Учуртасма

Айбек Дайырбеков, кино режиссер:
"Өзбек ырчысы кыргызча ырдайт"

Кыргызстанда биринчи жолу коңшу өлкөлөрдүн тасмаларын кыргызчалаштырып чон экранга, кинотеатрларга прокатка чыгаруу башталды. Муну жаш режиссер Айбек Дайырбеков ишке ашырууда.


-Эмне үчүн Голливуддун кинолорун эмес, кошуна өлкөнүн кинолорун кыргызчаладыңар?
-Биринчиден, Голливуддун кинолору Кыргызстанда кинотеатрларда коюлуп жүрөт. Бирок, Кыргызстандын кинолору АКШда коюлбайт. Башкача айтканда, кинодон түшкөн акча аз болсо да чет өлкөгө бир тараптуу кетип жатат. Central Asia Film баштап жаткан иш эки тараптуу болгондуктан, өзбек фильмдери Кыргызстанда көрсөтүлүп, ал эми кыргыз кинолору Өзбекстанда көрсөтүлөт. Экинчиден, Голливуд кинолору кинопленкада болгондуктан, аларды кыргызчалап пленкага которуу кеминде эле 50 миң долларды талап кылат. Бул сумма Кыргызстандагы прокаттын эсебинен өзүн өзү актабай калышы мүмкүн.
-Кыргызстандын кино ишмерлери үчүн мындай долбоор канчалык пайда алып келет?
-Кыргыз кино тармагы үчүн баардыгы 6 миллион калк болсо, Өзбекстанда 27 миллион калк бар. Эсептеп көргүлө, 6 миллиондон кино өзүн-өзү бат актайбы, же 33 миллион көрүүчүдөнбү? Кыргызстан менен Өзбекстанда жалпы бир кинорынок түзүүдөн эки тарап тең утат. Ошондой эле кыргыз кино тармагын жана маданиятын Борбор Азия калкынын арасына кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.
-Анда Өзбекстанга прокатка бара турган кыргыз киносу кайсы?
-Учурда Өзбекстандын рыногун изилдеп жатабыз. Буюрса Эрнест Абдыжапаровдун "Ашык болгон ууру" кинотасмасы Ташкентте жайында прокатка чыгат.
-Central Asia Filmдин баштап жаткан иштери кыргыз тилине салым кошо алабы?
-Бүгүнкү күндө сатылып жаткан тасмалардын баардыгы орус тилинде кетип жүрөт. Алдыга койгон пландарыбыз аткарылса, дагы 5 жылдан кийин DVDге чыккан кинолордун 50%ынан көбү кыргыз тилинде чыгып калат. Бул жактан биздин биринчи ийгилигибиз, "Ажал жолундагы сүйүү" фильминдеги саундтрек катары колдонулган "Тилегим" деген ыр дагы кыргызча которулду. Ырдын оригиналын өзбек тилинде ырдаган өзбек ырчысы Инди эле, аны кыргыз акыны Медер Осмоналиев кыргызчага которуп берди. Анан ал ырды Инди өз үнү менен кыргызча ырдады. Адатта кыргыз ырчылары өзбекче ырдашчу. Өзбек ырчысынын өзбек ырын кыргызча ырдашы тарыхта биринчи жолу болуп олтурат.
-Сиздер кыргызчалаган тасмаларды силерден башка эч ким колдоно албайбы?
-Кыргыз тилинде прокатка чыккан фильмдердин баардыгы прокат мөөнөтү бүткөн соң тасмалардын эфирдик укугун кыргыз телекомпанияларына өткөзүп беребиз.
-Биринчилерден кылып тартуулай турган фильм кайсы?
-Өзбекстандын "Ажал жолундагы сүйүү" деген тасмасы. Анда ак менен каранын, аруулук менен ыпластыктын кагылышы сүрөттөлөт. Татаал тагдыр бала кезинен кылмыш жолуна салып койгон Жафар менен бардар адамдын эрке, бирок эне мээримине зар болуп чоңойгон кызы Лоланын ортосунда жаралган махабат көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт. Учурда аталган кино "Central Asia Film" кинокомпаниясынын заказы менен "Sonun music" компаниясы тарабынан кыргызчага которулуп, үндөштүрүү иштери жүрүүдө. Кыргызчасын КРнын Эмгек Сиңирген артисти Замир Сооронбаев, Асема Токтобекова, шаардык жана "ДЭМ" театрларынын жигиттери үндөштүрүшүүдө. Бул тасманын бет ачаары 23-апрель күнү "Манас" кинотеатрында орун алып, ушул жерде прокатка коюлат.
Бегимай БАКАШЕВА




