Стоп-кадр!

"Уурунун махабаты" - мистика, кылмыш, сүйүү...
Байыркы заманда бир каракчы сулуу кызга ашык болот. Бирок кыздын ага көңүлү чаппай, арзып сүйгөн жигити менен качат. Каракчы кууп жетип, жигитти өлтүрөт. Аны көргөн кыз өзүнө канжар урат. Ошол учурда каракчынын өзүнө да жаанын огу тийип, шейит кетет. Тиги дүйнөгө барганда, тирүүлүккө жолдомо берчү кемпир каракчынын жаны кайра төрөлүү вазийпасынан айрылганын кабарлайт. Анткени, алиги курман болгон кыз менен жигит кийинки жашоодо анын ата-энеси болмок. Бирок, ошол кемпирдин кызы каракчыга боор ооруп, өзүнүн бир өмүрүн ыроолойт. Каракчынын жаны азыркы күнгө туш келет. Дамир аттуу "вор в законе" болуп төрөлөт да, дагы бир Барчын деген жаш кызды сүйүп калат. Бул ирет окуя башка өңүттө өнүгөт. Дамир ички туюм менен кыздын жигитин өлүмдөн алып калат. Эгер ал көз жумса кыз артынан кетмек. Эки жашты сактап жатканда ага ок жаңылат. Акыретке барганда мурдагы күнөөсүн толук жууганы билинип, жарык дүйнөгө келүүгө шанс алат да, баягы аман калган кыз-жигиттин уулу болуп туулат. "Уурунун махабаты" фильминин кыскача сюжети ушул. Режиссер Эрнест Абдыжапаров "Уурунун махабаты" аркылуу бүгүнү криминалдык турмуш менен кошо бирөөгө кыянаттык кылсаң, ал кайра өзүңө кайтат деген ойду берген. Бул үчүн ал индустардын жан түбөлүктүү, ал көчүп жүрөт деген реинкарнация идеясын колдонгон. Фильмди режиссер прокатка чыгарыш үчүн орус тилинде тарткан. Ал үчүн бир топ казак, орус актерлорун да чакырган. Бирок, алардын ичинен бир гана Кубанычбек Адылов аттуу казак актеру макул болуп, Дамирдин образын келиштире ачып берген. "Кыргыз актерлорунан эч ким купулума толбой казактардыкын карап, ушул жигитти ылайык көрдүм. Алматыга издеп барсам, башка театрга которулуп кетиптир. Ал жактан сурасак, отпускага чыгып Ысык-Көлгө апасыныкына кеткен дешти. Кубанычбек караколдук кыргыз жигит экен. Мектепти аяктаган соң, Алматыга окууга кетип, ошол жакта орун-очок алып калыптыр. Биздин сунушту кубануу менен кабыл алды. Көрсө, ал ата-мекендик фильмге тартылууну эңсеп жүрүптүр" деп эскерет режиссер өзү. "Боз салкынга" тартылган Асем Токтобекова бул тасмада кемпирдин кызын ойногон. Ал эми Барчындын ролу Элина Абай кызына тийген. Булардан башка тасмадан Асылгүл Набиева, Абдылда Иманкулов, Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев ж.б. актерлорду кездештирүүгө болот. Мистика, кылмыш, махабат жуурулушкан бул кинону көрүү гана керек...
Санжи Туйтунова




  Гороскоп

8-июнан 14-июнга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Кой жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендер аптанын биринчи жарымында өзүнө ишенимдүү болушу керек. Бул анын достор арасындагы кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Дал ушундай маанайда жүрсөңүз, аптанын экинчи жарымында сиз менен пикирлештер көбөйөт. Жуманын аягы күтүлбөгөн окуялар менен коштолот.

Букачар (21.04 - 20.05)
Аптанын биринчи жарымы чыгармачыл букачарлар үчүн руханий жактан гүлазык алууга ыңгайлуу учур. Апта ортосунда кесиптештердин арасынан сизге жакшы мамиле кылгандар көбөйүп, ал адамдар менен түбөлүк дос болуп калышыңыз да ыктымал. Апта аягында акчага байланышкан сунуштардан оолак болуңуз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Аптанын баштапкы күндөрү ичиңизде сактап жүргөн сырды жакындар менен бөлүшсөңүз болот. Мурдатан бери чиеленип жүргөн маселерди да чечүүгө ыңгайлуу мезгил. Ал эми апта башы көзачыктарга ишенгендер үчүн тагдырынын мындан аркысын билүү максатында бүбү-бакшыларга кайрылууга ыңгайлуу.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Аптанын биринчи жарымында олуттуу чечим кабыл алууга туура келет. Ката кетирип албоо үчүн өзүңүзгө ишенимдүү болуп, терең ойлонуп иш кылганыңыз жакшы. Жума аягында алыста жашаган туугандар конокко келиши күтүлүүдө.
Арстан (23.07 - 23.08)
Бул күндөр сүйүү майданында жүргөндөргө мол жемиштерин берет. Эгер жакындарыңыз, досторуңуз менен сүйүктүүңүздү тааныштыргыңыз келсе, буга аптанын ортосунан өтөөр мезгил жок. Дал ушул күндөрү сиз көңүл борборунда болуп, көптөгөн комплименттерди угасыз. Апта аягында ойдогудай эс алууга болот.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жеке ишкердик менен алектенгендер үчүн апта башы ийгиликтүү болот. Чет өлкөлүк жарандар менен таанышып, аларга келечекте ишенимдүү өнөк болууга да мүмкүнчүлүктөр бар. Аптанын экинчи жарымында алыскы жолго чыгууда ийгилик сиз тарапта болору талашсыз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Алдыдагы күндөрү кесиптештер менен мамилеңизди бузуп албоого аракеттениңиз. Кесепети сизге тийип калышы мүмкүн. Апта аягында ден-соолугуңузга кам көрүңүз. Ошондой эле бул учурда өтө маанилүү чечим кабыл албай эле кое турганыңыз жакшы.

Чаян (24.10 - 21.11)
Апта башында үйбүлөлүк бюджетке байланышкан маселелер оң жагына чечилет. Ал эми жуманын экинчи жарымында спорт менен машыккандар зор ийгиликке жете алышат. Апта аяганда сейил багына (же башка эс алуучу жайларга) барсаңыз, мол энергия жана ырахат ала аласыз.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Апта аралыгында буга чейин таанысаңыз да, түгөй катары элестете албаган адам экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү учкуну жанып кетиши мүмкүн. Буга таңгалбаңыз, жашоонун кызыгы али алдыда. Ал эми аптанын акыркы күндөрүндө жагымсыз адам менен кезигип калышыңыз ыктымал.
Текечер (22.12 - 20.01)
Жуманын биринчи жарымында текечерлер түгөйлөрү менен жеке мамилесин жакшыртып алууга шарт түзүлөт. Бейшембиден баштап жакындардын айтканын кунт коюп угуп, ар бир сөзүнө маани бериңиз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Жуманын экинчи жарымында өзүңүздүн активдүүлүгүңүздүн жардамы менен жетекчиликтин мактоосуна арзыйсыз. Биринчи жарымы адаттагыдай өтөт. Ал эми дем алыш күндөрү көптөн бери көрүштөгөн достор менен кездешесиз.

Балык (20.02 - 20.03)
Апта башында жаңы, жүрөк дирилдеткен сезимдерге тушугасыз, бирок аны көрүнгөнгө айта бербешиңиз керек. Бейшембиден баштап финансылык кирешеңиз жакшырат, аны да көпчүлүккө айта берүүнүн кажети жок.
Даярдаган Бегимай БАКАШЕВА