Ачылалек сандыкта...

Ошол киши
...Ошол киши жалаң көйнөкчөн. Жылаңбаш. Ошол киши отуздан небак оогон. Башкалар жамгырдан качып жүгүрүп баратышат, там түбүнө, тал түбүнө корголой калып атышат. Ошол киши эч шашпайт. Өтүп баратат. Ошол боюнча өтүп баратат. Талдын жанынан өттү, мончонун жанынан өттү, машинанын жанынан өттү. Өтүп кетти. Ошол киши өтүп кеткен талдуу, теректүү, там-таштуу, жамгырлуу көчө таптакыр ээн, таптакыр кызыксыз калды. Ошондо үшүп кеткенимди сездим. Ошондо мен да ошол кишидей жалгыз экенимди сездим. Бирок ошол кишинин бараткан жагы бар. Ал баратат. Кайда баратса да баратат. Бараткан киши үшүбөйт. Мен үшүп кеттим...
Март, 1994
Тоодо жашасам
...Тоодо жашасам. Бир кичинекей үйүм болсо. Жанында булак агып жатса. Токойлор болсо. Ошолор менен сүйлөшсөм. Тумандарды кечсем. Бир чайтулгам, бир чайдоосум болсо. Булактан суу апкелсем, бетимди жуусам. Шамалды тыңшасам. Шаңшыган бүркүттү уксам. Көрсөм, айланып учканын аскалардын башында. Чырагданымдын майы түгөнсө, айды жарык кылсам. Ай жок болсо, жылдыздардан алсам жарыкты. Алар да жок болсо, көзүмдү жарык кылсам. Эч кимди күтпөсөм, жол карабасам. Жол да болбосо ал жакка бара турган. Эч ким билбесе кайда экеними. Туман менен булуттардай жок болуп кетсем, жок болор күн жеткенде. Тарап кетсем туман менен булуттардай, эч кимди түйшүккө салбай, эч кимге кайгы-муң, санаа болбой...
1997
Унчукпаган бирөөгө
...Мен сага айтып жатам. Ким экениңи билбейм. Доссуңбу, же жатсыңбы? Ким экениңи билбей сага айтып жатам. Мындан кийин телефон чалба. Түн дебей, күн дебей телефон тыңшаган күндөр небак өткөн. Сагынган, саргайган, күткөн, сүйгөн күндөр алыста. Чарчап, терезеден тийген айды карап жатам. Бузба ушул тынчтыгымды. Сындырба жымжырт дүйнөмдү.
1997
Чопо чоор
Үкү сымалданып жасалган кымындай чопо чоор бир нече жылдардан бери кооздук катары үйдө турчу. Бир сүрөтчүнүн белеги эле. Ошол чоорго кичинекей небере уулум жан киргизди. Ойноп кармап отуруп, кокусунан эле оозуна кармап бир керемет кайрыкты созду. Бир илеп бир дем менен чыгып, бир заматта токтогон бул кайрык жай согуп турган жүрөгүмдү бир булкуп алды. Капырай, тырмактай баланын ичинде ушунча куса, күйүт болобу! Жок, балада кайдагы күйүт дейсиң! Сөз менен айтып жеткире албаган бул куса, бул муң балким, ошол чопо чоордун өзүндө чыгар. Чопону ийлеп атып, балким сүрөтчү ошол учурда өзүн кыйнаган куса менен күйүттү кошо ийлегендир, ким билет...
1997
Сагын Акматбекова





  Учур - SMS

Буга чейин камакта жаткан Ишенбай Кадырбеков мындан ары үй камагында болмой болду. Буга сиздин ой-пикириңиз кандай?

Өткөн жумада Биринчи май райсоту А.Жекшенкуловдун камакта отуруусун дагы бир айга узарткан. Бул боюнча окурмандардын пикири:

01. Аликбек ага, эгер мага бир кезде мамлекеттик кызматты туз-насип буюруп калса, кабинетиме ажолордун эмес, сиздин портретиңизди илээр элем. Сиз ага татыктуусуз.
Калыгул

02. Аликбек байке, буга көп деле эл таңгалбай калды. Бул бийликтен баарын күтсөк болот. Чыдап туруңуз, Куловго окшотуп премьерликке алып келебиз, 20сында.
1222 абоненти

03. Аликбек элдик баатыр болгону калды, кутулганда Куловдой болбосо болду.
3056 абоненти
04. Жекшенкуловдун бүгүн минтип эл башында эмес, камакта жатканы өкүндүрөт. Аликбек ага, сизди каматкандарды эл жазалаар. Ишиңизге ийгилик.
Мадияр
05. Аликбек Жекшенкулов менен Таалай Медеркуловду камагандын балакетин аласыңарбы. Эл жана Кудай бар.
"Кемпиректен" туугандары

06. Аликбек Жекшенкулов ага, сизге болгон абийирсиз күндөр да өтөт. Эч качан майтарылбаңыз. Буюрса журт башчылыгына келчү күн алыс эмес.
Каке "Кемпиректеги"




Гороскоп
20-апрелден 26-апрелге чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Кой жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келген мырзалар апта башында ишине байланышкан маселелер менен, ал эми аялзаты үй турмушу менен алектенишет. Жуманын экинчи жарымы үйдү оңдоо иштерин баштоого, жаңы эмерек сатып алууга жана кошуналар менен болгон мамилени жакшыртууга ыңгайлуу мезгил.

