Кыл чайнашмай

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты:
"террордук саясаттан коркпойм"
-Иса мырза, бүгүнкү бийликке каршы чыккандардын баардыгына кылмыш ишин козгоо өнөкөткө айланды окшойт. Сиз дагы "Кыргызтемиржол" мамишканасын жетектеп турганда "акча жеди, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген кинелердин негизинде кылмыш иши козголуп отурат. Эми кезек сизге келдиби?
-"Кыргызтемиржолун" 1998-жылдан тартып 7 жылга чукул жетектедим. Жетекчи катары кыйынчылыктарды көп көрдүм. Өзүңүзгө белгилүүдүр, ошол мезгилдерде гезит беттеринен кетчү эмесмин. "Өмүркулов баланча миллионду жеп алыптыр", "мамлекеттик мүлккө кол салууда", "жумушчулары 5-6 айлап айлык алалек", "Соцфондго ири суммада карыз" деген сөздөр негизги тема болчу. Бийлик тарабынан кысым болуп, иштегендер тоголок арыз жазып, ушулардын негизинде кийинки алты жыл жалаң текшерүүнүн үстүндө болдум. Башкы прокуратура тарабынан атайын комиссия түзүлүп, комплекстүү текшеришти. Иш козгобой туруп. Бирок ошол фактылардын бирөө да далилденген жок. Себеби, мен мамлекеттин каражатын жеген эмесмин. 2004-жылы шайлоого бара турганыма байланыштуу өз ыктыярым менен арыз жазып, жумуштан кеттим. Анткени, агезде парламент бир палаталуу болуп, мамкызматта иштегендер депутаттыкты, же креслосун тандаш керек эле. Эл журт колдоп, шайлоодон өттүм. Андан бери беш жыл өттү .
-Сөзүңүздү бөлө турайын. Сизди каралаган маалыматтардын ичинде "Иса Өмүркулов темир жолдон топтогон акчасына Испаниядагы курорттук зонадан вилла алып, ошол жерден кыздар менен кучакташып сүрөткө түшүптүр" деген имиш кеп бар?
- Испанияда эмес, башка жакта да виллам жок. Мунун баары далилсиз кептер. Эми "Иса Өмүркулов ар кандай кыздар менен сүрөткө түшүптүр" деген сөз азыркы тапта элди таңгалдыра турган жаңылык болбой калган. Сүрөт эмес, саясатчылар жөнүндө монтаждалган порно-фильмдерди тартып жатышат. Ал эми ошондой ыплас технологияны колдонгон монтажчыларга сүрөткө сулуу-сулуу кыздарды тандай көргүлө деп айтар элем (күлүп). Кызматта таза иштегеним үчүн чындыкты көзүнө айтып, оппозицияда жүрөм. Эгерде артым таза болбосо, каякка тырмышат элем. Мен деле эр ортону элүүгө келип калдым. Баарын салмактаганга билимим, тажрыйбам жетиштүү. Анан бүгүнкү мамлекетте болуп жаткан башаламандыкка кайдыгерлик кылсам - өзүмдүн абийирим өзүмдү кечирбейт деп ойлойм. Жарандардын жашоосуна коркунуч туудурган, өлтүргөн, өрттөгөн, баарын саткан мамлекетте кандайча жашоого болот? Азыр бизде өлкөбүз, өлкө боюнча калабы, кийинки урпактарга бир нерсе бере алабызбы (?) деген чоң суроо турат. Ошондуктан оппозицияда жүргөн жигиттер башты канжыгага байлап коюп, ушул жолду тантап алдык.
-Айыптоолордун токтому сизге угузулдубу?
