![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Генерал бир сүйлөйт Исаков шайлоодон баш тарттыИсмаил Исаков президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартты. Мындай чечимин мурдагы күнү экс-коргоо министр өзү жарыя кылып, бул кадамга Бириккен Элдик Кыймыл алып чыккан бирдиктүү талапкер Алмаз Атамбаевди колдоо максатында барып атканын билдирди. Исмаил Исаковдун айтымында, бийлик оппозицияга каршы бүт мыйзамсыз жана аморалдык ыкмаларын колдонуп, таза эмес, катуу күрөш жүргүзүп аткан учуру. Ал гана эмес бийлик оппозициялык кыймылдын клонун жасап, аны элди алдоо жана добуштарды уурдоо үчүн пайдаланууга аракет жасап жатат. Исаков жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жеке амбиция, кызыкчылыктарын жыйыштырып салганга эрки жетерин буга чейин эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылык кызматынан баш тартуу менен дагы далилдей алган. "Өлкөнүн коопсуздугу бир үйбүлөнүн, президент менен анын жакындарынын коопсуздугуна алмашылган учур түзүлдү. Акыйкаттык менен мыйзамдуулук номиналдык гана мүнөзгө ээ болуп, мамлекеттик органдар элге эмес, бийликтеги элитага кызмат кылып калды. Бийлик Кыргызстанды коргоонун ордуна өлкөнүн патриотторун куугунтуктоону баштады. Мындайга чыдоого мүмкүн эмес, буга каршы күрөшүү керек болуп, мен өз жолумду тандап алдым" - деп туруп, кызматтан өз каалоосу менен отставкага кетип калган эле. Эми талапкерлигин алып салуу менен чынында эле ага кресло эмес, элдин кызыкчылыгы баалуу экенин дагы бир жолу тастыктай алды. Исмаил Исаковдун ар бир облуста колдоочулары, өз электораты бар экени турган иш. Ушул күнгө чейин Ош облусунан эле 45 миңден ашык кол чогулткан. Маалымат жыйынында аны колдоп келген пикирлештерине ыраазычылыгын билдирип, аларды аягына чейин күрөшүүгө чакырды. "Мен мүчө болгон Бириккен Элдик Кыймыл бирдиктүү талапкерин алып чыгып, ошол гана талапкерди колдойт. Биз өз позициябызды жана абийирибизди сатпайбыз. Арашан айылында өткөн Курултайда Кыргызстан элинин алдында берген мына ушул убадабызды аткарууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Биз шайлоого бир күч менен, бир талапкерди алып чыккан команда менен барабыз", - деди генерал. Дал ушундай кадамга барган соң, президентикке талапкер Алмаз Атамбаевди ачык колдой турганын жашырбады. Дилбар АЛИМОВА "Ата Мекен" партиясы Москвадагы эл аралык форумга катышат "Ата Мекен" социалисттик партиясы ушул жылдын 24-июнунда Москва шаарында өтө турган "Глобалдык саясаттагы социалисттер" III эл аралык социалисттик форумга чакыруу алды. Форумда ар кайсы өлкөлөрдүн парламент мүчөлөрү, Социнтерн өкүлдөрү, Россия жана Европа шаарларынын мэрлери, КМШ, Европа, Латын Америка жана Азия өлкөлөрүнүн социалисттик жана солчулцентристтик партиялары катышат. Бул иш-чарада азыркы саясый, экономикалык, социалдык көйгөйлөр талкууланат. Форумга дал ушундай өңүттөгү докладдары менен "Ата Мекен" социалисттик партиясынын өкүлдөрү катышат. Делегация курамын Ө.Текебаев, А.Сасыкбаева, Б.Шерниязов, Э.Алымбеков жана Д.Чотонов түзөт. Ош шаарында иш таштаган айдоочуларга эскертүү берилди Бул тууралуу жүргүнчүлөрдү ташыган ишканалардын башчылары "Азаттыкка" кабарлашкан. Алардын айтымында, шаар бийлиги иш таштагандар менен сүйлөшүүнүн ордуна айрым каттамдардын бригадирлерин чакырып, "19-майдан тартып жумушка чыкпасаңар, келишимди бузуп, жаңы тендер жарыялайбыз!" деп коркутушкан. Ошондуктан, кээ бир айдоочулар эртең менентен машинасын жүргүзүүгө аргасыз болушту. Анткен менен 700 чакты айдоочунун көпчүлүгү иш таштоону дале улантууда. Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков иш таштагандарга карата коркутуп-үркүтүүлөр болбогондугун белгилеп, болгону беш-алты ишкана жетекчисине катуу эскертишкендигин, учурда чоң-кичине автобустарды, троллейбустарды кошкондо калаада 400дөн ашуун автоунаа жүргүнчүлөрдү тейлеп жаткандыгын маалымдады. Кечээ шаардагы маршруттук каттамдардын айдоочулары шаар кеңештин жол кирени арзандаткан чечимине нааразылык иретинде иш ташташып, жол акысын мурдагы калыбына келтирүү талабын коюшкан болчу. Шайлоого утурлап пенсия көбөйдү Пенсия өлчөмү 1-июлдан баштап 50%га жогорулатылат. Бул тууралуу мурдагы күнү Курманбек Бакиев менен премьер-министр Игорь Чудиновдун жолугушуусунда белгилүү болду. Ага ылайык, орточо суммадагы пенсия 2 138 сомду түзмөкчү. Бийликтин мындай демилгеси А. Акаевдин иш-аракетин кайталагансыйт. А киши да шайлоо жакындап калганда пенсия, маяна акысын жогорулатып калчу эмес беле. Пенсия 50%га көтөрүлгөнү менен азык-түлүктүн баасы жүз эседен кымбаттап кеткенин президент ойлоду бекен? Электр линияларыбызды казактар ээлеп "Кыргызстандын улуттук электр байланышы" акционердик коомунун балансында турган жогорку вольттуу электр линияларды Казакстан өз менчиги деп тааныган. Бул маселе кыргыз, казак өкмөтү ортосунда түзүлгөн кеңештин жыйынында ачыкка чыкты. Казак тарап бул линиянын бир бөлүгү Казакстан аймагынан өткөнүн негиз кылышууда. Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, учурда сүйлөшүүлөр жүргөнү менен майнап чыкпай жатат. Казакстан бул маселени укуктук негизде талкуулагандан баш тартууда. 172 килограм гашиш кармалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, комитеттин кызматкерлери Ноокат районунда жашырылган жерден 8 полиэтилен кабына салынган 172 килограм гашиш табышты. УКМК бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. "Азаттык" үчүн ачкачылык "Азаттык" радиосунун улуттук каналдар аркылуу берилишин талап кылган Өндүрүш Токтоназаров ачкачылык жарыялаганы жатат. Бул кадамга барышына аталган радионун угармандар кыймылы 17-майда уюштурган пикеттен бийлик эч кандай тыянак чыгарбаганы себеп болгон. Ачкачылык акциясын Токтоназаров БУУ үйүнүн алдына барып уюштурууну көздөөдө. Ал 5-майда "Азаттыкка" байланыштуу президентке, Акүйдүн секретариаты менен пресс-кызматына жолдогон катына дагы жооп ала алган эмес. "Эреже боюнча расмий бийлик катка 10 күн ичинде жооп бериши керек экен. Булар тоготпой койду. Эмне үчүн "Азаттык" обого чыкпаш керек да, биз өкмөттүн кызыксыз маалыматтарын угушубуз керек" дейт. Айтмакчы, пикетке чыккандан бери бу кишини "империалисттик радиону эмнеге жактайсың" деп кимдир-бирөөлөр телефон аркылуу коркутуп жатыптыр. Жүрөлүчү жүрөк оорутпай... Акыркы кезде каза тапкандардын 40%ы жүрөк дарты менен жабыркагандар болгон. Бул тууралуу хирургия жана органдарды трансплантациялоочу илим изилдөө институтунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов билдирди. Башкы хирургдун айтымында, жүрөк оорунун 70%ын хирургия жолу менен айыктырса болот. Бирок, ага каражат жок. Операция жасоочу жабдыктар эскирген. Буга кошул-ташыл болуп кадрлар да жетишсиз. Мурда медицинанын бул жааты боюнча 15 илим доктору болсо, азыр болгону төртөө.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||