Спорт инсан

Алмаз Акун, Евразиянын абсолюттук чемпиону:
"Криминалдык разборкага кызыкпайм"
Кыргыз панкратионунда же Сурат байкем айтмакчы, эрежесиз эр урушунда Бөрү деген каймана ат менен белгилүү болгон Алмаз Акунду тааныбаган киши аз. Айрыкча, Алмаздын жаңыдан килем үстүнө чыгып жүргөндөгү мушташтары көпчүлүктүн эсинде. Атаандаштарын жүрөксүнүп аңдып-тоорубай, "чү" дегенде эле качырып кирип, өзгөчө буту менен нокаутка тээп сулаткандары боевик кинодогу каармандарды эске салчу. Ошондон бери он жылдан ашуун убакытта Алмаз мырза Евразиянын жана Азиянын 2 жолку чемпиону, бир нече жолку эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болууга жетишти. Учурда Евразиянын абсолюттук чемпиону болуп турган панкратиончу жигит бизде мейманда.

-Алмаз мырза, өткөн ишемби күнү "Ысык-Көл" ресторанында панкратион боюнча жабык турнир өтүп, кириш баасы 100 доллардан кем болбоптур. Демек, байгелери дурус эле сайылса керек?
-Сиз айткандай ал күнү жабык турнир болуп өттү. Бирок ага чыкканым жок. "Дордой" спорт клубунун атынан мен машыктырган балдарымдан үчөө финалга чыгып, экөө утуп, бирөө утулуп калды.
-Мелдеш эмненин негизинде же кимдин урматына өттү? Коңшулаш мамлекеттерден спортчулар келдиби? Дегеле жабык турнирдин ачык чемпионаттардан эмне айырмасы бар?
-Мелдеш командалык мелдешүү түрүндө болмок, Казакстандан 9 спортчу, бизден 9 бала чыгып командалык негизде мушташышмак. Бирок Казакстандан 4 гана жигит келип, алардын ордуна жергиликтүү спорт клубдардан балдар чыгып, күчтөрүн сынап алышты. Бул мелдеш эч кимдин деле урматына өтпөдү. Коммерциялык негизде жүрдү десек туура болот. Байгелерин да сурап калдыңыз, балдар бир эле мушташ өткөргөндүгүнө байланыштуу 100 доллардан алышмак.
-Алышмак дегениңиз кандай? Спортчулар эмдигиче акчаларын ала элекпи? Негизи силердики коммерциялык спорттун байге акысынан аз го?
-Туура белгиледиңиз. Арийне, коммерциялык бокс эмес, профессионалдык бокс дегенибиз оң го. Ал жердеги мушкерлер бир мушташ үчүн 200-300 доллар алышат. Биздики аз. Ошол 100 долларды дагы балдарга жөн бербей созуп жүргөндөр бар.
-Мисалы?
- Панкратион боюнча мелдеш, чемпионаттарды уюштуруп келген федерациябыздын президенти Эдил Молдалиев бу саам да бербеди. Угушубузга караганда бул турнирге Жаныш Бакиев дурус эле каражат бериптир. Биз сыяктуу тренерлердин жумушу, айлыгы бар. Ал эми жаңы чыгып аткан балдарга стимул керек да. Чынын айтсам, мен жабык турнирлерге каршымын. Анын "ырынан чыры көп".
-Жаныш Бакиевди кеп кылып калдыңыз, былтыр жайында Чолпон-Атада өткөн эл аралык мелдеште Жаныш мырза сизге чемпиондук кемерди таккан. Аны далилдеп сүрөтүңүз турат. Президенттин үкасы менен байланышыңыз барбы?
-Жаныш Бакиев биздин федерациянын ардактуу президенти. Былтыр Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда: "Куралсыз уруштар. Ысык-Көл-2008" аттуу эл аралык мелдеште Казакстан, Россия, Кыргызстандан 46 спортчу катышкан. Жаныш Бакиев уюштуруу тобунун төрагасы катары жеңүүчүлөрдүн баарына чемпиондук кемер таккан. Болгону ушул. Негизи президентибиздин иниси менен ашыкча байланышым жок.
-Жаныш мырза өзүнүн ишенген спортсмендеринин алдына машина, үй белек кылып, артына 500-1000 доллардан айлык коюп берет деген имиштер чыга калат. Сизге да чакыруу түшпөдүбү?
-Мындай маалыматтарды билбейт экенмин. Бирок мага а киши тарабынан сунуш, чакыруулар болгон жок. А негизинде Жаныш Бакиев панкратион федерациясына ардактуу президент болгондон тартып, каржы жагы жакшы жолго коюла баштады.
-Ошол Чолпон-Атадагы турнирде кимдер менен күч сынаштыңыз?
