Сейрек кадр

Таалай мырза майкечен маекте
Редакциядан: Таалай Субанбеков бул сүрөткө жигиттик кылып, кап этпестир. Заманбап, мезгил папарациясына туура түшүнөттүр...

Табышмактуу ирмем. Экс-дупатат Таалай Субанбековдун жайбаракат отурган кербези. Негедир жүзү кубанычтуу, кызарып алган. Албырып.
Эң кызыгы, кайсы жерде экени белгисиз. Сейрек кадрга илиниптир эй! Үйүндөбү, ооруканадабы, же чет өлкөнүн бир бурчундабы, мончодобу, саунадабы, айтор, майкечен маекте. Бир карасаң эпос баатырларындай сүр берет. Дөөгүрсүп. А шашпай баам сала караган адамга жай сүйлөшүү, асыресе, анекдот айтып отургандай элес калтырат. Кызарып алганынан кызуубу дейин десең, Таке негизи эле ичкиликтен алыс экенин билгендер айтышат. Дагы эмнеге болжосок болот ыя? Эң башкысы, бу учурда көңүл токтой. Акыл пештеп, ойлонгон сайын алдыдагы сүрөт ойго салчудай экен. Ары жакта бөлмөлөр көрүнөт. Адам өмүрү бөлмөлөрдө өтөт эмеспи. Кыскасы, бул ирмемдин сырын табыш кыйын өңдөнүп калды. Башкы каарман өзү эле божурап бербесе...
Бекбол Айдаров




  Арзуу

Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

Кандайсыз, Мелис мырза!
Кызык, бүт баары күтүүсүздөн болду. Менин сизге болгон арзуу сезимим ушунчалык тез жана күчтүү болуп кетет деп эч качан ойлогон эмесмин. Кайсы жыл экени деле эсимде жок, бир гезитти көңүлсүз барактап отуруп, сүрөтүңүз менен чыккан маегиңизди окуп калгам. Анда чынын айтсам, анча маани берип, түшүнгөн деле эмесмин. Өтө эле жаш болсом керек. Көңүлүмдө калганы ушул болчу, көп нерсени алдын ала божомолдоп айткан, акылдуу саптарыңызды кайталап окуп койгонумду эстедим.
Анан, анан өткөндө телевизор үстүндө турган гезитти ала коюп ачсам эле алакан жайып сиз турасыз. Ишенесизби, мен аз жерден сүрөтүңүз менен сүйлөшүп ийе жаздап араң токтодум. Өзүмчө толкунданып, ар дайым жаныңызда бирге жүрүп, андан соң адашып кетип, капилет кайра жолуккан эң жакын адамдай ажарыңыз укмуш. Орунтук таап, отуруп алып акырын көз жүгүртсөм дал өзү, баягы тааныш саптар. Кайра-кайра кайталап окуп, сүрөтүңүзгө үңүлөм. А сиз болсо баштан аяк баарын жылуу жылмайган тейде, акырын айтып берип жаткандайсыз. Окуп да, угуп да, түшүнүп да, ишенип да жаттым. Анда мен чын эле аңдабаптырмын, так, таамай сөздөрүңүздү тандабаптырмын, керемет сөздөр.
Өзүмдү кармайын дедим да, "мындай адамдар бир эле үйбүлөсүнө, азгантай чөйрөгө, анан мага эле эмес, бүтүндөй эл журтка керек" деп алып кызганып кеткенимчи. Айтаарым, капа болбоңуз, арзуумду айтып алганым үчүн. Адамга болгон мындай жылуу, аяр нерсени эч кимдин тыйганга акысы жок, туурабы? А мендеги арзуу сезим меники бойдон кала берет. Эң башкысы айткан, дегениңиз ар дайым "бап" келип, бар жана бактылуу болуңуз.
Тахмина, 25 жашта, Бишкек шаары




