Айажар

"Айажарда" бүгүн да баягы эле бүтпөгөн мырзалар темасын сүйлөшөбүз. Канткенде өзүңдү сүйдүрүп аласың, кандай мырзага турмушка чыгыш керек деген суроолордун айланасында. Айтылып эле жүргөн сөздөрдөй сезилет, бирок дагы айтыла электери көп. Окуп коюңуз, кызыктуу кеңештер бар. Качандыр бир кереги тийип калар.

Эркектин тулку бою кандай болуш керек?
Эркектин тулку бою үйбүлөлүк жашоодо канчалык роль ойнойт? Турмушка чыгаар алдында кыз сөзсүз келечектеги жолдошунун сырткы келбетине көңүл бурушу керекпи? Бул туурасында айымдардын ой толгоосу...
Биринчи ой: Эркектин тулку бою сөзсүз тигиндей же мындай болушу керек деп айтууга болбойт (анткени идеалындагы мырзаны издеп жүрүп далай кыздар турмушка чыкпай калышы ыктымал). Учурда кимди жактырсаңыз, же кайсы мырза сүйүү кумарынын туу чокусуна жеткире алса, ошонун дене түзүлүшү идеалдуу сезиле берет.
Экинчи ой: Курбулар эмнегедир кең далылуу, узун бойлуу, жумасына 3-4 жолу спорт залына барып турган мырзалар жөнүндө кеп кылышат. Бирок бир күнү карасаң, ошол эле кыздардын бири бою кыска, курсагы чыккан адам менен бактылуу болуп кетип баратканын көрөсүң. Ойлонуп көрсөңүз, айым, кыргызда "чырайын чылап ичесиңби" деген накыл кеп бар. Дене мүчөсү куп келишкен, бирок үйбүлөлүк жашоого туруксуз жигиттен жан дүйнөсү таза, сизди эч кимге алмаштырбаган толук адамдын эмнеси кем?
Үчүнчү ой: "Дене бою кино жылдыздыкындай, келишкен сулуу мырзага турмушка чыккан айым кандай гана бактылуу аял" деп ойлогондор бар. Көбүнесе андай ойдогулар адашат. Сулуу мырзага башын бйалаган айым дайыма коркунучта жашайт. Ал эркек эч качан туруктуу болбойт. Мындай мырзаларга турмушка чыккан айымдар бара-бара күйөөсүн курбуларынан да кызгана баштайт. Бирок, ага таңгалуунун кереги жок.
Төртүнчү ой: Эркекке өтө арык дене жарашпайт. Чыныгы эркек булчуңу күчкө толгон, моюну жоон, буттарынын күчү бир караганда эле билинип турушу керек. Мындай мырза күчтүүлүгү, толгон энергиясы менен жашоодо каалаган бийиктигин багындыра алат. Ага турмушка чыккан айым күнүмдүк жашоодо да, төшөктө да, эртеңки күнүнө да кам санабай эле койсо болот.
Бешинчи ой: Ар бир айым мырзалар сыяктуу эле эң биринчи эркектин дене түзүлүшүн, сырткы келбетин карайт. Бул адамга жаратылыштан берилген сапат. Көпчүлүк айымдар биринчиден анын колуна көңүл бурат. Кол - эркектин эмне иш кылаарын айтып турат. Эгер учурашууда колду катуу, ишенимдүү кысса, анда ал жашоодо да так ошондой мыкты. Ал эми кыз сыяктуу акырын кармаган колдор эркектин "ак колдуулугунан", же ден-соолугунун начарлыгынан кабар берип турат. Эркектин колу бир эле "кыймылы" менен аялды же бактылуу, же шордуу кылып кое алат. Ошондуктан ага көңүл буруу керек.
Алтынчы ой: Эркекте эң негизгиси кең далы жана узун бой эмес, эң негизгиси өзүнө болгон ишеними, ички жалыны. Кандай болгон күндө да аялзатын коргоп, анын жашоосун бактылуу нукка салып кете ала тургандыгы. Анын жанында өзүңүздү ишенимдүү сезсеңиз эле болду.




Салима Балтаева:
"Сен сүйгөн эмес, сени сүйгөнгө турмушка чык"
Мырзанын жүрөгүн кантип ээлесе болот?
Эгер сиз жигитти сүйүп калып, ага турмушка чыгууну кааласаңыз, анын сунушун күтүп жүрө берүүнүн кажети жок. Өзүңүз "кыймылдаңыз". Биринчи анын ким экенин аныктап алышыңыз керек. Бул учурда сиз анын эмнени жакшы көрөөрүн, кайсы жагдайда кандай кадам кылаарын билип турасыз. Эгер ал чечкиндүү, эрктүү мырза болсо, сизге койгон "чектен" чыкпаңыз (убактылуу анын тилинен чыкпоого туура келет). Жалаң ал жактырган нерселерге сиз дагы умтулуңуз.
Эгер жакындарынын сөзүнөн чыга албаган жигит болсо, дайыма жанында болууга аракет кылыңыз, бирок ишине тоскоол боолбоңуз. Анын достору, туугандары, колдон келсе биртуугандары менен жакшы мамиле куруп алыңыз. Ага сөзү өтө турган адам менен достошуңуз. Эгер сүйгөнүңүздүн дос-туугандары менен кезиге турган болсоңуз, аябай кубанычта экениңизди билдириңиз. Жакындарынын көзүнчө ага каршы бир да сөз айтпаңыз. Ушул шарттарды так аткарсаңыз, аз эле убакыттын ичинде кантип нике шакегин тагынып калганыңызды байкабай калышыңыз мүмкүн. Андан кийинкисин өз акылыңызга жараша кыла бересиз да. Бирок "бүттү, ал меники" деп өзүңүздү "таштап" ийбеңиз. Чыныгы турмуш майданына эми гана келдиңиз.

