Кан жуткан заман

Санжар Кадыралиевди атып кетишти
14-апрель, шейшемби күнү Ж.Бөкөнбаев жана С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан депутат Санжар Кадыралиевди киллерлер атып кетишти.

Депутаттын жансакчысынын айтымында, ал каргашалуу окуядан бир нече мүнөттөр мурун кызматтык "Тойота-Камри" машинасында келе жатышкан. С.Ибраимов Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Байсуу" кафесинин тушунан Санжар телефонуна бирдик жүктөтүү үчүн жансакчысын жиберет. Санжар машинадан чыгып, ал алдынча баса бергенде "тарс" эткен үн жаңырат. Ок чыгарган кылмышкер Чуйков көчөсүн бойлой Гоголь көчөсүн көздөй качкан. Жансакчысы менен айдоочусу артынан кууп жөнөгөндө, кылмышкер темир жолду кесип өтүп, Л.Толстой көчөсүндө күтүп турган ак түстөгү "Ниссан-Сефиро" автомашинасына отура калып, күн чыгышты көздөй зуу койгон. Жансакчысы машинанын артынан үч жолу атканга үлгүргөн. О.э. дагы бир тар чөйрөдөгү версияда Санжарга кол салынган убакта жансакчысы менен айдоочусу үйдө болгон. Киллер Санжардын артынан келип көкжелкеге атканда, кайран жигит акыркы деми менен кылмышкерди кубалап баратып жан берген. Коңшулары дагы Санжар атылганда короодо эч ким болбогонун айтышты.
Эртеси күнү бул каргашалуу окуяга байланыштуу Жогорку Кеңеште депутаттар жабык жыйын өткөрүштү. Эч кимиси комментарий бергенге жараган жок. Фракция жетекчиси Улугбек Ормонов гана үзүл-кесил бир нерсе айткандай болду.
Ал эми БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров "Азаттык" үналгысына: "Акжолчулар" бирин-бири кырып атышат. Себеби, башынан кандуу бийлик болуп калган. Бул бир нерсени билет, эртең чындыкты айтып койбосун деп бирин-бири "тазалай" бериши мүмкүн. "Акжолдун" атаманы Садыркулов кеткенден кийин, Санжарга окшогон карапайым мүчөлөрү эмне болуп калыптыр" деп комментарийин берди. Дагы эле А.Бекназаровдун айтуусунда Санжар Кадыралиев 2005-жылдан бери ири мүлктөрдү басып алууга, анын ичинде Баямандын базарына байланышкан чуулуу окуяларды билчү.
Күч органдарынын жетекчилери адатынча криминалдык чөйрөнүн ичиндеги чыр-чатактын натыйжасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жиберишти.
Депутат Санжар Кадыралиев 1976-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Экономика жана юриспруденция тармагында эки жогорку билими бар.
1998-2002-жылдары Кыргызстан панкратион федерациясында инструктор, 2006-жылы аталган уюмдун вице-президенти болуп иштеген. Убагында панкратион жана дзюдо боюнча өлкөнүн чемпиондугун алган.
2005-жылы Кара-Суу базарындагы ири чатакка катышкан.
2006-жылы Куршаб шайлоо округунан депутаттыкка аттанып, чоң чатак, соттошуулардын арты менен депутат болгон. Атаандаш талапкерлер Мамат Орозбаевдин шайлоочулары менен кагылышуу болуп, милийсага карабай эки тарап тең атышканга чейин барышкан.
2007-жылы парламенттик шайлоодо "Акжол" фракциясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке келген. Ошол шайлоодо Исхак Масалиев Бакиевдерден Санжар Кадыралиевди коммунисттер партиясынын атынан чыгуусун суранганда, тигилер болбой койгон имиш. Анткени, Санжар Кадыралиев Бакиев бийлиги үчүн кызмат өтөп бермек. А чындыгында зор эмгек өтөп да берди. Баямандан кийин кыргыздарды тоготпой калган өзбек депутаттар Санжардын токмогунан кийин эстерине келип калышкан.
Эмнеси болсо да кайран жигит жаш кетти. Санжар Кадыралиев 2006-жылы Куршабдан шайлоого аттанганда, мен эң алгачкылардан болуп интервью алган элем. Өзү абдан боорукер, адамгерчилиги бийик, анан кыргызга күйгөн патриот жигит эле.
Аргасыздан Бакиевдерге кызмат кылганы менен кээде алардын кылган саясатына жини келип, "түтөп" кетчү дешет. Бетке айткан да кыялы бар болчу. Неси болсо да арманда кетти сыягы. Туяк калтырбай. Үйүмдү толук кандуу бүтсөм, быйыл үйлөнөм деген ниети бар эле. Ага жетпеди. Тагдыры ушундай жазылган тура.
Семетей Талас уулу




