Шорбүгүн

Ааламга кеткен акыркы сапар
Мындан туптуура 48 жыл илгери , 1961-жылдын 12-апрелинде адам баласы ааламды жарып чыгып, космос мейкиндигине жол ачканы эсил кеткен СССР тарыхында өчпөс болуп жазылган бойдон калганын жакшы билебиз. Бул күн коммунисттер доорундагы чексиз өнүгүп-өсүүгө багыт алган улуу державанын мыкты жетишкендиги катары бааланып калган. Баа жеткис ачылыш, майрам күн.
Өксүк деген ушу тура, өткөн жуманын жекшембисинде, дал ошол 12-апрель күнү менсинген кыргыз коомчулугу өткөөл доордо өзүнүн эле арасынан суурулуп чыккан ашкере дипломат, мыкты уюштуруучу, КР президентинин администрациясынын мурунку жетекчиси Садыркулов Медет Чокановичтин өрттөнгөндөн калган сөөк калдыктарын туптуура бир айдан кийин акыркы сапарга узатуу аземин өткөрүп, "аста, секин" жерге беришти. Башкаларды билбейм, жеке менин элестөөмдө эмнегедир үзүктөй болгон үч адамдын ("шектүү" жол кырсык учурунда МЧСтин жанында дагы эки киши болгон, изилдөөчү Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулайманов. Авт. А.А.) тулку бой, дене турпаты менен арбагы, руху жана духу ай мурун эле ааламга учуп кеткендей сезилип туруп алды. Жаман көрбөгүлө, жайга берүү сыяпаты негедир мага "жасалма" болуп жаткансый берди. А бирок, айла жок экен.
Касиеттүү Байтик баатырдын сөөгү жаткан дөңсөөдөгү жайнаган момун мусулмандардын мүрзөлөрүнүн четине казылган жайга келишкен аттуу-баштуулар, чоң-кичинелер, "дос-душмандардын" дээрлик баардыгынын демдери демейдегиден башкача суз. Тирүүнүн ыйык парзы аталган бир ууч топурактарын арнап, астейдил артка чегинип жатышты. "Лам" деп ооз ачкан бир адам болгон жок. Жадакалса молдокенин жаназа кураны да угулуп-угулбай, үзүл-кесил барып бата тиленди. Дал ушул маалда мүрзөнүн баш жагында дагы бир маркумдун (укук коргоо кызматкери дешти) сөөгүн коюп жатышкан экен, аза күтүү оркестри ойноп, ок атылып кетти эле, элдин баары эки жакка элеңдеп, түшүнбөй да калышты.
Орус болсо да чоң-кичине чоролорун ээрчитип Чудинов баш, орто-жоон аткаминерлер менен оппозиция төш болуп жабыла келишти. Көпчүлүк арасынан өлкө башчысы менен Коопкеңештин катчысы гана көрүнбөдү. Кандай гана болбосун аздыр-көптүр ажонун ойдөсүнө өбөк, ылдыйына жөлөк болуп, туруп берген кечээки эле оң колун акыркы сапарга узатууга келалбай калганынын жүйөлүү себептери болсо керек, бирок...
Андан да Акүй аткаминерлеринин кээ бир үлкөндөрү маркумдун жубайына телефон чалышып, "биз дагы барып көз көргөзүп кетсек болобу?" деп чочулап, суранышканы эмнеден кабар берет. Ага Айнагүл Садыркулова "мындай учурда менин эшигим дос менен душманга бирдей ачык" деген таккесе жообун узатып коюптур. "Ала-Арча көрүстөнүнөн жай жана өкмөттүк комиссия түзүп берели" дешкен экен. Айнагүл айым туугандарына кошулуп сылык баш тартып коюшканын айтышты эле, алардын андай чечимин "абдан туура кылышыптыр" дегендердин да жоон тобун жолуктурдум.
Айтайын дегеним бул, ар бирибизге эртеби-кечпи кандай өлүм берет "ак" же "көк" деп айтыш албетте кыйын, бирок бир өмүрдө бир өлүмдүн турганы турган. Шоруң каткырлар, өткөн айдын он экисинде Алматага сапар тартып жатышып, ошол бойдон келбес жайга кетип атышканын, күлдөрү көккө сапырылып, күм-жам болуп калышарын, "жоболоңдуу" жол кырсыгы күтүп турганын кайдан билишти дейсиңер. Орой айтканда одоно, жөнөкөй эле болор-болбос жол кырсыктан ачып көздү жумганча адамды койгула, акыркы маркадагы "жапандыктардын" темир тулпары коргошундай эрип кетиптир дегенге бакчадагы бала дагы ишенбестир. Мындай "жомок" бир болсо согуш оту алоолонгон Афганистан, Ирак сымал "горячий точкаларда" болуп кетиптир дешсе, ишенбеске арга жок. А бирок алданемедей эле тынчтык өкүмсүрүп, "өнүгүп-өсүп" жаткан өлкөдөгү мындай шумдуктуу окуяга оозуңду гана ачасың.
"Бензавоз болсо да эмне кокуй" деп безилдегендердин жаагын ким жабат?