Эркектин өзүмчүлдүгү эмнеге алып келет?
-Алтыным, өзүңдү карасаң боло, толуп баратасың.
-Биздин жумуштагы кыздар диетанын жаңы түрүн таап алышыптыр, сен да ошону кармап көрүшүң керек экен?
-Асылбачы, чарчап турам, бүгүн эмес.
-Башың ооруп атабы, чыда, меники деле ооруп атат.
-Ушул сенин жумушуң мени тажатты.
-Тамак жасаганды менин апаман үйрөнүшүң керек.
-Мен кечээки тамакты жебейм.
-Эмнеге үй чачык?
-Азыр менде акча жок (сизге тиешелүү буюмду сатып алыш керек болгондо).
Дал ушундай маанидеги сөздөрдү көп колдонгон эркекти өзүмчүл жана майдачыл деп биле берсеңиз болот. Мындай эркектер үйбүлөнүн эмес, өз жыргалчылыгын биринчи орунга коет. Жубайы менен сүйүү үчүн эмес, жөн гана үйбүлөлүү деген наамды сакташ үчүн жашайт. Аялынын да сүйүүсүнө ишенбейт. Жубайы менен болгон секс ал үчүн сүйүү жыргалы эмес, жөн гана көнүмүш адат же түгөйлүк парз катары каралат. Аялынын көзүнө чөп салган күндө да актанып койбойт, "ооба, болду, эмне экен?" дегендей мамиле кылып. Иштеп тапкан каражатынын көбүн өзүнө жумшаганга аракет кылат. Психологдордун айтымында, өзүмчүл адамдар учурунда жакындарына кылып аткан орой мамилени сезишпейт, ошол учурда аларды жоготуп алса да кайгырышпайт. Булардын жүрөгүндө өкүнүү сезими өтө кеч, айрымдарыныкы өмүрүнүн аягында гана келет.

-Эркектин тез эле ыйлап ийгени алсыздыгыбы?
-Биринчиден, бат эле ыйлап ийген адамдар эмоционалдуу адамдар болуш керек. Бирок жагдайга дагы караш керек, эркектер өзүн кайраттуу кармап турчу учурлар анан эркек көтөрө албай кеткен убактар да болот да. Андайда ыйлап ийген эркекти алсыз деп айтуудан алысмын.
-Мырзалардын аша чапкан романтик болушуна кандай карайсыз?
-Ал деле керек. Дал ошол эркекте болгон сезимталдык аялдын көңүлүн таап, сүйүүнү жаратат да. Анын аркасы менен үйбүлө курулуп, балдар төрөлүп атпайбы. Аша чапкан эмес, бирок кандайдыр бир деңгээлде романтик болгону деле жакшы.
-Үйбүлөдө аял кишинин күйөөсүнөн көп акча табышы көбүнчө эркектердин намысына тиет болуш керек?
-Азыр көп деле тийбей калды окшойт. Себеби заман ушуга алып келди. Совет учурунда ар бир эркектин жумушу бар, акча таап, аялын иштетпей эле өзү бакканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. А азыр кимдин бактысына кандай жумуш туш келсе, ошону иштеп акча таба берет. Ал эми андан өзүн начар сезген эркектерде жөн гана куру намыс болуп атат деп ойлойм. Үйбүлөнүн жакшы турмушуна аракеттениш керек. Кыскасы ким болсо да акча таап үйүн бакса болду.
-Өзүмчүлдүк эркекке тиешелүү сапатпы?
-Эркектин өзүмчүлдүгүнө каршымын. Бирок ушул күнгө чейин мырзалар элдин баарын эркектер багат деп мактанып келишет. Элин баккан кыйындар аялдардан деле чыккан да. Эркек адам өзүнөн өзүмчүлдүктү байкап калса, тез арада калтырышы керек, ал мырзага тиешелүү мүнөз эмес.
-Эркектин дене түзүлүшү үйбүлөлүк жашоодо роль ойнойбу?
-Негизи кыздар жаш кезинде өзүнүн келечектеги күйөөсүн кең далылуу, узун бойлуу, эр жүрөк азаматты элестетет. Бирок турмушта бардык нерсе кыялдагыдай болбой калат. Карасаң узун бойлуу кызга кыска бойлуу жигит туш келип калат, же тескерисинче. Бирок алар ошол учурда деле бактылуу. Мындан дене түзүлүш үйбүлөлүк жашоого таасир этпейт деген бүтүм чыгарсак болот. Негизгиси адамдардын жан-дүйнөсү келишип, бири-биринен тажабай тургандай болуш керек.
-Кандай адамга турмушка чыгыш керек?
-Буга чейин эле айтып жүрүшөт "сен сүйгөн эмес, сени сүйгөн адамды танда" деп. Турмуш курууда ошол принципти колдонсо жакшы болот го деп ойлойм. Аял кишиге негизи аны коргоп, сыйлап ала турган түгөй керек. Анан, албетте, "мени сүйсө болду" деп отуруп албаш керек, ага да жылуу сезимдер менен мамиле кылган жакшы. Айтайын дегеним, турмуш курууда биринчи орунда сезим турат. Экөөнүн сезими, максаты, багыты бир болуусу зарыл.














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!