Тилсиз жоо

"Ак-Эмир" базарын өрт каптап
Кечээ таңга жуук Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ак-Эмир" базарында өрт чыкты. Базардын батыш тарабынан башталган жалын гамбургер, гриль, шаурма сыяктуу тез жасала турган тамактарды саткан павильондорду бат эле кучагына алган. Өрткө каршы башкы башкармалыкка 05:47де коңгуроо түшкөн. Убагында келип өрттү өчүрүүгө жетишкен өрт өчүргүчтөрдүн жетекчисин учкай кепке тарттык.

Жаныбек Иманов, өрткө каршы башкы башкармалыктын жетекчиси:
"Жабыркагандар жок"
-Өрттүн келип чыгуу себептери эмнеден болуптур?
- Бүгүн эртең мененки саат 05:47де бизге Москва көчөсүндө жайгашкан "Ак-Эмир" кичи базардан өрт чыкты деген коңгуроо түштү. 5 мүнөттүн аралыгында биздин күжүрмөн кызмат жетишип келди. Келсек, жалпы аянты 250 чарчы метр болгон имаратты жалын чулгай баштаптыр. 5 өрт өчүрүүчү машина иштеди. Өрттүн тез таркалып кеткенинин себебинин бири дубалдар пенопласт менен капталганы. Экинчи себеби, гамбургер, шаурма жасаган павильондордун газ баллондору бар экен. Ал баллондор жарылып, калдыктары 55 метр аралыкка чейин түшкөн. Бактыга жараша эч ким жабыр тарткан эмес. Эч кандай өлүм болгон жок. Азыркы учурда өрттүн эмнеден чыкканын укук коргоо органдары менен биздин эксперттик лабаратория изилдеп жатат.
-Башка версиялар да барбы?
-Оюн автоматтары менен иштеген жер бар экен. Отуздан ашык оюн автоматтары өрттөнүп кетиптир. Ээсинен сурасак, ар бири алты миң доллардан ашык турарын айтты. Буга чейин базардын администрациясы бардыгына эскертүү берген экен. Анткени, электр энергиясы көп өлчөмдө колдонулуп, зымдарга күч келген. Анын үстүнө оюн автоматтары түнү бою тынбай иштейт тура. Бул жерде 7 видео-көзөмөлдөө аппараттары орнотулуптур. Съемканын негизинде эртең-бүрсүгүндөрү толук маалыматтарды беребиз. Ошондо өрт эмнеден чыкканы аныкталат деп атабыз.
Негизи эле быйыл республика боюнча өрт кырсыгы көп катталууда. Көбүнчөсү электр тогунан чыгып жатыптыр. Ал эми эл арасында кечке жуук өчүрүлгөн электр жарыгы эртең менен күчтүү кубаттуулукта келип, зымдар туруштук бере албай, өрт чыгууда деген сөздөр бар. Чындыгында таңга маал күйгүзүлгөн электр тогунан өрт гана чыкпастан, ошол өрттөн кызуу уйкуда жаткан бейкүнөө адамдар өлүмгө учурап жаткан фактылар да көбөйө баштады. Өкмөттүн, энергетиктердин шалаакылыгынын кесепетинен жөнөкөй жарандар кандай өлүм таап жатканы жөнүндө материал гезитибиздин келерки сандарында.
Семетей
Талас уулу





  Оорунун тамыры

Ден-соолукка эң зыяндуу азыктар
Көчөдө сатылып жаткан даяр тамактар (фаст-фуд: гамбургер, шаурма, гриль, пицца, сендвич ж.б.) адамдын организмине өтө зыян экенин көпчүлүк билсе керек. Бирок эмнеси менен зыян, алардан ашказан канчалык деңгээлде жабыр тартат (?) деген суроо менен баш ооруткандары аз. Шашып бараткан адам убактысын коротпой эле арзыбаган 40-50 сомго курсагын кампайта тойгузуп алгандан качмак беле? Фаст-фуд менен көбүнчө студенттер тамактанышат экен. Себебин айтпасак деле белгилүү. Бүгүн биз көчөдөгү даяр, бат тамактанууну адат кылып алгандарга алар кайсы жолго түшүп алгандыгы жөнүндө бир аз маалымат берип коюну чечтик.

