Куттук!
Тегирмендин ташы токтобосун...
Гезитибиздин башредактору Асланбек Сартбаевдин 5-июнда туулган күнү - куттуктайбыз! Мындай жашты кыргызда "иштесе - ишке, ичсе - ашка тойбой турган кырчын курак" дешет. Аслан, турмуштун күрөө тамырынан кармай, туя билген чыгармачыл жигитсиң. Тегирмендин ташын тегеретүүдө ишиң алдыга жылсын! Эң негизгиси, сага бекем ден-соолук, үйбүлөлүк бакыт, о.э. кыйышпас жарың Клара, шам чырактай жарык берген эрке кыздарың Зере менен Асемдин таянган тоосу, сүйүктүү атасы болуп жүрө бергин!
"Учур" жамааты


Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

Сиз кыргыздын намысына жаралгансыз
(Бакыт Бешимовго!)
Саламатсыздарбы Учур гезитинин редакциясы!
Урматтуу Бакыт Жолчубекович! Жакында эле Алмаз Шаршеновичтин штаб жетекчиси болгонунузду угуп, мен абдан кубандым.
Жеке оюмча сиз деле президенттикке татыктуу кандидаттардын бирисиз. Бирок ага карабастан, Темир Сариевден айырмаланып, өз кызыкчылыгыңызды элдин кызыкчылыгынан жогору койбогонуңуз кубандырат. "Убакыт учкан куш" демекчи, мезгил тез эле өтөт, кийинки президенттик шайлоо да кайрадан келет аман болсок. Мен ошондо сиздин кандидатураныз эң татыктуу болот деп ойлойм, ага чейин дагы 5 жыл мезгил өтүп сиз азыркыңыздан да абдан токтоо, акылман болуп, көп нерсени тереңден билип калган мезгилиниз болот.
Гезит, интернеттен көп саясатчылардын берген макала, маектерин акырына чейин чыдап окуй албайм. Ал эми сиздин өзүңүз жазган макала, эссе, же кандай гана саясый публицистиканыз болбосун, абдан кызыгуу менен окуйм. Айткан сөздөрүңүздө чоң, терең идеялар жатканын баамчыл адам тез эле аныктайт. Кыргыз элин башкарганга баардык эле эр азаматтар татыктуу дегенден алысмын. Көз карандысыздыкты алгандан бери аны эки эр азаматыбыз далилдеп беришти. А бирок сиз алардан алда канча өзгөчөсүз. Билим деңгээлиңиз, жан дүйнөңүз, ой жүгүрткөнүңүз менен ат чабым алдыда турасыз. Кыргыздын сиздей жигиттери бар үчүн сыймыктанам. Намыска жаралгансыз. Айымдар канча аракет кылбасын, азаматтар эл башкарганы кыргызда байыртан салт. Сиз качандыр бир кезде кыргыз элинин журт башы болуп, бизге өзүңүз айткандай демократияны "имитация" кылбастан, чыныгы демократияны сизге окшогон дүйнө таанымы кенен, чыныгы демократтар гана орнотуп, элибизге кубаныч алып келет деп ишенем. Элим бактылуу болсо, мен да бактылуу болом. Башка саясатчылардай сиз эл ишенимин ара жолго таштабайсыз, актайсыз деп ойлойм. Менин ошондо сизге болгон ишенимим артып, өмүр бою сизди сыйлап, урматтап жүрүп өтөм.
Сизди терен сыйлоо менен,
Айжамал, Бишкек.





Жүрөгүмдү кыйнадыңыз,
Бек байке!
(Бек Борбиевге!)
Акырын келип алкымымдан жыттадың. Кылыктана качтым, назданып. Кармап алдың. Кучагыңа кысып, өпкүлөп жаттың. Мен да ошону каалап эле тургам, жөн эле кыз кылыгына салдым да. Сени менен ушундай жакын мамиледе болууну кыялданып гана жүрчү элем. Кыялдарым ушинтип эле орундала калганына ишенбей турам. Жытыңа масмын, таң атпай турушун Кудайдан тилеп атам ичимден. Балким сен деле ошону каалап аткандырсың. Эриндер эзилишип, эркелешип, бакыттын кучагына малынып калдым го…
Телефон шыңгырайт. Ойгонуп кеттим. Аттиң ай, түшүм экен… Үмүтүмдү таш капты. Адаттагыдай эле сиздин ырыңызды коюп алып, сизди эңсеп уктаган экенмин. "Тамчы шүүдүрүм" ырдап атат. "Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм" деген мен болдум окшойт. Жек көрөм сизди дейм кээде. Оюмдан кетпей кыйналып кеткен учурда. Ушунчалык да ташбоор адам болобу? Жүрөгүмдү аябай кыйнадыңыз, Бек байке! Менин сезимдерим менен деле эсептешип койбойсузбу? Мен сизди жолдошум болуңуз деген деле жокмун. Анткени, билем, үйбүлөңүз бар. Жөн эле мамилелеш болсок дейм… Сунушумду жерге какпаңыз, суранам!
Сүйүү кулуна айланган Айгерим




  Жылдызы жанып

Гүлнур менен Айчүрөккө окшошкусу келбеген Айгүл Чалова

Айылга келин болгонумду элестете албайм, жада калса айылга апама барганда дагы бир жумага жетпей эле жүдөп, кетип калам.


