Учурмаек

Бакыт Бешимов, ЖК депутаты, СДПК фракциясы:
"Бийликтин максаты - БЭКтин саясатын бузуу"
-Бакыт мырза, "Ак Шумкар" партиясынан Темир Сариев президенттикти көздөй жалгыз "учпадыбы". Мурда БЭКтин мүчөсү болгон Сариевдин, ажолукка өзүнчө аттанышын айрым аналитикмин дегендер "оппозиция алсырады, анткени, шайлоодо Түндүктүн добушу бөлүндү болот" деп жатышат. БЭК дагы чечим кабыл алып, Темикени катарынан чыгарып салды. Ушул жагдайга сиздин пикириңиз?
-Биринчиден, Бириккен элдик кыймыл тээ башында эле бирдиктүү команда, бир талапкер менен шайлоого чыгабыз деп макулдашканбыз. Эми, кырдаалга жараша тактикалык жүрүштөр, жылыштар болууда. Албетте, биз саясый бирикме катары Сариевдин так жообун бир айдан ашык күттүк. 6-май күнү саясый бирикменин жыйынына Темир атайын чакырылды. Бирок, ал келбеди. Анан албетте, БЭК Сариев боюнча чечимин чыгарып, позициясын билдирди. Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот?
Биринчи иретте, айрым аналитиктердин Түндүктө добуш бөлүнөт деген ойлоруна кошулбайм. Анткени, азыркы учурда жалпы шайлоочуларыбыз акырындык менен бир нерсени сезип, туура кабылдап жатат. Ал кандай нерсе?
Биз "Бакиев жеңеби же Атамбаевби?" деген жөнөкөй маселенин алдында турган жокпуз. Биз тарыхый тандоонун алдында турабыз. Бул тандоо же кыргыз элинин жолун жаркын келечекке ачып берет, же ачкөз, алдым-жуттум, караңгы, артта калган бийликтин басымынынын алдында калып калабыз. Муну бүткүл Кыргызстан түшүнүп турат. Эгерде объективдүү иликтөөлөргө көңүл бурсак, Кыргызстанда 10 мыкты саясатчы болсо, анын ичинде жалпы улуттук деңгээлде иш алып бара турган, республика боюнча кадыр-баркка эгедер, жалпы улутка эмгеги сиңип, эл аны кабыл ала турган ошол 10 саясатчынын ашып кетсе беши ушул критерийлерге ээ. Ошондуктан, мен ойлойм, Темир Сариевдин келечеги алдыда. Бүгүнкү күндө Темирдин биз менен бирдиктүү командада иштегени туура болмок. Бирок, Темир Сариев шайлоого чыкса, анда анын кадамы Акүйдүн проектисине иштейт.
Мен Сариевдин өзүнчө кеткенинен өтө эле коркунучтуу жыйынтык чыгарбайт элем. Биздин күчүбүз эки нерседен турат. Биринчиси - элдин колдоосу. Азыркы тапта коррупцияга малынган, дүйнөлүк кризиске чейин эле өкүм сүргөн оор экономикалык абалды жөндөй албаган бийликтен кутулалы деген эл өзүнүн ишенимин оппозицияга артып жатат. Башка күч жок. Үчүнчү күчтөрдү, төртүнчү күчтөрдү айтып жүрүшөт. Керек болсо президенттикке аттанган башкы талапкерлерде дагы мындай күч жок.
-Бирок Темир Сариев сиздерди теңсинбей, "Менин башкы атаандашым - Курманбек Салиевич" деп жатпайбы?
-Сөздү бөлбөй турсаңыз. Эгер кырдаалды реалдуу бааласак, учурда шайлоодо эл менен бириккен оппозиция, же оппозиция менен бириккен эл жеңет, же болбосо бийлик жеңип, калкты кайра чыккыс аңга тыгат деген маселе негизги тарыхый маселе болуп турат.
Ошондуктан, экинчи күчүбүз - уюштуруу маселеси. Бул жагынан да даярдыгыбыз жакшы эле. Буюрса, анын үзүрүн көрөбүз деп толук ишенем. Ал эми Бакиевдин, Сариевдин жана башкалардын артында кысталыш учурда өзүнүн позициясын сатпаган, принципиалдуу, элдик репутациясы, калдайган калың электораты бар лидерлердин бириккен командасы жок.
-Акүй шайлоого мурдатан эле камданып, анысын этап-этап менен ишке ашырууда. Мисалы, майрам күндөрү министр, чиновниктерге тууган-туушкан, жерге-жээгинин тизмесин колуна карматып туруп, бүгүнкү бийликтин чайын ичиргенге жөнөтүшүптүр. Албетте, "Бакиевди колдогула" деген буйрук-өтүнүч менен.
-Туура, ыплас шайлоону көздөгөн бийлик жеңиш үчүн болгон ыкманы, анын адал-арамына карабастан, колдонууга даяр. Андан сырткары, Кыргызстанда "Ким президенттикке татыктуу? Кимге добуш берет элеңиз?" деген саясый рейтинг өткөрбөгөн бир да интернет сайт калбады го. Эми ошол иликтөөлөргө таянсак, азыркы президент өтө төмөнкү орунда турат. Аны колдогондор абдан аз. Бирок "үйбүлө" бардыгынан кабардар болуп туруп, өз билгенин жасап жатат.