Фаст-фуд эч качан бир жума, же бир айдын ичинде адамды ооруга чалдыктырбайт. Бирок адамдын мурда бар ооруларын тез козгойт. Бул тамактарда организмге керектүү А, С, D, Е витаминдери болбойт, байкасаңыз, курамына дагы жашылчалар көбүнчө куурулуп кошулат. Адистердин айтымында, кайра-кайра эңсеткен, кайталангыс даам берген соустарга ар кандай туздар жана химиялык кошулмалар кошулуп, жегенден кийин суусатат. "Макдональдстардагы" тамактарга кардар бат тоюш үчүн май өтө көп өлчөмдө пайдаланылат. Байкасаңыз, ар биринде майга былчылдатып бышырылган картошка кошулат.
Мисалы, бир эле шаурмада адамга бир суткага жетчү тамактарда болуучу май (120гр. Ал эми адам күндүз 70-80 граммдан ашпаган майды колдонушу керек) чогулган. Бир шаурма жегениң бир чоң стакан суу майды ичип салганга барабар.
Мындай тамакты бат-бат жеп турган адам бир канча айдан кийин кийимине батпай калса, таңгалуунун кереги жок. Анткени Америкалык изилдөөчү акыркы 25 жылдын ичинде толуп кетүүдөн жабыр тартып каза болгондордун саны эки эсеге көбөйгөнүн далилдешкен.
Эгерде мындай тамактардан баш тарта албасаңыз, бери дегенде эле келишкен тулку бойдон ажырайм деп элестете бериңиз.
Жашоо шартка байланыштуу бир канча иште иштеген үйбүлөлөр көп учурда дүкөндөрдөн тоңдурулган, же даяр тамактарды (пельмен, кукси, колбаса, паштет, кильки ж.б.) алып, жей коймойду адатка айлантып алышкан. Бул тамактарда да жогоруда айтылгандай коллорий көп болгону менен организмге керектүү витаминдер жокко эсе. Мындай учурда витаминдердин жоктугунан майлар адамдын кан тамырларында топтоло берет. Анын аркасы менен кандын жүгүрүүсү начарлайт. Жыйынтыгы ашыкча салмактын бат кошулушуна, инфаркт, диабет ооруларына, иммунитеттин түшүшүнө, боордун чоңоюп кетишине, канда холестериндин жогорулашына жана тамакка болгон табиттин жоголушуна алып келет.
Фаст-фуддан диетологдор адам организмине эң заяндуу деп тапкан азыктар:

* Фри. Картошка өтө майлуу куурулуп, курамындагы баардык пайдалуу заттарды жоготуп алат. Натыйжада жалаң эле май ичкендей болосуз;
* Фаст-фуддан кийин суусаган адам газдалган суусундуктарды (бул көбүнчө "Кока-кола") ичет. Ар бир стаканында 5 чай кашыктан ашык кант болот. Бул суусунду кандырмак тургай, тескерисинче, суусатат. Канда канттын көбөйүшүнө алып келет;
* Чипсы. Мында көбүнчө картошканын өзүнөн эмес, аны пюре кылып, даамын чыгарчу химиялык кошулмаларды жасашат;
* Өтө таттуу шоколаддар. Буларда кант менен химиялык кошулмалар көп болуп, адамды кайра-кайра эңсете берет;
* Түшкү тамакка дайыма дүкөндөн алынган тамактарды (кукси, даяр пюре, пельмен ж.б.) жеген адам 4 айдын ичинде 10-15 кг. салмак кошот;
* Сосиска, колбаса, паштет, килки жана башка ушул сыяктууларга адамдын ашказаны тез иштете албай турган май ашыкча кошулат;
* Адам бат тоюш үчүн эти көп тамакка басым жасайт, өзгөчө куурулган, куурулган тамак адамдын ашказанынын иштешине терс таасирин тийгизет.