Такталбаган маалыматтарга таянсак, акыркы төрт жыл ичинде ар түрдүү себептер менен атылып, ошондой эле орду-түбү менен жок болуп кеткен карабашыл адамдардын жалпы саны 80ден ашканы айтылат. А бирок аларды жасаган кылмыштын бетин ачуу, табуу жана жыйынтыгы жокко эсе. Батынып, башка сөз айтыш да кыйын, болгону ушул, бүгүнкү күндө кыргыздын шору шорподой гана кайнап баратат.




  Тараза

Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондунун төрайымы:
"Кыргыз эч качан мокок, коркок
болгон эмес"
- Жылдыз айым, алгачкы суроону сот адилеттүүлүгү тууралуу баштасак. Азыр сиз ак-карасын ажыратып, аз-аз түшүнүп да калсаңыз керек. Дегеле бүгүн сотторго ишенсе болобу?
-Албетте, бийликтин үч бутагынын бири болгон сот бийлиги эбейгейсиз бийликке ээ экени баарыбызга маалым. Көз көрүнө адам өлтүрүлгөн учурда, мыйзамды одоно бузуп, жийиркенбестен адам өлтүргөн мыкаачылардан айбанга тете кылмышкерлерден пара алышып, таза, адилет соттордун аброюна доо кетирген соттор көп экени өкүндүрөт.
8-апрелде Жогорку сотто Назира сиңдимдин өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүү, Кылмыш кодексин 281-ст. 2б, 101-ст. 2б жана 221-ст. 2-бөлүмүнүн негизинде Ош облусунун прокуратурасы тарабынан айып коюлуп, кылмыш иши Ош облусунун ички иштер бөлүмү тарабынан сотко өткөзүлгөн. Ал эми, кылмышкер Б.Атамбаевди Кара-Суу райондук соту Р.Жусупов сот залынан актап койду. Гезиттерге мен жөнүндө жазган жалган жалаа боюнча Б.Атамбаев күнөөлүү деп табылган. Батыр Атамбаев кыргыз-кытай "Асхед" корпорациясында айдоочу болуп иштейт, ал эми ушул корпорацияны Батырдын бир тууган агасы, Керим Атамбаев жетектейт. Бул ишкана Алай районунун көмүр кенин казышат. Өлкөбүздүн кен байлыктары элдин байлыгы деп Кониституцияда бакыйып жазылып турат, иш жүзүндө болсо кытай туугандар Керим Атамбаевтерге окшогондор менен элдин кенин казышып, кыргыздын бей-бечарасына тоннасын 8-12 миң сомго сатканы аз келгенсип, балдарын өлтүрүп коюшса, элдин кенинен түшкөн акча менен кедейдин баласынын кунун сотторго төлөп бошоп кетип жатышат. Кыргыз эли качан мокок, коркок, алсыз, жалтак эл болгон эле? Биздин эл кандай кырдаал болбосун эч качан сынбаш керек. Эгер сынып калсак, анда биз элибизден, жерибизден айрылып калабыз.
- Жаңыл Алиеванын көрсөтмөсү боюнча Ош шаардык соту адилет чечим чыгарат деп ишенесизби?
-Биринчиден, Б. Атамбаевге ачылган кылмыш ишин адилетсиз караган Кара-Суу районунун соту Р.Жусуповдун ( азыркы учурда Р.Жусупов ушул ишке байланыштуу өз арызы менен кызматынан бошотулуп жатат) жана Ош облусунун сотунун чечимдерин Жогорку соттун соттору А.Мааткеримов, К.Турганбеков жана Т.Масыбаевдер чогуу карап, жокко чыгарышып, Ош шаардык соту кайрадан карап чыгышы жөнүндө чечим кабыл алышты. Бул чечим Жаңыл Алиеванын чечими менен кабыл алынган жок (сиздин сурооңуз боюнча төрайым чечим кабыл алгандай болуп калыптыр), бир нерсени айта кетейин, Жогорку соттун төрайымы Ж.Алиева, орун басары К.Момбеков акыркы убактагы чын-дили менен сот реформасы элге кызмат кылса деген, аракеттери бар экени байкалды, бул көрүнүш, албетте, сыйга татыктуу десек болот. Ал эми Ош шаардык соту адилет чечим чыгарат деген менде чоң үмүт бар.
-Бүгүнкү көйгөйлүү маселеге айланган шайлоонун шайтан оюндарына өтсөк. Президенттик шайлоону дайындаган Консоттун чечими адилет деп айта аласызбы?
