"Оюн" алдында
Бир капчыгайдын суусун ичкен мыктылар
Кыргыздын тың чыкма уулдарынын катарында Мыктыбек Абдылдаевдин да орду бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматта жан дили менен иштеп, бүт өмүрүн арнаган. Бу кишини азыркы бийлик да пайдаланып, кереги жок шартта "оюндан" чыгарган. Азыр Мыктыбек байкебиз үйүндө отурат, кызматы жок. Биздин баамыбызда мындай терең адамды кызмат кызыктырбасы айгине да. Ал ушул шартта өлкөнүн келечегине саресеп салып, жакшылыкты болжоп аткан кербези. Эскертип коелу, бүгүнкү шартта М.Абдылдаевдин мамлекеттик кызматка барууга таптакыр ниети жок экен. Ал мындайда иниси Алмаздан үмүт кылышы да мүмкүн. Кантсе дагы бир капчыгайдын суусун ичип чоңойгон балдар да…

Ичтен ирип
"Бөрү баласы ит болбойт"
Соңку күндөрү СДПКчы Жусуп Жээнбеков партиялаштарынан ээндеп, тиги жээктин чоорун тартып жүргөндөй. Албетте, жең ичинен. Мындай жоругун партия лидери билсе Жусуп мырза жыга чабылбагай эле. Ата-бабанын кеменгер кебинен алыс кете албайт экенсиң, "бөрү баласы ит болбойт" дегенди эскертсек…

Кырдаал шарты
М.Конгантиевди отставкага дейби…
Журналисттердин токмок жеши, М.Садыркуловдун өрттөнүп өлүшү, депутат С.Кадыралиевдин атылышы боюнча коомчулукта ички абал курчуп, саясый баа берүүлөр башталууда. Маселен, мындай окуялар боюнча ИИМ башчысы М.Конгантиев жигиттик кылып, өз эрки менен отставкага кетсе, эп болот эле дегендер чыгууда. Өлкө тагдыры үчүн абийир кымбатпы, же креслобу? Молдомуса аке акыл чаргытып көрсө…

Ачуу чындык
Жамаачыга жарыбаган мэр
Мэр Нариман Түлеевдин башка ишмерлигине шек келтирбейли (алдыда сөз кылабыз), азырынча Бишкектин тешилген көчөлөрүн оңдосо деген тилегибизди билдирели. Борбордогу төрт-беш көчөдөн башкасы ашмалтайы чыгып, аң-чөнөккө баткан чагы. Мамлекетке карапайым шоопурлар салыкты жыл сайын төлөшөт, ошого жараша заманбап шарт түзүү керек эле. Бирок, кайрадан шоопурлардан "кайыш тилүү" сыягында саясат уланууда. Мындайда мэр жамаачылабаганга жарабаганы өкүндүрөт…

Кут жол
Аликбек Жекшенкулов сыноодо
Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун абакта жатканына 38 күн болду. Саясый кырдаал курчумайын чыкпасы да белгилүү. Соңку маалыматтарга таянсак, эл аралык коомчулукта экс-тышкы иштер министринин камалышы көңүл борбордо экен. Ага коюлган айыптарга ишенбөөчүлүк айтылууда. Дүйнөлүк саясый аренада Аликеге жасалгандай мамиле (экс-тышкы иштер министринин камалганы) дегеле кездешпей турганы факт. А кыкеңдер андайды уруп деле ойнобой калбадыбы. Айтмакчы, кечээ КМШ өлкөлөрүнө белгилүү парапсихолог (атын атабай туралык) Аликбек Жекшенкуловдун келечек тагдыры жөнүндө кызык ойду айтканы маалым болду. Кыскасы, ушул сыноодон оппозиция лидери чыкса, андан кийинкиси куттуу жол экени көрүнүп…

Арбак астында
Кыргыз тилин билбеген адам Эл Баатырлыкка татыйбы?
Өткөн жумада депутат Эрнст Акрамовду Кыргыз Эл Баатырлыгына көрсөтүү идеясы көтөрүлдү. Албетте, "акжолчулар" саздаган парламенттен. Мындай шартта аргасыз бир логикага такаласың да. Кыргыз тилин жөндөп билбеген адамга кантип Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарабыз? Башка мүчүлүштүктөрүн айтпасак да, ушуну эске алалы. "Акжолчулар" арсыздыктан Эл Баатырына көрсөтүшкөнү менен, ата-бабанын арбагы деген бар да.

