча ырастайсыз?
-Мунун себеби эки нерседе.
-Кайсы нерселер?
-Биринчиден, Бакиев жана анын шылуундары, шумпайлары, шүмшүктөрү дагы беш жыл бийликтин эки тизгин бир чылбырын колдон чыгарбоого жанталашып атат. Экинчиден, элдин көбү муну каалабайт, бакиевдерден биротоло тажап бүттү. Нааразычылык бери турсун, көпчүлүктүн Бакиевди көрөйүн деген көзү жок. Каргап, атүгүл тескери бата берип, жек көргөнүн ачык чыгарууга өттү.
Шайлоодо Бакиев өтпөйт, 10% добуш алышы мүмкүн. Бирок, бурмалап, 60-70% кагаз жүзүндө жазып коет да, "жеңди" деп жарыялатат. Каршы көтөрүлгөн көпчүлүктү күч менен басуу үчүн так ошол тоталитардык зордук-зомбулук керек. Азыр ушундай.
-Шайлоо бурмаланса, эл канчалык деңгээлде көтөрүлүшү ыктымал?
-Ооба, жалпысынан эл дейбиз, бирок ичи бирдей эмес. Көңүл иренжиткен дүжүр чалдар, балдар, араандай ажылдаган тажаал аялдар. Буларды бийликтегилер тарбиялаган, бийликке каршы чыккандарга айта турган айнык сөздөрдү оозуна, чийки жумурткаларды чөнтөгүнө салып берген. Добушун, демек абийирин саткандар, маңкурттар, "шайлоого барбайм" дегендер да аз эмес. Ал эми тарыхты, өлкөнүн тагдырын демдүү десең демдүү, чыгаан десең чыгаандар чечет. Булар бийликтин зордугунан, огунан, сотунан, түрмөсүнөн коркпойт. Биз, бириккен оппозиция ушуларга таянабыз. Мына ушулар көтөрүлөт, көтөрүлүп атат. Мындайлар Кыргызстанда жетиштүү, эң алдыңкы катмар. Ушулар 2005-жылы Элдик революция жасашкан. Мына ушулар бүгүнкү тоталитардык диктатуранын көзүн тазалайт.
-"Көз тазаламай" буга чейин көп айтылды. Бирок иш жүзүндө башка го...
- Революциянын карааны өлкөнү каптап баратат. Акыркы себеп калды. Адилетсиз-бакиевчил шайлоо акыркы түрткү болушу мүмкүн.
-Шайлоодо элдин добушу кандай бөлүнүшү мүмкүн?
-Эл экиге бөлүнүп туру - бийликти сактап калуу үчүн ар кандай арамдыкка, зордукка даяр бийлик адамдары жана аларга сатылгандар, алдангандар - бир жак; экинчи тарап - басымдуу көпчүлүк калк, тоталитардык, үйбүлөлүк диктатураны кыйратып, түп тамырынан тукумкурут кылып, өлкөнү өсүү жолуна, адилеттүү, эл үчүн башын сайгандар башкарган жаңы системага өтүүгө умтулгандар.
-Шайлоонун таза болушуна кылдай да үмүтүңүз жокпу?
- О кайдагы таза шайлоону айтасың?! Акаевчи-бакиевчилер башкарып турганда таза шайлоо болгон эмес, болбойт. "Бакиев жеңди" деп жарыялоо үчүн сөзсүз бурмалашат.
-Бакиев канча добуш алат деп ойлойсуз?
-Ал 5-10 пайыз гана добуш алат. Ал эми анын айтканын аткарып, 60-70% кагаз жүзүндө жасап коюшат. Мына бул - революциялык бомба! Эл эми чыдай албайт.
-Жалпы талапкерлер жөнүндө эмне дейсиз?
