Бокс

Руслан Чагаев менен Николай Валуев
Келаткан ишемби (30-май) күнү WВА жаатынын эң оор салмактагы дүйнө чемпиону Руслан Чагаев менен анын каршылашы Николай Валуевдин ортосунда чоң таймаш болгону турат. Бул экөө Хельсинки шаарында рингге чыгышат. Алгачкы таймашында өзбек мушкери орустун Николайын рингде жалпайта чапкан. Бу жолу кантээр экен?

2012-жылы Лондондо
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге кыздар боксун жайкы оюндардын тизмегине киргизүү боюнча далбас уруп атат. Кыскасы, Лондондо өтүүчү кезектеги 2012-жылы олимпиада оюндарында кыл арканда кыздарды көрүп калсаңар таң калбагыла.

  Бодибилдинг

Буржуйган булчуңдар
Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын ачык биринчилиги өттү. Мелдеште эркектер менен теңата кыз-келиндер да күч сынашты. Кыздар арасында чемпиондукту Елена Пансарникова жеңди. Эркектерден болсо казак өлкөсүнөн келген Сергей Иванов чемпион аталды.

  Шахмат

Так талаш
Кыргызстандын 71-чемпионаты аяктады. Алтымышка чукул жер-жерлерден келген акыл-эс оюнунун мыкчыгерлери так талашка түшүштү. Мелдеш швейцар таризинде болуп, он бир оюндан жыйынтыгын чыгарды. Леонид Юртаев менен Төлөгөнтегин Семетей сегиз упайдан топтоп, бухгольц коэффиценттин негизинде эл аралык жалгыз гроссмейстер Л.Юртаев чемпион болду. Үчүнчү орунду эл аралык чебер Эмилбек Сапар алды.

  Дзюдо

Азиядан миңге тете бир медаль
Кытайдын Тайпей шаарында дзюдо боюнча Азиянын биринчилиги өттү. Жалпы жонунан 600 балбан чоң сынакка келишкен. Кыргызстандан ону аттанып, жалгыз Азат Кубакаев (66 кг) коло медалды багындырды. Эми ушул эле балбандар Германиянын Роттердам шаарында дүйнөлүк чемпионатка барышат. Ал мелдеш август айынын акыркы күндөрүндө өтөт.

  Жеңил атлетика

Жел менен учкан желтамандар
Алматы шаарында Борбордук Азия өлкөлөрү катышкан эл аралык чоң мелдеш өттү. Бизден Евгений Пучков найзаны 49,55 м алыстыкка ыргытып, коло медалга жетишти. 800 м. аралыкка чуркоодо Надежда Перелыгина 2 мин. 21 секундда келип, күмүш медалды жеңил алды. 200 метрлик чуркоодо 22,97 секунд көрсөткүчү менен Валерий Понамарев дагы бир коло медалга татыды. Кыска аралыкка (100 м) чуркоодо Ксения Кадкина 12,86 секундда келип, жалпы жонунан үчүнчү коло медалды кыргыз атлеттеринин куржунуна салды. Кыздар эстафетасы - коло, эркектер эстафетасы - күмүш медалды багындырып, жалпы жонунан биздин жердештер намыс алдырышкан жок.

  Теннис

"Ролан Гаррос" турнири
Бу күндөрү атагы айды жанган теннисчилер Франциянын ачык чемпионатында күч сынап атышат. Алардын арасында бир кезде дүйнөнү дүңгүрөткөн Мария Шарапова да бар. Бир аз убакыт мурун WТА жаатынын рейтинги боюнча 126-тепкичинде эле. Эми 108-орунга келип конду. Мария кыз бул ийгилик менен чектелип калбай, алдыга жылуу үмүтү зор. Ири шлем мелдештеринин күчтүүсүнүн катарына кирген "Роллан Гаррос" турниринин биринчи турунда Мария белорусстук Анастасия Якимованы утуп алды. Эми экинчи оюнда Надежда Петрова менен кортко чыкмакчы.