Сынаксап

Өмүрчик түнү менен уктатпайбы?
Бүгүнкү сынаксапта кезинде Айдардын аркасы менен бутка турган, ортодо оппозициячыл депутат боло калган, СДПКчы болуп туруп, Атамбаев ушул кызматка чакырса баш тартып, Бакиев чакырса "хоп" деген өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Атаңгөрү, жеңилдигин караң...

Жолдош Жакыпов, ЖК депутаты, "Акжол" фракциясы:
-Өмүрбек Токтогулович оппозициядан аткаруу бийлигине өтөөрү менен камчы салдырбай, тың иштеп кетти. Мурда өкмөткө олуттуу сын айтып, анан СДПК партиясынын катарынан да чыгып, вицеликке барышын мен эрдик кылды деп эсептейм. Бүгүнкү күндөрү отчет бергени Жогорку Кеңешке келип калат. Баамдасам, элге иштеп берейин деп багыт алып калыптыр. Мен ушунусун абдан колдойм. Биртоп жакшы аракеттерди кылганы билинип турат. Эгерде билимин, тажрыйбасын колдонуп, алардын өтөөсүнө чыкса өкмөт дагы, өзү дагы, анан эл да утат.

Алым Токтомушев,саясый баяндамачы:
-Өмүрбек Бабанов Акаевдин баласы менен коюн-колтук алышып жүрүп бутуна турган. Кийин бул бийлик кыйнадыбы, же эски досубу, ири бизнесин сатып ийди. "Жүзү ийгиден түңүлбө" дегендей өзү дурус жигиттей көрүнөт. Россия орус элинин байлыгын армансыз уурдап, байыган олигархтарынан арылбадыбы. Бийликке такыр жолотпой коюшту. Бизде тескерисинче олигархтар бийликке келип жатышпайбы. Бизнес, байлыгын коргош максатта. Анан "ата мекендик өндүрүштү колдойлу" деп кыйкырык салышса күйөсүң. Кайсы колго илинчү ата мекендик өндүрүштү айтып атышат деп. Андыктан Бабанов бизнести же саясатты тандаса болмок. Сырттан баам салганда бизнесин коргош үчүн келгендей эле таасир калтырып жатат.

Качкын Булатов, укук коргоочу:
-Бабанов Акаевдин убагында саясатка киришпей, бизнесте жүрчү. Бизнес кылганда дагы Айдар досунун аркасында "НК Альянс" деген мунай менен шугулданган ири компания ачып, монополист болуп алышкан. Анын айынан атаандаштык болбой, жалаң өзүмбилемдиктин доорону сүрүп, өздөрү каалаган бааны коюп, чоң киреше булагына ээлик кылып турушкан. Бир эсептен туруктуу жумуш орун камсыз кылгандай көрүнгөн менен, өлкөнүн бюджети атаандаштык жоктугунан чоң чыгаша тартчу. Кийин акчанын күчү менен депутат болду. Айтылуу ноябрь митингинде чоң роль ойноп, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган. Ошондо эл "Аа, Өмүрбек акыры жашообузду түшүнгөн экен" деп калган. Бирок бийликке байлыгымды тарттырып ийемби деген коркоктук сезим менен коррупцияга кокосунан баткан мамлекеттин колтугуна барып отуруп алды. Бирдемени жалгыз өзү кыйратчу өңдөнүп. Ушунусу менен элдин өзүнө үмүт артып жүргөн зор ишенимин өлтүрдү.

Алманбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору:
-2006-жылы ноябрь митингинде Бабановдун популярдуулугу өтө күч алган. Өзгөчө жаштардын арасында. Миңдеген жаштар Өмүрбекти кумир тутуп, кээ бирлери "келечектеги президент ушул жигит болот" деп үмүт артып, романтик кыздар канчалаган кат жөнөтүшүп...
Парламентте оппозициячыл депутат катары жакшы иштеди, өзүн дурус көрсөтө алды. Вице-премьерликке барганына көпчүлүк эки ача пикир менен кабыл алууда. Айрымдары түшүнүү менен кабылдаса, экинчи тарабы кечээ эле бул жигит азыркы режимди радикалдуу сындап жүрүп, бүгүн чиновниктин чоң креслосун кучактап калганын түшүнгөн жок. Дагы бир урунттуу жагдай, Атамбаевди премьерликке барсын деп колдогондордун бири Бабанов болгон. Бирок Атамбаев өкмөтүнүн вице-премьерлигинен баш тартып койгон. Балким, бүгүнкү бийлик Бабановго баш тарта албачу сунушту айткандыр. Айласы, аргасы жоктон баргандыр. Эмне шартта барган күндө деле Бабанов ноябрь митингиндеги жалындаган аброюн өзү суу сээп өчүрүп салгандай болуп калды окшойт.