-"Үйбүлө" өзүнүн билген намазын окуп атат дейсизби? Элдин добушунун уурдалышына оңдоп-түзөөлөр киргизилген шайлоо кодекси жана бир жактуу шайлоо системасы да кошул-ташыл болуп атпайбы?
-Биз дагы БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийге "Таза шайлоо өткөрөбүз" деген сөзүңүзгө кандай кепилдик бере аласыз" деген маселени койгону жатабыз. Эгерде өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкпаса, ар кандай мыйзам бузууларга жол берилип, ага күнөөлүүлөр жоопко тартылбаса, болгон административдик күч колдонулганы жатса, булар кайсы кепилдикти бергени жатышат? Андан тышкары, биз элди таза шайлоого чакырабыз. Эл өз эркиндигин, жөнөкөй шайлоо добушун эмес, өзүнүн кадыр-баркын тебелетпейт деген үмүттөбүз. Шайлоочулар бүгүнкү "үйбүлө" режиминен кутулуп, жакынкы 5-10 жылдыкта жетишкен, жакшы жашоодо жашаш үчүн 365 күндүн бир күнүн эртеңкиси үчүн добуш берүүгө арнап коюунун кандай кыйынчылыгы бар? Оппозицияны колдоп. Эгер андай болсо оппозиция ар бир адамдын добушун коргоп берүүгө даяр. Тилекке каршы, кыргыз элинин ичинде "биз бийликке да, оппозицияга да ишенбейбиз. Шайлоодо баардык талапкерди чиебиз" деген катмар бар. Мына ушул сындуу кайдыгер мамиле Кыргызстандын тагдырын бууп келатат. Андыктан, урматтуу мекендештер өз келечеги үчүн жалпылап шайлоого катышып беришсе. Сөздүн ачыгы, оппозициядан да көп ката кетти. Алдагандар, саткандар болду. Бирок Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай, сатылбаган тазалары бар да. Ошондуктан, үнгө үн, аракетке аракет кошуп, келечекке чогуу аттаналы.
Ал эми министр, чиновник өңдүү бийлик адамдары, күч органдарынын кызматкерлери "бүгүн Бакиев күчүндө, а оппозиция алсыз" деп ойлоп, колундагы токочу, креслосу үчүн жанталашып жүргөндөргө "мейли, бул бийлик дагы өтөт. Ушундай бийлик менен иштей бергенге акылыңар, жүрөгүңөр кантип чыдап атат? Акыры абийир соту деген сезим ар бирибизде болушу керек эле го?" деген суроону бергим келет. Апаларыбыз бизди Кыргызстанды каалагандай калчап, бийлеген бир "үйбүлөнүн" хандык бийлигине жана ханзадаларына кызмат кыл деп төрөдү беле? Ата-энебиз бешик той, тушоо кесүү тойлорунда "элиңе кызмат кыл" деп тилешчү, туурабы? Бирок баары бир Кыргызстанда адилеттүүлүк, чындык жеңет. Кыргыз ушул баалуулуктарга өзгөчө басым жасагандыктан, кылымдардан бери улуу эл катары жоголбой келет. Адилеттүүлүк, чындык орногон күнү эртеңкисине кошкөңүл мамиле кылгандар, колундагы токочу үчүн бийликтин камчысын аянбай чапкандар эл алдында эмне деп жооп беришет?
Ошон үчүн 23-июль күнү жана бир кайталайын, талапкер үчүн эмес, эртеңки күнүбүз, жакынкы 10 жылдыктагы келечегибиз үчүн добуш беришибиз зарыл. Биз адам эмес, заманды тандайлы деп жатабыз.
-Көпчүлүк эл "Алигүнчө жыйынтыгы чыгалек парламенттик шайлоону көрдүк. Мыйзам жана мыйзам бузуулар бийликке гана иштейт экен. Шайлоо кодексине олуттуу өзгөрүү кирмейинче, мөөнөтсүз митинг жарыялап, Бакиевсиз шайлоого барышыбыз керек" деп жатат.
-Ырас, парламенттик шайлоо массалык түрдө алдамай, добуш уурдамай жолдор менен өттү. Ушундай махинация, фальсификация экинчи ирет кайталанбасын деген ниетте былтыр СДПК фракциясы шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштаганбыз. Бирок, "Акжолчулар" көпчүлүк болуп, сунушубузду четке кагышты. Бир туруп "оппозиция менен диалогго баруу керек, акылдуу бийликтин балансы болуш керек" демиш эткени менен, иш жүзүндө аны жасашпайт. Жасагылары да келбейт. Телеге чыгып бир маска менен айтышат. Кылгандары теңирден тескери. Күчтүү бийлик деген чындыктан коркпой бетке айткан, айтылган сынды туура кабыл алган, элдин добуш берүү укугун тебелеп-тепсебеген, таза, адилет шайлоо өткөргөн бийлик болуп эсептелинет. Тилекке каршы, бүгүнкү режим чириген, баткакка малынган бийлик болуп жатат. Бул эки жүздүү бийлик кыргызды курутат. Кыргыз чындыкты түз кабыл алган эл. Эгерде эл ошол күндөрү көз боемочулукка, ыплас шайлоого каршы көтөрүлсө, анда биз Бакиевсиз шайлоо өткөрүүгө шарт түзүшүбүз керек. Көтөрүлүш деген өз добушу үчүн тикесинен тик туруу деп билем. Булардан кутулмайынча келечегибиз жок.