-Айрымдарын адегенде Чым-Коргондо же Майлуу-Сайда дарылап, айыкса гана президенттик шайлоого кошсо болот. Президенттикке, депутаттыкка ат салышкандардын баарынын баш капкагы ордундабы же кыйшайып кеткенби таризде психикалык текшерүү комиссиядан өткөрүү зарыл деп ойлойм. Карасаңыз, айнык экени сүйлөгөнүнөн эле айкын болуп тургандар деле мамбашчы болом дейт, тооба. Эл башкаруу, өзгөчө азыркы катаал заманда өлкөнү оң жакка буруп кетүү оңой иш бекен?!
-Калгандарычы?
-Калгандарын дагы экиге бөлсө болот.
-Кандайча экиге?
-Бакиев жана анын жандоочулары, "бириккен оппозициядан кетсең, кийин баш министр кылам" деген куру убадага алданган, же кыпкыргызча "жөн эле" байге десе дарбыгандар, "атың чыкпаса, жер өрттө" деген жолдогулар. Экинчилери - "эл үчүн!" дегендер. Эң оболу БЭКтин талапкери - А.Атамбаев
-Сариевдин жүрүшүн кандай дейсиз?
-Ал бириккен оппозициянын жалпы максаттар үчүн деген ынтымагын, биримдигин бузду. БЭК түзүлгөндөн тартып эле бир гана талапкерди көрсөтүү, ошого катар сүрөө маселесин да кабыргасынан койгон. Темир мырза ушул жобону жарды. Мүмкүн, бийлик мунара башындагы адам чо-оң убада берип койсо керек. Э-э, Бакиевдин бир тыйынга арзыбаган топон убадаларын, атүгүл конституциялык антты бузганын, тээ 2005-жылдын 24-март күнүнүн эртесинен баштап бузуп келатканын Кыргызстан гана эмес, бүт дүйнө көрүп келатат го. Ушу кишиге да ишенүүгө болобу, а-а?
-Мүмкүн Сариев учуру келгенде шайлоодон чыгып, ойт бере БЭКтин талапкерин колдоп кетпейби?
-Билбейм. Мындай ойду айталек. Мына, Исмаил Исаков чыныгы жигиттик иш кылды: өз күнүндө шайлоодон чыгып, БЭКтин чечимине баш ийди, биздин талапкерди колдоп атат. Ал эми Сариев ушундай кадам жасап, "жаңылдым, жаздым, тооба кылдым" деп биздин катарыбызга кайра келсе, анда "Бакиевдин тымызын убадасына алданып, бириккен оппозициядан оолак кетти" деген сөздөрдү жокко чыгарат эле.
-Баса, Анвар Артыков "БЭКтен чыктым" деп жар салды го?
-Ооба. Ал алдангандан, сатылгандан эмес, көз караштан, каршы пикирден кетти деп ойлойм.
-Кандай каршы пикирден?
-"БЭК көрсөткөн талапкерге ишенбейм" дейт. Бирок, БЭКтен бөлүнүп кеткенге ишенет экен, бөлүнгөн Сариевди колдоп жатат. Көпчүлүктүн айтканы, чечими туура эмес экен, аныкы туура экен. Көз караш, пикир демекчи, Ревкыймылдын жыйынында Артыков "менин намысым Кыргызстандын намысынан жогору" деп оозу-мурду кыйшайбай кыйкырды. Мен "Анвар, токтот мындай сөзүңдү, бүт элдин, Ата Мекендин намысынан да сенин жеке намысың жогору бекен, айныбай сүйлө!" деп кактым. Көп адам күбө. Деги ал өзүн баарыбыздан өйдө сезет го. Эми ал кечээ эле санаалаш болуп жүргөн Бекназаровго асыла баштады…
-Сариевди БЭКтен чыгардыңар, Артыков кетти. Бириккен оппозиция алсырады го?
-Жок, алсыраган жок. Себеби, эл бириккен күчкө ишенет. Жалгыздап бул бийликти оодаруу мүмкүн эмес. Себеби, "бириккиле, бир талапкерди көрсөткүлө, колдойбуз!" деген элдин талабы.
-Атамбаев жөнүндө эмне дейсиз? Кемчилиги да, жакшы жагы да болсо керек.
