Жетинин бири…

Будур-будур тоолордон, бука минип биз түштүк
"Чабал өрдөк мурда учат" дегендей, президенттик креслого эртелеп ашыккандар арбыды. Кыялдарында "курттары" ойноп. Ансыз да саясат деген наркотик сымал кумарлуу эмеспи, бир кирген адам баш оту менен сайылып. Анын сыңарындай, ушу күндөрү аламан байгени аңсагандар тизмеси көбөйдү. Биз чекесинен көрүнгөндөрдү тизмектейли дедик. Анан тизмебизге таза кызык фигуралар илинбеспи, биз да иле коюп иргеп, электен өткөрүп турубуз. Окурман журтчулугу бир жылмаябы, нерви козголобу, айтор көрөлү да. "Будур-будур тоолордон бука минип түшкөндөрү..."

Жан жыргаткан закондор дейби, Ыя?
Аты-жыты коомчулукка сиңбеген, таптакыр белгисиз айым. Анан эле жакында чыга калды, "мен президент болсом, жан жыргаткан закондорду кабыл алам" деп. Атаңгөрү, айран калат экенсиң. Эмне болгон "кайф" закондор? Түз эле өтмө маанисин алсак, жан жыргаткан закондор менен төшөк кумарына жаңылык киргизеби? Же мыйзамдын тилин секс-порно дүйнөсүндөй көрүп алганбы? Айтор кызык. Кыкеңдерге ушул эле жетишпей аткансып. Мындай логикасы менен биздеги "оорулуулардын" катарын толуктап жүрбөсүн? Анүстүнө жаз келгени анча-мынча чымын-чумундар да ойгонот эмеспи.

Омбу-домбу көрүнсө да мээримдүү, эй!
Кезинде "Асаба" гезитинин АКШдагы кабарчысы (Мелис Эшимкановдун эски досу), кийин төрт-беш гезитке бир учурда саясый макалаларды жаадырган "автомат" журналист, анан Турсунбек Акунду ээрчип, саясый талаа майданында бакылдап-шакылдап чыга келген. Нуке кандай гана титулдарга ээ болбоду? "Жириновский", "Саякашвили", "Көмүр королу", айтор, тагылбаган жарлыгы жок. 2005-жылкы төңкөрүшкө да катышып, анын энчисине Кара-Кечени алып, жөн албай, басып алганы эсибизде. Ошо кезде Нурлан Мотуевдин он гүлүнүн бири ачылып, ой-да чартаңбай тепкенин билебиз. Анан кудайдын көзү түз белем, ал ортодо түрмөгө да жатып чыкты (бирок мунун уландысы бар дешүүдө…). Кыскасы, "Көмүр королу" коомчулукту э-эч зериктирбейт. Эми минтип президенттикке аттанып турган кербези. Кеп өткөн-өтпөгөндө эмес, эң негизгиси "талапкер" аталышта. Баса, Нукебиз эл астында, телеберүүлөргө чыкканда өлө сүрдүү, каардуу, омбу-домбу көрүнгөнү менен бет келише сүйлөшө келсең абдан түшүнүктүү, мээримдүү жан да, атаңгөрү. Бу да болсо саясатчынын тактикалык амалдуу жүрүштөрү го сыягы…

КУру сөз, куу сүрөөндүн каарманы
Намаз окуп, ыйманды, мыйзамды сүйлөсө мындан оратор эч ким жоктой. Бирок ички дарамет күүсү башкача экен. Өткөн жылдын соңунда көрдүк, ооз көбүртө "16-декабрда бүткүл Кыргызстан боюнча нааразычылык акциясын өткөрөбүз" деп, а иш жүзүндө эч нерсе аткарылбады. Куру сөз, куу сүрөөн менен элди удургутканга аракет жасаганына баракелде. Турсунбай Бакир уулу тээ депутат, акыйкатчы кезинде саясый рейтинги бардай сезилчү. А эмичи? Өзгөчө Н.Мотуев экөө "диний тандемге" өткөнү аткарылбаган кыялдарды урдурганы кызык. Саясый шоумендердин жоруктарына күлө берип. Боор эзилмей болду го.

