"Психушкага" жаткың келбейби?

Миң-миң жылды көрүп айткан көзачыктар
Баш сөз ордуна
Белгилүү акын, журналист Шайлообек Дүйшеев ар президенттик шайлоо астында ушул сырдуу саптарын жазып келген. Албетте, парапсихолог Мелис Карыбековдун тили менен. Бу саам да президенттик шайлоо астында турабыз. Эмесе кыргыздын биринчи, экинчи, анан эртеңки шайланчу ажосу жөнүндө бу материалда таамай кеп козголот. Сөз кудуретине аргасыз алдырасың, өзгөчө бүгүнкү шартта.
Асланбек Сартбаев


Альберт Великий (1193-1280) өзү өлгөндөн 700-800 жылдан кийин адамдар Айга жана Марска учуп бараарын айткан. Чынында эле 700 жылдан соң америкалык астронавттын Айга учуп барганы белгилүү.
Мишель Нострадамус (1503-1566) Гитлер бийликке келерин, АКШны ар төрт жылда бирден адам башкарып олтуруп, алардын саны 44кө жетээрин айткан. Эгер олуянын айтканына ишенсек, Американы 2007-жылдары король башкарат жана Батыштагы жинденген тоолордун кесепетинен бул өлкө чоң кырсыкка дуушар болушу ыктымал.
Орусиялык белгилүү астролог Павел Глоба Чернобыль АЭСинде жарылуу болорун, Арменияда катуу жер титирерин алдын ала айтып, алтургай ошол кездеги Борбордук комитетке кат да жөнөткөн. Бирок, ал жердегилер астрологдорду зекип, "психушкага жаткың келип атабы?" деп коркутушкан. Тилекке каршы, астрологду кырсык болуп өткөндөн кийин гана эстешкен.
Көзү ачык олуялар кыргыз элинде дагы болгон. Толубай, Санчы сынчы, Калыгул, Арстанбек алардын толук эмес тизмесиндегилер. Алдыда эмне болорун көрүп тургандай айткан адамдар барбы бүгүн? "Агымдын" миңдеген окурмандарына мен сунуш кылганы турган интервьюну бишкектик табып, парапсихолог Мелис Карыбеков мага мындан беш жыл мурда берген эле. Интервью 2000-жылы жарык дүйнөгө келип, кайра жабылып жок болгон "Чабалекей доор" аттуу гезиттин №3 санына жарыяланган.
Эгер Мелистин ошол 5 жыл илгери Кыргызстанда төңкөрүш болот, биринчи президент А.Акаев бийликтен "бир катындын азабынан кетет" дегендери төп келбегенде, бул интервьюну балким гезит окурмандарына сунуш кылбайт элем.

Р.S. Ошол кездеги саясый жагдайга байланыштуу интервьюнун айрым бир жерлерине тактоо киргиздим.
Шайлообек Дүйшеев

