Чилдей тарап

Саясый башпаанек алгандардын агы менен көгү
Акыркы сегиз жылдын ичинде Кыргызстандан 5000ге чукул адам саясый башпаанек сурап башка өлкөлөргө чыгып кеткен. Алардын ичинде саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар бар. Айрыкча соңку жылдары саясый репрессия күчөгөнү Бакиевдин диссиденттеринин тизмеси узарып баратат. Бирок ошол 5000ге чукул адамдын ичинде агы да, көгү да бар. Кээ бирлерине бийлик тарабынан чынында эле саясый кысым күчөп, өмүрүнө, үйбүлөсүнө коркунуч туулуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушса, кээ бирлери жок жерден эле саясый баш паанекти шылтоолоп чет өлкөдө жашап жүрүшөт. Адатта же оппозициячыл журналист эмес, же укук коргоочу эмес, же саясатчы эмес болуп туруп, кудайдын калпын айтып баргандар да жок эмес. Эмесе, ошол саясый башпаанек алгандар кимдер, айрымдарына токтоло кетели.

Кубатбек Байболов
"Акшумкарчы" Кубатбек Бойболов болсо жакында үйбүлөсү менен АКШга көчүп кетти. Ал жактан саясый башпаанек сурап атыптыр, азырынча бериле элек. Өткөн парламенттик шайлоодон кийин Кубатбек мырзага куугунтук болгону чын. Акыры бизнесин корголош үчүн саясаттан кеттим деп жар салган. Бирок ошол бизнесин казып аткан учурда кетпей, азыр аны эч ким эстебей деле калганда качып кеткени кызык.

Жеңишбек Эдигеев, Чолпон Орозобекова
Соңку жылдардагы чуулгандуу окуялардын бири "Де-факто" гезитинин жабылышы болду. Эксперттердин айтымында, бийлик бул гезиттин "Бакиевдерге 1 сомдон жардам" аттуу саясый акциясын кечире алган жок. Жаныш Бакиевдин уулу менен соттошуп бүтө электе экинчи кылмыш ишин ачышты, болгондо да 5 жылга түрмөгө кесе турган. Сот болуп аткан кезде Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеевди эл аралык уюмдар Алматага алып чыгып кетип, азыр чыгармачыл үйбүлө Женева шаарында жашашат. Угушубузга караганда, экөө тең тил үйрөнүп, окуп аткан кездери. Баса, өздөрү интернет-гезит иштетип башташып, кайра токтотуп коюшту. Анысын бул жактагы бир туугандарынын тынчтыгы, коопсуздугу менен байланыштырышууда.

Альберт Корголдоев
Акаевдин тушунда бул жалалабаттык укук коргоочу бейбаштык кылды деп айыпталган. Ал Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин өкүлү болуп жүрүп, митингдерге активдүү катышып жүргөн. Альберт Корголдоев 2000-жылы болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча пикеттерге, жол тосууларга активдүү катышып атканда кылмыш иши ачылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Австрияга учуп барып башпаанек сурап атканын 2001-жылы 7-февралда "Азаттык" радиосуна билдирген. Ушул күнгө чейин Альберт Корголдоев Австрияда жашайт жана дагы бул өлкөнүн атуулдугун алган деген да маалымат бар.

Хабира Мажиева
Хабира Мажиева "Жашылдар" партиясынын мүчөсү жана "Репортер-Бишкек" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы. Өткөн жылдын ноябрь айында сейрек кездешүүчү металлдарды изилдөө боюнча "Чоң-Кемин" улуттук жаратылыш паркына тиешелүү эки участокту өкмөт чыгарып алууну көздөп аткандыгы тууралуу "Конец кеминизму" деген макаласын жарыялаган. Аталган макала жарыкка чыгаар менен Хабиранын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, маалыматты каяктан алганын айтып берүүсүн, тиешелүү документтерди талап кылып сабашкан. Журналисттин туугандары келип калганда алар изин жашырышкан. Эртеси күнү Хабира Мажиева Швецияга Эл аралык конференцияга учуп кетип, ошол бойдон ал өлкөдөн саясый башпаанек сурап калып калган.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков болсо маммүлк комитетин жетектеп тургандан кийин кылмыш иши козголуп, ал дагы Американы карай зыйт койгон. Бостондогу техникалык университетти аяктап, үйбүлөсү менен Филадельфия штатында жашайт. Демократияны өнүктүрүү фондун жетектегенден сырткары, "Ата Мекен" партиясынын чет жактагы бюросун жетектейт. Жакында эле "Ачык саясат" гезитинин редактору атасы Бабырбек Жээнбековду дагы Вашингтондон тосуп алды. Балким, атасы жакын арада кайтаар, же ал дагы баласына окшоп баш паанек сурап калабы, али белгисиз.