Кенжебек Арыкбаев, "Айгай" гезитинин редактору:
-Өмүрбек менен мен алгач 2005-жылы парламенттик шайлоонун алдында таанышкам. Ошол учурда ал ишине тың, тыкан, беттегенин бербеген, келечектүү жигиттей туюм калтырган. Ошондо анын "Акыйкат, калыстык үчүн эч убакта артка тартпайм. Бул сөз ар дайым көкүрөгүмдө туу болуп жүрөт" деп айтканы бар. Ушул сөз дале эсимде турат. Ноябрь митингинде жаштардын кумирине айланган. Өткөн мезгилдин аспектилери менен карап көргөндө анын максаттуу сөздөрүн колдоор элем. Бирок кийин айткан сөздөрү менен иши дал келишпегенине күбө болуп атабыз. Өмүрбектин дагы бир сапаты, өзүнө керектүү учур болгондо , күнү болобу, түнү болобу жанталашып телефонуңду табат, суранат. Ишин бүтүрөт. "Төө кыядан өткөн соң", аны менен байланышуу өтө кыйын. Бул менин жеке практикамда көргөн нерселер. Бирок, анын жакшылык, адамгерчилик деген сапаттарды баалай алганынан чоң күмөнүм бар.

Эркин Керимов, бизнесмен:
-Өмүрбек деген Айдардын кандосу, жандосу эмес беле. Ошол Айдардын көлөкөсүндө мунай империясын куруп, кыска убакыттын ичинде 100 миллиондогон долларга туйтунган киши. Кыйын ишкер, чыгаан ишкер эле дешет. Бирок анын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштей турган реалдуу долбоорлорун көрө элекпиз. Анан калктын мүлкүн эсепсиз тоногон, коррупция опсуз күчөгөн дүйнөдөгү 4 мамлекеттин ичине кирген аткаруу бийликке барды. Бирдемени өзгөртүү колунан келеби? Убакыт мындай "ак каргаларды" бат эле "ала каргага" айлантчу эле.




Ташболот Балтабаев, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
"Эл Бакиевди шайлашы кыйын"
"Аракка тойгон, алагүү 500-600 кишини 50-60 участкага айлантып добуш бердирте беришет."