-Быйыл жаз келгенден бери жаан жылдык нормасынан аша жаап жатат. Бирок, бийликтин айтымында, Токтогул ГЭСиндеги суу былтыркыга салыштырмалуу төмөн имиш. А былтыр ушу маалда кургакчылык эле. Ушундай каратып туруп элди алдоонун чеги болбойт көрүнөт?
-Токтогул ГЭСи боюнча терең билген академик, окумуштуулар "суунун аздыгы менен энергетикалык жана табигый кризистин эч байланышы жок. Болгон себеби Токтогул ГЭСиндеги коррупция" деп жазып чыгышпадыбы. Токтогул ГЭСиндеги коррупцияны текшермекке депутаттык комиссия түзөлү десем, "акжолчулар" колдошподу. Ал боюнча 2006-жылы даярдалган атайы справка түзүлгөн, аны да тараттым, бирок көңүл бөлүшпөдү. Ушундан улам ал жерде чоң масштабдагы коррупция жатканын баамдасак болот. Энергетикалык кризис - бул Бакиевдин кыргыз элине берген "белеги".
-Дүйнө жүзүндө мунай баасы түшкөнү менен бизде жол кире арзандабады. Азык-түлүктүн баасы күн санап кымбаттоодо. Ал эмне себептен кымбаттап, ортодо кызыл кулактар элдин эсебинен байып жатканын тескеген өкмөт жок. Булардын элдин жашоосу менен иши болобу деги?
-Азыркы учурда өкмөттүн ишине баам салсак, кризистен чыгуу боюнча айрым аракеттерди көргөндөй болот. Аны моюнга алыш керек. Бирок, бийликтин системасы өзгөчө түзүлгөн. Ал жерде чечимди "үйбүлө" кабыл алат. Калгандары алардын аткаруучулары гана.
Мисалы, премьер-министрди өлкөдө экинин бири деп келебиз. Иш жүзүндө анын бийлиги айрым министрдикинен да төмөн.
-Мурда "шеф-повар" болуп жүргөн эле киши турбайбы...
-И-ии. Жалпы өкмөттүн ишин караңыз. Азыркы каржы министрибиз "Былтыркы бюджетибиз туура эмес түзүлгөн. Дефициттин булактарын жабуу жолдору көрсөтүлбөгөн" деп "тарс" жарылды. А бир жылдык бюджетти ыйкы-тыйкы кылган адам соцфондду башкарып отурат. Мындай мисалдар толтура.
-Негизинен ушул өкмөт акыркы жылда кандай реалдуу иш жасады?
-Жоопкерчилиги жок, коррупцияга каршы күрөшө албады. Баардыгы жасалма. Кыргызстанда тартип болуш үчүн тең салмактуу бийлик бутактары түзүлүшү керек. Мына, "акжолчулар" көпчүлүк болуп, калганыбызды укпайт. Маселен, "Кумтөр" боюнча келишимди алалы. Аны менен Кыргызстан жеңишке жетти деп мактанышууда. А бирок 10 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз элин алдаган, жогорку бийликти коррупцияга малган компания "эмне үчүн опоңой эле өзүнүн үлүшүн Кыргыз өкмөтүнө берип жатат?" деген жөпжөнөкөй суроону берсек, жакшы жооп болбой жатат. "Бекер быштак капканда гана болот" демекчи, ар бир центине чейин күрөшкөн бул компания жөн жерден мындай алешем айкөлдүккө барган жок. Бул али бети ачыла элек криминалдуу окуя. Кыргыз алтыны кыргызга гана иштеши керек. Ошол келишимге кыргыз өкмөтүнүн атынан катышкан жетекчилердин бири А.Елисеев - ошол эле учурда "Азия универсал банкынын" жетекчилеринин бири жана БШКнын мүчөсү.
Мындан тышкары, "Азия Универсал Банк" аркылуу президенттик кампаниянын каржылык саясаты өткөрүлүп жатпайбы. Мен сизге эки эле мисал келтирдим. Мындай мисалдарды сансыз келтирсе болот. Алардын дээрлик бардыгын Башкы прокуратурага, УКМК жана башка тиешелүү инстанцияларга жөнөтүп келем. Бирок жооп келбейт. Анткени, бүгүнкү бийлик коррупцияга кокосунан кирип кеткен. Ошондуктан, бир гана жол - бул бийликтен кутулушубуз керек.
Семетей ТАЛАС уулу