Манат Сулайманова
Бул журналист кыз Европа өлкөлөрүнүн биринен саясый башпаанек алган. Акаевди мактап-жактаган КООРТ каналында иштеп, бийликти жалаң апендинин кызындай мактаган репортаждарды жасачу. Бирок куугунтук жеген киши болуп, Европа өлкөлөрүнүн биринен башпаанек сурап, ошол жакта жашап атканына үч жылдай болуп калды. Интернетти ачсаң Европада түшкөн сүрөттөрүн улам жаңылап коюп турат. Эң башкысы журналист кесиптешетери деле Манаттын эмне шылтоо менен башпаанек алганына баштары маң. Бийликти өмүрү сындап жазып көргөн эмес дешет. Айрым маалыматтарга караганда, "Пирамида" каналын жаңы кожоюндар талашып аткан учурду өз кызыкчылыгына пайдаланышкан. Себеби, ошол кезде жолдошу Турат Бектенов "Пирамидада" иштечү. Кызыгы, "Пирамиданын" мурдагы кожоюну Адыл Бийназаровго деле эч ким тийишпей, Кыргызстанда эле жакшынакай жашап жүрөт. Анан Турат Бектенов менен Манат Сулайманова кайсы "куугунтук" менен европалыктардын башын айлантканы түшүнүксүз.

Карамат Токтобаева
Жакында эле Чехияга барып келген жаш активисттердин биринен кызык маалымат уктук. Мурда "Асаба" гезитинде иштеген Карамат Токтобаева азыр Прага шаарында жашайт, ал Чех бийлигинен саясый башпаанек алган. Көрсө, март ыңкылабынан кийин Жалал-Абад банкын ким тоногону тууралуу журналисттик иликтөө кылам деп, ошондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен экен.

"Ар-намыстын" жасалма качкындары
Акаевдин тушунда Кыргызстандан башпаанек сурап кеткендер көп болгон. Бирок, көбү "жасалма" качкындар. Кулов түрмөгө отуруп, партиясына куугунтук күчөгөн маалда "Ар-намыска" мүчө болгон катардагы эле адамдардын көбү чет өлкөгө кетип калышкан. Мисалы, Европа өлкөлөрүнүн ичинен Чехияны эле алалык. 1996- жылдан 2003-жылга чейин Чехиядан 171 адам саясый башпаанек сураган. Бул сандарды Чехиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү да тастыктаган. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Венера Жуматаева бул тууралуу кенен материал даярдаган. Ал Чехиядагы качкындар лагерине барып башпаанек ала албай жаткан кыргызстандыктарга жолугуп сүйлөшүп, алардын көбү "Ар-намысты" шылтоолоп барышканына күбө болгон. Бул жердештерибиздин көбүнүн тагдыры белгисиз, анткени, башпаанек баарына эле бериле бербейт. Партиянын расмий маалыматтарына караганда, 2000-2005-жылдар аралыгында "Ар-намыстын" 200дөн ашык мүчөсү кеткен. "Ар-намыстын" мүчөлөрүнүн арасындагы "жасалма" качкындар болгонун партиянын төрага орун басары Эмил Алиев дагы четке какпайт:
- Арасында "куугунтук" болду деп калп эле кеткендер дагы болушу мүмкүн. Алардын ар бирин көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес да. Же болбосо, биз аларды башпаанек сурагыла деп жибербейбиз. Партияга мүчө болуп, партбилетти алгандан кийин чет өлкөгө жөн жерден эле кетип калгандар болгон.
- Ошол калп эле башпаанек алган "Ар-намыстын" мүчөлөрүн атай аласызбы?
- Аны кантип билесиң. Бизге ушинтип кетип атабыз деп айтышпайт да. Алар башпаанек сураган өлкө дагы алардын тизмесин беришпейт. Аларды сактап калабыз деген милдеттенме алышат да.

