Үшкүрүк

Абдымалик Акматбаев:
"Рысбегим эл деп жүрүп өтүп кетти"
Мындан туура үч жыл мурда, 6-май күнү Көк-Жар айылындагы мечиттин астынан кыргыз криминалынын аталыгы деген жарлыгы бар Рысбек Акматбаев атылып өлтүрүлгөнү белгилүү. Кандай гана өңүттөн алып карабайлык, Рысбек Кыргызстандын тарыхынын бир бараандуу барагы...
Кыргыз ынтымагынын башын бириктирип, башка улуттун бандиттерин чөгөлөткөн, керек болсо "келген мекендерине чейин жөө кубалап барам" деген чечкиндүү, эл дегенде эт-бетинен кеткен киши эле. Убагында "Кыргызстандын наркотрафик чордонуна айлануусуна кармышын" деп, Айдардын жана аны колдогон казакстандык, кыргызстандык "ворлордун" биргелешкен куугунтугуна татыктуу каршылык көрсөткөн. Рысбектин көзүнүн өтүшү менен өлкөбүз экинчи Афганистанга айланып баратат. "Парламентке келсем, Кыргызстандын 2 млрд. доллар карызын бүгүнкү бийликтен, байлардан төлөттүрөм" деген сөзү өмүрүнө чекит койду көрүнөт. Эми мындай жигит бизде жаралбай калды окшойт. Андыктан өмүрү уламышка айланган Рысбекти эскерүүнү эп көрдүк.
-Абдымалик аба, Рысбек уулуңуздун каза болгонуна 3 жыл өтүп кетти. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" демекчи, Рысбек байке кичинесинде кандай бала эле?
-Рысбек уулум чоң атасы Акматбайдын колунда өстү. Мектепке окуйт дегенде гана колубузга келди. Апасы экөөбүздү "байке, жеңе" дечү. Чоңоюп калганда мени "шеф" деп коер эле. Атам Акматбай кыргыздын тарыхына, санжырасына абдан маани берген , сөз баккан киши болчу. Эл үчүн жанын сайган баатыр бабаларыбыздын окуяларын айта берүүдөн эч тажачу эмес. Атамдын окуяларын, санжырасын курбалдаштары да ынтызарланып угушуп, үйүнөн киши үзүлбөй нарктуу жашап өттү. Небересине "Рысбек, биз катаганбыз, сенин бабаң хан Кошой" деп Кошой бабабыздан тартып, кечээки Балбай баатырга чейин эринбей божурап берчү. Балам дагы чоң атасынын айткандарына сүңгүп кирип, анда-санда кызыккан суроолорун сурабаса, чоң атасынын жанынан чыкпай жүрчү.
-Демек балаңыздагы "элим" деген сезимдин угутун чоң атасы сепкен турбайбы?
-Айланайын, кайсынысын айтайын?.. Тун уулум Рысбек өзүнөн эки жаш кичүү иниси Тынычтан айырмаланып, ашыкча сүйлөбөгөн бала болчу. Эгер бир ишти колго алса, аны бүткөрмөйүн жаны тынчу эмес. Ошондо эле беттегенин бербеген өжөр мүнөз күтүп, токтолуп калган жигиттердей оюн кыска, бирок так билдирчү. Анан ашыкча боорукерин айт. Апасы Чолпон-Атадагы балдардын республикалык тубсанаторийинде 30 жылдан ашуун иштеп пенсияга чыкты. Союз учурунда санаторийге өлкөнүн булуң-бурчунан кургак учук менен ооруган балдар, кыздар дарыланып кетише турган. Жетим балдар үйүнөн да келген сыркоолор болор эле. Бир сапар апасы менен жумушуна барган Рысбек эртеси бир баштыкка кийимдерин салып, "апа, менин кийимдеримди жетим балдардын кийими жогуна берип коюңузчу" деп босогодо турат. Арасында жаңы кийимдери бар. Аптыгып да алыптыр. Апасы көзүнө айлана түшкөн жашты байкатпай, макул боло баштыкты колго алса, сүйүнгөнүнөн эшикке чуркап чыгып кетти. Мурду барбайып билдирип жатса, каракүчкө кубанычын билдирбейт. Ичиндегисин тышына чыгарбай. Көктүгү ашкере эле Рысбектин, өзү теңдүү балдар таттуу уйкунун кучагында жатканда, ал таң эрте туруп алып чуркачу.
-Бала кезинен спортко жакын өстү деңизчи?
-Ооба. Мен агездери авто колоннанын жетекчисимин. Ананьево айылында универмагда спорттук товарлар сатылчу. Рысбек бир күнү штанга, гиря дегендерди сатып бериңиз деп калды. Бир сапар экөөбүз универмагга киргенде да көрсөтүп жатканын эстедим. Колуна 78 рубль карматып, айдоочум экөөнү жөнөтсөм, ал жигит "ГАИ турат" деп универмагдан алыс токтоптур. Баягы оор темирлердин баарын Рысбек өзү жүктөптүр. Аны элден угуп, айдоочумду "сен кандай немесиң?! Жаш бала белин оорутуп алса эмне болот?" деп урушуп жатсам, балам "шеф, буларды ушинтип көтөргөнгө сатып алдым да" дейт камырабай. Анан ошол штангаларынын башына хомут койдуруп, темир тирөөчтөрдү жасатып бердим.
