Тобокел

Аба майданын багындырган
Кудайберген Субанбеков
Бир жума мурун Екатеринбург шаарында аба спорту боюнча эл аралык мелдеш болуп, Кыргызстандан барган Кудайберген агабыз чоң ийгиликтерди жаратып, бир алтын, эки күмүш медалга жетишкени тууралуу учкай маалымат кеткен эле. Сейрек кездешкен спорттун бул түрүн чукулдан билүүнү максат кылып, кепке тарттык.

Ас сүртүмдөрү
o 59 жашта.
o Төрт кыздын атасы.
o Учуу мөөнөтү - 2500 саат.
o СССРдин жогорку пилотажы боюнча спорттун чебери.
o Орто Азия, Казакстан жана Кавказ өлкөлөрү арасында өткөн мелдештердин бир нече жолку абсолюттук чемпиону.
o СССРдин чемпиону.
o Жерден эң жапыз учкан аралыгы - 6 метр.
o Эң көп фигураларды жасаганга 4 саат убакыт кетирген.
o Багындырган самолет маркалары - ЯК-18А, ЯК-50, ЯК-52, ЯК- 53, ЯК-55, Су-26, Су-29.
o Чеберчиликте жасаган фигуралары - Бочка (капталдап учуу), Штопор (тик ылдый айлануу), Нестеров петля (имерилме же илмек), Сапог, Кобра, Колокол ж.б.

