Балапан балалык

Жанета мончого деп алдап кайда барды?
Кичинекей Жанетта өзүнө тың, шок кыз болчу. Ал 3-класста окуп жүргөндө бир күн сиңдиси дүкөндөн ыйлап келет. Бир кыз уруп, акчасын тартып алган экен. Жанета ошол замат чуркап барып, дүкөндүн жанында турган кызды өлө сабайт. Уруп бүткөндөн кийин сиңдиси бул кыз эмес, башка болчу деген экен. Ошентип Жанета башка эле кызды сабап салыптыр.
***
Жанета кичинекей кезинде ата-энеси менен көп кабаттуу үйлөрдө жашашчу. Ал короодогу бардык балдарды чогултуп алып продюсердик кылчу. Бирин ырдатып, бирин бийлетип, концерттик номерлерди даярдашчу. Өзү ырды да, бийди да тытып, алып баруучу да боло калчу. Жалбырактан билет жасап, балдардын ат-энелерине 10 тыйындан сатышчу. Мындай концерт жума сайын болуп турчу. Ал гана эмес Жанета "смертельный трюктарды" жасачу. Ошондой концерттердин биринде ал "К-700" тракторунун баллонунун камерасын алып салып, ичине кирип отуруп алып трюк көрсөтмөй болот. Достору түртүп жибергенде, баллон айланып барып жерге кулайт. Жанетаны анын ичинен чыгарышканда мурду-башы канап кеткен экен. "Жылдыздар манежде" долбооруна катышып атканы дагы жөн жерден эмес тура.
***
Үч кыз сабактан кийин дежур болуп калат. Алардын ичинде Жанета дагы бар. Үчөөнүн тең курсагы ач. Парталарды көтөрүп, пол жууп атышып, агайдын столунун астында бир баштык турганын көрүшөт. Ичин ачса алма, анар, токочтор бар экен. Эч нерсе калтырбай жеп салышат. Баштыкты жашырып. Агай келип эле койгон жеринен таппай калат. Ары издеп, бери издеп таштанды салган чакадан анардын кабыктарын таап алат. "Мен ооруканага барат элем, таап бергиле" деп чуу салат. Анан Жанета апасы иштеген дүкөндөн баштыкты толтуруп алып келип берет. Агайы азыркыга чейин алардын бул жоругун унутпай айтып калат.
***
Мектепте окуп жүргөндө Жанета классташ кыздары менен чогуу дискотекага баргысы келет. Бирок ата-энеси жөнөтпөйт. Анан бир жолу ата-энесин "кыздар менен мончого барам" деп алдайт. Полотенце, дагараны алып кыздар менен кетет. Клубдун жанындагы чөптөрдүн арасына аларды катып коюп, дискотекага кирип кетишет. Чыккандан кийин үйгө эми кантип барам деп ойлонот. Мончодон чыкканга окшошпойт. Кыздар анын да эбин табышат. Көчөдө агып аткан сууга Жанеттанын чачын суулашат. Анан ал мончодон келген адам болуп үйүнө кирип кетет. Ата-энеси дагы бул амалды байкабай калган экен.
***
Апасы жумушка кеткенде сиңдиси экөө боорсок жасап көрүүнү чечишет. Экөө тең кичине кыздар. Колонкадан агып аткан сууну табакка куюп, анан ага ун салышат. Туз дагы кошушпайт. Экөө эки жактан жуурушат. Камыр аябай суюк болуп калгандыктан жая албай кыйналышат. Анан казанга от жагып, камырды жөн эле үзүп сала беришет. Апасы жумуштан келгенден кийин кыздарынын жасаган боорсокторуна бир туруп жини келсе, бир туруп күлгүсү келиптир.
Дилбар АЛИМОВА




Гороскоп
27-апрелден 3-майга чейин

Кой (21.03 - 20.04)
Бул күндөрү кой жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендерди жалаң жакшы кабарлар сүйүнтөт. Аптанын биринчи жарымы жолугушууларга бай болуп, акыркы күндөрү жан дүйнөнү азыктандыра турган окуялар менен аяктайт.