-Кайдан? Ал айыптоолордун баардыгын интернеттен окуп, теледен уктум. Бирок, бул айыптоолор боюнча бирөөсү дагы тактоо иретиндеби, маалымат иретиндеби, суроо берген жок. Бирок, алардын баары суу кечпеген айыптоолор. Анткени, баардыгын документтер негиздеп турат. Темир жол - бул каалаганыңды кылчу менчик ишкана эмес. Ал мамлекеттик ишкана. Жылына ал ишкананы эсептөө палатасы, салык инспекциясы тыкыр текшерет. Эгерде ошол кезде ката кетсе, бир нерсени жаап-жашыруу фактысы болсо, бүгүнкү күндө биринчи кезекте ошол текшергендер жоопко тартылышы керек. Эмне үчүн жабышты, жашырышты деп. Андан кийин мени жана ошол кезде темир жолдо иштеген жетекчилердин жоопкерчилигин карашы зарыл. Ошондо баарына иш козгоп келип, "Өмүркулов, сага жеттик" деп айыптоолорун далилдеп беришсе, жооп бергенге даярмын. Мен ал күнөөлөрүмдү жабыш максатында калп эле оппозицияда кыйкырык салып жүргөн жокмун. Эгер ошондой күнөөлөрүм болсо да, оппозициядагы тилектештерден коргоо сурабайт элем. Анткенге дитим да чыдабайт болчу.
-Казак жаранынан да 60 миң доллар алды деп атышыптыр?
-Ооба, беш жыл мурда Балыкчы-Торугарт жолун курууда тендер боюнча алган деп атышыптыр. Биринчиден, Балыкчы-Торугарт деген жол жок. Балыкчы-Кочкор-Каракече деген жолдун долбоору гана бар. Ага "Темиржолу" мамишканасынан тендер жарыяланган эмес. Тендерди "Кыргызтемиржолу" өткөрбөйт. Аны мамлекеттик сатып алуулар мекемеси өткөрөт. Ал эми андай мотив болбогон соң, эмне үчүн бирөө келип мага акча бериши керек? Мунун баары Өмүркуловду элдин мүлкүн жеген киши катары көрсөтүүгө аракеттенген далилсиз сценарийлердин топтому. Андан башка эпизоддору дагы бар дейт. Арийне, алар менен тааныша элекмин. Себеби, расмий айыптоолордун токтомун колума берише элек.
-Депутаттык мандатыңыздан ажыратууга белсенип жатышат. Бийлик "айт" дегенде "туйт" деген "акжолчулар" турганда абалыңыз кыйындап калгандай?
-Тергөөнүн жүрүшүндө алар айрым эпизоддорун мага тааныштырып, тактайлы десе, мен тергөө менен иштешүүдөн баштартып, же өлкөдөн качып кетсем бир жөн эле. Анда күч органдарынын парламентке мандатыман ажыратуу сунушу менен кайрылганына түшүнмөкмүн. Алардын ою боюнча, мени депутаттык кол тийбестигимен ажыратып туруп, анан далилдейт имиш. Андыктан, кол тийбестикти алып коюу формалдуу нерсе. Бирок мен күч органдарынын жүргүзгөн тергөөсүнө ишенбейм. Алардын мага жасаган басымынан коркпойм жана мен жөн жатып бербейм. Эмне үчүн? Себеби, ушуну менен төртүнчү чакырылышка депутат болуп отурам. Бул элимдин мага көрсөткөн сый-урматы. Эл журтума абдан ыраазымын. Мени колдоп делегациялар келип жатышат... Эмки кезек сизге келдиби деп жатасыз, бирок мен азыркы бийликтин ыплас, террордук саясатынан коркпойм!
Семетей Талас уулу




