Күч берен

Уултай Кадырбек кызы:
"Жеки Чан катышкан кинолорду жактырам"
Деги эле кыргыздар мушташка жакынбыз. Бет келген жоодон коркпойбуз. Эркектер менен теңата жоону чапкан кыздарыбыз да жок эмес. Маселен, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза ж.б. Болбоду дегенде үйбүлөнү тейлеп-тескеп, атанын атын чыгарчулар четтен чыкса керек. Уултай Кадырбек кызы быйыл эле мектепти бүтүп атканына карабай, бир нече жолу таэквондо ITF жаатынын өлкө чемпиону аталган. Эл аралык мелдештерди багынткан кара курчан биринчи дандагы кызыбыз менен маек кылдык.

-Көп эле спорт багыттары бар. Өзүң кыз болсоң, ким таэеквондого жетелеп келип жүрөт?
- Башында чыгыш таймашына барып, ошондон баштап машыгып калам деп ойлобоптурмун. Алгач Акай деген классташым жетелеп келип көрсөткөн, машыгып калдым. Биринчи күндөрү булчуң эттерим ооруп, жылбай калганда үйдөгүлөр "барбай эле койсоңчу" дешти. Мен намыстандым да "барам" деп көшөрүп бара бердим.
-Жылыш болуп аттыбы?
-Ооба. Сары курду беш айдын ичинде, андан соң эки тепкич өйдө көк курду алдым. Бул даражага жетиш деле оңой-олтоң иш эмес.
-Качан үйдөгүлөр "эми бара бер" дешти?
-Ошол көк курду аларда атаман ийримде катышканым үчүн акча сурап, жөн-жайды түшүндүрдүм. Атам ары карап, бери карап, "Уултай, ушу өнөрүңдү улант. Акча жагынан көп ойлонбо" деди. Азыр да үйдөн зарыл иш чыгып калганына карабай, менин машыгуума жолтоо кылбастан, мага ачык жол каалап турат.
-Атаңдын эрке кызы окшойсуң?
-Ооба. Үйдө алты кыз, бир эркек болуп, жети биртууганбыз. Эң кичүүбүз эгиздер - кыз жана эркек. Мен ортончусу болсом да, атамдын эрке кызы болуп чоңойдум. Каалагандай кийинем, ичем, ойнойм. Бул жагынан арманым жок.
-Эркелик токтодубу?
- Эки себеп менен өзү эле токтолуп калды. Биринчиси - чоң спорттун алгачкы үзүрлөрүн көрө баштаганда мүнөзүм да өзгөрүп, токтороок болуп калдым. Экинчиси - кичинекей эгиздер төрөлгөндө атам эркек баланы көбүрөөк эркелете баштады. Сырттан карасам менин атама чоеңдогонумдун жөнү жоктой сезилди.
-Быйыл мектепти бүтүп атыптырсың. Чоң окуу жайды көздөгөнүң бардыр?
-ИИМдин академиясына тапшырсамбы деп атам. Ал жерде тергөөчүлүк адистиги мага жагат. Коомдо кээ бир терс өңүттүн кесепетинен кээ бир карапайым адамдардын укугу корголбой, кордолуп келет. Ушул жаатында өз салымымды кошуп, акыйкат тергөөчүлүк иш кылып берсем дегендей.
-Сен айткан окууга өтүп, студент болуп калсаң чоң спортту таштайсыңбы?
- Окуу менен спортту жанаша алып кетүүгө болот. Мен дүйнө чемпиону болом деп жүрбөйүмбү. Анан кантип таштайм. Ошол таэквондо спорту чыккан чыгыш өлкөлөрүнө көрүнүп, кыргыздын атагын даңазалайм да.
-Дүйнө чемпиону болуш үчүн эмне жетишпейт?
-Эки нерсе. Биринчиси - каражат, дегеним, демөөрчүлөр болсо, жакшы машыктыруучуну жалдап алып, андан болгон өнөрлөрүн үйрөнүү. Экинчиси - тажрыйба. Көп-көп эл аралык деңгээлдеги таймаштардан такшалып, курчуп туруу.
-Артыңда келаткан бөбөктөрүңдүн ичинен сенин жолуңду тандап алгандар барбы?
-Азырынча айтыша элек. Бирок ата-энем спорт жандуу адамдар. Атам оор атлетика, апам баскетбол менен шугулданышат. Ошондуктан бөбөктөрүмдөн деле чыгып калаар.
-Өзүң тандаган спорт жаатынан туу туткан кыраандарың барбы?
-Ансыз болбой койбойт. Көзүм менен көрүп, колум менен кармабасам да Жеки Чанды урматтайм. Ал катышкан кинолорду жантыгым менен жатып алып көрөм.