-Самолет айдаган адамды учкуч деп коет эмеспи. Башаты кайдан экенин айтсаңыз?
-Мен өзүм аэродромдон алыс эмес Бекитай айылында туулгам. Бала кезден самолеттордун учуп-конгонуна суктанып карай берер элем. Ал убакта аэродромдун жаны тынчу эмес. Самолет көп болчу. Кичинекейлери асманга учуп чыгып, ойкуп-кайкып. Чоңдору каалгып көтөрүлүп, каалгып конуп. Ичинде учкуч бар экенин көп деле таназарыма албаптырмын. Ошондуктан, кичинекейлерин коркок эмес, чоңдорун коркоктор деп бөлүп алчумун. Балалык кыял да. 4-классты бүтүп, Самудин аттуу агайыбыз аэродромго экскурсияга алып келди. Самолетторду көрсөтүп жүрөт. Кичине класстагы бир баланы кабинага отургуза койсо, коркконунан ыйлап жиберсе болобу. "Таңгөрү, андан көрө мени отургузса эмне" деп койдум ичимден. Кийин онду бүтүп, политехтин энергофагына тапшырдым. Эси-дартым - самолет. Аэроклуб издеп, бир жылдай убара болдум. Акыры таптым. Тимирязев көчөсүндө жайгашыптыр. Атагы айды жарган клуб экен. Ушу жерден Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегельдинов, Таранчиевдер окуп, билим алышыптыр.
-Биринчи жолу өз алдыңызча эки тизгин, бир чылбырды колго алып, самолеттон учканда кандай сезим пайда болду? Эсиңизде барбы?
-Алгач инструктор менен ЯК-18А маркасындагы самолет менен учуп чыктык. Жүрөгүм толтомо тыгылып, абдан корктум. Муун-жүүнүм калтырап чыкты. Сынамакка инструктор эң жогорку пилотажы боюнча ойкуп-кайкып, бир-эки фигураларын жасады. Ого бетер жүрөгүм түштү. Өзүмөн кооптонуп, "бул менин колуман келбей турган иш окшойт" деп ойлоп калдым. Бирок, чымырканып ал окуу жайда ошол ЯК-18А учагын жакшы өздөштүрүп, кийин өз алдымча асманга учуп чыгып, жогорку пилотаждагы көнүгүүлөрдү жасаганга маш боло баштадым. Себеби, СССР учурунда 15 союздук республика аралык мелдештер тынбай өтчү. Такшалдым десем да болот.
-Биринчи жолу мелдешке катышканыңыз тууралуу айтып бербейсизби?
-Биринчи мелдешим 1976-жылы Москва шаарынын жанындагы Барке деген жерде өттү. Андагы болгон нерселер али күнчө көз алдымда. Самолетко отурганда эле буттарым титирей баштады. Сүрдөө пайда болду. Ал жерге дүйнөнүн булуң-бурчунан келген атагы чыккан учкучтардын баары чогулган экен. Алардын астында ого бетер толкундандым. Жердеги сүрдөө башкача, ал эми аба жиреп бараткандагың башкача болот. Эгер өзүңдү өз учурунда колго албасаң, опурталдуу. Көз ирмемдин баары эсептелүү да. Тактык керек. Мына ушулардын баарын эске алып чыйралдым. Жоон ортодогу көрсөткүчкө ээ болдум.
-Сүрдөбөй, абада өзүңдү ээн-эркин сезүүнүн жол-жобосу бардыр. Самолетко отурарда "жүз граммдын" жардам бериши мүмкүнбү?
-Жоо-ок! Андайга такыр жол берилбейт. Анткени, абага көтөрүлүп, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап атканда кан басымың кескин өзгөрүлүп турат. Самолеттун абалы бирде тик өйдө, бирде тик ылдый, бирде чалкалай түшүп, чарк айланып, ойкуп-кайкып атсаң каяктагы "жүз грамм"?!
-Абага учуп чыккан учурда ойго келбеген кысталыш учурларды башыңыздан өткөрсөңүз керек. Андай абалдан кантип чыккансыз?
-Авиация деген авиация. Тажрыйбасы бай учкучтар андай нерселерден оолак болушат. Жоопкерчиликти туя билиш керек. Бир жолу ЯК-50дө асманга көтөрүлүп, тик өйдө баратам. Башкаруу туткасы жылбай калды. Же бери кыймылдабайт, же нары түртүлбөйт. Оюма көз ирмемдин ортосунда эле эмнелер гана келбеди. Парашюттан секирейин десем, самолет өзүмдү кайра кууп жетчүдөй. Кайрадан тутканы нары-бери булкуп көрдүм. Жаным көзүмө көрүнүп кетти. Бир, бир жарым секунддун ичинде бүт өмүрүмө сереп салганга үлгүрдүм. "Өлдүм" деп, парашюттан секирмекчи болуп атып, башкаруу туткасын дагы бир жолу тартып ийсем, жылып кетти. "Ө-өх" дедим. Жонуман кеткен муздак терди айтпа. Аэродромго келип конгондо темир канат тулпарымды карап чыгып, тутканын астынан отвертка таап алдым.
-Ушуга улай бир нерсени сурагым келип атат. Эгерде жүргүнчү катары сиз бараткан самолетко орто жолдон учкуч керек болуп калса, кандай кыласыз?
-Андай учурду эч кимге каалабайм. Бирок, эгер ошондой болуп калса, учкуч катары өзүмөн мурда элди, самолетту сактап калуу үчүн болгон күчүмдү, билимимди, тажрыйбамды колдонмокмун. Ошенткен күндө деле ар бир самолеттун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Тигил же бул учакты башкаруу учкучтарга оңой иш деген болбогон сөз. Андай кырдаалда өзүмдү жоготпой, жер башкаруу диспетчеринин буйруктарын так аткарып, карапайым жүргүнчүгө караганда самолетту аман-эсен кондурууга күчүм жетмек.
-Жогорку пилотажниктердин негизги максаты - бул …
-Биринчиден, кандай гана учкуч болбосун, самолетту башкарууда чоң чеберчиликке жетүүнү көздөйт. Экинчиден, бул кесип адамды салкын кандуулукка үйрөтөт.
-Эми Екатеринбург шаарында өткөн мелдешке токтоло кетсеңиз.
-Ал жактан чакыруу келди. Бул мен үчүн аябагандай күтүүсүз жаңылык болду. Алгач "мелдешке катышпаганыма жыйырма жылга чукулдаптыр. Бул жагы кандай болот?" деп кооптонсом, "калыбыңарга келгиче убакыт беребиз" дешти. Чындап эле барып, бир аз түйшөлгөндөн кийин баары эсиме түштү. Анүстүнө ал жерден бир кездеги кесиптеш достор жылуу тосуп алышты. Бир туугандардай сагынышып калыптырбыз. Казагы, орусу деле. Таанып-тааныбасак да. Мелдеш мага жакшы таасир калтырды. Ал жерден август айында Казак жергесинде өтө турган Азия биринчилиги туурасындагы сөздү бышырдык.
-Үйбүлөдө сиздин кесибиңизди улаган бирөө жарым барбы?
-Менин төрт кызым бар. Алар да авиациянын фанаттары. Учуу искусствосунун мыкты чебери болушпаса да, менин кесибимди урматтап, сыйлап, кызыгышат. Парашюттан секирүү жагын өздөштүрүү үчүн далбас уруп келишет. Ал күн да алыс эмес деп ойлойм.
-Негизинен учкучтардын жеке ырым-жырымдары барбы?
-Бар. Мисалы, учкуч эч убакта "акыркы жолу учтум" деп айтпайт. "Четки учуумду аяктадым" деши мүмкүн. Мындан улам бир нерсе оюма түшүп атат. СССР гүлдөп турган учур. "Бысмылда" деп самолетко отуруп атканымды инструктор угуп калыптыр. Коркутуп кирсе болобу, "сени партиядан чыгаруу жөнүндө кат жолдойм" деп. Негизи кыргыз баласы болгондон кийин ар бир иштин башында "Бысмылда" айтылат да. Кийин ар жак, бер жагымды карап, ичимен келме келтирип, ыйык сөзүмдү айтып жүрдүм.
-Ар бир спортчуга мелдеш алдында устаты же кесиптеш күйөрмандары "тумар" сөздөн айтып, каалоо этишет эмеспи.
-Андайыбыз бар. Самолетко сени менен кошо келип, ийгилик, аманчылык тилеп туруп, баш кийимге колдун учу менен чаап коюшат. Бул ырымбы, же салтпы, билбейм. Бирок бардык жерде ушундай.
-Кыргыз жергесинде сиз шугулданган спорт түрү жанданып кетиши ыктымалбы, же ага шарт жокпу?
-Акыркы учурда экстремалдык спорт түрүнө көпчүлүктүн кызыгуусу күчөп бараткандай. Аба спорту андан четте эмес. Мисалы, бир жапон жигит эки самолет сатып алып, эми машыктыруучу таппай жүрөт имиш.
-Бир самолеттун баасы канча?
-100 миң евро. Бул жакшы маркадагы машине наркы. Эгер ишкерлердин бирөө сатып берип, кыргыз балдарын үйрөтүңүз деп сунуштаса, мен качпайт элем.
Даярдаган Сурат Жылкычиев