Аламандын алдында

Президенттик шайлоого сереп
Нур Омаров, саясат таануучу:
"Оппозиция амбициясын ооздуктай аларын далилдеди"
"Өмүрбек Текебаев менен Азимбек Бекназаровдун шайлоого чыгуудан баш тартканын бүгүнкү оппозициянын өсүп жетилгени деп түшүнсө болот" - дейт саясаттаануучу Нур Омаров. Анын айтымында, бул лидерлер көздөгөн максатка жетүү үчүн өз амбицияларын ооздуктай алышарын далилдешти. "Бүгүн оппозиция келаткан президенттик шайлоодо жеңүүгө эмес, шайлоо процессинин реформаланышына пайдубал түптөөгө аракеттениши керек" - деп кошумчалайт ал. Келаткан шайлоодо оппозициянын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү азыраак деген пикир менен Нур Омаров макул. "Бирок, баары бир оппозиция алдыдагы шайлоого катышуусу зарыл. Катышпай койсо өздөрүнүн алсыз экендигин көрсөтүп коюшат.

Курманбек БАКИЕВ, КР президенти:
"Тобо кылдым, бир-эки жөтөлүп, чүчкүрүп койсо эле…"
Президент Курманбек Бакиев куландан соо экенин далилдөө үчүн журналисттер менен бак тигүүгө чыгып келди. Буга чейин оппозиция шайлоого чыгууга тоскоол болчу оорусу бар деп айткан эле. Президенттин айтымында, былтыр бутунун муундарын Германияга барып дарылатып келген, ошондон бери ден-соолугунда эч кандай орчундуу деле маселе жок. "Менин ден-соолугум абдан жакшы. Мен ачык эле айтып коeюн, мен Кудайга миң мертебе ыраазымын, мага ушундай жакшы ден-соолук бергени үчүн. Күнүгө эртең менен бир саат: 6 жарымдан 7 жарымга чейин спорттук көнүгүү жасайм. Бир гана учурда эс алам, базар күнү. Жөн гана басып жүрбөй, тердегенге чейин, демек ден-соолук жакшы болгон үчүн жасайсыңбы ошону? Оорулуу адамга окшоп турамбы мен? Мен кээ бир биздеги саясатчыларга айткым келет, өтө эле президенттин ден-соолугуна көңүл бурушуп, "ооруп калыптыр" дешет. Президент деле тирүү адам да. Сиз деле жөтөлөсүзбү, анча-мынча шамалдап калганда? Бир-эки жөтөлүп, чүчкүрүп койсо ооруп калыптыр деген, тобо кылдым, билбейм эми...",-деп айтты Курманбек Бакиев.

Ажо Мадумаровду же
Султановду алып чыгышы мүмкүн
Курманбек Бакиев өз ордуна Адахан Мадумаровду, же Марат Султановду сунушташы мүмкүн. Мындай ойду БЭК штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, БЭКтин кыймыл аракеттери Курманбек Бакиевдин экинчи мөөнөткө барар-барбасынан көз каранды. Бекназаровдун билдиргенине караганда, Бакиев шайлоого өзү барбай, башка талапкерди алып чыгуусу мүмкүн деген дагы ыктымалдуулук бар. "Бул талапкерлер Мадумаров менен Султанов болушу мүмкүн. Эгер ушул божомол туура болсо, көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн", - дейт Бекназаров. Дал ушул максатта оппозиция бир лидердин атын атабай, "Акжолдун" съездин күтүп отурат. "Акжолдун" съезди болсо дагы кийинкиге жылдырылышы мүмкүн деген пикир дагы жок эмес. Мындай шартта эки тарап бирин-бири күтүп отура беришеби?




