Чоң казат

Дайыр Асанов, генерал-майор,
Советтер союзунун баатыры:
"Ажалга бетме-бет тургам..."
Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
Ал аталар жаңылашкан биз үчүн
Кала берди танк алдында тепселип.

1978-жыл. Жашым армияга жетип, андагы Фрунзе шаарынын Ленин райондук аскер комиссариатында медициналык кароодон өтүп аткам...
Мага "отсрочка" жарлыгы илинди. Бирок кыйратып ийчүдөй жулунам. Намысым баш жарат. Мен теңдүүлөрдүн асты жарым жыл армияга кызмат кылып коюшкан эле. Карап турамбы, жетекчиликке кайрылууга уруксат алдым. Кабинетине омуроолоп кирип барып, төшүндө алтын жылдызы бар полковник агайга кайрылып, "армияга жибербей атат" дедим. Аты-жөнүмдү, эмне үчүн (?) жарым жылга "отсрочка" экенин прапорщиктен тактады. Боюм эки сантиметр жетпегенин айтып бүткүчө "армияга алгыла, ылайыгы келген жерге жибергиле" деп ийдим. Көшөргөнүм көзүмдөн билиндиби, бираз тыныгуудан кийин, "Азаматсың! Мына сага окшогон көкүрөгүндө жалыны бар жигиттер, учурунда Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, фашисттердин катыгын берип, жеңишке жетишкенбиз. Товарищ прапорщик, надо оформить его документы и отправить в ряды вооруженных сил, выполнять!" деди. Сүйүнүчүм койнума батпайт...
Ошондогу мени армияга жиберген улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 21 жашында Советтер союзунун баатыры болгон Дайыр Асанов агайыбыз эле. Кечээ ал кишинин үйүнө барып, бир аз маектешип кайттым.
-Ал-ахвалыңыз кандай?
-Эки күн мурун Улуу согуштун 64 жылдык урматына даярданып атып, аз-маз үшүп калыптырмын. Үйдөгүлөр үстүмө үйрүлө, ысык тамак-аштарын берип, жылуулап атышат. Сексен жети жаш оңойбу? Анткен менен күүлүү-күчтүүмүн. Баскан турганым тың, Кудайга шүгүр.
-Биз курактуу жана улуу муундар, сиздин согуштагы эрдиктериңизди угуп, билип калдык. Бүгүнкү күндүн балдары үчүн жомок сыяктуу. Ошентсе да, 1943-жылы 23-марттагы "чоң казатты" өз оозуңуздан уксак дедик эле.
-Түндүк Донецкинин Чугуев районуна караштуу Пятницкий айылынын жанында таң эрте кандуу согуш башталды. Фашисттердин самолеттору бомбалады. Артынан бу жерге танкисттери менен автоматчандары келип калды. Алды үч жүз, арты беш жүз метрдей чукулдап келгенде, биздин 1208-танкка каршы артиллериялык полктун жоокерлери ок жаадырып, немистердин бир топ мизин кайтардык, чегинүүгө аргасыз болушту. Биз дагы бир топ жоготууга учурадык. Арасында командирибиз, ага-лейтенант Мухайленко баатырдык менен курман болду. Калганыбыз "өлсөк өлөбүз, бирок душманды жөн кое бербейбиз" деп аттандык. Аңгыча фашисттер кайрадан жаңы күч топтоп, бизди көздөй жабалактап келатат. Ай аалам дүңгүрөйт. Кулак тунат. Тиягында, биягында танкалары жер жайнап. Көз алдымда батарея курамындагы төрт солдат окко учту. Жалгыз калдым.
-Чукул аралыкка келип калдыбы?
-Болжол менен 300 метрдей калса керек. Жаның көзүңө көрүнөт. Кайраттанып, силкинип алып, 76 миллиметрлик замбирегимди өзүм октоп, өзүм мээлеп, атып атам. Тыным жок. Мүнөтүнө ондон кем эмес снарядды атып үлгүрөм. Биринин артынан бири жарылып, күйүп, өрттөнүп атат. Кайрадан самолеттору бомбалап өттү. Нымдуу, чөмөлөнгөн чөпкө жамынып алып, дагыле аткылап атам. Бир маалда алардын автоматчандары ок жаадырып башташты. Мен дагы күчүмдү жыйып, автоматтан немистерди карай таамай атып аттым. Ажал менен бетме-бет келишип...
Бери дегенде 8 танкын, 6 согуш унаасын, 40тан ашык жоокерин жок кылдым. Ал аңгыча арт жагыман советтик танктардын үнү угулду. Жардамга келген кызыл армия немистердин баарын сүрмө топ кылып сүрүп салды. Ушул эрдигим үчүн Советтер союзунун Баатыры наамын ыйгарышты.
-Дайыр агай, өзүңүз жоон топ немистер менен бетме-бет калганда, эмне ойлоп, эмне эсиңизге келди?
-"Душманды сен жок кылбасаң, анда душман сени жок кылат" деген ой келди.
-Согуштун алгачкы жылдарында баатырдык наамды жөн эле бере койчу эмес дешет?
-Ал чындык. Өкмөт тарабынан, кызыл армиянын комиссиясы эрдигиңди дыкат изилдеп, чоң критерийлерге такап туруп берчү.
-Сизди да ошентиштиби?
- Албетте. 6-эпкиндүү армиянын башкы командири, генерал-лейтенант Харитонов борборго мага баатырдыкты берүү жөнүндө жолдомо катын жибергенден кийин комиссия келип, мени сынап көрүштү. Тогуз ок берип, душмандын танкын үч кырдай абалда (капталдан, кыйгачынан жана бет алды менен) жиберип. А мен алты окту үнөмдөп, үч ок менен эле таамай "жайлагам". Ошондо Харитонов мени комиссияга каратып, "көрдүңөрбү, жупуну кыргыз жигитин..." деп сыймыктанган.