Алкымы кысылган "Ачык саясат"
Эркин гезиттердин эсебин табуу күндөн-күнгө күч алып, күнү кечөө "Ачык саясат" гезитинин редакторун баш кылып, журналисттерин төш кылып, прокуратура кызматкерлери сөөмөй кезеген эскертүү беришти. Алардын айтымында, "Ачык саясатчылар" президент Курманбек Бакиевдин ар-намысына жана аброюна шек келтирип жатыптыр. "Эгер мындай шойкомуңарды токтотпосоңор, үстүңөрдөн кылмыш иш козгоп, баарыңды кошуп туруп камап салабыз" деп прокурор акелер дагы ачык айтышыптыр. Айтмакчы, "Ачык саясаттын" мурунку редактору Бабырбек Жээнбеков азыр Америкадагы уулу Равшандын жанында. Бабырбек мырзаны уулу 27-мартта тосуп алганын эшиттик. Бул күнү Кыргызстанда митинг толкуну башталган.


Жал жаңжалы күчөйбү?
"Жал" кичирайонундагы жаңы бүткөн 9 кабаттуу үч үйгө 198 мыйзамдуу ордерден сырткары 70ке жакын жасалма, жалган ордер берилип кеткени ачыкка чыгып, батир талаш жаңжалы башталганы туру, башталып да кетиптир. Ортомчулуктун анабашы аталган Отунчиева Гүлнара деген неме "ойт" берип, эбак куйругун түйүптүр. Ал эми ал үйлөрдү курган "Алтын Казык Плюс" курулуш компаниясынын башкармасы Асыл Чыныбаева эмне менен алек, түшүнүксүз дешет. Ушул маселеге ИИМ, прокуратура, мэрия тез арада көңүл бөлүп, оң тарапка оодарбаса, оорлошуп баратканы айтылууда.


Оппозициялык партияларга кысым
Жер-жерлердеги шайлоо комиссияларына мүчө болгон оппозициялык партиялардын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлүүдө. Мүчөлөр чүчү кулак тартуу менен тандалып, Ыссык-Көл облусундагы райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө саясый партиялар үчүн экиден орун берилген. Облус боюнча 14 орундун тогузун СДПК менен "Ата Мекен" партиялары ээлеген. Ошол күндөн баштап ал мүчөлөрдүн өз каалоосу менен мүчөлүктөн баш тартуусуна ар кандай аракеттер көрүлүүдө. Ал жактагы аткаминерлердин жасап жаткан ыплас иштерин көрүп, президент К.Бакиевдин "шайлоо таза өтөт" деген сөзүнө ким ишенет? Түп райондук шайлоо комиссиясындагы эки орунга СДПК жана "Ата Мекендин" талапкерлери мүчө болуп дайындалгандарга бийлик коркутуп-үркүтүп, өз калоосу менен шайлоо комиссиясынын катарынан чыгууга мажбурлашкан. Тоң районунун шайлоо комиссиясындагы эки орунга ээ болгон СДПК жана "Ата Мекендин" талапкерлери дагы куугунтукталууда. Мугалимдик кызматта иштеген СДПКнын мүчөсүн бийлик жумуштан бошотуп койгон. Бул кадамдары менен бийлик элдин кыжырдануусун артырып атканын ойлонор бекен?


Түздөнгүлө, муфтийге форма
жарашат
Жергебиздин жети облусунда жемиштүү кызмат өтөп жүрүшкөн муфтийлери жана казылары эми каалагандай кийим кийишпейт. Алар үчүн атайын форма тигилип кийилмей болду. Мындай "ачылыш" өлкөнүн муфтийи Муратаалы Жуманов менен Коопкеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун бир аз мурун болуп өткөн жолугушуусунда аныкталган.


Эрнст аке Эл баатырбы?
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, адам укугу жана мыйзамдуулук боюнча комитети президент К.Бакиевге депутат Эрнст Акрамовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын ыйгаруу жөнүндөгү жолдомосун жөнөттү. Кызыгы, депутаттардын мындай "берешендигине" Комминисттер фракциясынын анабашы Исхак Масалиев каршы экенин жашырбады.


Алишерди аткан тапанча...
Мындан эки жарым жыл мурун журналист Алишер Саиповду атып кетишип, аткан киллер табылбай калган. Азыр эми ошондо ок жаңылган Макаров тапанчасы Лейлекте Абдуфарид Расуловдун чөнтөгүнөн табылды. Шектүү тапанчанын андан башка да кылыгын баллистикалык экспертиза аныктап чыкканы маалым болду. Бул тапанчанын оозунан кийин Бишкектин "ХО" деген оюн-зоок клубунун жанындагы чоң чатакта да ок чыгып кетиптир. Айла жок, аны көтөрүп жүргөн Абдуфарид азыр сурак бөрүүдө. Анда неге Аликбек Жекшенкуловго бу боюнча көө жапканга аракет жасашты эле?


Атасын өлтүргөн айбан
6-апрель күнү Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылынын 53 жаштагы тургуну А.Бөкөнбаевдин башынан оор жаракат алган өлүгү табылган. Ошол замат оперативдүү топ кылмышкердин изин суутпай, колго түшүрүп, аты-жөнүн аныктай келишсе маркумдун карачечекей баласы 31 жаштагы А.Бөкөнбаев болуп чыгып, аракка тоюп алганбы, атасы менен уруша кетип, темир менен башка бир уруп туруп, баса бергени маалым болду.














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!