  Кой терисин жамынып…

МУФТИЙ "ДИНИЙ" САЯСАТЧЫБЫ ЖЕ БИЙЛИКТИН КАМЧЫСЫБЫ?
Акыркы күндөрү басма сөз каражаттарында дин маселелеринин айрым көйгөйлүү жактары көп жарыялана баштады. Өзгөчө мусулмандардын жетекчилеринин иретсиздигин, шалаакылыгын сындаган толгон-токой пикирлер көптөн бери айтылып келүүдө.
Бүгүнкү кепти муфтинин кантип саясатчы болгону тууралуу бир портреттин тартылышына бурсак, ошондо "бийликтин чабылган камчысы" өзүнөн-өзү сороктоп чыга калаар.
Кыргызстан мусулмандарынын жүзү, же башчысы болгон адамдын бейнесине саясый штрихтер тартылып кеткени, ислам этикасына, дегеле руханий, диний адам үчүн ылайык келберин ар ким боолгоп тураары анык.
Муфтинин "Ачык саясат" (7-октябрь, 2008-жыл) газетасында жарыяланган интервьюсунда: "Кыргызстан мусулман укугун алган өлкө, бирок бизде дин өкмөттөн ажыратылган. Ошон үчүн муфтият өкмөттүн жүргүзгөн саясатына кийлигишпейт", - деп бийликтин саясый ишине кийлигишперин айтат. Бирок, муфтий башында өлкөнүн 80 пайызы мусулман деп жатып, кийин 85 пайыз деп калганына жана "Кыргызстан ислам укугун алган өлкө" деген пикирлерди сиңирүүгө аракеттенгенине караганда, Кыргызстанды саясат аркылуу исламдаштыра албай, же исламды саясатташтыра албай жүргөндөй таасир калтырат. Дегеле Кыргызстанга ислам укугу кайдан келген? Муфтий эмнеге негиздеп бул сөздү айтууда? Же мыйзамдын кайсы бир жеринде биз түшүнбөгөн өлкөгө ислам укугу берилген "ньюанстары" барбы? Айтор бул сөз менен далай суроолор чыкчудай.
Эми Муфтий Мураталы ажы Жуманов диний элдик демократияны кандай колдогонунан кепти улайлы. "Кыргыз туусу" газетасында (13-январь, 2009-жыл) жарыяланган "Динге, демек, мыйзамга да кылдат мамиле керек" деген материалда муфтий президентке, ЖКнын төрагасы А.С. Тагаевге жана ЖКнын депутаттарына жаңы дин мыйзамын колдоп беришин суранган кайрылуусунда мындай жазат: "Жаңы мыйзамда дин тутуу эркиндиги чыныгы "диний элдик демократия" принцибинде жазылган десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан, биз жалпы Кыргызстан калкынын 85%ын түзүүчү мусулмандар жаңы диний мыйзамды толук колдойбуз… биздин элдик чыныгы демократиянын өсүп-өркүндөөсү үчүн тарыхый бүгүнкү зарылдык катары баалайбыз… Элдик патриот президент катары бул жаңы диний мыйзамга ак жол тилеп, ак батаңызды берип…", - деп кайрылат. Албетте, баарыбыз мамлекеттин коопсуздугун, өнүгүүсүн жүрөгүбүз менен сезип, кош колдоп колдобой койбойбуз. Бирок, диний жетекчи Кудайды, Пайгамбарды унутуп, Президенттен бата тилеп, демократиянын өсүшүн колдоп жибергенин эмне деп айтабыз. Эгер диний эмес адам болсо анда башка кеп. Ушул кайрылуусунда муфтий бир да жолу Кудай деген сөздү колдонбоптур. Жок дегенде президенти, эл-жерди Кудай колдосун деп койсо болмок да. Керек болсо, президент эмес, диний адам дуба (бата) кылса ыңгайлуу болот. Баса, демократия демекчи алыстагы эмес, өзүбүздүн коомдук ишмер Салижан Жигитовдун акыркы интервьюсу эске келет: "Эми демократия деген өзү батыш элдери чыгарган, батыш коому жараткан бир саясый көрүнүш. А бизге демократияны суутуп коюппу, улутпуз деп аталагандан эле тоталитардык режимде жүрдүк. Падышалык өкмөттө же Кокон хандыгында эмне, демократия бар беле? Бул кыргыздын жарма патриоттору чыгарган кызылдай калп. Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия?...". Мына ушундай пикирлерди дүйнө элинин кайсы бурчунан болбосун табасың. Мен муну менен демократияны жерип жатканым жок. Болгону, адамдардын ар кандай пикирлерине саресеп салуудамын. (демократия, саясат жана дин тууралуу кеп өзүнчө тема, ага да кезек келер) Исламдын функциясында демократияны өнүктүрүү, саясатка аралашуу деген барбы? Менимче, жок. Исламдын талабы: жогорку адеп-ахлакты калыптандыруу, адамдын ички руханий дүйнөсү менен Кудайдын алакасынан турса керек. Демек, дин башка, саясат башка болсо, анда жогоруда муфтий колдогон демократия президентке жагуучулук, көрпенделик катары бааланабы? Өлкөнүн руханий жетекчиси пенделиктен өйдө чыгалбай калганбы? Атаганат… Ыйса пайгамбар кудайдыкын кудайга, падышаныкын падышага тапшыргыла дегени ушул жерде таамай айтылган белем. Тактаганда, азыркыча саясаттыкын саясатка, диндикин динге берүүнү жана экөөнүн өз чеги бар экендигин айткан го. Муфтилик даражадагы адам дин менен мамлекеттин ортосунда өткөн ичке кызыл сызыкты ажыратууга такыр эле чама-чаркы жетпей отурганын карасаң…
