Акыйкат күнгө

Кудайдын сөзүндө кылмыштуулук жок
Билдирүү
Күнөөсүз соттолгондорго жана алардын жакындарына кайрылар элем, Кудай силерге ден соолук менен сабырдуулук берсин. Акыйкат күнү алыс эмес экенине мен ишенем.

Жогорку соттун соттук коллегиясынын Ноокат окуялары боюнча 19-май күнү чыгарган чечими өкүмзордуктун жана мыйзамсыздыктын анык далили болуп калды. Райондук аткаминерлердин өзүмбилемдигинин курмандыктары болуп, ак жерден күнөөлөнгөн адамдардын катааал жазык жоопкерчилигине тартылышына эл айран-таң калып отурат.
Ноокат тургундары жергиликтүү акимиаттан өлкө мыйзамында мамлекеттик майрам катары каралган Курман айтты майрамдоого шарт түзүп берүүнү талап кылышы толугу менен мыйзам чегиндеги нерсе. Калк бул иш-чараны стадиондо өткөрүү жөнүндөгү жергиликтүү бийликтин расмий уруксатын колдоруна кармап алып, үйбүлөсү менен жогорку маанайда майрамдаганы чыгышкан. Дүйүм тамактарга толгон майрамдык дасторкондун ордуна, тескерисинче, милициянын катар тизилген жоон тобу тосуп алып, үйлөрүнө тароосун талап кылып атса, алар кандайча мамиле жасамак эле? Ош, Кызыл-Кыя шаарларынан укук коргоо кызматкерлеринин алдын ала алынып келиши эмнени түшүндүрөт? Бул эл милиция кызматкерлерине тийиштүү жообун берсе, аларга күч колдонобуз, деп бийлик күтүп турган деген божомолду тастыктайт. Эл акимден бул окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүсүн талап кылып атканда, акимиаттын имаратынын алдында башаламан митинг пайда болгон. Муну укук коргоо органдары өздөрү далилдеп берип отурат. Бул жагдай бийлик элди коркутуп-үркүтүү, атуулдардын эркиндигине кысым жасоо үчүн атайын түзүлгөн деп болжолдоого коомчулуктун толук негизи бар. Күнөөсү далилденбей туруп, аялдардын, жаш балдардын, майыптардын көп жылга кесилиши кыжырды келтирет. Аларга "диний экстремизм, массалык башаламандыкты уюштуруп, ага катышкан" деген айып тагылды.
Жогорку сотко мамлекеттик айыптоочу катары катышкан Башкы прокуратуранын прокурору Ж.Кубатовдун "Аллах Акбар!" деген сөз Кыргыз Республикасында криминалдык сөз болуп саналып, автоматтык түрдө мамлекеттик түзүлүшкө кол салуу маанисин түшүндүрөт" деп айтканы өтө таңгалычтуу. Анда жүз миңдеген адамдар күндө мамлекеттик кылмыш жасап, конституциялык түзүлүшкө кол салып атабы? Анткени ар бир намаз "Аллах Акбар!" сөзү менен башталып, ушул сөз менен аяктайт. Андай болсо Ала-Тоо аянтына чогулуп, Рамазан айында Кыргыз Республикасынын муфтийи Мураталы Ажы башында туруп "Аллах Акбар!" сөзү менен намаз баштаган адамдарды эмне кылуу керек?
"Аллах" деген сөз арабчадан которгондо "Кудай", "Акбар" деген сөз болсо "Улуу" дегенди түшүндүрөрүн эскерте кетким келет. Кудайга мусулмандар, христиандар, иудейлер жана дагы башка көптөгөн диний жамааттар ишенет. Ошондуктан Кудайдын улуулугу тууралуу сөздө эч кандай криминалдуулук жок!
Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечими динге ишенген жарандардын мыйзамдын үстөмдүгүнө, мамлекеттин адилеттүүлүгүнө ишенимин биротоло жокко чыгарды. Укук коргоо органдарынын митингдин катышуучуларын уруп-соккону, орой мамилеси, массалык түрдө камакка алышы, жалган жалаа менен күнөө коюлуп, адилетсиз чечим чыгарылышы бийликтин өлкөдө полициялык режим орнотууга аракет жасап жатканынын дагы бир далили болуп саналат.
Жарандардын дин тутуу укугуна өлкөнүн Конституциясы кепилдик берген демократиялык өлкө экенибизди унутпайлы. Кудайды мактоо кылмыш болуп санала турган болсо, анда бийликтин бул кылган аракетин Кыргызстандыктар жарандык укуктарынан гана эмес, адамдык эркиндиктеринен да ажырады деп түшүнсө болот. Бул исламды туткандарга гана эмес, башка динге ишенген мекендештерибизге дагы тийиштүү болушу мүмкүн.
Күнөөсүз соттолгондорго жана алардын жакындарына кайрылар элем, Кудай силерге ден соолук менен сабырдуулук берсин. Акыйкат күнү алыс эмес экенине мен ишенем.
Күнөөсүз соттолгондорду бошотуу үчүн, массалык башаламандыктын анык уюштуруучуларын - Ноокат районунун акими менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, аларды калкалаган борбордук бийлик өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу үчүн күрөштү улантууга укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн, баардык мекендештеримди чакырып кетет элем.
Учур коомдун баардык конструктивдүү күчтөрүнүн Акыйкаттык менен Прогресс үчүн биригүүсүн талап кылат. Биз баарыбыз биргелешип өлкөбүздө мыйзамдуулук менен укук тартибин орното алабыз.