  Ачуу сөз

Асия САСЫКБАЕВА,
"Интербилим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"Фашисттик идеологияга түшүп баратабыз..."
- Асия айым, улам эле оппозиция лидерлерине кылмыш иши козголуп атат. Мына кезек эми Иса Өмүркуловго келиптир. Дегеле бул жосундарды кандай баалайт элеңиз?
- Биздин бийликтегилер кыргыз эли эч нерсени түшүнбөйт деп мал катарында көрүшөт окшойт. Ошол эле Иса Өмүркуловду ала турган болсок, эмне үчүн ушул күнгө чейин жөн жүрүшүп, эми кылмыш ишин козгоп атат. Эл мунун баарын көрүп турбайбы. Бийликти сынга алган оппозициялык багыттагы саясатчылардын баарына эле болгон шылтоону издеп, кезек-кезеги менен эле кылмыш ишин ачып атышат. Бул бийликтин алсыздыгы. Бийлик чындап эле өз ишин так аткарып, күчтүү болсо, элдин көйгөйүн чечип туура жолго баратса, мамлекеттин кызыкчылыгын коргосо эл деле колдомок да. Кийинки мөөнөтүнө жөн эле көтөрүп алышмак. А бизде кандай болуп атат? Азыр бүгүнкү бийликке нааразы болгондордун саны күн санап өсүүдө. Элдин итиркейи келип, бүгүнкү бийликти көрөйүн деген көзү жок. Колдорунан иш келбей, эл ишениминен чыккан соң, бийликке каршы сын айткан оппоненттерин ар кандай жолдор менен тазалап атат.
- Кээ бир серепчилер катары менен козголгон кылмыштарды репрессиянын желаргысы катары баалашып атат. Ушул туурабы?
- Мен бул пикирге кошулам. Репрессия деп эле айтаар элем. Канчалаган адамдарга куугунтук болуп атат. Мисалы, Жекшенкулов камакта. Исмаил Исаковго, Иса Өмүркуловго, Эмил Каптагаевке, Эркин Булекбаевке кылмыш козгоп койду. Чындыкты жазган эркин журналисттерди бычактап-сабап кетип атышат. Кээ бир оппозиция лидерлери жөнүндө ыплас макала, сүрөттөрдү жарыялап жатышат. Ушундай булганыч ыкмаларды колдонуп аткан соң деңгээли өтө эле пас десем болот.
- Президент Бакиев оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин дагы бир жолу айтты. Сүйлөшүүгө такыр мүмкүн эмеспи?
- Даярмын деп сөз менен айтып койгон менен, ошону ишке ашыра албай жатпайбы. Биринчиден, оппозиция өкүлдөрү менен өзү сүйлөшүүгө чыккан жок. Досбол Нур уулу баштаган топту жиберип койду. Экинчиден, ал келген адамдары оппозиция менен тил табышып, бир маселе чече алышкан жок. Үчүнчүдөн жолугушуунун өзү сабатсыз уюштурулганы көрүнүп турат. Ал жерге эки тараптын ортосуна түшүп бере турган нейтралдуу адамдар чакырылышы керек болчу. Өкмөт, бийлик бирди айтып, башканы ойлоп, жасаганда такыр башка ишти жасаганына биз көнүп деле калдык, бул жаңылык эмес. Бир катар өкмөттүн лидерлери бир нече кундөн бери катчылык менен жолугуп, президент менен жолугууну талап кылып жатышат. Бирок катчылык өзүнүн күн тартибин айтып, бүгүнкү саясый ахвалды президент менен талкуулоого жол бербей жатат.
- Оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин шайлоодон баш тартканын кандайча кабыл алдыңыз?
- Мен туура эмес кадам болду деп эсептейм. Талапкерлигин коюш керек болчу. Күчтүү лидер катары Бакиев бөлүп келген элди кыска мөөнөттүн ичинде бириктире алмак. Бакиев болсо "Бөл дагы башкара бер" ыкмасын колдонду. Текебаев мамлекетти чыңдоого жетишмек. Каттоочулар ар бир жарандын уруусунан өйдө сурап, бланктарды толтуруп жатышыптыр. Элди Түндүк-Түштүк деп бөлгөнү аз келгенсип, эми уруу-уруктарга дагы бөлөт экенбиз. Бизде ушинтип Геббельстер пайда болуп, фашисттердин идеологиясына түшүп баратабыз.
