email • архив • редакция  Башбарак   



  Оппозиция үмүттө

Темикенин тескери кетмейинен
Кечээ БЭКтин саясый бюросу "Форум" ишканасынын имаратына чогулуп, оппозициядан бир лидерди алып чыгууну сүйлөшүштү. Тилекке каршы, президенттикке бир талапкерди алып чыгуу боюнча талаш-тартыш жүрүп, жыйын үзгүлтүккө учурады. Эл күткөн ушул сүйлөшүү боюнча "Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси Алманбет Шыкмаматов буларга токтолду: "БЭКтин саясый талкуусунда президенттикке тапапкерди кол көтөрүү боюнча аныктоо жүрдү. Катышкан 13 адамдын 11и Алмаз Атамбаевге кол көтөрсө, анын ичинен Темир Сариев кайдыгер болгонун билдирди. Ал эми Алмаз мырза өзүнө кол көтөрмөк беле (?), калыс мааниде тилектештерине кошуларын билдирсе керек. Ошого катар Исмаил Исаков "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин "парламенттик республика болобуз" деген идеясына каршы турганын айгинеледи. Менимче, мындай талаш-тартыштар бир чечимге келиши мүмкүн" деп билдирди.
Ал эми ушул күндөрү калың журт оппозиция ичинен бир лидерди күтүп атса, ортодо Темир мырза сыяктуулар каршы чыкканы оппозицияга көө жаппайбы? Мындай фигуралар бийликтин жашыруун оюну боюнча эмгек кылышын айтышууда. Аны эртеңки сөз дейли. А кечээ БЭКтин саясый бюросуна чейин "Азаттык" үналгысынан Азимбек Бекназаров СДПК лидери Алмаз мырзага токтой турганын кыйыткан. Ток этери ушул.
Кыскасы, оппозиция эртең-бүрсүгүнү анык лидерин көтөрүп чыгарына ишенели. Бул боюнча Өмүрбек Текебаев баштаган лидерлер бекем тураарына үмүтүбүз бар. Албетте, элдин жаркын келечеги үчүн.
Асланбек САРТБАЕВ














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!