Күнтүрмөк
Адам укугун бузган авиакомпания
Ушул жылдын 20-февралында ВМI авиакомпаниясынын ВD 991 маршрутундагы лайнерде Лондон-Бишкек каттамы менен учуп келе жатышкан пенсионерлер Өктөмхан Абдрашитова жолдошу Боромбай Калмырзаев экөөнү аталган компания өкүлдөрү Алматадан түшүрүп салышкан. Койгон дооматтары бул: 72 жашка чыккан II топтогу майып аксакал учуп бараткан учакка коркунуч туудурган имиш. Көрсө аксакал учактагы ажатканага кирем деп адашып, алардын ашканасына кирип кетиптир. Ай-талаада калган абышка-кемпир азыр авиакомпанияны сотко берип жаткан чактары.

Жан багам десең доллар жаса
Сокулук районунун жашоочусу 27 жаштагы М.М. 21-март күнү автомат ойноткон клубга барып, 100 доллар берип ойноп кетиптир. Көрсө ал доллар жасалма экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дечү эле, бул кылмышты көп созбой эле кечээ колго түшүрүштү.

Көк-Жардан чыккан көрүстөн
Эки күн мурун ушундай маалымат эшиттик. Тээ 14-16-кылымдарда Бишкектин четиндеги азыркы Көк-Жар жаңы конушу жайгашкан аймакта калдайган шаарча болуп, кайып-каскагынан эле эң коркунучтуу оору аталган "чума" кара тумоодой каптап, анын кесепетинен эл кырылып, жыйынтыгында өрттөлгөн өлүктөр дал ошол жерге көмүлгөн имиш. Коркунучтуусу бул ооруну алып жүргөн курттар эч убакта өлбөйт дешет. Сак болгой элек.

Дендароо болгон депутаттык комиссия
13-мартта каргашалуу кырсыкта жабыркагандардын "ДНК анализдеринин, о.э. кырсыкка себептер "Лексусту" сүзгөн "Аудинин" айдоочусуна жүргүзүлгөн сурактын көчүрмөсүн тергөө органдары бербей жатканын ЖК депутаты Галина Куликова жар салды.

Баары бир кетет башкага
Көргүлө кызыкты, "суу жок эле, суу жок" деп ач айкырык салганыбыз менен суу каякка куюлуп атат дебейсиңерби? Жыл сайын чегарабыз чектешкен коңшуларга бери эле жагы 24 млрд. метр куб суубуз "куюлуп"кетет экен. Анын 12 млрд. метр кубу 20 дарыя жана 8 канал аркылуу "аркырап" агып тураарын экономикалык маселелер боюнча эксперт Базарбай Мамбетов маалымдады.

Океан "аттаган" балдар
Акыркы жылдары Америкага Кыргызстандын жаш балдарынын армиясы күргүштөп эле кетүүдө. Күнүмдүк эмес, түбөлүк, янкилерге бакма бала болушуп. Өткөн жылы Кыргызстандын 78 кичинекей кыз-уулу АКШнын "арча бешигине" термелиптир. Биздики шоона эшпей калат экен эй! Гватемала деген өлкөнүн 4123 "мадрабашы" Обаманын өлкөсүнө оой "качышыптыр". Антейин десең, бир жагы бизнес да кургурдуку. Баардык чыгымын кошкондо "янки" байкең бир баланы орто эсеп менен 30 эле миң долларга алып коет экен.

УТРКнын башкы директору Мелис Эшимкановго жана "Агым" гезитинин экс-башредактору Эрнис Асек уулуна "балтыр эттери толгуча" бапестеп баккан Ат-Башыдагы
атасы Жусубалиев Бакыйдын
көзү өтүп кеткендигине байланыштуу терең кайгыруу менен азаларын бөлүшөбүз. Мелис, Эрнис, бу жалгандан өтпөгөн жан жок, атаңардын арты кайрылуу болуп, ар дайым арбагы колдоп жүрсүн.
"Учур" гезитинин жамааты

Кесиптешибиз, "Агым" гезитинин азыркы баш редактору Аскер Сакыбаевага
атасы Сакыбаев Бейшенаалынын
мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кеткенине байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жазмыш ушул экен, арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
"Учур" гезитинин жамааты
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!