Кыргызстан социал-демократиялык
партиясынын төрагасы
А.Ш.Атамбаев




  Алака

КСДП фракциясынын жолугушуусу
2009-жылдын 25-майында Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаттары Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаттарынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуу КСДП фракциясынын лидери Бактыбек Бешимов менен Франция Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Кыргызстан-Франция достук Комитетинин президенти Жан-Поль Шантэгюэ мырзанын сөзү менен башталды.
Б.Бешимов КСДПнын Жогорку Кеңештеги ишмердигинен баштап, парламент жетекчилигинин астындагы аталган фракциянын өкүлдөрүнүн активдүүлүгүнө да токтоло кетти. Мындан тышкары, партия лидери алдыда боло турган президенттик шайлоонун тегерегиндеги актуалдуу маселелерди айтып өттү.
Кыргызстанга келген франциялык делегация курамынын теңи бийлик партиясынын депутаттарынан, жарымы оппозициялык маанайдагы депутаттардан турары белгилүү болду. Ал эми Жан-Поль Шантэгюэ мырза социал радикалдык саясый топко кирип, оппозиционер болсо да, бул делегацияны баштап келген. Ал бул кеңири жайылган практика экенин, бийлик партиясынын өкүлү Улуттук Ассамблеянын президенти болсо, ал эми вице-президенттер оппозициялык партиядагы депутаттардан шайланарын айтып берди. Мисалы, оппозиционер маанилүү тармак болгон бюджеттик комитетти жетектейт. Мындан сырткары, саясый өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Франция президенти Николя Саркози оппозиционерлерди өкмөт ишине тартууну практикалайт.
Парламентарийлердин ортосунда кыргыз-француз мамилелери, негизинен демократияны жана парламентаризмди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрдү. Франциялык депутаттар мындан тышкары, Афганистандагы стабилдүүлүктү сактоо, диний экстремизмди жок кылуу туурасында ойлорун айтып өтүштү. Ушул багытта "Манас" авиабазасы маанилүү роль ойнору, анын дүйнөдөгү жана региондогу тынчтыкты сактоо максатына толук жооп берери белгиленди.
Бул Франциянын Улуттук Ассамблеясы менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ортосундагы туруктуу, жемиштүү иштин башаты боло турган алгачкы иш сапар катары каралмакчы.
Бегимай Бакашева