Шаурма
Ага көбүнчө мөөнөтү өтүп кеткен эттер колдонулат, көбүнчө грилден калган. Даам кошчу соустарды кошкондон кийин эттин даамы билинбей калат. Адистер эң көп химиялык кошулмалар шаурмада болоорун айтышат. Ал эми лавашы гамбургердикине караганда жакшы, бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт.
Гамбургер
Бир гамбургерде адам күндүз жечү тамактагы туздун 46%ы, майдын 46%ы, керексиз заттардын 25%ы, холестериндин 37%ы, 2 кашык кант болот. Бир эле гамбургерден ушунча затты алып алсаңыз, калган тамактагы ашыкча болуп кеткен заттарды байкуш организм кантип бөлүштүрүп, кантип сиңирээр экен?

Евгений, борбордогу фаст-фуд сатуучу түйүндөрдүн биринде иштейт:
"Эттин баары бирдей бышпайт"
-Канча убакыттан бери иштейсиз?
-Эки айдан бери иштеп атам.
-Көбүнчө кимдер алат?
-Студенттер, анан жумушка шашып бараткандар.
-Күндүн кайсы мезгилдеринде көп сатылат?
-Саат 12ден баштап 15ке чейин.
-Эти канча убакытта даяр болот?
-Баары чогуу бышпайт да. Ар бир кесип алгандан соң 10 мүнөттөн кийин эле бышып калат.
-Фаст-фуддун зыяны туурасында эмне айталасыз?
-Эч кандай зыяны жок. Элдин баары эле жеп атпайбы. Зыяндуу дегенге мен каршымын.




Фактылар
* Лос-Анджелесте фаст-фуддан башка тамак жебей калган жаш балдар үчүн видео-тасма көрсөтүлгөн. Анда жумушчулар тамакка чүчкүрүп, май болгон манжаларын жалап, кайра салып, мурдуларын чукуп, тамекисин ошол эле жерден тартып, кээ бир азыктарды жерге түшүрүп алып, кайра салгандары тартылган.
* 2000-жылы Нью-Йорктун "Бюргер Кинг" фирмасына даяр тамак үйүнө алдыргандарга тамак ташыган үч жигитти тамакка түкүрүп, заара кылып жүрүшкөндөрүн билип калышып, камакка алышкан.
* Дүйнөнүн эч бир жеринде фаст-фуд сатуучулар эч качан кардарларга берип жаткан азыктарды кошуп бир дагы гамбургер жешпейт. Жок эле дегенде алар өзүлөрүнө биринчи даярдашат.
* Америкада, Европанын бир катар өлкөлөрүндө аталган жерде бир адам эч качан 4 айдан ашык иштей албайт. Баардыгы жумуштун оордугун айтып, качышат. Эң кызыгы фаст-фуд даярдап мурун иштеген адам, эч качан аны жебей калат экен.
* Биз сөз кылып жаткан тамактар эмне үчүн абдан даамдуу? 2000-жылга чейин ал тамактарга кошулуучу картошканы 93% уй майы, 7 пайыз пахта майына куурушчу. Азыр аны 100% пахта майына даярдашат. Бирок эмнегедир малдын майысыз эле картошка мурункудай даамын жоготкон эмес. Анткени, дал ошо уй майын колдонбой калгандан бери толгон-токой химиялык заттар кошула баштаган.
* Гамбургер алып жатканда сатуучудан сиз жегени жаткан гамбургерге кошулган азыктардын тизмесин сурасаңыз, сөзсүз аягында "натуральный ароматизатор" деген сапты окуйсуз. Даамдын баары ошондо.




Асылбек, студент:
"Оорусам даарыланып алам"
-Гамбургерди дайыма эле жейм. Сабактан ачка болуп чыкканда жакшы да. Даамы да жагат, баасы да жагат (күлүп). Мындай тамактардын организмге зыяны бар экенин билем. Бирок эмне болмок эле. Ушулардын аркасынан оорулуу болуп калсам, кийин дарыланып алам. Азырынча жей турайынчы.




Шабдан, студент:
"Акча гамбургерге эле жетет"
-Мен күн алыстап жейм. Мага өзгөчө эти жагат. Арзан дагы да. Биздей студенттерге боло берет. Мисалы, биз кафеге кирип тамактанганга шартыбыз жок. Ден-соолукка зыяндуу экенин билем. Бирок, айла жок.

Бегимай БАКАШЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!