Шахнази Мусаева:
"Дүйнө чемпиону Гарри
Каспаровду утсам..."
Кыргызда "эр тайын тартат" деген кеп бар эмеспи. Бекеринен эместир. Сегиз жаштагы Шахназинин таята-таенеси шахматты катыра ойношот. Далай-далай "жоону" чаап. Бүгүнкү күндө устаттары да ушу адамдар. Бөпөлөшүп, ар бир оюнга, мелдешке салып. Өз курагындагы кичине балдар арасында сый-урматта. КРнын үч жолку чемпиону болуп үлгүрдү. Ушундан улам чемпион кызды кепке тарттым.

-Атыңды ким койгон, эмнени билдирет?
-Мен төрөлгөндө апам Шахнази болсун деген экен. Шах-падыша, нази-наздануу, назик сөз кошмолору дегендей. Назик падыша.
-Канчанчы класста окуп атасың?
- №70 мектепте, 2-класста окуп атам.
-Окууларыңды калтырган жоксуңбу?
-Мектепте эң алдыңкы окуучуларданмын. Жалаң "5ке" окуйм. Сүрөт сабагын жакшы көрөм. Сабактарды калтырбайм, баарына үлгүрөм.
-Шахмат оюну менен канча жылдан бери машыгып келатасың?
-Төрт жашта экенимде таята, таенемдин ойногонун көрүп аябай кызыгып, ошондон бери өздөштүрүп келатам.
-Бул оюн эмнеси менен жагат?
-Мага баарынан атаандашымды жеңип, шахмат тактада багындыруу жагат. Күтүлбөгөн жүрүштөрдү жасап. Маңдайда отургандын мээсин чагып.
-Үйдөгүлөрдөн башка устатың барбы?
-Даниил агайым. Көп нерселерди үйрөтөт. Партияларды талдайбыз. Тапшырма берет. Көнүгүүлөрдүн жолдорун көргөзүп, багытын айтат. Таалим-табиясы күчтүү.
-Атактуулардын кимисинин оюндары жагат?
-Чоң шахматчылардын ичинен Каспаровдун партиялары. Себеби, такта үстүндө күтүүсүз ойдо жок нерселерди кылып ийет.
-Сен дагы Каспаровдой болгуң келеби?
-Мен андан ашам. Ал азыр дүйнө чемпиону болбой калган. Аны чукулда утуп, "мыш" кылам.
-Үйдө бош болгондо эмне кыласың?
-Апама жардам берем. "Киреше" деген күчүгүм бар. Ошого үй курап, тамак ичирем. "Пепе" деген мышыгымды жуунтам, кургатам. Экөөбүз үйдү чачып ойнойбуз.
-Ырдаганды билесиңби?
-Киреше, Пепе досторума ырдап, бийлеп берем. Мен бийлегенге, ырдаганга да кызыгам. Бирок, муну үйдөгүлөр билбейт. Билбей эле коюшсун.
-Келечекте ким болгуң келет?
-Акылдуу, сулуу кыз болом.

Блиц анкета
o Жакшы көргөн адамдары - таята, таенеси
o Спорт даражасы - 1-разряд
o Оюндун кайсы түрүн өздөштүрүп келет - тотальный, же динамикалык (күчөтүлгөн)
o Каникулда кайда эс алат - Ысык-Көлдүн жээгинде
o Жакшы көргөн тамагы - тамакты тандап ичет
o Мелдеште кайсыл өлкөлөрдө болгон - Индия, Түркия ж.б.
o Эркелегенди - жакшы көрөт
o Утулуп калганда - эч кимге билгизбей ыйлайт
o Утуп алса - жайдары маанайда жүрөт.




  Футбол

Өлкөдө эркектер, өзгө жерде кыздар
Кыргызстандын биринчилигинин кезектеги оюндары ойнолду. Ошто жергиликтүү "Алай" курамы Бишкектин "Камбар-Атасын" кабыл алып, 4:1 эсебинде утту. Канттын "Абдыш-Атасы" борбор шаардын "Плазасын" хоккей эсебинде (8:0) жеңди. Өлкөнүн 5 жолку чемпиону "Дордой-Динамо" Сокулуктун "Ата-спорун" 6:1 эсебинде эсесин берди. Ал эми өзгө жерде кыргыз кыздар Азия кубогунун иргеп алуу оюндарынын чечүүчү мелдешинде Мальдив аралынын кыздары менен жашыл майданга чыгып, 2:0 эсебинде утуп, финалдык оюнга жолдомо алышты. Кезектеги таймаштар Вьетнам, Гонконг кыздары менен болмокчу. Булар "С" тайпасынын кыйындары. "А" тайпасында: Тайвань, Мьянма, Иордания. "В" тайпада: Таиланд, Иран, Өзбекстан.



  Бильярд

Кыргыз кыздар кайда?
Кыздар арасында өлкөнүн ачык биринчилиги өттү. Оюн "эркин пирамида" түрүнөн болуп, 40ка жакын кыздар катышты. Иргелип отуруп финалдык таймашка, аталган спорттун чебери Наталья Иванова менен Лариса Ким чыккан. Жыйынтыгында Наталья 5:2 эсебинде жеңишке жетип, чемпион аталды. Коло медалды Валерия Хегай жана Лариса Хан аттуу кыздар алышты. Жеңишке жеткендердин арасында кыргыз кыздар көрүнбөйт, же бул оюнга шыктууларынын деңгээли мындай таймаштарга бышып жетиле элекпи?

  Грек-рим

Азия биринчилигинде эки медаль
Кечээ Таиланд өлкөсүнүн Паттайе шаарында Азия чемпионаты аяктады. Күрөш курч мүнөздө өтүп, кыргыз балдардын ичинен Мурат Рамонов (120 кг.) коло медалды багындырды. Ал эми кыздардын ичинен Яна Панова балбаныбыз да коло медалды жеңип алды. Жалпы жонунан балбандарыбыздын даярдыктары жакшыле болгон экен. Бирок, чет калыстарынын айтыла жүргөн биздин атлеттерге болгон көз караштары өзгөрүлбөй, дале болсо упайларды "жеп" койгон тариздери байкалат.

  Таэквондо ITF

Нарындын намысын коргогон Нургүл
Кожомкул атындагы спорт ордосунда Эдуард Хегай жетектеген федерация өлкөнүн ачык биринчилигин өткөрдү. Республиканын булуң-бурчтарынан тышкары, кошуна мамлекеттерден (Казакстан, Өзбекстан) болуп, 340 атлет күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды: 52 кг. - Адилет Бейшенбаев, 58 кг. - Абдыкадыр Нарзуллаев, 63 кг. - Рустам Ахмеджанов, 70 кг. - Абдулазиз Усманов. Ал эми кыздардан 48 кг. - Нургүл Руслан кызы, 53 кг. - Вероника Цой, 60 кг. - Екатерина Волошина. Федерация башчысы жана таймашка кошуна өлкөлөрдөн келген коноктор, нарындык Нургүлдүн чеберчилигине ооздору "ачылып", абдан жогорку баасын беришти.















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!