email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



 "Эшегине жараша тушагы"

Кызаңдаган Чудинов, жапаңдаган Жапаров
Мурда күнү өкмөттө министрлер кабинети экономикалык абал боюнча жыйын өткөрүштү. Ага чейин экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров дүйшөмбү күнү кол алдындагы жетекчилери менен 42 айдын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өткөрүп, ага премьер-министр И.Чудинов да катышты. Эки жыйындын жыйынтыгы тең Кыргызстандын экономикасы кургуйга түшүп бара жатканын далилдеп койду.

Дүйшөмбү күнү өз министрлигинде адатынча күпүлдөп, карапайым калк түшүнбөгөн оор экономикалык сөздөр менен космосту ала сүйлөп, Кыргызстандын реалдуу жашоосуна жакындагысы келбеген Жапаровдун докладына өкмөт башчы муюган жок. Айрым учурда кызаңдап, Акылбекке бир тийип атты. А.Жапаров болсо жапаңдап, колдон суурулган сунуш-жооптор менен кутулуп кеткеничи? Жыйын акырында өкмөт башчы дүйнөлүк кризис өлкөнү этектеп турганда ага каршы илимий негиздеги болжолдун жоктугун, дегеле экономикалык абалды тыкыр изилдегенге министрлик, илимий институттардын дарамети жетпей жаткандыгын айтып, агынан жарылып алды.
Эки күн өтпөй Жапаровдун министрлигинде талкууланган маселе министрлер кабинетинин жыйынында кайрадан козголду. Бир топ эсти оодарган нюанстар менен. Айталы, премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк каржы кризисинен өтүп кетиптир. Бирок, аны кайсы экономикалык прогноздорго таянып айтып жатканын Игорь Витальевичтен башкасына жашыруун сыр бойдон калды окшойт. Экономиканын абалын барометрдей көрсөткөн ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20% төмөндөп кеткен.

(Уландысы 3-бетте)