-Революция болду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл төңкөрүш аркылуубу, революция аркылуубу, айтор жаңы бийликти орнотту. Мына ошондо эски парламент калып, 2005-жылы мыйзамсыз түптөлгөн парламент иштебеш керек болчу, бирок мыйзамга каршы 2005-жылы түптөлгөн парламент калды. Азыркы оппозициядагы жигиттердин көпчүлүгү ошондо депутат болушчу. Эл үчүн иштешсе болот беле? Албетте болот болчу, жок аларга депутаттыктан да бийик кызмат орундары керек болду. Парламенттин жана бийликтин ортосунда бирин-бири угуу, же болбосо сыйлоо, колдоо, түшүнүү деген парздар жокко эсе болду (ошондо да биздин Фонд кайрылуу жасаганбыз, ушул маселелер боюнча). Элге, мамлекетке пайда алып келе турган мыйзамдарды чыгаруунун ордуна, ошондогу, азыркы оппозициядагы экс-депутат жигиттер 3 жылга созулган митингдерди жасашты. Ошондой тирешүүдө же бийлик компромисстик жолдорго барбады, эркектердин кур-намыстары элдин кызыкчылыгынан бийик турду. Эмнеге мен муну айтып жатам, себеби ушул митингдер Конституцияны кайрадан кабыл алыш керек деген талаптардын негизинде өтүп жатты. Конституциябыздан тамтык калган жок быйыл кайсы Конституциянын негизинде президенттик шайлоо болуш керек? Бир сөз менен айтканда, президенттик шайлоо 2010-жылы өтсүн деген чечим кабыл алынса деле оппозициялык маанайдагы атуулдар баары бир нааразычылыктарын айтып, Консоттун жыйынтыгынан кынтык табышмак.
-Оппозицияга оюңуз тескериби?
-Демократиялык өлкө болгонубуздан кийин оппозиция сөзсүз болуш керек, бирок конструктивдүү иш алып барса, жыйынтыгында эл гана утмак.
Оппозицияда жүргөн кээ бир мырза жигиттерди мен абдан сыйлайм, ушундай татаал мезгилде ойлорун ачык айтуу үчүн жүрөктө сөзсүз жалын болуш керек. Бирок мени өкүндүргөнү мейли бийликте болобу, же оппозицияда болобу, айтор, төбөсү көрүнгөн жигит-кыздар өздөрүнүн жүрүм-туруму, бири-бирине болгон мамилеси менен жөнөкөй элге үлгү боло тургандай болуш керек болчу. Себеби, аларды көрүп коом, жаштар жакшы үлгү алмак. Анын ордуна бири-бирине болгон мамилелери, сүйлөгөн сөздөрү, сый-урматтарынын жоктугу керек болсо коомго да терс таасирин тийгизип жатат. Ал эми бийлик өз оппоненттерин сыйлай билиш керек, мамлекеттин деңгээлинде өтүп жаткан чоң ишчараларда оппозиция өкүлдөрү да чакырылып, бирге өткөзүшсө бул да болочок муун үчүн чоң тарбия болмок. Кийинки учурда бийлик да, оппозиция да өз абройлоруна доо кетирип алышты. А.Акаевдин мезгилиндеги оппозицияда жүргөн көпчүлүк жигиттер бийлик жумуш сунуштаса барышкан эмес, ошондой эле бири-бирин сатышкан да эмес. Ошол эле мезгилде бийлик өкүлдөрүнүн, өздөрү менен бирге революция жасаган пикирлеш, санаалаш жактоочуларына болуп жаткан куугунтук эл тарабынан терс кабыл алынып жатат. Эл деген чыныгы тараза, ошондуктан азыркы оппозицияга жана бийликке элдин көз карашы мындай: "Кечээ эле бирге жүргөн досторун сатышса, анда биздин, карапайым элдин тагдыры эмне болот?"-деп эки тарапка тең ишенбей ар ким өздөрүнүн өлбөс оокатын алдыга жылдырып, саясатка көңүл кош мамиле жасап жаткан учуру.
-Акыркы кездердеги саясый куугунтук, журналисттерге болгон аңчылыктын аягы кыл учунда турган кырдаалды андан бетер курчутуп жаткан жокпу?
- Республикабызда акыркы айларда өтө кооптуу, адам баласынын жүрөгүнүн үшүн алган окуялар болуп кетти. Алар ким тарабынан уюштурулуп, ким тарабынан жасалып жатканы коомчулук арасында катуу талкууга алынууда.
Ал эми журналисттерди сабап, уруп кеткендери акылга сыйбаган иш. Мейли бийлиги болобу, же оппозиция тарап болобу, парламентиби, же бизге окшогон өкмөттүк эмес уюмдар болобу, айтор, кимиси болбосун жасап жаткан иштерибиз ушул журналисттер аркылуу коомго жетип жатпайбы. Андыктан, мен айтаар элем, журналисттердин эмгеги сөзсүз бааланып, ар тараптан колдоо көрсөтүлүп турушу зарыл. Көптөгөн журналисттер үйлөрү жок, жаш балдары менен батирлеп жүрүшөт, айлыктары аз, көпчүлүк өлкөлөрдө журналисттерге жогорку денгээлде шарт түзүлүп берилет. Жок дегенде биздин өлкөдө журналисттер үчүн үй-шартын оңдоп алыш үчүн ссудалар бөлүнүп, же болбосо атайын журналисттер үчүн үйлөр курулса (укук коргоо кызматкерлери үчүн салынгандай), анда журналситтер да көз карандысыз болууга толук кандуу жетишпесе да, жарым жартылай жетишмек. Ушул маселеге президент Курманбек Салиевич балким көңүл бураар, президенттик шайлоо алдында.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!