Бийлик менен оппозицияны чарчаткан доктор апас
Ушул күндөрү Доктор Апастын дымы чыкпай туру. Кыргыздын тузу кемип. Маскөөдөбү, кайсы коңулда жатканы белгисиз. Бирок бул "тирегибизсиз" саясый талаа супсактай сезилгенин карачы. Качан шайлоо, митингдер башталганы Кукебиз "мени президент шайламайын кыргыздар оңолбойт, жыргабайт" маанисинде жер сабап ийчү. Мунун кыйкырыгын бийлик-оппозиция тең укпай жүрөт. Же элибиз президент кылып шайлабады. Айтор, он жылдан бери Кубанычбек Апас да чарчабады, элдин эрмеги болуп. Буга медицина илиминде кандай диагноз коюларын биле албадык. Анан калса өзү да медицина илимдеринин доктору, аргасыз баш чайкатат да…

Кыргызстанга швейцариядан кийинки кыялдар
Ар качандан бир качан бум чыгарда, же президенттик шайлоо астында Жеңишбек саясый жүрүштөрүн баштайт. Эсибизде. Бу саам да жөн калбады. Анын логикасы боюнча бүгүнкү бардык талапкерлерден өзүн артык көрөт имиш. Көкүрөк койгулап чыкканына таң бересиң. Бир чети кыргыздан ушундай белгилүү наркологдор, азаматтар чыкканы да жөн жерден эмес. Кыйын элбиз. Мына ушул күндөрү Жеңишбек Назаралиев өзүнүн программасына укмуштуу идеяларды киргизип алгандай. Маселен, Кыргызстандын аймагына апийим, тамеки наркозаттарын айыл чарба иштерине аралаштыргысы келгени, ушул жол менен өлкөнү өнүктүрүүсүн да жашырбады. Башка өлкөлөрдү мисалга алып. Андан да кызыгы, ар бир жашаялмет үйбүлөгө 1 млн. сомдон берсе (үстөгү жок), ошондой эле жаңы төрөлгөн балалуу үйгө 100 миң сомдон таратат экен. Тү-үй ата, идея эмес бекен! Бүгүнкү кыйналган эл алган акчасын эгерим кайрып бербеси белгилүү да. Доктор Назаралиевди банкротко малып. Эми буларды иш жүзүндө көрбөсөк да, кыялга батып коелу, эй!

"өрттөнүп кетчүдөй" Талапкердин чатагы
Ак калпакчан бул талапкердин кайсы жоруктарын эстейли? Өз алдынча нааразылык акциясына чыкканга маш. Бирде "адам укугу" десе, бир туруп "кыргыз тили өлдү" деп кыйкырып чыгат. Бирок бийлик укпайт. Акүйдүн көңүлүн бурам деп Назарбек Нышанов бир кездери өзүн өрттөмөкчү да болгон. Кыйкырык-сүрөөн салып. Натыйжада өзүн өрттөй албады. Кызыгы, көрүнгөн маселени көтөрүп чыгып, коомчулукту козутканга далалат жасайт. Коомчулугу болсо козубайт десең. Айтор убара. Мына, ошол көп убаранын бириби, иши кылса президенттикке аттанып чыгып, натыйжада БШКдан өталбай "кырылышып" аткан кербези. Ом-ээй, мындай "үлкөн" талапкерди БШК таптакыр өткөрбөй койсо, анда Назакең өзү айтмакчы, БШК чындап чочулап атабы? Кыргыздар түп көтөрүлө колдоп кетеби деппи? Кыскасы, элди да, саясатты да жинди кылмай болдук…

Ак-баралы Айт-тикенин хохма жоруктарынан
Сыртынан карасаң түзүк эле жандай сезилет да. Анүстүнө ураандары да кудай ургандай өзгөчө, патриот чалыш эй! Бул дагы саясый күрөш кызыганда пайда болот. Кайдан-жайдан экени белгисиз. Анан эле айгай салып, өзүн эң татыктуу президент катары көрсөтүүгө удургуйт. Өзүн В.Путинге мисалдап, анын да жарлыгын ала чуркап. Айтмакчы, өткөн президенттик шайлоодо Ак-Баралы Айт-Тикенин хохма жоруктарына күбө болгонбуз. Агездеги талапкерлердин дебатында "бээ десең, төө" дегендей кеп урганы эсибизде. Ак кагазды кара боектор менен булгап, талкуу аудиториясына келгенде Айт-Тике чийимден сырт кетип, элдин эсин оодармай жайына айла жок экен, кызыгың түшкүрдүкү. Ток этерин айтсак, бу дагы оригиналдуу талапкер. "Мен эле мен" деген ураан менен жашайт. Башкалар келесоо болуп калгансып. Күйөсүң да.

Семетей Талас уулу













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!