Калк тараза

Шайлоо. 2-тур. Ким менен ким?
Алдынала Акүйдүн политтехнологдору "президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев 70%дан ашык элдин колдоосуна ээ болот" деген божомолдорун кыйыткандай. Эмитен эле желдин башы мындай соксо, жыйынтыгы кандай болот (?) деп таңгалгандар четтен чыгууда. Ал эми көз карандысыз эксперттердин иликтемейине таянсак, президенттик шайлоо 2 тур менен өтөрү айтылууда. Эгер мындай болсо, президенттик шайлоонун 2-туруна К.Бакиев менен А.Атамбаев чыгары ажеп эмес. Чоң политтехнологдор да тиреш экөөнүн айланасында болорун билдиришкен. Чын эле шайлоо нугу ушундай багытта кетсе, карапайым калк өз тандоосун адашпай тандаса дейбиз.


  Ой-"ОБОНчу"!

Үсөн аке үрпөйөбү?
Үсөн акенин "ОБОНчу" катындарын кимдер билбейт? Ү.Сыдыков саясый тарыхта ушунакай ажаан катындары, "ОБОНу" менен гана калабы деп чоочуйсуң. Бирок, бүгүнкү күндөрү "ОБОНчулардын" атаманы Ү.Сыдыковдон көңүлү калып, оппозицияга оосокпу деген ойдо имиш. Эгер бу иш жүзөгө ашып кетсе, Үсөн акеден кут кетпейби? Үрпөйүп.


  Элдин эрки

Шайлоодон кийинки саясатка саресеп
Бийликтин жетегиндеги айрым күчтөр кайсы талаада калышарын билишеби? Маселен, "Ала-Тоо ынтымагы" кыймылы, Чүйдүн Апас Жумагулов, Феликс Кулов баштаган аксакалдары, о.э. "Акүйдүн проектиси" атыккан партиялар кө-өп адамдын көңүл борборунда туру. Айрым аналитиктердин ой чаргытмасы боюнча, бул саясый күчтөр президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөттөн, парламенттик шайлоодон орун алабыз деген "упчу сормой" кыялга баткан имиш (шайлоону К.Бакиев жеңет деген логикадан кийин). Эгерде алиги "кызыктуу" кыялды уласак, биздин да божомолубуз бар. Айталы, кокус андай болсо, ажонун өзүнүн гана көздөй жакын адамдары жаңы өкмөт курамына алынары ажеп эмес. "Ала-Тоо ынтымагына", Чүйдүн абышкаларына, сариевчилерге эчтеме жок эй! А парламент тарабайт. Себеби, парламентти таратып, кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттин чөнтөгү тешик. Ошондуктан, М.Садыркулов түптөгөн парламентти ийге салып, "акжолчуларды" "куйрук толгомой" ыкмасы менен каалагандай иштетүүгө өтүшөт. Алар коркконунан кың дебей түз сызыкка жүрүп бериши турулуу. Ошентип, жогорудагы саясый күчтөр талаада калары турган иш. Балким, шайлоодон кийин саясый кырдаал таптаза башка нукта кетиши да мүмкүн. Ал жалпы элдин эрки менен чечилсе...




  Жең ичинен

Чиновниктер камалат дейби?..
Ушул күндөрү төрт-беш үлкөн аткаминерлердин кылмыш иштери кылтыйып, акыры-ын жең ичинен тергелип атат дейт. Албетте, алар кимдер экени коомчулукка өлө кызык. Балким "көчүгү кууш" аткаминерлер кайпактап, сезип аткандыр. Эгер кызматта турган чиновниктердин мыйзамсыз, коррупциялык иштери ачыкка чыгып, эл астында жазасын алса, анда саясый талаада "бум!" жаралат. Анда мындай идеянын авторун кантип алкайбыз, ыя?


  Атаңды өлтүргөнгө...

"Чубактын чуусундай" Аликенин соту
Бүгүн саат 14.00дө Биринчи май райсотунда Аликбек Жекшенкуловдун соту уланмакчы. Аликенин иши буга чейин "Чубактын чуусундай" созулганы, ММКларда, коомдук пикирде анын саясый туткун катары бааланганы, козголгон кылмыш иштериндеги фактыларга адвокаттары таптакыр каршы чыкканы, айтор, ачык-айкындык болбогону каңкууланат. Мындай ишараттан соң, Кудайдын чындыгынан гана үмтөтөт экенсиң. Акыйкаттык болсо деп. Ал эми күч органдарынын башчыларына "эр жигиттин ичине - ээр токумчан ат батат" деген кеменгер сөздү эскертмекчибиз. Кенендик каалап. Ошондой эле кыргызда "атаңды өлтүргөнгө, энеңди алып бер" дейт. А Аликбек мырза анчалык эмне жамандык кылды эле?




 "Учурдун" соту

Дильфуза айым Э.Байтикованын ыпластыгын кайталайбы, же?..
Эсиңерден өчпөсө, ушул жылдын 22-апрелинде райондор аралык сот ЖЧК "Маб-Уланын" доо арызын карап, "Учур" гезитин 3 млн. сомго айыпка жыккан. Албетте, мындай чечимди биз адилетсиздик катары баалап, өз билдирүүбүздү бир канча ирет жазганбыз. "Учурду" 3 млн. сом менен муунткан Элмира Байтикова мыйзамсыз кадамга барганы, эркин басылманы негизсиз тебелегенин ашкерелегенбиз. О.э. анын мурдагы калпыс иштерин да факты менен келтирип. Андан соң биз шаардык сотко аппеляциялык даттануу арызы менен кайрылганбыз. Натыйжада, шаардык соттон 17-июнда "Учурдун" соттук иши каралганы туру. Сот - Дильфуза Борончиева экен. Эми Дильфуза айым Э.Байтикованын ыплас жоругун кайталайбы, же адилет чечим чыгарабы? Көрө жаталы.




  Депутат кайрык

Б. Бешимов Конституциялык сотко кайрылды
Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги лидери Б.Бешимов азыркы президент К. Бакиев президенттикке жаңы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи же жокпу - ушул маселени чечип берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко расмий түрдө кайрылды.

2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында баяндалган 1993-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктун чечмелөө тууралуу
СУНУШ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык, мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө жол берилбейт.
Бирок Кыргыз Республикасынын азыркы президенти Бакиев Курманбек Салиевич элдин бир бөлүгүнүн кызыкчылыгын көздөгөн "Ак-жол" партиясынын лидери болуп саналары белгилүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Президент элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктунда мамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат деп айтылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктуна ылайык президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде президенттикке жаңы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктун чечмелөө жана Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти Бакиев Курманбек Салиевич Президенттикке жаңы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи же жокпу - ушул маселени тактоо зарылдыгы келип чыкты.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1, 2-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун, 14-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 21-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктун чечмелеп, Кыргыз Республикасынын азыркы президенти Бакиев Курманбек Салиевич президенттикке жаңы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи же жокпу - ушул маселени чечип берүүңөрдү өтүнөм.
Депутат Б. Бешимов