Жан сырым

Айнура Салахидинова:
Армандуу махабат, арбак жана абак
Сүйүүдөн көңүл калды
Сүйүүнүн бар экенине мындан бир аз мурдараак ишенчүмүн. Мектепте окуп жүргөн кезде деле сүйүү жөнүндөгү кайгылуу саптарды окуп алып, ал ушунчалык тозок болооруна ишенчү эмесмин. Көрсө, сүйүү биз каалагандай дайыма эле таттуу болбойт экен. Андан мынчалык көңүлүмдүн калганынын да себеби бар. Бир жигитти катуу сүйүп калгам. Турмушка чыгып, тагдырымды ага байлоого да макул элем. Күндөрдүн биринде анын үйбүлөсү бар экенин билип калдым. "Мага экинчи аял болуп турмушка чык, мусулманчылыкта төрт аял алса болот да" деп сунуш кылды. Андан дагы менден айрылгысы келбей ыйлап алган. А мен макул болгон жокмун. Анүстүнө мурда турмушка чыкпасам. Ажырашкан келин болсом биржөн, эптеп турмуш куруп алайын деп макул боло бергидей. Бир келген жашоомдо бир мырзанын жалгызы боло албай өтүп кетсем арманда кетпейминби. Жо-ок. Келечектеги жолдошумду эч ким менен бөлүшкүм келбейт.
Өзүмдү алаксытам
Аны менен көрүшпөгөнүмө бир айдын жүзү болду. Кээде телефон чалат. Албай коем, же шак телефонумду өчүрүп салам. Кайрадан "жараны" ырбаткым келбейт. Анүстүнө өзүмдү-өзүм алаксытып атып, аны унутуп да баратам окшойт. Мага андай жашоонун кереги жок. Эч качан экинчи планда болууну каалабайм.
Сулуулук
Көп эле учурда адамдар түгөйүнүн жан дүйнөсү сулуу болушун каалайт. Келбети анчалык роль ойнобойт дегендер да бар. Бирок мен аларга кошулбайм. Мен үчүн жигиттин сырткы келбети чоң эле мааниге ээ. Өзүмдүн боюм узун болгондуктанбы, айтор, жигиттердин боюна да, келбетине да аябай карайм. Тандайм.
Коркунуч
Жалгыздыктан анан арбактардан корком. Кээде намаз окуп атканда, артыман ак көйнөкчөн кыз карап тургандай сезиле берет. Келме келтирип тим болом. Башкасынан коркпосом да жалгыз калуу мен үчүн тозоктой сезилет.
Арман
Аял кишинин акылсыздыгы баарын бузат тура. Жаңы жыл астында түрмөлөрдү кыдырып, кайрымдуулук концерттерин берип калдык. Темир тор артындагы аялдарды көрүп, боорум ооруду. Тагдыр дечи. Бирок...
Жакшыканай эле кыздар өкүнүп отурушат, көзүнүн жашын көл кылып. Жашы 50-60ка барып калган апалар айласын таппай, кылык-жоруктары жаш баланыкындай болуп калгандары бар экен. Арман эмей эмне. Ошолордой эле айымдар боштондукта эмнелерди гана кылып жүрүшөт? Эркектерге теңтайлашып, саясатта өз ордун таап алгандар бар. Бир өлкөнүн тагдырын чечүүгө салым кошуп. Иши кылып, аялзаты, ката кетирип албасак экен.