-Евразиянын абсолюттук чемпиондугу үчүн питердик мушкер Артур Цой менен чыгып, 3 мүнөткө жете бербей жеңип алдым. Артур тайбокс, самбо боюнча өткөн ири чемпионаттардын финалисти эле. Бирок өз жеримдин күчү, жердештеримдин кызуу сүрөөсү менен Кудай жалгап намысты алдырбадым.
-"Дордой" базарын мурда Рысбек Акматбаевдин балдары "карачу" эмес беле. Ал кишинин көзү өткөн соң, силер "өзүбүз карайбыз" деп чыкканыңарда Кара-Балта группировкасынын жигиттери разборка уюштуруп, базарды тартып алышкан имиш. Ошол чоң разборкада сизди да бар болчу дешет?
-Ал разборкада мен жок болчумун. Эмне болгон разборка экенин билбейт экемин. Биз сыяктуу спортчулар залда, машыгууда алка-шалка куюлган тердин мээнети менен нан таап жегендер. Албетте, тигил жээкти деле тааныйбыз. Саламыбыз түз. Бирок криминалга аралашпастан ак эмгек менен жашап келебиз. Өздөрүнчө разборка болушса болушкандыр.
-Сизди казактар "биздин желектин астында чык" деп чакырып жүргөнүнөн кабардарбыз. Андай чакыруулар азыр болуп атабы?
- Килемге чыккан алгачкы жылдарда эле мындай сунуштар болгон. Кийин катары менен Азиянын, Евразиянын чемпиондуктарын багындырганда казактар мыкты шарттардагы келишим менен чакырышкан. Барбадым. Анткени ач жүрсөм да, ток жүрсөм да өз өлкөмдүн желегинин астында чыгамын деп сөз бергем. Анын өтөөсүнө чыктым. Күзүндө панкратион боюнча дүйнө чемпионатында казактардын атынан чыгып калышым мүмкүн. Себеби, чемпионатты казактар уюштуруп бергени жатышат. Болгону бир эле чемпионат. Ал жерде дүйнө чемпиондугуна ат салышуу жүрүп жатпайбы. Болбосо...
-Айлыгыңыз канча? Негизи финалдык беттешүүлөрдөн канчалык суммада каражат аласыз?
-Бизде расмий айлык жок. Каржы маселеси сүйлөшкөнүңө жараша чечилет. Маселен, бизде бир турнирге 1500-2000 долларга мушташсаң, эл аралык мелдештерде 10 миң долларга чейин акча аласың.
-Демөөрчүлөр жокпу?
-Чоң спортто демөөрчүсүз жүрүү кыйын. Биз машыккан "Дордой" спорт клубуна Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков жана Жакып Салымбековдор колдоо көргөзүп келишет. Аскар байке жеке эле бизге гана эмес, көптөгөн спортчуларга демөөрчүлүк кылат. Арийне, анысын жар салбайт. 1993-96-жылдар ортосунда канча деген мыкты күрөшчү, боксчу балдарды мамлекет карабай койгон. Ошолордун көбүнө шарт түзүп берип, Кыргызстандын туусунун алдында чыкканга мүмкүнчүлүк берди.
-Ушуга чейин бойдок жүрөсүз. Качан үйлөнөйүн деген оюңуз бар?
- Панкратионго алгач чыга баштаган маалда болгон кыйынчылыктарга карабай чемпиондукка умтулчумун. Кийинчерээк эл аралык мелдештерде орун ала баштадым. Ушундай турнирлердин бирине мушташканы кетсем, сүйлөшкөн кызымды ата-энеси тааныштарынын баласына үйлөнтүп коюшуптур. Анан келгенде ичимен кан өтүп турса да, алардын жашоолорун бузбайын дедим. Ошентип спорт деп жүрүп убагында сүйлөшкөн кызымды колдон чыгаргам.
-А негизи кандай кыздар жагат?
- Белгилүү панткратион мушкери болгон соң көп эле кыздар өздөрү таанышат. Айрымдары ресторан, мейманканасы менен сунуштайт. Жолугуп, сыр чечишкенге. Бирок көпкөн сулуулардын сунушун четке кагам, мүнөзү жөнөкөй, жакшы, ыймандуу кыз болсо баардыгын өзүм төлөйм. Азыр мыкты спортсмендерге өзү спонсор болгон айымдар көбөйбөдүбү. Андайларга жигиттик намысым жол бербейт. Жаш кичине өтүп, көп нерсеге көз канып калган куракка келдим. Андыктан, болочоктогу келинчегимди, ыймандуу, жөнөкөй, турмушка түшүнүктүү болсо дейм. Анан, албетте, кебете-кешпири түзүгүрөөгүн алабыз да...
Семетей Талас уулу













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!