Эл оозунда

Байбачча Салим кимге ызырынды?
Буга чейин Жалал-Абадда жергиликтүү өзбектердин жогор жактан ыдык көрүп келгени айтыла калчу. Эми андай кептерди Акмат Бакиевге жабыштырышып, атургай айрым өзбек туугандардын кыйындары Өзбекстанга чейин арызданышып, "бизди президенттин үкасы эзип атат..." дешкен имиш. Арыздангандар түз эле Өзбекстандын Байбачча Салимине барышканы, ал Акмат Бакиевди чакыртканы (ызырынып), натыйжада Акмат мырзага коркунуч туула баштаганы айтылат. "Эл оозунда элек жок" дешет. Бирок чөптүн башы жөн жерден кыймылдачу эмес эле...

  Ой басып

Жигиттин эрдиги акылындабы?
Намыстанган Темир Сариев "Ак Шумкардын" жыйынын өткөрүп, президенттик күрөшкө чыгаарын билдирди. Анын өжөрлүгүн, көктүгүн билгендер "Темике да бийлик машинеси менен күрөшкөнгө жарайт" дешүүдө. Бирок, кечээ Чүйдүн аттуу-баштуу аксакалдары кеңешме курушуп, "БЭКтин мүчөлөрү жапатырмак Алмаз Атамбаевди ажолукка көтөрүп чыкса, мындайда оппозициянын, элдин жеңиши Алмаз мырзанын жеңиши менен бааланат да" деген ойго токтошту. Ошол эле ойго улай "эми Темир Сариев салтты, наркты, анан бүгүнкү оор саясый абалды ойлонсо, кичүүлүк кылып, инилик таризде Алмаз агасына жол бошотот" деп акыл терметкенге жарашты. Акыркы кезде Темикенин артынан "бийлик менен жашыруун долбоору бар..." деген кептер чыгууда. Айтор, жаза берсе сөз көп деңизчи. Мына ушундай ыргылжың, өйдө-ылдый интригалуу оюндардан Т.Сариев бийик туруп, келекчектүү түз кадамды бутадан кармашы ыктымал. Али кеч эмес. Андай түз кадам оппозициянын ынтымагын сактап, БЭКтин чечимине баш ийүү делинет. Көрө жаталы, кантсе да жигиттин акылы бар эмеспи...

  Сапар жол

Улуу державалар назары
Жакынкы күндөрү Алмаз Атамбаев саясый иш сапары менен Түркия, Орусияга барганы туру. Түз айтканда, мында эч кандай сыр деле жок. Ал жактагы үлкөн достору менен жолугушат, келечек саясый пландарга саресеп салып. Мындай улуу державалардын назары кыргыз оппозиция лидерине бурулганы жакшы жөрөлгө. Албетте, түшүнгөн адам үчүн.

  Май басмай

Бийликчил ММКлардын шадыраңдамайы
5-май күнү президенттик администрация Кыргызстандагы бийликчил ММКлардын анабашчыларын жыйнап, чай берди. Майрам күндү шытоолоп. Президент Курманбек Бакиев да катышты. Албетте, мындай чайлашууда ажону мактамай, май-көл, сүт-көл заманга баратабыз кыязында сөздөргө алдырган журналисттер да болуптур. Ал эми көчөдө, карапайым адамдардын чыныгы турмушунда абал оор да. Айтор, бийлик менен бийликчил ММКлардын шадыраңдамайына кеп жок. Көздүн майын кичине сүрсөк болбойбу, ыя?..

  Шыйпаңдамай

"Акжолчулар" Роза ханумду көрө алышпай
Өткөндө парламентте СПДКчы депутат Роза Отунбаева коллегаларынын бюджет эсебинен эсепсиз сыртка чыгып келүүлөрү жөнүндө маселе козгосо, ары жактан Эрик Арсалиев тура калып, "сыртка чыгуулар боюнча сиз чемпионсуз" деп опурулду. Анысын өкмөттүк телеканалдар үч күн көртөттү. Сенсация издегенсип. Биздин билишибизче, Роза айымды алыскы жана жакынкы мамлекеттер Кыргызстандагы бирден-бир күчтүү, эл аралык аброю бар саясатчы катары тааныйт. Ошого катар ар кандай уюмдар, дүйнөлүк саясатчылар ар кандай иш чараларга чакырып келишет. Маселен, жакында эле Нурсултан акенин кызы Дарига Назарбаева медиа-форумга атайын чакырды. Өткөн жылы Б.Обаманын партиясы океандын ары жагына чакырган. Андыктан көпчүлүгү "мурдуң кайсы десе, оозун көрсөткөн "акжолчулар" Роза ханумду көрө албай, чычалабай эле коюшса. Деңгээлдерин билип. Баса, Эрик балакай жылмаланып отуруп алып, башка бир күнү, башка бир жерден "Роза эже, кечирип коюңуз. Антпесем, мени "Акжолдон" "топить" этип жатат" деген таризде кечирим сураптыр. "Шыйпаңдагандай..."