Жең ичинен
Үсөн акенин "үрпөймө" саясатынан
Кайсы доор болбосун, Үсөн аке Сыдыковдун оргумай саясаты калбайт экен. Өткөндө Түштүккө барып, аксакалдар менен жолукканда арманын төккөнү, ошого катар ажонун үмүттү актабаганы боюнча аңыз кеп айткан имиш. Катуу нааразы болгон маанисинде. Бирок ошол эле учурда ойт берип, "бийликти түндүктүктөргө алдырбайлы" таризинде чакырык жасаганы айтылат. Кудай урбадыбы, кыргыз элинин келечегин Түндүк-Түштүк лидерлерине бөлүүдө эмес да. Бүгүнкү каатчылык заманда Кыргызстанга жалпы күйгөн, элине тегиз караган лидер гана бийликке келиши шарт. Үсөн аке ушул жагына акыл пештеп, аксакалдык кебин айтса болмок. Азыр да кеч эмес, татыктуу талапкерге туура баасын берип чыкканга. Бирок Ү.Сыдыковдун эрки жетеби (?), элдик лидерди айтканга. Кеп мына ушунда.

"Устукан"
Эки тоонун эрмени…
Экс-чиновник Бектур Асанов Иранга элчиликке кете турганы "бышып" аткан. Анан эле аз күндөн бери дымып калды. Көрсө, Бектур мырза эки анжы ойдо эзилип атыптыр. Кокус бийлик алмашып кетип, чоң "устукан" тийип калабы (?) деген үмүт менен. "Эки тоонун эрменин эңсеген теке" не болчу эле?

Укурук урмай
Азикенин жардамчысына коркутуулар күчөдү
Радикал оппозиционер Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Самсаалы Четинбаевге коркутуулар күчөдү. Аныгында Азикеге тиштери өтпөй. Эске салсак, М.Садыркулов өлгөн күнү (13-мартта) Самсаалы мырзанын ишканасына белгисиз куралчандар кирип келип, балдарын уруп-сабаган. Ал эми учурда С.Четинбаевге телефон аркылуу "өлтүрөбүз" маанисинде ызырынгандар күчөптүр. Кайда баратабыз?

Күчкө-күч
"Жаннаттын" алдында оппозиция митинг өткөрөбү?
Бай-баччалар сайрандаган "Жаннат" деген мейманкана бар. Эсиңерде болсо, өткөн сандарыбызда булар боюнча чуулганыбыз жетишерлик жазылган. Айталы, "Жаннат" шлакоблок менен курулуптур…" маанисинде чакан макала шилтенип кеткен. Анан ал тарап нааразы болгонунан ортого калыс адамдар түшүп, бир пикирге келгендей болгонбуз. Элдешип дегендей. Тилекке каршы, биздин жигитче сүйлөшүүлөрдү "Жаннат" тарап теңирден тескери сийе бузуп отурат. Күтүүсүз сотко сүйрөп. Мурда күнү сотко чакырыптыр, бир күн калганда. Мыйзам боюнча чакыруу кагазы төрт-беш күн мурда берилиши керек эле. "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" ишпалдасында саясат жүргүзгөнүн түшүндүк. Ушунакай чолок сезим көпкө узабасын эскертип коелук. Айтмакчы, "Жаннат" мейманканасын шлакоблок менен курулганы боюнча атайын экспертиза аныкташы зарыл (көз карандысыз), ошондо гана биз иликтешебиз. Алардын "беш жылдыздуу отель" деген жарлыгы боюнча да мыйзамдуу иликтөөлөрдү өткөзөбүз. Кыскасы, бет ачышмай фактылар эми жарыкка чыкканы калды. Ал эми эң орчундуусун айтсак (расмий билдирүү экенин эстерине түйүп коюшсун), "жаннатчылар" бийликтин заказы менен эркин басылманы муунтууну токтотпосо, анда оппозиция күчтөрү "Жаннат" отелинин астында 5-10 миң чамасында тилектештерди чакыруу менен үлкөн митинг өткөрөт. Ошондо эл аралык коомчулукка булардын жүзү кашкайып, абийири төгүлөрү турган иш. Эскертип коелук, мындай кадамдар 10-15 күндүн кийин жаралышы ажеп эмес.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!