Букачар (21.04 - 20.05)
Букачарларга бул апта иш жаатында боло турган албан ийгиликтери менен жагымдуу болот. Өзгөчө бизнес тармагындагылардын ташы өйдө кулайт. Жума күнү алыс жолго чыгып калышыңыз ыктымал. Ал сапар да сөзсүз жакшылыктар менен коштолот.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Бул аптада мурункуга караганда өзүңүздөн өзгөчө энергияны байкайсыз. Анын жардамы менен көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн иштерди орундатып алсаңыз болот. Бирок эч нерсени тобокелчиликке салбаңыз. Бул күндөрү тобокелчиликке салынган иш сөзсүз терс жагынан чыгат. Ал эми үйбүлө маселесин апта бою түгөйүңүзгө калтырыңыз.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Аптанын башынан ортосуна чейин акча маселесине байланышкан тоскоолдуктар күтүлүүдө. Канчалык аракет кылганыңыз менен ишиңиз оңунан чыкпайт. Ошол себептен, бул аптаны "тынчтыкта" өткөрүп, олуттуу иштердин баарын эмки жумага калтырсаңыз болот. Аптанын калган күндөрү ден-соолук камын көрүңүз.
Арстан (23.07 - 23.08)
Бул жумада айланадагылар менен жакшы мамилени сактоого канчалык аракет кылсаңыз дагы пикир келишпестиктер болуп кетиши мүмкүн. Өзүңүздү токтоо кармоого аракет кылыңыз. Апта аягында ар бир кадамыңызды абайлап кылбасаңыз, сиздин артыңыздан кыңыр ишин кылып жүргөндөр болушу ыкмымал.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Бул күндөрү көптөн бери чечилбей келген маселелер чечилет. Өзгөчө үйбүлөдөгү. Жашооңуз жакшы нукка бурулганын байкайсыз. Бирок иш жаатында көзгө көрүнөөрлүк алдыга жылуулар болбойт.

Тараза (24.09 - 23.10)
Апта башында материалдык жана моралдык пайда алып келе турган долбоордо иш алып баруу сунушу түшүшү мүмкүн. Ойлонбой эле макул боло берсеңиз болот.
Чаян (24.10 - 21.11)
Алдыда келе жаткан күндөр ар кандай күтүлбөстүктөр менен коштолушу ыктымал. Жумушта болобу, жеке жашоодобу, айтор, жаңылыктар жана өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Эң негизгиси сизден ар бир кабарды туура кабыл алуу талап кылынат. Чечим чыгарарда да оргуштаган эмоциядан алыс болуңуз.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Бул жума өзгөчө аялзатынан активдүүлүктү талап кылат. Айрым айымдар жигиттер да оңой менен чече албай турган маселени өтө тездикте чечип коюшу мүмкүн. Аптанын аягында убактыңыздын көбүрөөк бөлүгүн жумшаган эмгектин акыбети кайтат.

Текечер (22.12 - 20.01)
Апта башынан аягына чейин болуп көрбөгөндөй жеңил болот. Атургай проблемалар да сизди "айланып" өтөт. Дал ушул мезгилде жакындарыңызга жакшылык кылып, алардын арасында кадыр-баркыңызды көтөрүп алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Апта аягы жагымдуу кездешүүлөргө бай.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул жумада жалаң үйбүлө маселесине байланышкан суроолорду чечүүгө туура келет. Апта ортосунда түгөйүңүз менен пикир келишпестиктер болушу күтүлүүдө. Үйбүлө кутун сактап калуу үчүн сиз сүйлөбөй кутулсаңыз болот. Аптанын дем алыш күндөрүн үйбүлөлүүлөр балдары менен өткөргөнү оң.

Балык (20.02 - 20.03)
Дүйшөмбү күнү ден-соолугуңуз тынчыңызды алат. Болор-болбос нерсеге башыңызды оорутпаганга аракет кылыңыз. Кандай нерсе болсо да, ал сизге бул жашоодо ден-соолуктан кымбат эместигин эстен чыгарбаңыз.
Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!