  Тап-табышмак

Ч.Жакупова менен Т.Мамытовдун "махабаты"
Бейөкмөтчүлөр короосунда Чолпон Жакупова деген айым бар. Жакпай калсаң "алка жакадан алып", жакчу болсоң "жылуу сүйлөшкөнгө" жарап коет. Анан өзүн оппозициячыл маанайда карманганын кантесиз? Көптөн бери бул айымдын дымы чыкпай жүргөн, эми от алган кербези. Өткөндө Бишкек пресс-клубунда Алмаз Атамбаевди шыбаган макаласын чыгарыптыр. Суу кечпеген сөздөр менен. Андан кийин "Акшумкардын" жыйынында жүрөт. Анан бир карасаң, Акүйдүн "камчысы" Токон Мамытов менен жолугушуп, "жылуу" маанайда сүйлөшүп калат. Мындай "жойломо" жоруктарына саресеп салып отуруп, аргасыздан Акүйдүн заказын аткарып атабы (?) деп чоочулайсың. Кызыгы, Ч.Жакупова Акүй, "Акшумкар" менен жакшы да, анан БЭК көтөрүп чыккан Алмаз Атамбаевдин талапкерлигине ичи чыкпайт. Кыскасы, Чолпон айымдын оюну жакында сокур-дүлөйгө да түшүнүктүү болот го...

  Туй ата!

Туйгуналынын духу барбы, же...
Түй ата! Туйгуналы келди. Ушул күндөрү Түштүк Кореядагы Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси Бишкекте жүрү. Түз айтканда, оппозиция короосунда. Келечектеги саясый абалга Туйгуналы мырза саресеп салып, эртең кандай болуп кетерине башы маң. Эки анжы ойдо эзилип аткан кербези. Кореяга кетсемби, же оппозиция короосунда калсамбы (?) деп. Эгерде элчилик кызматын уланта берсе, анан эле кокус жаңы бийлик келип калса, анда Т.Абдраимовго жаңы кызмат эшиги жабык. "Эки тоонун чөбүн эңсеген теке ачка өлгөндөй" эле кеп болгону туру. Кыскасы, саясаттын туйгуну бүгүн эки жолдун бирин тандашы керек. Оппозицияга кошулганга духу жетээр бекен, же жылуу креслосунда асылып кала береби? Көрөлү да.

  Эй Бозик!

Бозуландын ачуусу "Учурга" эмес, Акмат Келдибековгобу?
Баш салыкчы Акмат Келдибеков менен олигарх Бозуландын эмне тиреши бар экенине кызыккан эмеспиз. Бирок, соңку маалыматтарга караганда, Бозулан мырза "Учур" гезитин А.Келдибековдуку деп болжоп, катуу ишенимге баткан дейт. Ошонун кесепетинен "Жаннат" менен "Учурдун" соттошуу процесси тереңдегени, "эрегиштен эр өлөт" дегенге чейин кыл чайнашмай күчөгөнүн угуп, таңгалып турубуз эй! Биринчиден, А.Келдибековдун "Учур" гезитине эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, буга чейин биздин Бозуланга эч кандай жамандыгыбыз, же душмандыгыбыз болгон эмес. Болгону "Жаннатка" карата эки ооз сөз кокусунан жазылып кеткен. Кийин "ак чөп башта" маанисинде да жазып бергенбиз. Ага болбой эле "жаннатчылар" райондор аралык соттун колу менен "Учурдун" мойнуна 3 млн. сом илди. Муну соттун адилетсиз чечими деп баалайбыз. Бирок, бул күрөштүн башы. Эгерде шаардык сотто "Учурга" карата дагы да бир жактуу ыплас чечим көрүлсө, анда маселе өтө эле кыйындайт. Эсептеше турган күчкө күч табылары да ажеп эмес.
Ал эми Бозулан мырзага "Монте-Карло", "Жаннат", "Алтын казына", "Мэри" сыяктуу бир топ оюн-зоок борборлору караштуу экени айтылат. Балким Акмат Келдибеков экөөнүн тиреши мына ушул жагынан чыгып жүрбөсүн?..

  Капчык заман

М.Акматбековдун
Ала-Тоодой эти...
Жакында ИИМ орун басары Манас Акматбеков 1812-жылы туулган, ошол кылымдын соңунда каза болгон бабасына эстелик койдуруп, болушунча үлкөндөрдү чакырды. "Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чык" болгонун көргөндөр тамшана айтып жүрүшөт. Андан да айбаттуу жоругу ушул, Бишкектен Таласка дейре сыйлуу конокторду МАИнин коштоосунда алпарганы. Атаңгөрү, капчыктууларга айла жок экен да. Биякта карапайым калктын басымдуу бөлүгү тишинин кирин соруп атса...