Үчүнчү коңгуроо

Бакирдин Алиев, КРнын эл артисти:
"Көзүм көрбөй, дүйнөм турат тунарып"
Кыргыз Республикасынын сахна чебери Бакирдин Алиев агабыз менен Кеңеш Курманалиева эжебиз өмүр бою жетелешип, өнөр жолдо бирге келет. Дегеним, 1957-жылы андагы Жалал-Абад драма театрында чыгармачылыктын алгачкы жолдорунда баш кошушкан. "Бирге жүрүп, бирге өмүр сүрөлү" деп. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөздүн төркүнүн четке кагып. Өнөр кошкон адамдар театр болбосун, же кинодо болушпасын, чыгармачыл дараметтерин кыргыздын улуу маданияты үчүн жеке жашоолорунан артык көрүшүп. Сабалаган күндөрдү, саргайган тарых барактарын бирге эстеп, бири-бирин толуктап отурушту.

Олимпиадада жеңген костюм-шым
Суусамыр жайлоосунда чоңойдум. Атам комуз күүлөрүн шартылдата чертчү. Мен да аз-маз үйрөнүп, обон салып ырдай коймоюм бар. Мектепте ийримге кирип калдым. Кароо болот экен деп катуу даярдандык. Айылда Жаңыл деген кыз менен Ж.Шералиевдин "Сулуу кыз" аттуу ырын райондук, андан соң Фрунзедеги чоң олимпиадада чогуу аткардык. Номер сонун болуптур. Уюштуруучулары сыйлыкка бир костюм-шым беришти. "Кызыл Кыргызстан" гезитине Жаңыл экөөбүздүн сүрөтүбүз чыгып, айыл ичи "дуу" эле дей түштү.
Мени Атайга салыштырып
Фрунзеге мага окшоп Талас жергесинен дагы бир жигит келген экен. Кошулуп алып шаар аралап маданият министрлигин издеп жүрөбүз. Көрүнгөндөн сурайбыз. Алар жөндүүлөп айтып беришпейт. Эптеп атып таптык. Ал кездеги маданият министри Касымалы Бектенов агай экен. Кийгени ак китель, көрктүү көрүндү. "Сенин эмне өнөрүң бар?" деди эле, комузду күүлөп, "Гүлдү" ырдап жибердим. "Ой, сен Атай болуп кетипсиң. Талант бар экен. Кечиксең да Ташкенттеги театралдык институтка кошумча тизме менен жиберейин. Суточный, жол-кире тыйын-тыпырды биз беребиз. Бүгүндөн калбай кечки поезд менен жөнө" деди. Отуз сом акчасын колго карматып, бир жигитке "поездге салып ий" деп табыштады.
Орус тилинен кулап
Ташкенге Н.Островский атындагы театралдык институтка келип түштүм. А жерде мен тааныган жоон топ кыргыздар жүрөт. Экинчи поток менен экзамен тапшыра баштадым. Алгач "спец" деп этюд көрсөтүш керек экен. Анысы - бирдемени тил-ооз жок өзүндөй туурап көрсөтүү. Мен суусамырдык болгондон кийин, балык кармап бергенди туурадым. Кайырмактагы балыкты суудан тартымыш этип, таптакыр чалкаман кетипмин. Комиссиядагылар мени көрүп, баары күлүп калышты. Экинчи экзамен орус тилинен экен. Андан "кулап" калдым.
Исхак Раззаковдун атын угуп
Өтпөй калдым, ыйладым... Окуу жайдын эшигинин алдында көздү жашылдантып, санаага терең чөмүлүп, "эл-журтка эмне дейм, өтпөй калдым деп шанаңдап кирип барамбы?" деп отурсам, Фатахов деген режиссер мага келип, "эмне ыйлап атасың?" деп сурады. Мен жөн-жайды түшүндүргөн соң, жетекчиликке алып барды. Валиев анда директор экен. Улуту татар болгону менен, мага боор ооругансып, "биздин окуу жайда бойлору суналган, келбети келишимдүү балдар окуйт. Актер - командирдин, баатырдын, дагы толуп аткан ролдорду ойнош керек. Таланттуу болуу зарыл. Сенин болсо боюң кичине экен" - деп туруп Раззаковду билесиңби?" деп сурады. "Билем, билем, он наш первый секретарь" деп жанталаштым. "Болуптур, жарым курс окуп көр. Мүмкүн үйрөнүп, өздөштүрүп кетерсиң" дегенде, ыйым токтоп, өңүмө кызыл жүгүрүп, сүйүнгөнүмөн " у меня талант много" деп ийдим. Тигилер күлүп калышты.
Таш бака башка тийгенде
Толук кандуу студент болуш үчүн жарым жылдык семестрден мүдүрүлбөй өтүш керек. Муну бөркүмдөй көрүп, тырышып окудум. Кадимки билет боюнча жооп берип жатабыз. "Ыскылдын өлүмү" деген суроону эч ким билбей, эжебиз "кана ким жооп берет" деди. Мен доскага шымаланып чыгып, көрсөтө баштадым. Чала үйрөнгөн орус тилинде булдуруктап. Жаңсап "знаешь, Ыскыл сидел, на камне вот так" деп столго чыга отуруп, "Бүркүт, бүркүт знаешь да. Летал, летал далеко. Рука была ташбака, черепаха. Коворял, коворял, а потом опустил ташбака. Черепаха упала на голову, башына "так", а Ыскыл лысый голова, вот так упал" - деп өзүм да столдон ченебегендей кулап кетиптирмин. Күбүнүп, силкинип "вот Ыскыл умер, өлдү" десем, көзүнөн жаш чыкканча күлүп, зачеткама "5" деген бааны кызыл калем менен бажырайта коюп берди.
Жүрөккө чок салып
Ташкенттеги окуу жайды ийгиликтүү бүтүп, Фрунзеге кайтып келдим. Маданият министри Жалал-Абадга жиберди. 1955-жылдан 1963-жылга чейин ал жерде эмгектендим. Кеңеш эжеңерди ошол жерден жолуктурдум. А. Афанасьевдин "Жаңы кубаныч" спектаклинде Кекиликтин ролун ойногом. Образын ачып берип, аны менен бирге эжеңердин жүрөгүнө чок салып коюптурмун. Назарым түшүп, кээ бир спектаклдерде чогуу ойноп, ынак болуп кеттик. Көп өтпөй үйлөнүп алдык. 1963-жылы Нарын областтык драма театрына которулдук. Ал жерде отуздан ашык жыл иштептирбиз.
"Уркуяда" там басып, күйөө балам мени сабап
Төлөмүш Океев "Уркуяны" тартып калды. Сонун актерлорду тааптыр. Бир жакшы эпизоду эске түшөт. Баткенде Сан-Сарай деген айылда тартылды. Устакананы макеттен курашыптыр. Аны мен билбептирмин. Ичинде узанып атабыз. Уста - Сүймөнкул Чокморов. Мен көөрүкчү. Образга берилип кетиптирмин. Эшикте басмачылар дабыр-дүбүр болуп келип калды. Көөрүктү таштай коюп, коркконуман бир жерге кире калайын деп там басып калса болобу. Океев кыйкырды "стоп" деп. Мени эптеп чыгарышты. Ооруксунуп калдым. "Каап, жакшы эле келаттык эле" деп Төлөмүш улутунду. Жанагы макетти кайра курап чыгышты. Ал ортодо күлкүлөрү тыйылбай. Жана басмачылардын бирөөнүн ролунда күйөө балам. Мени жашынган жерден сууруп чыгып, башка-көзгө чапкылап, көчүккө тепкен жерде сьемка жүрүп атса, Төлөмүш кыйкырып атат, "кайнагаңдан өчүңдү алып ал, катуурак теп, жакшылап чап, чынга окшобой атат. Дагы-дагы" деп көкүтүп. Аржагында Сүймөнкулдун башын отко кактап-кактап, бочкедеги сууга тумчуктуруп, матырып-матырып алышат. Сүймөнкул да кыйын экен чыдап.
Кыйын эле болду
Андан бери көп эле киного тартылдым. Акыркы кином "Взять Тарантино" болду. Ушундан кийин көз көрбөй калбадыбы. Көздөн айрылгандан кийин дүйнөнүн кызыгы солгундап калат экен. Жетектемин. Тияк-биякка көп чыкпайсың. Ээрчитме адамга кыйын болот тура. Быйыл төрт жылдын жүзү кетти.

