"Мойнунан байланган…"

Тетири кеткен Темир Сариев Акүйдүн "долбоорубу"?
Бүгүн "мен президент болсом, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойм, бүтүндүгүн сактайм" деп жарышка түшүп жаткан "патриот" Темир Сариев ошондо кайсы позицияда болгон? Эгер унутуп калсаңар, эсиңерге сала кетели. Ал Аскар Акаевдин айтканы менен болуп, кыргыз жеринин Кытайга кетишин бекемдеген келишимди колдоп-кубаттаган.

Дегеле, саясатчы болсун, башка болсун, адамдын анык жүзүн, деңгээлин, күчүн жакшылап таанып-билүү үчүн анын өткөн мезгилине кайрылууга аргасыз болосуң.
Бүгүн "президент болом" деп чамынып жаткан Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты. 2000 - 2005-жылдары катары менен депутат болуп шайланып, чоң саясатка аралаша баштаган. Темир Аргембаевич депутаттыкка чейин байлык топтоого үлгүргөн бизнесмен катары белгилүү болчу. Ал эми депутат болуп шайлангандан кийин ал өзүн мамлекеттик бийликтеги эл өкүлү катары кандай көрсөтө алган? Өткөн жылы жарыкка чыккан "Шах кыргызской демократии" аталган китебинде ал өзүнүн депутаттык ишмердигине: "Прошлый пятилетний срок в парламенте не прошел даром, я был активным депутатом и всегда до конца отстаивал интересы своих избирателей. Был всегда независимым, но человеком с принципиальным и твердым голосом" деп, өтө эле жогору баа бериптир. Депутаттын ишмердиги көпчүлүк элдин көз алдында өтөт эмеспи. Эми эстеп көрөлүчү, Акаев мезгили аталган ошол мезгилде Т.Сариев "жалаң гана шайлоочулардын кызыкчылыгын көздөгөн, эркин, принципиалдуу" депутат, саясатчы болгон беле?
2000-2005-жылдар Аскар Акаевдин башкаруусунун эң алешем мезгили болгон. Конституцияны тебелеп, үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган Акаев мына ушул мезгил аралыгында айрыкча айнып, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын арткы орунга таштап, негизинен эптеп бийлигин сактап калуу максатында саясат жүргүзүп, жеке мүдөөнүн айлампасынан чыга албай калган. Жеке баюунун жолуна түшкөн үй-бүлөсү мамлекеттик иштерге аралашып, кадр маселесин өз билгендериндей калчай баштаган. Өлкөдө коррупция да мурда болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Ошондо "чыныгы эл өкүлү" Сариев кайда эле? Элдик, мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп "принципиалдуулук" кылбай эле, Акаевдин ар бир кадамын колдоп добуш берип, парламенттеги акүйчүл команданын катарында жүрбөдү беле?! Колунда депутаттык мандаты болгон соң, алдында элге үнүн жеткире турган бийик трибуна дагы даяр болчу. Бирок, "патриот" Сариев ошондо парламент трибунасынан туруп, "ой, бул саясатыңар туура эмес. Элди, мамлекетти ойлогула" деп, бийликке чындыкты айтып, чырылдаганын көргөн жан барбы?
Аскар Акаев кыргыз жерин таратып, Үзөңгү-Куушту Кытайга берди. Анын мамлекетти сатканга барабар бул чечимине ошондо оппозициядагы депутаттар чечкиндүү каршылык кылган. Бүгүн "мен президент болсом, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойм, бүтүндүгүн сактайм" деп жарышка түшүп жаткан "патриот" Темир Сариев ошондо кайсы позицияда болгон? Эгер унутуп калсаңар, эсиңерге сала кетели. Ал Аскар Акаевдин айтканы менен болуп, кыргыз жеринин Кытайга кетишин бекемдеген келишимди колдоп-кубаттаган. Өзүнүн эле жердеши, улуту казак Эркин Бөлөкбаевчесинен каршы добуш берип, накта мекенчилдик кылбаса да мейли, жок дегенде өзүнүн досу, парламенттеги "группалашы" Марат Султановго окшоп "калыс" болуп калганга да жараган эмес.