  Фронттон кат

Учкучтан салам!
Кымбаттуу энеке, амансызбы?
Мен өзүмдүн эсен-аман экенимди билдиремин. Мен согуштук билимди эң жакшы өздөштүрүү менен бирге, Родинаны коргоо үчүн фашисттик каракчыларга кайраттуулук менен сокку берип жатам. Өзүмдүн күжүрмөндүк ийгиликтерим үчүн командир бир канча жолу алкыш жарыялады.
Эне, колхоздо жакшы иштей бер, мен фашисттик иттерди биротоло жок кылуу менен бирге аскердик милдетимди улуу Сталин көрсөткөндөй аткарып кайтамын.
Мен силерден тылды чыңдоого мыкты эмгек кылууңарды талап кыламын. Тылдын бекем болушу - фронттогу Кызыл армиянын жеңишин камсыз кылат. Силер жыйнаган ар бир центнер дан - душмандын мээсине тийүүчү ок!
Советтик учкуч Асылбек Алыбаев фронттук линиясынан энесине деген катын аяктап атып, айылдагы Жыпарды комсомолго тезинен өтүп, мугалим эжейлерге кол кабыш кылуусун талап кылат. Эне, менин суранычым ушул.
Уулуң Асылбек

(Архивдик материал)




Аскердик чиндери
(хронология тартибинде)
1946-ж. - кенже лейтенант
1948-ж. - лейтенант
1951-ж. - ага лейтенант
1955-ж. - капитан
1959-ж. - майор
1964-ж. - подполковник
1971-ж. - полковник
1994-ж. - генерал-майор
Мүчө болуп катталган уюм жана партиялар:
1936-ж. - ВЛКСМ
1943-ж. - КПСС
1958-ж. - СССР жана Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу.
Сыйлыктары:
"Алтын жылдыз" - Советтер союзунун Баатыры.
Ордендери: "Ленин", "Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы" (эки жолу), "Кызыл жылдыз" (үч жолу), "Ардак белгиси", "III даражадагы Манас" ж.б. медалдары.
Илимий эмгектери:
"Жер үстүндө жашоо үчүн" (Эскерүү, публицистика)
"Командирдин ыйык милдети жана ардак кесиби" (илимий)
"Жаштарды патриоттук духта тарбиялоо" (монография) ж.б.




  Сандардын тили менен

Экинчи дүйнөлүк жана Улуу Ата Мекендик согушта
Бул алаамат өзүнүн кыргын-сүргүндөрү боюнча бүгүнкү күндүн чоң тарыхы. Алты жыл убакытты камтып, төрт океан курчаган үч чоң континенттин 40 мамлекетинин катышуусунда болгон. Англия-америка эскперттеринин айтымында, 60 млн. адам өлүп, 316 млрд. доллар (АКШ) баасында материалдык коромжуга учураган.
Анын ичинде Советтер союзу: 38 млн. адам (болжол менен) набыт болуп, 70 миң айыл-кыштак, 32 миң завод-фабрика, 65 миң километр темир жол, 98 миң колхоз, 1876 совхоз, 2890 трактор-унаа станциялары керектен чыккан. 2 триллион 569 млрд. рубль баасында турак жай коромжуга учураган.
Социалисттик кошуна мамлекеттерди фашисттик Германиянын курчоосунан бошотууда, анын ичинен Польшаны - 600 миң, чехтерди - 140 миң, Румынияны - 69 миң, Югославияны - 8 миң, Австрияны - 26 миң, Болгарияны бошотууда 900 киши немистин огунан өлгөн.

Улуу Ата Мекендик согуш 3 мезгилге бөлүнөт:
Биринчиси (баштапкы, коргонуу): 1941-жылдын 22-июнунан 1942-жылдын 18-ноябрына чейин.
Экинчи (мизин майтаруу, чегинтүү): 1942-жылдын 18-ноябрынан 1943-жылдын 31-декабрына чейин.
Үчүнчү (жеңишке жетишүү): 1944-жылдын 1-январынан баштап 1945-жылдын 8-майына чейин.














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!