"Кошмардын" Кличколорго тиш кайрашы
IВF жаатынын экинчи, WВО жаатынын үчүнчү тепкичинде турган Американын Кристобол Арреол деген боксчусу бар. "Кошмар" каймана аты менен профессионалдык рингде 27 таймаш өткөрүп, бардык беттеште тең ийгиликке жетишкен. Өткөн ишемби күнү аттуу-баштуу Джамиль Маклайнды кыл аркандын ичинде эсебин берди. Таймаштын соңунда титулдук салгылашууга ага-ини Кличколорду чакырып, "кезеги келип калса экөөнү кошуп, таш-талканын чыгара турган күчүм, эрким жетет эле" - деди ал.
Николай Валуев кайрадан Руслан Чагаев менен
Дүйшөмбү күнү Испаниянын Вилории шаарында орусиялык Николай Валуев менен өзбекстандык Руслан Чагаев ортосундагы матч-реваншты өткөрүү жөнүндө промоутерлер компаниялары ортосунда соодалашуу иш аземи өттү. Мында Sauerland Event 2 млн. 814 миң 414 АКШ доллары менен чоң талашты утуп алды. Эми бул компания 30-май күнү өтчү эки дөөнүн жерин, шаарын аныктамакчы. Ал эми ушу күндөрү Николай өзүнүн устаты Александр Зимин менен Жапония жергесиндеги Окинава аралында катуу машыгуунун үстүндө. Атаандашы Руслан болсо Ислам Каримовдун (президент) көрсөткөн сый-урматына маарып, машыгуунун тынымында аштан жеп коюп отурат. 30-майды күтүп коюп.
Легендарлуу Джо Фрейзер Мухаммед Алини эскерип
Бул күнү легендарлуу Джо Фрейзер ардактуу эс алууда жөн жатпай китеп жазып атыптыр. Мемуардагы шилтемдердин көпчүлүгү бокска байланыштуу. Анын бир чоң бөлүгүндө, аты айды жанган, дүйнөнүн чаңын сапырган атактуу Мухаммед Али менен болгон таймаштарына да токтолуп "1971-жылы биринчи жолу рингге чыктык. Экөөбүздүн тең буга чейин атаандаштардан жеңилип көрбөгөнүбүз күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Акчалар сапырылды. Таймаш алдында буттарым титиреди. Азыр эстесем, көлөкөмөн коркуптурмун. А күнү Мухамедди жеңдим. Чын эле гений экен. Бекер айтышпаптыр" - деп жазган.
Британдык Энди Мюррейдин максаты
Монте-Карлодо чоң турнир башталды. Бу жолу теннисчилер 2 млн. 750 миң евро үчүн кумталаада күч сынашат. Көк майсаңга көнүп, өз талантын өркүндөтүп жүргөн Энди Мюррей эмитен кооптонуп, жок дегенде чейрек финалга жетсем деп тилейт. Бул жерде көбүнчө орус теннисчилерин тыңыраак дешет. Марат Сафин менен Игорь Андреев биринчи оюндарын ойношуп, жемиштүү болгону жөнүндө кабар алдык.
Европаны багындырган ардагерлер
Кечээ жакында Австрия өлкөсүнүн Вальден шаарында Европа биринчилиги аяктады. 17 өлкө ичинен 54 курам ат салышып, күчтүүлөр аныкталды. Швейцар тартибинде 18 оюндан 17 упай топтогон Россия курамы чемпион аталды.