Бул жерде экс-президент Аскар Акаевди жана ал бийлеген мезгилди бекеринен эскерип жатканыбыз жок. Себеби, Кыргызстандагы туңгуюкка алып бараткан кризис так ошол учурдан башталып, ага Т.Сариевге окшогон акаевчил депутаттар зор салым кошкон эмеспи. Эгерде Аскар Акаевич 2000-жылы эле өз мөөнөтүндө бийликтен кеткенде, азыркыдай адамдар бийликке келмек эмес. Бул акыбалга кептелбейт элек. Ооба, ошондо деле элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп, Акаевдин үй-бүлөлүк бийлик режимине каршы күрөшкөн Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев сыяктуу азаматтар чыккан. Тилекке каршы, бийликке таянып алып жеке баюуну көздөгөн Темир Сариев өңдүү тар кызыкчылыктагы депутаттардын, чиновниктердин колдоосу менен элдин эрки тебеленип, шайлоонун жыйынтыгы бурманалып, Акаев "утуп" чыкпадыбы. Деги эле, Темир Сариевди убагында Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү менен жакын ымалада жүргөн адамдардын бири дешет. Ошондой болсо керек, 2005-жылдын март окуялары учурунда президенттин эрке уулу Айдар Акаев менен эки-үч жолу жолугуп, сүйлөшкөнүн өзүнүн эскерүү китебинде жазганы бар.
Мурда Акаевдик бийликтин саясатын сындап, бир дагы жолу каяша айтып көрбөгөн, "мамлекеттик кызыкчылык, акыйкаттык, мыйзамдуулук" деген сөздөрдү эзели оозанбаган Темир Сариев Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин бир заматта патриот болуп кубулду. "Кыргыз үчүн" деп кыйкырып, "чындык" деп чырылдай баштады. Ушундан улам суроо туулат: ал мурда кайда эле? Же, Акаев президент болуп турса, өлкөгө адилеттүлүктүн, мыйзамдуулуктун кереги жокпу? А Бакиев башкарса эле керек болуп калабы? Акаев бийликте турганда Кыргызстандын жерин, суусун сата берсе боло берет. А башка адам бийликке келсе эле мунун баары мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келип калабы? Темир Сариевдин мурдагысы менен кийинки саясый позициясын салыштырып көрсөң, мына ушундай парадоксалдуу ойго тушугасың.
Элдин нааразычылыгы күндөн күнгө күчөп бараткан кырдаалда өзүнүн эртеңкисинен кооптонгон бийлик шашылыш түрдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялап жиберди. Мына ушул күтүүсүз кырдаал Темир Сариевдин саясатчы катары анык жүзүн, максатын ачты көрүнөт. БЭК өз күчүн чачыранды кылбай, президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерди алып чыгып, ошону сүрөй тургандыгын адегенде эле билдирген эле. Ачыгын айтканда, алар учурда саясый рейтинги боюнча биринчи орунда турган олуттуу саясатчы Өмүрбек Текебаевге токтолушат го деп ойлогон эле көпчүлүк. Бирок, Ө. Текебаев президенттикке ат салышуудан баш тартып, бул күрөшкө Социал-демократиялык партиянын лидери Алмаз Атамбаевдин чыкканы ылайык деп, анын артыкчылыктарын белгилеп, талапкерлигин сунуш кылыптыр. Угушубузга караганда, А. Атамбаевдин оппозициядан бирдиктүү талапкер катары чыгышын БЭКтин саясый бюросунун Т. Сариевден башка мүчөлөрүнүн баары колдоп, кубатташкан. Ал эми 25-апрелде Арашанда өткөн III элдик курултайда А.Атамбаевдин талапкерлиги эл тарабынан колдоого алынып, биротоло бекемделген. Ошол курултайда оппозиция лидерлери Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалга реалдуу баа берип, бирдиктүү талапкерди сүрөп, азыркы бийликти кетирүү менен өлкөдөгү саясый системаны түп-тамырынан бери өзгөртүп, элге жаңы заманды жаратарын айтышкан болчу. Прогрессивдүү көз караштагы саясатчылардын ушундайча бир максатка биригип, чогуу күрөшүүгө өткөндүгү карапайым элге дем берип, үмүт отун тутанткан.
