Бал муздак эригенче

Гүлдөйжан
Назми менен Сапар Россияга кетишет
Көптөн бери чыгармачылыкта түгөй болуп жүрүшкөн Назми менен Сапар 12-майда Россия жергесине ал жактагы кыргыздар үчүн өз өнөрлөрүн арноо максатында кеткени турушат. Концерт Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Сапардын айтымында, концерттик программада жаңы ырлар да жаңырмакчы.

Бегимай
туулган жеринде
Жаш ырчы Бегимай Карабаева тушоо кесүү концертин өзүнүн туулуп өскөн жеринен бермей болду. Концерт май айынын биринен баштап он күнгө созулат. Ырчы кыз ошол убакыттын ичинде Баткендин ар бир районун кыдырганга жетишип, чыгармачылыгындагы алгачкы жетишкендиктерин жердештери менен бөлүшүүнү максаттоодо.

Камчы "дефицит" болуп атат
"Дем" театрынын белдүү актерлорунун бири Камчы Сарыбаев март айынын аягынан бери "Кыргызстан обондору" радиосунда ди-джей болуп иштеп атканын күйөрмандары билишсе керек. Ошентип колу бошобой атканда, Кыргыз драмтеатры Ысык-Көлдүн Тоңуна "Баяндуу махабат" аталган спектакли менен гастролго чыгышмай болду. Эмнеге Тоңго десеңиз, аталган чыгармадагы окуя качандыр бир мезгилде дал ошол Тоң жергесинде болуптур. Камчы ага катышып алып, дем алыш күнү кыздуу болгон досун куттуктап келгенге жетишиши керек. А досу Ошто жашайт. Ал эми дүйшөмбү күнү таң эртеден радиодогу кызматы аны кайрадан күтөт. Ошентип Камчы "дефицит" болуп жүгөн кези.

Култаевдин командасы
Кыргыз шоу бизнесинин эң көрүнүктүү өкүлү Мирбек Атабеков жана жаш ырчылар Даниэль менен Алихандын продюсери Канат Култаевдин учурда катуу иштеп аткан мезгили. Канат өзүнүн командасы менен жалаң жаңы ыр, жаңы клиптерди жаратып, айтор чыгармачылык изденүүдө. Айта кетсек, ал "Стар-Дэнс" бий тобуна да продюсерлик кылат. "Азырынча элге жарыялай турган жаңылык кыла элекпиз, бирок жаңы, жагымдуу чыгармаларды күйөрмандарга тартуулаганы турабыз" - дейт продюсер. Анда ырчы жигиттерден жаңылык күтө туралы.

Франция экинчи планда
Жакын арада ырчы Мирбек Иманбековго Франциядагы биздин жердештер тарабынан чакыруу келген. Анда алар Мирбектин ал жакка барып жеке концертин берүүсүн суранышкан. Бирок азырынча ырчы менен продюсери Асыл Апасова Францияга болгон сапарды экинчи планга коюп аткан кездери. "Анткени алдыдагы шайлоого карата колубуз бошобой калат, биз биринчиден өз мекенибиз үчүн кызмат кылышыбыз керек" - дейт Мирбектин продюсери.

Даярдаган Бегимай Бакашева




Айгерим
Расул кызы

Сүйүү
Сүйүү - бул ар бир эле адамга келе бербейт. Ал чыныгы сүйүүгө ишенген гана адамга кезигет деп эсептейм. Азырынча өзүмдүн сүйүүмдү кезиктире элекмин. Бирок жүрөгүмдү ак сүйүү ээлеп алса, жашоодон армансыз өтөөрүмө ишенем.

Байлык
Акча - азыр чоң эле ролду ойноп атпайбы. Бирок анын аркасынан кууп алуунун кереги жок. Акчанын көбү адамды бузат деп ойлойм. Адамды сынагың келсе да колуна акча менен бийликти берип туруп сынаш керек.

Кесип
Ырчылык мен үчүн хобби эмес. Ал менин жан дүйнөмдүн байлыгы, дайыма биринчи орунда турат. Бийчиликти да жакшы көрөм. Үчүнчүдөн, өзүмдү мода жаатында көп сынайм. Төртүнчүдөн, журналистика тармагында иштегим келет. Анткени, мени шоудо эмне жаңылык болуп атканы аябай кызыктырат. Кыскасы, келечекте өзүмдү шоу-вумэн же бизнес-леди элестетем.

Эркелик
Өтө эркемин. Каалаган нерсемди алдырам. Ушундай жаман адатым бар (күлүп). Дагы бир кемчилигим - аябай көк бетмин. Көбүнчө меники туура эмес экенин билсем деле өзүмдүкүн бербейм. Таптакыр эле болбой калганда гана "уступкага" барам. Анан таарынчактык жагым да бар. Бирок эки мүнөттөн ашык эч качан таарынып көргөн эмесмин.

Жигит
Жигит менен эч качан жүргөн эмесмин. Жүргөнгө жараша өзүңө жараша турган жигит таап алып, аягына чейин чыгыш керек. Анан обу жоктонуп, улам бири менен сүйлөшө бергендерге түшүнбөйм.

Курбулар
Эки курбум бар. Экөө тең бойлору узун, сулуу, акылдуу кыздар. Башында сан жеткис көп кубуларым бар болчу. Акырындап отуруп экөөнөн башка эч кимиси жок калды. Эмне себептен экенин билбейм. Балким чыгармачылыгымды көрө албай коюштубу, ким билет? Алардын арасында мени сатып кеткендер деле болду болуш керек, бирок мен андайларга көңүл бурбаганга аракет кылам. Болгону унчукпай гана кутулам.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!