Өтпөй калган Курултай

Бийлик Барбаросс планын ишке ашырды
Эко-бандиттик постпу?
31-май күнү Бириккен Элдик Кыймыл Түп жергесине Курултай өткөрмөк. Ага катышуу үчүн ошол күнү журналисттер журтчулугу таңкы алтыда "Достук" мейманканасынын алдында чогулуп, бир автобус менен жөнөп кеттик. Боом капчыгайынан чыкканда, уюлдук телефондор иштей баштап, "Текебаев, Отунбаева убактылуу камалыптыр, Кадыров менен Шерниязов сабалыптыр" деген маалыматтар келе баштады. Бир аздан соң Түптө Курултай өтпөй калганын, милиция күчтөрү оппозиция лидерлерин, БЭКтин автивисттерин кармап, камап, Түптөн сүрө кубалап, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Роза Отунбаева, Кубанычбек Кадыров канвойдун коштоосунда Балыкчыга келе жатышканы белгилүү болду. Жаңыдан автобустун ичин бүгүнкү бийликке нааразы сөздөр аралай баштаганда, Балыкчы шаарындагы экологиялык постко келип токтодук. Тагыраагы, таякчан милийсалар токтотушту. Бир формачаны кирип келип, "силер кимсиңер, каякка баратасыңар?" деп омуроолоп кирди. Же өзүн тааныштырбайт. Анын артынан кийингени, кебетеси ОПГ мүчөлөрүнө окшогон дагы бирөөсү белкурдагы пистолетин сес көрсөтө кармалап, автобус ичин бир кыдырып өттү. Ушундай ормон опузалардан кийин сапарыбызды уладык.

"ОБОНчу" катындардын коштоосундагы Балыкчы мэри
Балыкчыда эски универмагдын жанында Түпкө жете албай калган Тоң, Кочкор, Балыкчыдан келген адамдарга Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиевдер курултай эмне себептен өтпөй калганын түшүндүрөлү деп жыйын кылып атышыптыр. Кайран Азике, бүгүнкү бийликтин жүзүн ачып, чогулган элди ойготуп сүйлөп бүткөн соң, Топчуке сөз алды. Бирок а киши сөзүнүн аягына чыккан жок. Балыкчы шаарынын мэри Талант Өмүркуловдун коштоосунда келген жоон топ эркек-аялдар Топчукени сүйлөтпөй аңкылдап киришти. Бир эле учурда төртөө-бешөө ажылдап, биринин сөзүн бири укпагандыктан, универмагдын алды заматта чууга толуп кетти. Лакылдаган кебете-кешпири, өзгөчө тажаалдыгы менен айырмаланган бул бир ууч катындардын "ОБОН" батальонунан келгени кадимкидей билинип турду. Аларга "биз жакшы жашап атсак, силер келип жашообузду, биримдигибизди бузуп атасыңар" деген жоон топ эркектер кошулуп алыптыр.
Жакшы жашаганы ушул, айрымдары кирден майланыша карарган жакасына галстук илип алышкан. Ооздорунан арак сасыса жанына тургуң келбейт. Бул провокаторлор аз болуп калганбы, бир маалда чымыр денелүү, спорттук келбеттүү жигиттер анык чагымды баштаарда Бекназаровдор машиналарына түшүп кетүүгө камынышты. Бирок Бекназаровдун машинасынын астын жанатан бери бийликти жактап сүйлөп эки жигит тосуп чыкты. Провокация издеген чагымчыларбы деп турсак, кара кепкачаны Балыкчы ШИИБдин начальниги Кандыбек Дегенбаев болуп чыкты. Кызыл футболка кийгени ИИМдин машинасына түшүп кетти. Сүрүлгөн эл ар кайсы жерде топ-топ болуп туруп калышты. Аңгыча "Кылым шамы" укук борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мэр Талант Өмүркуловго "эмнеге сиз жыйынга провокаторлорду алып келип киргиздиңиз? Мен көрдүм. Көрбөсөм чырылдабайт болчумун, бетиңиз жок экен. Жыйынды токтотконго сиздин акыңыз жок" деп жарга такаса, Талант мырза "мен мыйзамсыз митингди токтоттум" деп чала-чарпыт жооп берип, машинасына түшкөнчө шашты. Чырылдаган айым мэрдин универмагда болгон жыйынды кууп таратканын айыптап "...жаңы мыйзам боюнча митинг жыйын өткөргөндөн мурда уюштуруучулар 12 күн эрте жергиликтүү бийликке кабар бериши зарыл. Эгер жергиликтүү бийлик 5 күндүн ичинде макул болбосо, сотко кайрылат. Жарандардын эркин чогулушуна сот гана тыюу сала алат. Түптө, Караколдо, Ак-Суу, Балыкчыда бир дагы жергиликтүү бийлик сотко кайрылган эмес. Колдорунда соттун чечими жок туруп, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик соттун милдетин алып, кууп тараткан. Бул деген одоно түрдө мыйзам бузгандык. Бүгүн саат 9дарда Балыкчы шаарынын мэри менен жолукканда дагы ушул мыйзамды айткам. Ал макул болгондой болгон. Бирок анын кандай провокация уюштурганын өзүңөр көрдүңөр" деп агынан жарылды.
Ошентип Бишкекти көздөй кайра жөнөдүк. Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Кубаныч Кадыровду милициянын канвойу алып келатат дегенинен, биз баягы экологиялык посттон өтө берип, аларды күтүп калдык. Алар келишип, 30-31-май күндөрү бийлик Курултайды өткөрбөө үчүн анык зөөкүрлүккө, акмакчылыкка барганын айтып беришкенден кийин, ошол эки күндөгү мыйзамсыздык картинасы толук бойдон көз алдыбызга тартылды.