Өмүрбек Абдрахманов
Бириккен фронттун жана апрель митингдеринин активдүү катышуучуларынын бири, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов дагы бизнесин корголодубу, же жөн эле баш паанекти шылтоолоп Америкада жашагысы келдиби, айтор, үйбүлөсү менен ал дагы кеткен. АКШнын Түндүк Каролина штатында жашайт. Өзү кетишин саясый куугунтукка байланыштырып маалымат тараткан. Анткени, салыктарды жашырган деп финансы полициясы кылмыш ишин козгоптур. Бишкектеги эмерек фабрикасын сатып, үй-жайын, эмерек дүкөндөрүн ижарага берип кеткен деген маалыматтар бар.

Эдил Байсалов
2007-жылы боло турган парламенттик шайлоонун бюллетендерин сындап чыккан. Аларды сүрөткө тартып алып интернетке жарыялап жибергенден соң, БШК ал бюллетендерди жараксыз деп тапкан. Жаңы бюллетендерди 22 млн. сомго баалап, ал сумманы Байсалов мүчө болгон СДПКдан өндүрүү боюнча арыз жазган. Эдил Байсаловдун өзүнө "мамлекетке ири суммадагы зыян келтирди жана шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук кылды" деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ушундан кийин ал үйбүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Азыр ал Стокгольм шаарында жашап жатат. Эдил Түндүк Европадагы ири университеттердин бири Упсалада Эл аралык мамилелер жана саясат боюнча магистратурада, келинчеги болсо, Стокгольм университетинде аспирантурада окуйт. Кызы үч жашка чыгып калды, балдар бакчасына барат. Кыргызстанга кайтабыз дегенде эки көздөрү төрт. Бирок качан экенин өздөрү дагы билишпейт.

Азиза АБДРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу:
"Башпаанек алгандардын тизмеси мындан да өсүшү мүмкүн"
- Азиза айым, сиздерге укук коргоочу катары башка өлкөлөрдөн башпаанек алып берүүңүздөрдү суранып кайрылышабы?
- Саясый, диний көз караштары боюнча куугунтукка алынган атуулдарыбыз кеңеш берүүбүздү суранып кайрылышат. Бизде башка өлкөлөрдөн саясый башпаанек алып берүү деген мандатыбыз жок. Бирок, биз аларга кайсыл жакка кайрылып алууга болорун айтып жол көрсөтүп беребиз. Акыркы эки жылдын ичинде эле он чакты атуулдарыбыз башка өлкөлөрдөн башпаанек сурап, Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болушту. Бул көрсөткүчтөр жөн жерден өсүп аткан жок. Саясый куугунтук өлкөдө күч алып турган учуру. Оппозициялык көз караштагы саясатчыларга кылмыш иши ачылып атат. Чындыкты жазган журналисттер куугунтукка алынып, эркин басылмалар жабылып атат.
- Башпаанекти кайсы өлкөлөрдөн, кандайча алса болот?
- Кыргызстан Качкындар боюнча эл аралык конвенцияга мүчө болгон өлкө. Ошол конвенцияга мүчө болгон ар бир өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганга болот. Конвенция эрежелерине ылайык, башпаанек берип аткан өлкө куугунтукка алынып качып келген атуулду өз өлкөсүнө кайтарып бербөөгө милдеттүү. Кыргызстан ошол конвенцияга мүчө болуп туруп, Өзбекстандын үч атуулун кайтарып берип койгону эсиңиздерде болсо керек. Баш паанек сурап аткан атуул мына ушул жагдайларды эске алып, кайра өз өлкөсүнө кайтарып берип койбой турган өлкөлөргө кайрылышат. Алар болсо, чынында эле куугунтукка дуушар болуп атабы же жокпу деп, атайын кызматтары менен изилдешет. Кандайдыр бир убакыт өткөн соң, чынында эле куугунтукталып жаткан болсо аларга башпаанек берип, коопсуздугун сакташат.
- Он жылдын ичинде беш миңдеген атуулдарыбыз саясый башпаанек сурап чет өлкөлөргө чыгып кетиптир. Муну кандайча бааласа болот?
- Демек, өлкөдө чынында эле саясый куугунтук күчөп атат. Болбосо, ким эле туулган жерин таштап, элинен четтеп, бөтөн өлкөдө жашагысы келсин. Мисал үчүн, мен башка жакта жашагым келбейт. Мага дагы канчалаган куугунтук болуп жүрөт. Бирок, Кыргызстандан четте жашагым келбей, чыдап жүрөм. Эгерде ушундай куугунтук күчөй берсе, саясый башпаанек алгандардын тизмеси мындан да өсүшү мүмкүн.

Дилбар АЛИМОВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!