Кеңеш Курманалиева,
КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Топурагыңды түйсөң, түйүп бер"
Согуш жылдары чоңойдум. Болгону жетинчи классты бүттүм. "Теңдешим" аттуу ыр менен Фрунзеге чейин келип, элге таанылып кеттим. Бир күнү Жалал-Абаддын театрынан киши келип, "бизге таланттуу кыздар керек" деп чогуу ырдап жүргөн эки кызды алып кетти. Мени апам жибербей койду. "Эмне цыган белең, эгер кете турган болсоң, бир ууч топурагымды түйүп берем" деп коркутту. Мен да кыйын экенмин, эки айдан кийин "топурагыңды түйсөң, түйүп бер. Анан эмне айылда саанчы же тамеки тизип, өмүр бою ушинтип каламбы" деп эки кыздын артынан Жалал-Абадга кетип калдым.
Бухгалтер кызын түртүп салып
1956-жыл. Мен барганда Бакирдин агаңар Ташкенттен окуусун бүтүп келгенине бир жыл болуп, ошол жерде экен. Камыр-жумур аралаша кеттик. Ролдорду ойноп. Өзгөчө "Жаңы кубанычта" Кекиликтин ролун катыра ачып, жергиликтүү эл Бакыны "Кекилик" деп калышты. Мен анда байке дечүмүн. Беш жаш улуу да. Анүстүнө сүйлөшкөн бухгалтер кызы бар. Бирок, менин ичимде жылуу сезим уялап алган. Он сегиз жаш, жалындуу курак кезим. Жанагы эсепчи кызын түртүп салып, мага келип "сөз" айтып калды. Бир жылча суйлөшүп жүрдүк.
Бир бөлмөлүү үйгө муктажбыз
Элүү жыл театрда эмгек кылдык. Анын ичинде Нарында иштеп жүргөндө Бакы он сегиз жыл театрдын парткому болду. Чынын айтайын, ушул кезге чейин алдыга жулунуп сөз айткан эмес элем. Кээде туруп намыстанам. Мейли, өкмөт мага заслуга бербей эле койсун. Жок дегенде көзү көрбөй калган Бакирдин Алиевге бир бөлмөлүү шарты менен үй берип коюшса болбойт беле? Бул арыздануу эмес. Биз ушуга муктажбыз. Азыркы турган үйдүн шарты болбой атат. Көзү көрбөгөн адамды жуунтуп, кийинтип, суукка үшүтпөй, ысыкка кактабай дегендей.
Сурат Жылкычиев