-Кемчилиги жок адам болбойт. Анын кемчиликтерин өзүнө айтканбыз. Кемчилигинен жакшы касиеттери көп. Биз ошол касиеттерин баалайбыз, ошондуктан талапкер кылганбыз.
-Жакшы касиеттерин айта кетесизби?
-БЭКтин негизги эки максатын ишке ашыруу үчүн бекем турат: биринчиси, Бакиев жана анын элди тажаткан тобун бийликтен кетирүү; экинчиси, авторитардык-тоталитардык бийлик түзүлүшүн түп тамырынан үзүп, Кыргызстанды жаңы, адилеттүү мамлекеттик системага буруу. "Бакиевди оодарабыз дейсиңер, ал жөн кетпейт, кан төгүлүшү мүмкүн" деп Москвада бир журналист сураса, Алмаз мырза "төгүлсө менин каным төгүлөт" дептир. "Эмне үчүн сиздин каныңыз?" десе, "Бакиевдерди бийликтен кетирүү үчүн чыккан көк жалдардын эң алдында мен болом да" деп жооп бериптир. Эсиңиздеби, элди аянтка чыгарып коюп, анан бийлик каарын салганда "мен жоопкерчилигин албайм!" деп качып кеткен куловдорду деле көргөнбүз. Атамбаев андай эмес, жогорудагы тарыхый эки максат үчүн жанын канжыгага байлагандардын бири, алдыңкысы.
-"Оппозиция формалдуу түрдө гана бириккен, чынында ынтымагы жок" дегендерге эмне айтасыз?
-Коомду, бийликти мамлекеттик кылмышкерлерден тазалоо жана өлкөнү өсүү жолуна салуу үчүн акыр аягына чейин тайсалдабай, сынбай, кайратынан жанбай тургандар БЭКке бириккен. Анан да элдин эң күжүрмөн алдыңкы тобу бирдикте болсо, ынтымактын ынтымагы ошол.
-Шайлоого чейин Атамбаевдин талапкерлигине алып салса кантесиңер?
-БЭКти, Атамбаевди азыр басымдуу көпчүлүк калк каалайт. Алып таштаса, бийликтин акыркы күнү ошондо келет.
-"Бакиевдерсиз шайлоо!" дегениңер аткарылбай калды го?
-Бакиевде кымындай ыйман, уят болсо президенттик шайлоодон баш тартмак. Бирок андан адилеттүүлүктү күтүүдөн көрө, албарстыны көндүрсө болот…
-Бакиевдин бийлиги бешинчи жылга кетти. Убадалары ишке аштыбы?
-Жок, ашкан жок. Убада эмес, антын да бузду.
-Тактап айтсаңыз? Эмнени тетири жасады?
-Биринчиден, Элдик революциянын тарыхый максаттарынын бирин да ишке ашырган жок. Экинчиден, Акаевдин чыккынчы саясатын улап, кыргыздын эң керемет, "Манаста" даңазаланган, эчен бабаларыбыз канын төгүп ыйык сактап келген Каркыраны казакка кармата берди. Үчүнчүдөн, мунун учурунда мамлекеттик уурулук - коррупция бүт дүйнө боюнча 4-орунга чыкты. Дагы бир аз турса 1-орунду ээлейт. Төртүнчүдөн, авторитардык-үйбүлөлүк бийликти жок кылмак тургай, тоталитардык диктатура орнотту. Бешинчиден, Кыргызстандын сыймыгы болгон стратегиялык өндүрүш мекемелерин сызга отургузду, далайын менчиктештирди. Алтынчыдан, калкты караңгыда калтырды, "тезек тергиле!" деп Кыргызстанды дүйнөгө шерменде кылды, элди итке мингизди. Жетинчиден, кылмыштуулукту кыр чокуга чыгарды. Саясый заказ менен атылгандар, өрттөлгөндөр, уурдалып жоголгондор өнөкөткө айланды. Бул жагынан да бакиевдер өлкөнү Гиннес китебине жазууга алпарып коюшту.
Семетей Талас уулу