37-жылдар жыттанган эки күн
30-май күнү БЭКтин лидерлери эртеңки күнү өтчү Курултайды координациялап, пландамакка Түпкө жана ага чукул жайгашкан айылдарга барышкан. Бирок бийлик Көлдүн түштүгүндө да, түндүгүндө да мерчемдүү жерлерге бюджеттик кызматкерлерди, милиция, криминалдык элементтерди жана аракка тойгон мас балдарды таш менен куралдандырып коюп, оппозицияны Түпкө өткөрбөөгө бекем турушуптур. Бирок, оппозициянын лидерлери Курултайга катышуучу активист, делегаттар менен Түпкө жакындаганда мамлекеттик машина толук күчү менен иштей баштаган. Мисалы, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө.Текебаевди Ак-Суу РИИБсине камаса, түнкү экилерде дубалдан секирип чыгып, Караколду көздөй кетип калыптыр. Б.Шерниязов былтыркыдай провокаторлордун тыткынында калып, сабалгандан кийин, эч нерсени байкамаксан болгон милициялар Бокени Түп РИИБинде бир нече саат кармашкан. А.Бекназаровду Жети-Өгүз районунун Дархан айылында токтотушкан. Жергиликтүү эл Азикени атайын даярдалган чагымчылардын колуна салып бербей алып калышканда, айласы кеткен милициянын чоңдору БЭКтин штаб башчысын овчаркачан кызматкерлерине кайтартып коюшуптур. Бекназаров оңго бурулайын десе деле ажылдаган иттер, солго, же тоо жакка басайын десе дале баягы иттер дейт. Кудум эле фашисттик Германиянын концлагерлериндеги зөөкүр көрүнүштөрдөй элес калтырып.
Кол тийбестик мандатка ээ депутаттар Роза Отунбаева менен Кубаныч Кадыровду Түп РИИБдин начальниги коркутуп эле тим болбостон, анын көзүнчө Кубанычбекке атайын уюштурулган мас адамдар кол көтөргөнгө чейин барганын депутат мырза өзү журналисттерге айтты.
Депутаттык кол тийбестик статуска карабай токмок жеген депутат К.Кадыров бул маселени жөн койбостугун, Башкы прокуратурага адам укуктарын бузган милиция жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрыларын кошумчалады. Ал эми 31-май күнү эртең менен Бириккен Элдик Кыймылдын Караколдогу штабы талкаланган.
Ким утулду, ким утту?
Өткөн апта ичинде бийлик Курултай өткөрбөө үчүн колунан келген аракетин аябады. Өзгөчө эки күнү фашисттердин чагылгындай тез Барбаросс планынын айдыңында иш алып барды. Негизи көлдүк уюштуруучулардын ичинен чыккынчы чыкканбы, айтор, 31-май күнү кайсы айылдан канча адам Түпкө чыгат жана ал делегаттар кандай машиналар менен барышарынан бери бийликке белгилүү болгон. Курултайга бара турган адамдарды акимдер, айыл өкмөттөрдүн башчылары "үч тамга", "кызыл жакачандардын" коштоосунда үймө-үй кыдырып, машиналарды камап, айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алып, колдон келишинче коркутуп-үркүтүүгө аракет кылышкан.
Бирок мындай тоталитардык кысымга карабай 31-май күнү Түптө 1500дөй башаламан, жетекчилери жок уюшулган патриот мекендештерибиз Курултай өткөрүүгө аракет жасашкан.
Эми Түптөгү өтпөй калган Курултайда оппозиция уттубу же бийлик уттубу деген маселеге келгенде, мен эл утту дээр элем. Себеби, эл бийликтин авторитардык анык жүзүн, үйбүлөлүк башкарууну сактап калыш үчүн барып турган пастыкка, зөөкүрлүккө, акмакчылыкка бара аларын эртелеп түшүнүп калды. Ошондуктан, көлдүктөр редакцияга чалып, "мындай болоорун билгенде, Курултайга атчан барып, каршы чыккандарды атка сүйрөтмөкпүз" деп ызырынып отурушат.
Эгер бүгүнкү бийликтин арты таза болсо, элди мынчалык төбөсүнөн басмак эмес. Бийликтен ажырап калышса, аларга Кыргызстанда жашоо жок экенин эң сонун түшүнүп турушат. Демек, "же бар, же жок" деген "ва-банк" жыттанган жолду тандап алышты. Бирок кыргыз атка мингенче. Кыргыз атка минген күнү "Мен!" деген тираның туруштук берген күн тарыхта али бололек.