Букачар (21.04 - 20.05)
Өзүңүз мурда колумдан келбейт деп ойлогон ишти бул аптанын дүйшөмбү күнү ишке ашыра аласыз. Апта ортосу көп энергия талап кылчу иштер менен өтөт. Жума аягы эс алууну экинчи планга коюп, жакынкы келечекте акыбети кайта турган иштерге убактыңызды сарптоого туура келет.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Эгиздер жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар үчүн апта финансы маселесине байланышкан иштер менен коштолот. Өтө кымбат баалуу буюм алууңуз, же чоң киреше алып келе турган сунуштар болушу мүмкүн. Негизгиси иш кагаздарына байланышкан учурларда абайлап иш кылыңыз.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жеке жашоого байланышкан маселелерди чечүүгө аракет кылыңыз. Ал эми жума күнү айланадагылар сизге ар тараптан "чабуул" кылышы мүмкүн. Колдон келсе ар бирине өзүнө жараша жооп кылганыңыз жакшы. Муну менен сиз өзүңүзгө ал адамдын алдында кадыр-барк таба аласыз. Ал эми апта аягында күтүлбөгөн кездешүүлөр болушу мүмкүн.
Арстан (23.07 - 23.08)
Маанилүү иштин баарын ушул жумада бүтүргөнүңүз оң. Анткени бул учурда сизге эң сонун идеялар келип турган мезгил. Сиздин мойнуңузда турган бардык иштин майын чыгарсаңыз, эмки жума жалаң ийгиликтер менен коштолот.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Бийкеч жылдызындагы мырзалар кругозорду кеңейте турган маалымат издегени жакшы. Анткени, бейшембиден жуманын аягына чейин акыл-эс жана келишкен сулуулукту талап кыла турган жагдайларга туш болосуз. Жуманын ишемби күнү кыялыңыздагы адамга кезигишиңиз мүмкүн.

Тараза (24.09 - 23.10)
Дүйшөмбү, бейшемби күндөрдү ден-соолукка арнаңыз. Аптанын калган күндөрү активдүүлүктү талап кылбайт. Ал күндөрү өзүңүздү эркелетип, эптеп күн өткөрсөңүз дагы болот.
Чаян (24.10 - 21.11)
Жуманын башынан тең ортосуна чейин баардык пландаган ишиңизди бүтүрүп салууга аракет кылыңыз. Анткени, жуманын экинчи жарымында чоң киреше алып келчү сунуштар болуп, жаңырган аптада өзүңүздү толук ошол ишке арнап коюшуңуз мүмкүн.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Бул жума сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн бактылуу көз ирмемдерди тартуулайт. Дүйшөмбүдөн жумага чейин жалаң жакшы кабарлар кулак сүйүнтүп, моралдык да, материалдык да жактан чоң колдоого ээ болосуз. Жуманын соңку күндөрү жүрөк толкунданткан окуяга тушугасыз.

Текечер (22.12 - 20.01)
Бул аптада ишиңизде мол жетишкендиктер болот. Өзгөчө бизнес менен алектенсеңиз. Жуманын экинчи жарымында акыл калчап иш кылыңыз. Аракетиңизге тоскоолдук кылгысы келгендер бар. Ал эми аптанын акыркы күндөрүн жеке кызыкчылыгыңызга жумшасаңыз, баары ойдогудай болот.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул жумада жакын адамыңыз менен мамилеңизди бузуп албаганга аракет кылыңыз. Анткени, сиз үчүн майда-чүйдө сезилгени менен, дал ошол таарынычтан түгөйүңүз экөөңөрдүн ортоңордо түбөлүк ажырашуу болуп кетиши ыктымал. Аптанын ишемби күнү акчага байланыштуу маселелерди чечесиз.

Балык (20.02 - 20.03)
Ушул жума сиз көптөн күткөн адамдар менен кездешип, чоң кубанычка ээ болсуз. Негизгиси эмоцияга алдырбаңыз. Жашоонун мындан да жагымдуу көз ирмемдери алдыда. Ишемби күнү өтө олуттуу чечим кабыл албай эле койгонуңуз оң.
Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!