"Жыргалбай" заман

Заң- закүндү урбаган "ЗАиР"
Мыйзамдуулукту укканда мыйыгынан күлүп, билгениңди кыл таризинде "тайраңдаган" курулушчулар шаарга батпай кеткенби, айтор, курулуп-курулбаган үйлөргө олчойгон "жашыл акчаларды" төлөп коюшуп, "чүйдөн" же алган үйдөн жок, алданган адамдардын "армиясы" күндөн-күнгө жүздөп, миңдеп бараткандай. Мен бул жөнүндө унчукпай койсом деле болот эле, бирок ар күн сайын асмандын башын "обещать" этип, эптеп тапкан ташыганын чогултуп жүргөн байкуштардын каражаттарын кайдагы бир "шылуундар" шыпырып кетип, анан мөөнөтү келген маалда көздөрүнүн жаштарын мөлтүлдөтүп, өлүмүш болуп калгандарын көрүп, күйбөгөн жериң күл болбой койбойт экен. Андан да беттери кызарбай туруп, акчасын ишенип, төлөп берген байкуштарга "аз-аз калган акчаңарды төлөй салгыла, болбосо бүттү, талаада каласыңар" деп атырылгандарын кантесиң.
Өткөн аптанын аягында дал ушундай бир курулуш компания өткөргөн жыйынга барып катышып, жөн гана оозумду ачып туруп бердим. "ЗАиР" деген фирма мындан үч жыл мурун үй баштап, миллиондогон "долларбайларды" чогултуп алып, (келишим боюнча үйдү тээ 2007-жылдын аягында эле тапшырмак экен) чочоңдоп кайра тиги өзүнүн "дольщиктерине" болгон күнөөнү оодара салганга ачык эле далбас уруп жатты. Көрсө, көпчүлүк эл үйдүн эмнеге кечигип бүтпөй жатканы тууралуу такыр эле маалыматы жок экен. Анүстүнө 120 адамдан болгону 20дайы келсе, жабыркаган тараптын маселеси кантип чечилмек. Баарын байкаган фирма башчысы Зарылбек Чыныбаев 4-5 өзүнүн "менчик" аялдарын алдын-ала даярдап койгон сыягы бар, аягына чейин эле ажылдап атып, чогулуш сөрөйүн ошолор ачып кайра жаап тынышты. Эң башкысы, эч кимди сүйлөтпөй, ойлорун укпай туруп, анан өздөрүнө өтө ыңгайлуу болгон чечимге "кол койгула" деп коколоп киришти. "Азчылык-көпчүлүк, кворум, каршы-калыс" деген жалпы тартипти уруп да коюшкан жок. "Акчаларын төлөгөн, калган 100гө жакын адам булардын "жашыруун" чечимин кайдан билсин. Эми үмүтү үзүлбөгөн байкуштар кайрадан капчыгын казып, акыркы сокур тыйынына чейин чогултуп беришет. Бүтпөгөн үйдүн качан бүтөөрүн бир гана Кудай билбесе, азыркы замандагы"шылуундарга" эч ким деле кепилдик бералбайт калбадыбы. А эшикте каржы каатчылыгы кашайта тиктеп турат.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ





  Күнтүрмөк

Ош жүргүнчүлөрүн Баткенге учуруп жиберишти
"Кыргызстан" авиакомпаниясынын Бишкек-Ош каттамынын жүргүнчүлөрүн Баткенге учуруп жиберишти. "Баткен" деп жазылган таблодон жүргүнчүлөр шектенишип учакка отуруудан чочулашканда, "Ошко эле барат" деп отургузуп коюшкан. Жыйынтыгында баары бир эле Баткенге барып конушкан. Авиакомпаниянын кызматкерлери инциденттин себебин түшүндүрүүнүн ордуна орой мамиле жасашкан. Кызыгы, авиакомпания өкүлдөрү самолетто жүрүүдөгү коопсуздук эрежелерин айтуунун ордуна, СПИД, ВИЧтен кантип сактануу жөнүндө айтып беришкен. Он беш мүнөт Баткен аэропортунда күтүп тургандан кийин башка самолет менен кайрадан Ошко учурушкан.

"Азаттыкка" кол топтоо жүрүп жатат
"Азаттыктын" угармандары аталган үналгынын УТРКнын каналдарынан кайрадан обого берилүүсүн талап кылып кол топтоону башташты. Бул тууралуу "Азаттыктын" угармандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров билдирди. Анын айтымында, бул талаптар менен макул экендигин билдирип, эки күндө эле 62 адам кол койгон. Тизмеге киргендер үналгынын улуттук каналдар аркылуу оболобой калганын сөз эркиндигин муунтуу катарында баалашууда. Кол топтоо аяктагандан кийин Горький эстелигинин жанында митинг уюштуруп, "Азаттыкты" обого кайрадан берилишин бийликтен талап кылууга даярданышууда.