-Айгүл, ала качып кетсе отурат белеңиз?
-Жок, мен ага каршымын. Анүстүнө баягыда мени "Тамаша торго" салышып, ошондо ала качуунун сүрүн көрүп калбадымбы. Аябай жаман экен. Кумурсканын уюгуна бир курт түшүп калса, тим эле жүздөй кумурска келип, уясына сүйрөп кетишет го. Мен да ошол курт сыяктуу эле болдум. Ал жердеги кемпир, келиндер сөзүңдү укмак түгүл, көңүл да бурушпайт тура. Колдорундагы жоолукту көргөндө, өлгөн турбайымбы деп ойлодум.
-Айыл жерине келин боло аласызбы?
-Мен өзүм кыштакта эле өскөн кызмын. Бирок, айылга келин болгонумду элестете албайм, бир жагынан корком. Шаарда жашап жүрүп, оңой-олтоң тумушка көнүп калдым окшойт. Жада калса айылга апама барганда дагы бир жумага жетпей эле жүдөп, кетип калам.
-Уй сааганды билесизби?
-Билем, мурда саап эле жүрчүмүн. Бирок, саабаганыма 10 жылдай болуп кетти.
-Бир жолу телефон чалып, интервьюга чакырсак, "колум бош эмес, мышыгым ооруп калды, доктурга алып барышым керек" дедиңиз эле. Үй жаныбарларын ушунчалык жакшы көрөсүзбү?
-Аябай жакшы көрөм. Көчөдө каралбай калган ит-мышыктарды көргөндө боорум ооруйт, же алар эч кимден жардам сурай албайт. Аларды деле Кудай биздей кылып жараткан да. А көчөдөгү бомждорду көргөндө, тескерисинче, жиним келет. Алар деген адам да. Өзүн колго алып, укмуш болбосо да, азыркы жашоосунан жакшыраак жашоого мүмкүнчүлүгү бар. А алар, тескерисинче, Кудайдын куттуу күнүн арак менен өткөрүп жүрүшөт.
-Уйкучусузбу?
-Ал жагынан биринчи орундамын (күлүп). Анүстүнө акыркы күндөрү ооруп атат окшойм, көзүм караңгылап, башым айланып эле уктагым келип калды. Алым кетип, жалкоолонуп атам. Ошонун аркасынан үйдөн да чыккым келбейт.
-Турмушка качан чыгайын деген оюңуз бар?
-Буюрган күнү. Азыр анысын так билбейм.
-Мырзалардын кайсы сапатын жактырбайсыз?
-"Намыскөйлүгүн". Намыс десе азыркы кээ бир мырзалар кыздарга таарынып, сүйбөлөй койгонду намыс деп элестетип алышат экен. Чыныгы эркектик намыс деген башка да. Азыркылар кафеге киргизгенин да милдет кылып, "кайра "ответ" кылбайсыңбы" деген мааниде мамиле кылышат. Кылган нерселерин эсептеп, керек болсо мага ошону кайра бер дегенден тартпаган эркектер бар. Анан ушакчы, катындардын ишине кийлигишкендерди жактырбайм.
-Сиз жөнүндө эркек адамдын ушак айтканын уккан окшойсуз?
-Ооба. Жакында эле ошондой болуп, досторубуздун арасында пикир келишпестиктер болуп кетти. Бирок таарынычымды ичиме сактайм, анын да айтыла турган сааты келер... Азыр ал жөнүндө сүйлөшкүм келген жок.
-Рулда өзүңүздү кандай сезесиз?
-Эң сонун. Өзүм машиналуу болгонума бир жарым жылдай болду, бирок ага чейин деле айдап жүрчүмүн.
-Бир жарым жыл ичинде канча машина алмаштырдыңыз?
-Жакшы эле алмаштырдым. Бирок, ал айдаган машиналардын баары эле менин өзүмдүн менчик унааларым болгон жок. Кээ бирлерин убактылуу да айдап аттым.
-Эми өзүңүздү машинасыз элетете аласызбы?
-Элестете албайм. Мурда машинам жок кезде жөө эле жүргөм. Бирок, адам деген жеңил оокатка бат көнөт турбайбы? Негизи машинасы жок деле жүрөм, бирок кыйынараак болот го.
-"Айгүл Чалова сахнада Гүлнур Сатылганованы туурайт" дешет го?
-Мага студент кезимде эле мугалимдерим баш болуп, "Гүлнурду туурайсың" деп айтышчу. Өзгөчө үнүмдү. Ал кезде сыймыктанчумун. Бирок "курсуң" чоңойгон сайын намыстанат экенсиң, мен эмнеге Гүлнур эжеге окшош болушум керек? Мен Айгүл Чалова гана болгум келет. Албетте, Гүлнур эженин талантын сыйлайм, ошондой атак-даңкка жетишким келет. Бирок, Сатылгановага окшошпогонго аракет кылам. Анткен менен көбүнчөлөрү Айчүрөк Иманалиева окшоштурушат. Эмнемди окшоштурушарын билбейм, бирок "тигиге-буга окшошсуң" дегендерге мен таарынбайм.

Бегимай БАКАШЕВА