- Эмне себептен Текебаев баш тартты деп ойлойсуз? Же интернетке жарыялап жиберген порно-видеолор дагы себеп болдубу?
- Ал чындык болсо бир жөн. Ал деген монтаж да. Текебаевди Эрнис Кыязовду уят сөз менен сөктү деп чыгышты, баңги зат саткыч деди, кийин куралын алып коюп, бандит деп чыгышты. Бүгүн эми порно-фильм боюнча окуяны жабыштырып жатышат. Трансвестит деп эле айтпаганы калды. Бир күн ошентин айтышса дагы таң калбаш керек. Булардан баарын күткөнгө болот. Өздөрү төрт-беш аял алганы менен иштери жок. Биринчи аялын президиумга алып чыкса, экинчисин айылга алпарышат, үчүнчүсүн үйдө баласын бактырып коюшат. Бийликтегилер тайкы көз карашы менен элдин мээсин ушундай ыпыр-сыпырга толтуруп, башка проблемалардан алаксытып жатат. Текебаевдин шайлоодон баш тартканынын себептери башка болсо керек.
- Президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?
-Баары бир эмки шайлоодо дагы 2007-жылдагы декабрь жана 2008-жылдын октябрь шайлоолорундагы ыкмалар колдонулат. Протоколдор бийлик каалагандай жазылат. Анын үстүнө БШКнын ишин дагы колго жаза турган кылып коюшпадыбы. Азыр участкалык комиссияларды түзүү боюнча айыл өкмөттөр атайын тизме алып келип атыптыр. Демек, комиссияга бийликке караштуу адамдар гана кирет. Бир сөз менен айтканда, шайлоо институту көзкарандысыз эмес.
- Жер-жерлердеги участкалык комиссияларга "Ата Мекен", СДПК сыяктуу оппозициялык партиялардын өкүлдөрү да кирсе болбойбу?
- Саясый партияларга өзүнүн өкүлдөрүн комиссияларга киргизүүгө убакытты тар кылып салышпадыбы. Бул "акылдуу" политтехнологдордун жасаган иштери. Бирок алар мурунку политтехнолог эмне үчүн машинеде өрттөнүп калганын деле ойлобойбу. Анткени, кереги жок болуп калса, же оппозицияга өтүп кетсе эле бийлик "көздөрүн тазалап" коюшу мүмкүн болуп жатпайбы. "Биздин "Акжолдун" өкүлдөрү ар бир райондордо бар" деп айтып атышат. Ал өкүлдөрү айыл өкмөттөр, акимдер, губернаторлор да. Ошол административдик ресурс дагы эле бийликке иштейт.
Комиссияга киргендерди дагы алып салып жатышат. Кээ бирөөлөрдү коркутуп, башкаларын кичинекей дүкөнчөлөрү болсо дагы алып коюуга аркеттер болуп жатыптыр. Андан тышкары, партияларга өкүлдөрү менен иштемек түгүл, жолукканга мүмкүнчүлүк жок. Мисалы, Таласка "Ата Мекен" партиясынын облустук жыйынын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. УКМК, милиция, айылөкмөттөр, акимдер баардыгы жумуштарын таштап, "Ата Мекен" партиясынын лидерлери менен СДПК фракциясынын депутаттарынын артынан ээрчип жүрүштү, микрофон талашып. Анан партиялар кантип өз өкүлдөрү менен иштешет…
- БЭК башка лидер алып чыкса, сиздер ошол лидерди колдойсуздарбы?
- Мен, мисалы үчүн, ал лидерди карап көрөм. Имиджин, жасаган иштерин талдайбыз. Жөндөн жөн эле бирөөнү алып чыкса болбойт да. 2005-жылдагы "лидер" алып чыкканыбыз эле жетет да бизге. Эл тааныбаган, эл үчүн эч нерсе жасабаган саясатчыны манты жеп аткан жеринен алып келип отургузуп койсо… Жасаган саясатын, элге кылган мамилесин, Кыргызстанды байкуш кылып койгонун көрүп жатабыз. Кызыгы, бүгүнкү күндө өзү менен төңкөрүш жасагандар "манты жебей эле мурунттан Бакиевди тандап койгонбуз, аны Апсамат Масалиев колдогула деп кетти" дешет.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!