Өзбекстанда үч саат барымтада
Кыргызстандын эки айыл башчысын Өзбекстанда үч саат барымтада кармашты.
Бул тууралуу окуяга күбө болгон Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургуну Сабира Мусаева "Азаттыка" билдирди. Анын айтымында, 20-апрель күнү Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары Баткен-Согмент жолун тосуп, автоунааларды өткөрбөй айнектерине таш ыргытышкан. Бул ээнбаштыктын себебин териштирүү максатында келген Баткен районунун Кыштут жана Согмент айыл башчыларын өзбекстандыктар үч саат кое бербей, район акимдери келгенге чейин кармап турушкан. Баткен районунун акими Дастан Ходжаевдин айтымында, чыр-чатак жайыт маселесинен чыккан. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин чатак жөнгө салынды. Өзбек тарап талкаланган автоунаалардын айнектерин төлөп бере турган болду. Ал эми жайытты пайдалануу мыйзамда жазылган тартипте жүрө берет. Район жетекчиси ошондой эле айыл башчылары барымтада эмес, жөн гана жолугушууда болгонун кошумчалады.

Түрмө башчысы пара алып кармалды
Түрмө башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, №38 түрмөнүн башчысы абакта жаткан бирөөнү мөөнөтүнөн эрте бошотуп берүүнү убада кылып, анын туугандарынан 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул окуя боюнча УКМК тарабынан кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын кичи автобусуна ок чыгарышты
Мындай маалыматты Баткен районундагы Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 21-апрелде түштөн кийин Тажикстандын Сурх айылынын жанынан чек арачылар кичи автобустун айдоочусу буйрукка баш ийбеди деген себеп менен автоунаанын дөңгөлөгүнө ок атышкан. Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы бул окуя боюнча азырынча Тажикстан жана Кыргызстандын милиция кызматкерлери биргелешип иликтөө иштерин жүргүзүп жатышканын маалымдады.

Накен Касиев ишке кирди
Накен Касиев Улуттук онкология жана радиология борборунун башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинованын айтымында, Накен Касиев аталган борбордун эмгек жамаатына 20-апрелде тааныштырылган.

С.Кадыралиевдин ордуна иниси келеби?
Киши колдуу болуп өлгөн депутат С. Кадыралиевдин жердештери анын депутаттык мандатын инисине берүүнү суранып президентке кайрылуу жөнөтүштү.
Алар депутаттын өлтүрүлүшү саясый ишмердигине байланыштуу деп эсептешет. "Ошондуктан, маркумдун Жогорку Кеңештеги орду бир тууган иниси Орунбекке берилсе, агасынын шайлоочуларына берген бир топ убадаларынын аткарылмак" - дешет депутаттын жердештери.

Токтогулда суу толуп атат
Күзгө чейин Токтогул суу сактагычына 11 млрд. куб метр суу топтолот.
Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов парламентте билдирди. Анын айтуусунда, 20-апрелден тартып жалпы өлкө боюнча электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү толук токтотулду. Муну Токтогул суу сактагычындагы суу агымынын көбөйүшү менен байланыштырган министр күзгө жуук суу сактагычтагы сууну тиешелүү көлөмгө жеткирүү алдыга коюлган тапшырма болуп жаткандыгын белгиледи. Азыркы убакта суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 млрд. 318 млн. куб метр.

Бишкектеги үч райондун аты өзгөртүлүшү мүмкүн
Мына ушундай демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар Биринчи май районун Чыңгыз Айтматов атындагы, Октябрь районун Исхак Раззаков атындагы, Свердлов районун Төкөлдөш району деп атоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул маселени депутаттар фракцияларда талкуулашат. Эл өкүлдөр борбордогу Ленин районун өзгөртпөй калтыралы деген ойлорун айтышты. Райондордун атын өзгөртүү быйыл ишке ашууга тийиш, анткени кыргыз коомчулугу өткөн жылы Чыңгыз Айтматовдун сексен жылдыгын, келерки жылы болсо Исхак Раззаковдун жүз жылдыгын белгилейт.




  Кошкайрык

КСДП булбулу, дуңгандардын дулдулу
Өткөн аптада "аш десе ашка, жаш десе жашка тойбой" толуп, болуп турган дагы бир азамат, КСДП партиясынын активдүү мүчөсү, дуңган элинен чыккан, кыргыздын патриот жигиттеринин бири Рахим Халиковдун жүрөгү сокпой калды. Инсульт болуптур кайран жигит. Жүрөгү менен күйүп, жүгүрүп жүргөн азаматты "андай болушу мүмкүн эмес" дегендер да бар. Себеби, өткөн айдын соңундагы митингде жалтанбай чыгып, жалындуу сөздөрү менен көпчүлүктүн көңүлүн ой-да буруп койгон эле. Азыркы бийликтин алешем кадамдарын сындап.
Кандай болгон күндө да капыл-тапыл келген өлүм тууралуу "андай-мындай" деп айтыш, албетте, кыйын. Өлүм ак дейт. Мындай оор жоготууну башынан кечирип жаткан маркумдун жакын туугандарына, дос-тааныштарына КСДП партиясындагы бүтүндөй партиялаштары чын дилдеринен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсундан башка арга жок.
Партиялаштары












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!