Тилекке каршы, Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн түйшөлгөн, прогрессивдүү көз караштагы саясатчылардын баары чогулган ал курултайда Темир Сариев көрүнгөн эмес. Анын сыры кечээ жакында белгилүү болуп чыкты. Көрсө, ал БЭКтин чечими менен эсептешпей, өзү да президенттик үчүн ат салышмак болуптур. Т. Сариев азырынча: "Бул - "Ак шумкар" партиясынын чечими. Мен партия мүчөлөрүнүн чечимин аткарууга милдеттүүмүн" деген мааниде актанып жатат. Бирок, саясатка аралашып жүргөндөр жакшы билет: Сариев, бул - "Ак шумкар", "Ак шумкар" - бул Сариев! Кечээ жакында эле каттоодон өткөн "Ак шумкар" партиясынын табияты, тагдыры деле ошондой, Темир Сариевдин жеке чечимине көз каранды. "Ата Мекен" социалисттик партиясы же Кыргызстан социал-демократиялык партиясы сыяктуу узун тарыхы, баскан жолу, туу туткан белгилүү бир идеологиясы жок, тамырын кенен жая элек партияны бетке кармоо - жөн эле шылтоо. Көрсө, бул партиянын лидери президенттик бийликке ушунчалык суусаптыр. Кыргызстанды жеке өзү башкарып, бийлегиси келет экен. Мүмкүн, бийликке жетип алып, дагы да байыгысы келсе керек. Ошон үчүн гана оппозиционер болуп, "Эл, мамлекет" деп кыйкырып жүрөбү? Т. Сариевдин тетири баскан кадамын мындан башкача баалоо мүмкүн эмес. Жок, андай эмес, ал чындап эле мамлекеттин, элдин келечеги үчүн күйүп-бышкан, ошол максатта аракеттенген саясатчы болсо, кыйын кырдаалда ичине бүлүк салып, элдин башын маң кылып, БЭКтен бөлүнбөй, көпчүлүктүн чечимине моюн сунуп, оппозиционерлер менен бирге болмок.
Же Темир Сариев ошончолук эле мыкты, көпчүлүк саясатчылардын арасынан өзгөчөлөнүп турган, теңдешсиз ишмерби? Кыргызстанды саздан сууруп чыгып кетүүгө жөндөмдүү, чыныгы улуттук лидер деңгээлиндеги саясатчыбы?
Анын саясый тарыхы тууралуу жогоруда кеп кылгандай болдук. Ошол тарыхы эле келечегин аныктап турбайбы. Т. Сариев өзүнүн деңгээлин кандай баалайт, билбейбиз. А көпчүлүктүн көз алдында ал Сокулуктун деңгээлинен көтөрүлүп, алкагынан чыга албай келатат. Эгер анын кадыр-баркы Өмүрбек Текебаев же Бакыт Бешимовдукунан жогору болуп кетсе, анда "мен президент болом" деп чыкса жарашат эле. Бул жагынан алганда, өз салмагын өзү деле өлчөй билсе керек. Ага болбой эле эмне үчүн төш каккылап жатат? Түшүнүксүз.
Ушул жагын эсепке ала келгенде, Т. Сариев Акүйдүн атайын планы менен чыгып жатат го деген да ой келет. Кечээ жакында аны "президент Бакиев менен жашыруун түрдө үч сааттан ашык сүйлөшүптүр" деген да имиш кеп чыкты. Тегин жерден чыккан эмес көрүнөт. Анткени, "мен оппозициямын" деп, анын кайра шайлоого катышышы оппозицияны бөлүп-жарып, Акүйдүн кызыкчылыгына иштейт дегендикпи? Анын бул кадамы азыр жалпы элдик кызыкчылыкка каршы келип, бийликтин чырагына май тамызып жатпайбы. А мындай аракетти бийлик жаны менен колдоп, Т. Сариевдин жонунан таптабаганда кантмек?!
Мына ушундай жагдайларды эске алганда, Темир Сариевдин БЭКтин курамынан чыгарылышы эң туура чечим болду. "Мойнунан байлаган ууга жарабайт". Жеңишке жетүү үчүн жеке мүдөөнүн кулу болуп, өз амбициясын ооздуктай албаган адамдардан эртерээк арылган оң.
Асылбек Меделканов