Ошентип, өйдөдө айтылган "муфтият өкмөттүн жүргүзгөн саясатына кийлигишпейт" дегенин "Апта" газетасы (11-январь, 2007-жыл) "Алланын үйүн тазалайлы дегенбиз" деген А. Орозовдун интервьюсу төгүнгө чыгарат: "Муратаалы ажыга кирип жолуктук…30-декабрда окула турган Курбан айтты орустардын майрамына 31-декабрга жылдырдыңыз десем, "Мага мамлекет ушундай указ чыгарып берген" дейт. Мамлекет динге кийлигишчү эмес эле го…", - деп жазылат. Бул берилген эки маекке анчалык деле кеңири түшүндүрмө берүүнүн кажети жокко дейм. Анткени, кемчилиги өзүнөн-өзү оркойуп чыгып турат. Диндин өлкөдөгү позициясын туура билдиримиш болуп, зарыл жерде "мамлекеттин указын" бетке кармай калып, кубулуу өзгөчө диний башчы үчүн уят болуунун эң жаман түрү. Ооба, мыйзам менен эсептешүү керек. Бирок, мамлекет намаз окуу маалын аныктай тургандай болсо, жана аны муфтият аткара турган болсо, анда өкмөттүн жүргүзгөн саясатына кийлигишпейт деп айтпаш керек болчу. Же муфтий саясатчынын ролун аткарып жаткандагысыбы. Же бийликке жакшы көрүнөйүн дегениби? Баса, ушул жерде "Апта" газетасынын ошол эле санындагы "Адалсынган молдонун үйүнөн доңуздун башы чыгабы?" аттуу А. Юсуповдун интервьюсунда: " -Диний башкармалыктар өлкө саясатына абдан керек эмеспи?
- Бул сөздөрүңдү М. Жуманов өзү далилдеди. Кыргызстанда 2000 мечит болсо, ошолор К. Бакиевге 2000 штаб болот деген. Ошондуктан бийликтегилер муфтийди алмаштырганга анча шашпайт. М. Жуманов А. Акаевди качып кеткен акыркы сааттарга чейин колдоп мурдагы оппозиция, азыркы бийликти согуп турду. Мындай көп жүздүү кишилер динге жакындабашы керек…", - деп Муфтинин жүзүнө дагы бир боек кошуп, "имам"-молдо эмес ашынган диний-саясатчынын түсүн ачат.
Ошондой эле анын портретин дагы даанарак тартууда "Биздин чоңдорду четинен кудай уруп жатпайбы" аттуу интервьюда ("Ачык саясат" №35 26-декабрь, 2008-жыл) Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов тууралуу "Кыргызстандын мыйзамсыз муфтийи… ал эми 2002-жылы август айында мыйзамдуу муфтиятты мыйзамсыз түрдө, баскынчылык жол менен Мураталы ажы Жуманов түн жамынып, түнкү саат 12де муфтияттын имаратынын эшиктерин талкалап, шериктери менен биргеликте милициялардын күчүн колдонуп басып алган… ошондон бери биздин муфтий Муратаалы ажы мусулмандардын кызыкчылыгын коргобой, бийликтин камчысын чаап жүрөт…" - деп дагы бир ачык түс чачат. Ал эми муфтий мамлекеттик KG номуру менен жүргөнүн айтса таза эле мамлекеттик чиновниктин диний титул менен жүргөнүндөй маанай жаратат.
Анысы ал, Али Караевдин "Апта" (№33 (253) 18.12.08) газетасындагы макаласы Муфтинин көп фондуулугун дагы бир ирет тастыктайт: "Бирок намаз башталбай эле митинг башталып кетти. Муратаалы ажы туптуура 28 мүнөт сөз сүйлөдү. Муфтий Кыргызстандын элин Курбан айт майрамы менен куттуктап, бирок сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн ушундай намаз окууга шарт түзүп жаткан бийликке ыраазылык билдирүүгө жана башка динге кирип кетип жаткан кыргыз "мусулмандарына" насаат айтууга арнады…", - деп муфтий Кудайды унутуп калганын, ошол жерде жок башка диндеги кыргыз "мусулмандарына" кайрылганы жазылыптыр. Айнанайын, жарыктык киши бийликке минтип жагууга аракет кылбай койсо деле, а түгүл бийликке кудай сөзү менен насаат айтып, окутуп ийсе да бийликтегилер таарынбай "кудай деген киши да" деп сыйлайт эле го.
Белек ТУЛПАР












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!