"Дордой-Динамого" ким келди ыя?
Келаткан ишемби күнү (18-апрель) борбордогу "Спартак" стадионунда Нарындын "Дордою" менен Бишкектин "Плаза" командалары жашыл талаага чыгышып, өлкөнүн ХVIII чемпионатын ачышат. Быйылкы жылы жогорку лигада 9 команда катталган: "Дордой-Динамо" (Нарын), "Плаза" (Бишкек), "Абыш-Ата" (Кант), "Ата-Спор" (Сокулук), "Камбар-Ата" (Бишкек), "Алай" (Ош), "Жаштык - Ак-Алтын" (Кара-Суу), "Шер" (Бишкек). Ушул командалар алгач айлампа түрү менен эки мертем тегеренип, андан соң иргелип алынган 4 курам биринчиликти плей-офф таймашында улантышып, чемпион аныкталат. Чемпион демекчи, өлкөнү беш жолу багындырган "Дордой" командасына дагы бир оюнчу толукталды. Ал Москванын атактуу "Локомотив" командасынын мыкчыгери болуп, жаштар арасында Россиянын 2006-жылкы чемпиону Максим Кретов экен.
Ал эми ФИФАнын март айындагы эсеп чоту боюнча Кыргызстандын улуттук курамы 8 тепкичке көтөрүлүп 147-орунду ээледи. Көч башында Испания, Германия, Голландия келатат.
Кубок жана бешбармак
Өткөн жекшемби күнү Нарын кыргыз түрк лицейинин 1998-жылы бүтүргөн жигиттери борбордогу Ч.Айтматов атындагы лицейде кубогу, бешбармагы менен өздөрүнөн кийин бүтүргөн инилерине футбол уюштуруп беришти. Оюнга 8 команда катышып, дарбазачы К.Султанбаев тизеси айрылганына карабай, коргоочу Э.Керимовдон топ өтпөй Р.Карыпбеков, У.Жумалиев, Д.Абдыметалиев, М.Нурманбетов, А.Байболот өңдүү форварддар Роналдо, Мессилердин "класстарынан" көрсөтүп, оюндун көркүн ачышты. Финалга чыккан 2007-жылдын бүтүрүүчүлөрү оюндун уюштуруучуларын 5:4 эсебинде утуп алышты. Жаштык кылышты көрүнөт.
"Рассвет" совхозунун кубогу
Салтка айланып калган бул мелдеш , быйылкы жылы он үчүнчү жолу өспүрүмдөр арасында өттү. 1995-96-жылдары туулган жаш балдар килем үстүндө күчтөрүн сынашты. Тиягы Ысык-Көл, Талас, биягы Сары-Өзөн Чүйдөн келишип, намыстарына бек туруп, күчтүүлөрүн аныкташты.
24 кг. - Дмитрий Моисеенко, 27 кг. - Бакыт Абдыжапаров, 30 кг. - Кадырбек уулу Чыңгыз,33 кг. -Карал Гасанов, 36 кг. - Равим уулу Турат, 39 кг. Ибрагим уулу Ислам, 43 кг. - Фурхат Сайдазимов, 46 кг. - Бекбол Жапаралиев, 50 кг. - Майрамбек уулу Анвар, 54 кг. - Сүйүнаалы уулу Мырза, 85 кг. - Арслан уулу Бакыт. Ал эми ушул балбандардын улуу муундары (байкелери) Ташкент шаарында өтүп аткан гран-при мелдешине катышып аткан учур. Ал жакка Арсен Эралиев, Улан Темирбеков, Атай Койчукулов, Азиз Бейшалиев, Султан Муктаров, Магомед Мутаев, Азат Бейшебеков, Азамат Эркинбаев, Мурат Романовдор кетишкен.
Давран Хабиров кимди былчыйтты?
Бизде профессионалдык бокстун тушоосу кесилгенине аз эле убакыт өттү. Дүйнөлүк деңгээлди чапчып, ай-ааламды сапырбаса да андагы мушкерлердин дымактары күчтүү. Он эки раундду бери койдук. Жок дегенде анын жарымы -алтыны чыдап берчү мушкерлер көрүнбөйт. Анан кантип деген суроо туулат. Бирок ошентсе да алгачкы таймаштар алдыга чоң жол ачаар деген үмүт күч алууда. Өткөн жекшембидеги таймаштардын ичинен көзгө урунттуусу болуп 72 кг. салмак чени боюнча казак өлкөсүнөн ат арытып келген Аскар Накипбеков менен республиканын чемпиону Давран Хабировдун ортосундагы салгылашуу кызыктуу болгонсуду. Жыйынтыгында техникалык нокаут менен биздин жердеш конокту жалпайта чаап салды.

Даярдаган Сурат Жылкычиев














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!