  Жылдызы жанып

Нурзат:
"Жолдошум "мысык" деп эркелетет"
-Кокустан көчөдөн алакачып кетсе эмне кыласыз?
-Аябай күлөт болушум керек. Ошо кантип болсун? Андайда негизгиси эмоцияга алдырып кыйкырбайм, жолдошум бар экенин акырын айтып түшүндүрөнгө аракет кылмакмын да.
-Мектепте окуп жүргөндө балдардан көп кат алсаңыз керек?
-6-класстан баштап каттар келе баштады. Үйгө барам да, баары менден көзүн албай карап тургансып, шек алдырбаганга аракет кылам. Катты чөнтөгүмө катып, туалетке барып окуйм да, майдалап тытып ошол жакка таштап келем. Анткени, Максат деген байкем бар, ал билип калчу болсо менин да, кат жазган баланын да башын "жулмак". Ошентип жүрүп 9-класста өзүм бир баланы сүйүп калгам, бирок ал менден кичүү болчу.
-Кичинекей Нурзат кандай кыз эле?
-Аябай эле тың кыз болчу окшойм. 2-классымда апам согуп берген топуну сабактан такыр чечпей коюп, эжейим башыман алып, терезеден ыргытып жиберген. Танаписте чыгып таппай калып, үйгө топум жок баргам. Апам мектепке келип, чоң жаңжал чыгаргандан кийин араң табылган. 5-классымда бир короо кой менен тоонун чокусунда жалгыз калгам. Ата-энем жайкысын өз малыбыз менен жайлоого чыгышат. Түштөн кийин аркы кырдагы койлорду тосуп келейин деп тапичке менен тоого кеткем. Жеткиче күүгүм кирип, күн бүркөлүп, чагылган чартылдап, жаан жаап кирди. Койлор жаанда баспайт экен. Аларды аркасынан колум менен түрткүлөп, ыйлап бир кетип баратам. Тайгаланып атып, тапичкем үзүлүп да калган. Ошентип буту-колум тытылып, түн ичинде араң айдап түшкөм. Дагы бир кызык окуя, чоңоюп акыл-эс кирип калганда эле беш жеңемди тең "келинде-ер" деп чакырчумун. Ошондогу мага чыдаган жеңелериме азыр ыраазы болуп кетем.
-Ал мүнөзүңүз азыр деле болсо керек?
-ЖОЖдо окуп жүргөндө бир аз токтолдум. Айылдан, жөнөкөй мектептен келген мага чынында Ататүрк- Алатоо университетинде окуу оор болду. Анүстүнө мугалимдердин тартыштыгынан кээ бир сабактарды мектептен өтчү эмеспиз. Чет тилдерди дагы билчү эмесмин. Ошондон уламбы, айтор, студент Нурзат эч ким менен деле сүйлөшпөгөн, тартынчаак, аудиторияга кыбырап кирип, кыбырап чыгып кеткен эле бир жан болчу. Мектепте өтө жайдары, баардыгы менен тил табышкан Нурзат Ататүрк-Алатоодон ушунчалык токтоо болуп чыкканда, досторум аябай таң калышкан.
-Канча жашыңызда спирт ичимдигин ичип көрдүңүз эле?
-Мектепти бүтүрүп атканда, бүтүрүү кечесинде вино ичкенбиз. Бир класска кирип алып, ата-энелерден качып атып, аш да болгон эмес. Ага чейин ичкен эмесмин. Менден улуу беш байкем болгондуктан, "маршрут" түптүз мектеп - үй болчу. Мектепте жүрөгөндө бир да жолу отурушка барган эмесмин. Бирок бир жолу отуруш бергем.
-Кыргыз аялдарына тиешелүү кандай жумуштарды кыла аласыз?
-Ичеги карынды жакшы артам. Эсимде, студенттик кезде Курман айтта түрктөр кыздарга кой союп беришкен (Ататүрк- Алатоо университетинде). Карасам, ич майы менен ичеги карынын көмгөнү атышат, мен "биз жейбиз, дары болот" деп сурап алып, ичеги карын арткам. Ич майынын сызыгын жеп, майын далайга колдонуп жүрдүк. Анан бир күнү бышырсак, түрк, орус кыздар мурдуларын чүйрүбөй эле жанталашып жеп кетишкен.
-Кыз куумайга түшүп көрдүңүз беле?
-Ооба. 9-классымда 31-август күнү областтык ипподромдо "Вагон" деген ат менен кыз куумайга түшүп, биринчи орунду алгам. Артыман жетип келген жигиттин чекесине камчы менен бир чапкам.
- Эмне үчүн алып баруучулукту тандадыңыз?
-Мен алып баруучулукту эмес, алып баруучулук мени тандады. Капыстан эле кастингге катышып, өтүп кетип, эки күндөн кийин эфирге чыккам. Эфирге даярдык түгүл, ага чейин ал программаны көрбөптүрмүн дагы. Өнөктөшүм Алексей Филатов бытылдап көп сүйлөйт эмеспи. Анан продюсер Динара эже "эфирдин жүрүшүндө Лешага жооп бербейсиңби, карачы ал сени көп сүйлөп басып коюп атат" деп эле күйө берчү. Анүстүнө башка нерсеге даярдансак деле, Алексей эфирден таптакыр башканы сүйлөп салчу. Ал "жалгыз эле алып барсам болмок" деп көпкө чейин мени жактырбай жүрдү.
-Жолдошуңуз кантип эркелетет?
-Жолдошумдун аты Бакыт. Экөөбүз бири-бирибизди "мысык" деп эркелетебиз. Аныбызды дос-аяштарыбыз да билип алып, бизди "тиги мышыктар келатышабы" деп күлчү болушту.
-Кайната, кайненеге кайсы тамактарды жасап берип, көңүлүн аласыз?
-Алар Кочкордо турушат. Атам бешбармакты жакшы көргөндүктөн, ал жакка барганда түрлөнтүп деле тамак жасабайм. Көбүнчө эт салабыз, же жаркөп жасап берем.

Даярдаган Бегимай Бакашева












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!