-Ташболот мырза, сиздин пикириңизде өлкөдөгү негизги саясый маселе кайсы болуп турат?
-Учурда Кыргызстан үчүн эң актуалдуу маселе - президенттик шайлоо. Буга дейре көптөгөн ММКларда айтып келатам, бул президенттик шайлоону дайындоонун өзү мыйзамсыз башталды. Бакиев Конституцияга ылайык президенттик шайлоого 2010-жылдын октябрь айынын акыркы жекшембисинде катышуусу зарыл болчу. Боло турган шайлоо Бакиев башкаруусунун бешинчи жылында эмес, төртүнчү жылынын октябрына жетпей 23-июлда болгону калды. Кайсы укуктук документтин негизинде муну парламент кабыл алып берди? Ал идеянын максаты - оппозиция эсин жыйгыча, эл жайында эс алууда жүргөндө президенттик шайлоону өткөрүп, катышпагандардын бюллетендерин фальсификациялап, Бакиевге добуш бердирүү. Ушул асыл максатка "менчик", "колбала" парламенттин шайлоо кодексине киргизген өзгөртүүлөрү да далил боло алат.
-Ал эмне болгон өзгөртүүлөр?
-Жаңы Шайлоо Кодекси боюнча добуш берүүгө паспорттун кереги жок, маркировканы алып салышты. Каалаган жерге убактылуу каттала коюп, добуш берсе боло берет экен. Кыскасын айтканда, каалаган адамдар 10 жолу, 100 жолу кирсе дагы маркировка жок болгон соң аларды кармай албайсың.
-Анда баягы Акаевдин убагында алагүү болуп алып, алакүлүк жыттана 7-8 шайлоо участкасына добуш берген "дүжүр" топтор бир чардап алышат экен да?
-Ооба. Аракка тойгон, алагүү 500-600 кишини 50-60 участкага айлантып добуш бердирте беришет. Мына ушунун баары келе жаткан президенттик шайлоону бурмалоого көрүлгөн даярдыктар.
-2008-жылдагы парламенттик шайлоодо тетирисинче болбоду беле. Анда туруктуу каттоосу бар, саясый көз караштары оппозициялык жарандарды тандап туруп, ар нерсеге шылтап шайлоого катыштырбай койгон. Ошондо миңдеген адамдар жактырган партиясына добуш берүүдөн куржалак калышкан. Деги бүгүнкү бийликтин куулугуна айла жок дейсизби?
-Сиз айткандын дагы, мен айткандын дагы максаты бир. Бул процесстер элдин добушун уурдоонун, шайлоочулардын конституциялык укугун каалагандай тепсөөнүн эң жөнөкөй жолдору, шайлоонун жыйынтыгын фальсификациялоонун ыңгайлуу механизмдери. Бирок канчалык оппозиция бирикпесин, бир талапкерди чыгарбасын, эл өздөрүнүн эртеңки күнү үчүн добуш берүүгө даяр болмоюнча бийлик элге кызмат кылбайт. Мына, 27-марттагы боло турган митингге оппозиция 100 миң чакыруу барагын тараткан. Арийне, өлкөгө күйгөн беш миңге чукулу келди. Калгандары эмне кылып отурат? Ошондуктан, мен бүгүн кооптонуп турам. Президенттик шайлоого эл келбейт. Келбегенден кийин Бакиев бийлиги каалаган добушу менен кайрадан хандык такка отурат.
-Кечиресиз, баягы 1 шише арак, бир кап унга сатылган эл жок азыр. Кыргыздын саясый маданияты бир тепкичке болсо да көтөрүлгөн.
"Элине жараша оппозициясы" демекчи, эл шайлоо күндөрү укугу тебеленсе эмне чара көрүшөрүн билишпейт. Оппозиция ММКларды колдонуп элди укуктук караңгычылыктан чыгуу жолдорун көрсөтсө болмок да, туурабы? Болбосо, калк ичинде "биз добуш бергенибиз менен шайлоо комиссиялары өздөрү каалагандай санайт" деген көңүл калуу күч.
-Эми андай кемчилдиктер бар. Бир эсе оппозициянын ишмердүүлүгүнүн начардыгынан да болууда. Бирок бүт элди окутуп, үйрөтүп чыкканга оппозициянын мүмкүнчүлүгү жок да. Бул чындыгын айтканда азыркы бийликтин милдети. Сиз айткан демократиялык түшүнбөстүктөрдү, укуктук караңгычылыкты жоюу мамлекеттин мойнундагы парз. Конституцияда демократия дөөлөттөрүн карманабыз деп жазылган. Демек, буга түздөн-түз бийлик жоопкер. Туура, кине коюлду. Элди укуктук караңгычылыктан чыгарбадык деп. А бүгүнкү режим элди атайын укуктук караңгычылыкка түртүп жатышпайбы. Илгертеден бери туруктуу каттоодо турган бирөө өз участкасына добуш берүүгө келсе киргизишпейт. Сотко бар дейт. Кыргызстандын жаранынын добуш берүү укугун сот чечет экен. Мына, Бакиевдин демократиясы. Же факты эмеспи? Ошол шайлоодо массалык түрдө канча миң кишинин укугу тебеленди? Жакында шайлоо өтөт, толук бойдон фальсификацияланып. Эл Бакиевди шайлабай турганы байкалууда. Ал өзүн-өзү президент жарыялайт имиш. Андыктан элге балдарыңардын, неберелериңердин эртеңки келечегин ойлосоңор, бүгүнкү ата-энелер укугуңарды тебелетпегиле деп кайрылар элем. Бакиевдерди качанкыга чейин эркелетебиз? Бул бийлик Бакиевге атасынан мураска калган эмес. Элдин добушун каалагандай тебелегендей.
-БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилованын агынан жарылганы буга далил да?
-Президентке "сенин балаң мени өлтүрөм деп коркутту" деп баарын ачык айтып туруп качып кетип калбадыбы. АКШ президенттеринин бири Никсон бар болгону каршылаш талапкердин сүйлөшкөнүн угууга аракет кылганы үчүн, ага импичмент жарыяланып, отставкага кеткен. А бүгүн Бакиевдин шайлоо комиссиясынын төрайымы "жарылып" атса, эчнерсе болбогондой, билмексен болуп отурат. Ошон үчүн мен бүгүнкү бийликтен жакшылык күтпөйм. Бирок эл "биз добуш берип койдук, оппозиция аны коргобой койду" дебей, өздөрү да аракет кылбаса эртеңкибиз кыйын.
-А силерчи?
- Оппозиция акчасы же армиясы болбосо, бүткүл бийлик машинасы ага каршы иштеп жатса, колунан эмне келет, кантип коргойт? Оппозиция менен калк бириккенде гана жеңбесек, башка учурда жеңе албайбыз. Андай учурда бийликке кайрадан эле Бакиевдердин династиясы келет.

Бетти даярдаган Семетей Талас уулу













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!