-Окууну кандай окуду?
-Чолпон-Атадагы Киров мектебин бүтүрдү. Бир дагы жаман сөз ээрчитпей. Жүргөнү мектеп - үй, анан спорт болчу. Тынычбек экөө мына ушул үйдүн жер төлөсүндө машыккандан кийин (балдарын эстеп аксакалдын көзүнө бир сыйра жаш тегеренди - автор) мектептеги спорт залга жөнөйт.
-Рысбек байкени чыгыш өнөрүн мыкты билген кытай абышкасы машыктырган дешет.
-Анысы чын. Кайсы бир жылдары Көлгө кытайларга түспөлдөшүп кеткен, жашы элүүлөргө чамалаган Володя деген киши эс алганы келди. А киши алгач чолпонаталык балдарды машыктырып, арасынан Рысбекти тандап алып жеке машыктырыптыр.
-Университетке келгенде, 1-курста окуп атып 5-курсту кармаган балдарды сабап койгон дешет. Чогуу окуган группалаштарына болушуп?
-Андай болсо болгондур. Рысбек чындык, алсыздарды алдуу кордогон жерде четте карап турчу эмес. Андайда шарт эле качырып кирип, чоңсунгандардын акесин окутуп койчу. 2-курста окуп жүргөн кези. Апасы экөөбүз эт, боорсок алып Рысбек жаткан жатаканага барсак, балам машыгуусуна кетиптир. Ал жерге издеп барып, Рысбек менен кайра чогуу келсек, баягы чогуу жаткан балдары ага эчнерсе калтырбай, баарын жеп салышыптыр. Биз "балабыз жебей калды" деп чыйпылыктап атсак, тигинибиз "оо, балдардын курсагын чоң тойгузган турбайсыңарбы" деп кудуңдап жүрөт. Биз балабызды ойлосок, ал элди ойлоп жүрөт, таңгөрү. Баламдын кенендигин, калыстыгын айт. Өзгөчө бир жаралган бала эле да.
-Аскер кызматын кайсыл жакта өтөдү эле?
-Кайсы шаары экени эсимден чыгып кетиптир. Бирок Германияда, аба куралдуу күчтөрүндө десант болуп милдетин өтөп келди.
-Ал жерде да кызыктуу окуяларга туш болсо керек...
-Туш болбой анан. Уулум кыргыз дегенде өлүп бергенден кайра тартчу эмес. Рысбек түшкөн дивизияны кармаган кавказдыктар кыргыздарды кордошчу го. Рысбек аларга болушуп, кавказдыктарды катуу сабаса, командири келип баламды гаупвахтага кийирүүнү буюрат. Жини келген балам командирин кошо сабап, бир топ убакытка дейре гаупвахтада жатыптыр. Анткен менен кызматын жакшы өтөдү. Аскердеги өзгөчө тапшырмаларды эң мыкты аткарганы үчүн эки жолу отпуск алып келип кетти. Улук сержант наамы менен кайтып келген.
-Ушуга чейин көпчүлүк "Рысбек депутаттыкка барбай койсо тирүү калмак беле?" деп келишет. Айрыкча "эгер мен депутат болуп келсем, Кыргызстандын 2 млрд. доллар карызын арам жол менен байыгандарга төлөтөм" деген сөзү өмүрүнө чекит койду окшойт?
-Ээ, Семетей балам, кайсы бирин айтайын? Рысбек өзү депутатттыкты анчейин деле эңсеген эмес. Убагында бей-бечералардын, кыргыздын таламын талашып, өз чөнтөгүнөн мечиттерди, Олуя Ата, Эр Табылды баатырдын күмбөздөрүн салдырып жүрүп кадыры элге катуу сиңген экен. №69 округдун эли "иниңдин аткарбай калганын аткарып бер, сенден үмүттөнөбүз" деп суранып туруп алышканынан аттанган да. Анүстүнө инисин жанындай жакшы көрүп, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү бизге билгизбеген агалык мээрими менен катуу боор тартып турчу. Элден айланса болот, Рысбекти 1-турда эле 83% менен шайлап беришти. Ал үчүн элиме абдан ыраазымын. Баламдын көзү өтсө дагы, азыркыга чейин куран окутуп кетишет. Ошентип уулум депутаттыкка өткөнү менен, мандатын бербей оюн кылышты. Балам ачуусу менен ичиндегисин айтып салганда, жогору жактан буйрук түшүптүр. Ошондо УККда иштегендердин бири "Кыргызстандан кетип калчы, балам. Сени жоготууга буйрук түштү" десе, "мени шайлаган элди таштап кайда барам" деп болбой коюптур. Тынычбекте да айтканынан кайтпаган мүнөз бар болчу. Ал дагы жаман ою жок, кургак учук менен ооруп, жаман шартта жашаган түрмөдөгүлөрдүн абалын билейин деп барса, жогору жактагылар өлүмүн уюштурушту. Полотовго "Тынычты түрмөгө киргизсең 50 000 доллар беребиз" деп көндүрүшүптүр. Кудайдын деле көзү түз да, 8 күндөн кийин ошол окуядан чала жарадар болгон Полотов табышмактуу өлүм тапты.