  Жылдызы жанып

Аида Кулуева:
"Замир Мырзага турмушка чыкмакмын"
-Эркектикиндей мүнөзүңүздөн коркуп, сизден качкан мырзалар болобу?
-Албетте. "Слабый" эркектер коркот да. Андайларга мен бир топ эле үстөмдүк кыла алам. Бирок менден "күчтүү" эркектерден, албетте, жазганам, кээде коркуп деле турам. Ошондой бир адам бар.
-Ал жигитиңизби?
-Жок, сүйгөнүм. Мен аны сүйүп жүрөм, ал мени сүйбөй атат (күлүп). Курбум Айжан (Газиева) "ал деле сени сүйөт, бирок экөөң тең намыстанып атасыңар. Жок дегенде сен кылычтай болбой, кыздай болуп назданып койсоң боло" деп айтып калат. Өткөндө бир жактан сүйгөнүм экөөбүз таарынышып кетсек, Айжан ага "ой, эмне эле болуп атасың? Сен Аиданы сүйөсүң да" деп жинине тийсе, ал Айжанды кичине балача машинаны айлантып кубалады.
-Сүйгөнүңүздүн кандай жакшы, кандай жаман сапаттары бар?
-Күлкүсүн аябай жакшы көрөм. Анан темирдей мүнөзү жагат. Бирок аял кишини жылуу сөз менен эркелетип койсо болот да, сүйгөнүмдө андай жок. Көргөн жерден кыжырыма тийип, талуу жерлеримен чукуп турганды жакшы көрөт. Балким ошентип мени сынап атса керек...
-Анан сындан кантип өтүп атам деп ойлойсуз?
-Сындан өтө начар өтүп атам. Ага атайын тескери нерселерди жасайм да.
-"Слабый" деп кандай эркектерди эсептейсиз?
-Менин мүнөзүмө туруштук бере албагандарды. Көп деле талап койбойм, бирок ошону да көтөрө албагандар болот. Бирок акыркы убакта өзүмдү бир аз тыйып атам. Кечке эле "каардана" берип, жаныма келгендерди качырып ийбейин деп (күлүп).
-Өзүңүздү келечекте кандай кожойке элестетесиз?
-Негизи мага үйдө болгон жагат. Үйдө отурбай эле, кыдырып жүргөндү жаман көрөм. Жолдошума тамак жасап, төшөгүн камдап, балдарды багып, эс алчу күндөрү сейилдеп дегендей... Андай жашоону өзүм да каалап калдым, курагым ошого келип калды окшойт.
-Бойго жеткен кызга санаалаштар "турмушка чыксаң боло" деп айта беришет эмеспи?
-Андайларды өлө жаман көрөм. Апам деле "кызым турмушка чыгып, төрөп алсаң болот эле" дей берет. Баары өз убагы менен болот. Күйөөгө тиемби, тийбей каламбы, аны мен билбейм да. Эркек болсом бир жөн эле, бул күнү аял алам деп алып алгандай. А кыздар эмне "мени ал" деп жалынмак белек?
-Саясатчы мырзалардан жаккандары барбы?
- Өмүрбек Текебаев менен Алмаз Атамбаевди баалайм. Мен иштеген кафе-ресторандарда Өмүрбек Текебаев тамактанып, эс алганын көрүп калчумун, бирок жакындан тааныш эмесмин. Анан Феликс Шаршенбаевичти өтө сыйлайм.
-Аида Кулуева Феликс Кулов менен "мамилеси" бар экен деп айтып жүрүштү эле?
-Ал адам экөөбүздүн ортобузда кызы менен атасындай сый мамиле бар. Ал киши камакта отурган учурда биз түрмөлөргө кайрымдуулук концерттерди коюп барчубуз. Бир жолу Феликс Шаршенбаевичтин туулган күнүнө тушташ барып калыптырбыз. Ал киши менин жандуу үн менен ырдаганымды жактырыптыр. Кийин продюсерим экөөбүзгө материалдык жардам берип жүрдү. Ал адам менен "андай" мамилем түгүл, өзү менен дээрлик кездешпейм. Кээде гана тойлордон, кечелерден кезигип, учурашып калабыз. Мен ага ата деп кайрылам.
-А ырчы мырзалардан кимиси жагат?
-Замир Мырза аябай жагат. Мурда эле жакчу. Быйыл Жалал-Абадга гастролго барып келбедикпи, ошол жактан чогуу жүрдүк. Ал да менин баскан-турганымды, сүйлөгөнүмдү жактырыптыр. Анан менин продюсеримден "кантип эле ушул кыздын жигити жок?" деп сураптыр. Ал жактан бир тойдон кийин баардык кыздарга үй ээси жоолук берип, аны салынып сүрөткө түшүп атсам, ал да жаныма келип мени менен сүрөткө түштү.
-Замир колуңузду сураса макул болот белеңиз?
-Албетте макул болмокмун. Замир акылдуу, адамгерчиликтүү жигит да. Болгону арабыз алыс болгондуктанбы, айтор, жан дүйнөбүз алыстай сезилет. Адам катары аябай жакшы, бирок сүйүү жаатына келгенде өзүмчүлдөй сезилет. Кыздардын баары "Замир, Замир" деп атып көнүп калса керек. Мен өзүм көп телефон чалбайм, балким ошондон болсо керек, толугу менен ачылбайт. Ошол жагы мага окшош экен. Экөөбүз чогуу болсок деле жакшы болмок, ырдап жүрө бермекпиз да.
-Жигиттердин бою сиз үчүн роль ойнойбу?
-Албетте. Мага миң жолу жагып турса да, бою менден кыска болсо "чалкаман кетем". Сулуу десе сулуу, акчалуу, тим эле мени "ханыша кылам" деген бала менен бою кыска үчүн сүйлөшпөй койгом. Апам урушат, "тандап жүрүп тазга жолугасың го" деп. Өзүм да корком, кандай гана тазга туш болор экенмин деп.
-Жашоодо эмнеден коркосуз?
-Эч ким болбой калуудан, анан жакындарымды жоготкондон. Бирок өз өлүмүмдөн коркпойм.
-Саясатчылардан "мамилелеш" болууга сунуштар болду беле?
-Шоу-бизнеске аралашканы андайды уга элекмин. Бирок мурда кафеде иштеп жүргөндө аттарын айтпай эле коеюн, машинанын ачкычын колума карматып, "меники болчу" дегендер болгон. Бир жолу бир байке "көлгө барып эс алып келбейлиби" деп калды. Мен ага "макул, баралы, бирок сиз кызыңызды, мен атамды алып алайын" деп айткам. Мен эч качан андай жолго барбайм, атамдын атын булгагым келбейт.
-Бирөөгө катуу жинденгендеги Аиданын биринчи кадамы?
-Беттен ары "басып" алам. Эч качан майдалап айтышып, сөз менен маселе чечпейм. Андан көрө бир муштасам, ошол мага жетет.
-Курбулар кантип чакырышат?
-Эки атым бар. Бири - кар ханышасы, экинчиси - "черная пантера". Дайыма кара кийинип жүргөн үчүн ушинтип коюшат. Бирок жакын арадан бери курбуларым "ачык өңдөгү кийимдерди кийбейсиңби, карып кетелегиңде, азыр убактың бар" деп кыйнап атышат. Мен макул деп атам.

Бегимай БАКАШЕВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!