email • архив • редакция  Башбарак   



  Абийирге cокку

Сот адилетсиздигине кейиген Акыйкатчы
Өткөн жумада Бишкектин райондор аралык соту Элмира Байтикова "Учурду" 3 млн. сомго айыпка жыккан. Акчасы арбын "жаннатчылардын" доо арызын канааттандырып. Бул боюнча биздин адвокат Акмат Алагушевдин сунуштарын сот укпастан, тигилердин каалаган талабын чечим иретинде чечип ийген. Бир жактуу кылып. Мындай жагдайдан соң Элмира Байтикованын ишмердигинде саясый заказ, адилетсиздик "ойногон" деп ачык баалайбыз. Соттун ушунакай кылыгына КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун да кабатырланып, бу иштен "саясый заказ жыттанганын" жашырбады. Кыскасы, "Учурдан" 3 млн. сом өндүрүү чечимин сот адилетсиз түрдө чыгаргандан кийин, бүгүнкү соттордун абийирине сокку урулдубу? Урулду. Ал эми Э.Байтикованын "көз байлаган" иш аракетин 4-беттен окуңуздар.

  Тапана-чак

Аликени колдогон Алмамбет баатыр
Учурда УКМК түрмөсүндөгү Аликбек Жекшенкуловдун боштондугу үчүн кол топтолууда. Бул боюнча "Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов: "азырынча 3 миңдей адам Жекшенкуловдун эркиндикке чыгуусун талап кылып, кол коюшту. Тизме 50 миң адамга чейин жөн эле жетет окшойт. Себеби, Аликбек мырзаны жактагандар, аны коомчулукта колдогондор оголе көп экен" деп билдирди. Ошого катар Алмаке кочкорлуктардын көтөрүлүп кетишин да божомолдоп ийди. Ал эми өзү шайлоонун ишине байланыштуу Нарын облусу боюнча штаб башчылыкка отурганы туру. Баракелде, келечек губернаторубу?

  Эки тоонун чөбү

Оппозицияга кылчактаган аткаминерлер
Ушул күндөрү кырдаал курчуп, саясаттагы "бороон" жакындаган сайын бийликтеги айрым эргулдардын шаштысы кеткендей. Эки жээктин ички-тышкы ресурстарына саресеп салышып. Баягы "эки тоонун чөбүн эңсеген эчки" сымал. Бушайманга түшүшүп. "Кан басымдары жогорулап" дегендей. Ушундай сценарийдеги дагы бир кызык байкалгандай, Өмүрбек Бабанов, Акылбек Жапаров, Турусбек Мамашев өңдүү "лөктөр" оппозиция тарапка кылчактап, өзгөчө Алмаз Атамбаевдин таскагы катуулаган сайын эки анжы ойго келип аткан сыягында. Баягы губернаторлукту таштай качкан Тургунбек Калмурзаевдин "ходу" кайталанбайбы? Оппозицияга өтө качышып, ай ким билет...

"Учур" - пресс













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!