2006-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңеш төрагасы Марат Султанов Тынычбекке иш үстүндө курман болду деп "Эрдик" медалын ыйгарыптыр. Эмдигиче ошонусун беришпейт.
-Эки уулуңуздан канча туяк калды жана алар учурда кантип жан сактап атышат?
- Эки уулумдан 14 неберем жетим калды. Рысбектен калган "Алманбет" асыл тукум чарбасы жана Тынычбектен калган мал чарба, 3 гектар жер бар. Ошого бир нерсе айдаттырам, түшүмүн алам. Эки чарбада 14 үйбүлө эмгектенет. 14 небереге кошуп ушул 14 үйбүлөгө айлык төлөп багып атам. Кризис-мризисине карабай. Алардан ашканын колунда жок, жетим балдарга каралашып келем. Балдарымдын күлүктөрү былтыр Казакстандан 2 машине, быйыл бир машине, акчалай сыйлык утуп алышты. Аны менен кыргыздын намысы, зоболосу көтөрүлүп жатпайбы. Турмуш жагынан Алла Таалага ыраазымын. Союз учурунда да жетиштүү болгон, азыр да ырыскысын берип атат.
-Баса, былтыр ММКларда "Рысбектин 41 млн. доллар акчасы, алтын бриллианты бар экен. Ал байлыкты бийлиги да, криминалы деп издеп, Эр Табылдынын күмбөзүнө чейин карап чыгышыптыр" деген маалымат чыгып кетти. Ушул маалыматтын чындыгы барбы?
-Кудайдан, арбактан коркпогондордун айтары, кылары ушул экен. Ошол гезиттер мындай жалган маалыматтарды эки жолу жазышты. Эгер андай байлык калган болсо, болгон шартты, дайыма уйдун сүтүн ичип, таза малдын этине тое тамактана турган жетим балдар үчүн чоң интернат салып коет элем. Рысбек элим-жерим деп жүрүп, болгонун элге жумшачу. Каза болордун астында Орто-Токойдо мечит салдырып жаткан. Адатынча акча сурап келгенинен "ой балам, мечиттерди сенден башка киши салдырбайбы?" десем, "бир кишиге бир эле көйнөк жетет" деп таарына сүйлөдү. Колдогу тыйынымды бергиче шаштым. Кимдир-бирөөлөргө жакшылык кылып келсе, маңдайы жаркырап кирчү эле. Же кылгандарын айтпайт. Акыры биз элден угабыз. Ушундай бир кенен, берешен эле, чиркин. Бишкекте Орто Азия боюнча эң кооз, эң чоң мечит салдырам деп жүрүп тилегине жетпей кете берди, кулунум. Анан ошол Орто-Токойдо эң акыркы салдырган мечитинин ачылышына чакырышты. Кур кол барбай, алчусун алып бардык. "Рысбек баатыр атындагы мечит" деп татынакай жазып коюшуптур. Ортотокойлуктарга абдан ыраазы болдук.
-Рысбек байке өлгөндөн кийин укук коргоо органдары көптөгөн чуулгандуу кылмыштарды ага "списать" этип келатышат. Айрымдар Баяман Эркинбаевдин өлүмүн да шылтап ийишти. Экөөнүн мамилеси кандай эле?
-2005-жылы Рысбектин тун уулу кайтыш болгондо, Баяман ушул үйгө келди. Узун бойлуу, кең далылуу жигит экен. Биринчи сапар бет маңдай көрүшүм. Рысбек экөө эки сааттан ашык чер жазыша сүйлөшүштү. Баяман мурдуна бирдеме чаптап алыптыр. Баягы Баяманга биринчи сапар кол салууда ок мурдун тепчип өтүптүр деп жүрүшпөдү беле. Сыягы ошондо го. Эт бышып, куран окулуп, бата тартылгандан кийин Баяман Бишкекке жөнөп кетти. Кайран жигит жөнөп кеткен соң, Рысбек "Баяман жакшы жигит. Ошту ушул бала гана кармап турат. Көл менен Ош дебей, Түндүк менен Түштүктү бириктирели" деп кетти. Мурда эле кезигишип жүргөнбүз. Бирок бул демилгесине абдан ыраазы болдум" деп айткан эле. Бу эки жигитке депутаттык мандаттын кереги жок болчу. Алар мандатсыз эле элин багып ала турган балдар болчу.
Маектешкен
Семетей ТАЛАС уулу