-Мелис, көзачык деген ким? Алгач ушуну түшүндүрө кетсеңиз?
-Көзачык бул үчүнчү көзү өнүккөн адам, үчүнчү көз мээнин бөлүкчөлөрүндө жайгашкан, мына ушул үчүнчү көз аркылуу адамдын жан дүйнөсүн, кечээгисин, бүгүнкүсүн, эртеңкисин көрө билген адам. Ислам дининде адамдын оң ийнинде бир, сол ийнинде бир периште отуруп, бири жалаң сооп иштерин, бири кетирген күнөөлөрүн - "Амал иш дептерине" жазып турат деп айтылат.
Тибет илиминде ошол "Амал иш дептерди" Аура деп коет. Аура деген адамдын башынын айланасындагы энергия. Куран боюнча энергияны периште деп түшүнсөк болот.
Экстрансенстердин тилинде "Аураны" же "Амал иш дептерин" биоэнергетикалык информациялык эфир деп коет. Ошол эфир аркылуу адамдын бүтүндөй жашап өткөн өмүрү, ден-соолугу, ой-кыялы, мүнөзү, ата-бабаларынын басып өткөн жолу, алардын тагдыры жазылып өтүп турат. Куран же Библия тили менен айтсак, адам баласы Кудай алдында суракка барганда ошол "Амал иш дептери" менен барат. Көзачык деген дал ошол дептерди окуй алган адам.
-Көзачыктардын да түрлөрү болобу?
-Алар да караниет же акниет адамдарга окшоп Кара магия, Ак магия болуп экиге бөлүнөт. Бүгүнкү күндө көзү ачыкмын дегендин көбүнүн психологиясы ордунда эмес, ички маданияты тайыз, көрөңгөсү жок, жандүйнөсү тайкы адамдар. Бирок мунун баары убактылуу көрүнүш. Келаткан кылым - билимдүү, окумуштуу көзачыктардын же парапсихологдордун кылымы.
-Парапсихология деген эмне?
-Парапсихология дегенди азыркы заман илими түшүндүрүп берүүгө кудурети жетелек. Ал ХХI кылымда өнүгөт. Парапсихология менен биоэнергетиканы билбеген врачтар ошондо врач боло албайт. Космонавттар космоско учалбайт. Дүйнөлүк саясатка да түздөн-түз тиешеси бар илим болот.
-Сиз табыпчылык кылып жүрөсүз. Оорулууну кандай жол менен дарылайсыз?
-Негизинен адам эки бөлүктөн турат. Дене жана Жандүйнө. Азыркы медицина денени дарылоо боюнча бийик деңгээлге өсүп жеткен. Бирок медицинанын башаты да дал ушул табыпчылыктан келип чыккан. Медицинанынан негиздөөчүсү Авиценна (Улугбек) өзү чоң табып болгондугун кимдер билбейт. Ошондой болсо да, медицина жандүйнөнү дарылоодон, же жандүйнө аркылуу денени дарылоодон такыр эле алыс калган. Кандай гана дарт болбосун анын тамыры адамдын ички жандүйнөсүндө жатат. Ошондуктан адамдын денесин айыктыраардан мурда, анын жандүйнөсүн айыктыруу зарыл.
Мен адамдын жандүйнөсүн ар тараптан изилдеп келатам, ушул жандүйнө аркылуу көптөгөн адамдарды аракечтик илдетинен, төрөбөй калган энелерди төрөбөстүк оорусунан айыктырдым, ондогон наристелер жарык дүйнөгө келди.
-А сиз алдынала айталасызбы?
-Кылымдыбы, же адам тагдырынбы?
-Мейли, кимиси болбосун.
-Мен экөөнү тең айтып келатам. Албетте, муну ар ким ар кандай түшүнөр, анын чын-төгүнүн ошол келе турган учур аныктаар.
-Келечекте биздин өлкөдө эмнелер болушу мүмкүн?
-Ала-Тоодон кар кетет,
Эркектерден ал кетет.
Үч никелүү кыз чыгат,
Тоо титиреп муз жылат.
Алаамат болуп басылат,
Кыш артынан жай болот.
Эли тынчып бай болот.
Эли-журтун байыткан,
Жерден чыккан май болот.
-Акыр заман болобу? Болсо качан?
-Акыр заман ХХI кылымда болбойт. Менин ишенимимде акыр заман ар бир адамдын жандүйнөсүндө болот. Ар бир пенденин өз акыр заманы бар.
Р.S. Ушул жерден окурмандарга эскерте кетели, "тунгуч президент А.Акаев жөнүндө эмне деп айтаар элеңиз, ал качан, кандай кетет?" деген суроомо, Мелис Карыбеков жооп берген. Бирок ошол кездеги бийлик бизди куугунтукка алаарын, гезитти соттоп жоготоорун ойлоп, биз А.Акаевди "3-президент" деген суроонун алдына атайлап жашырган элек.

А.Акаев жөнүндө менин суроомо парапсихологдун 5 жыл мурдагы жообу мындай эле.

Аркалык болот, керең болбойт,
Ак көңүл болот, терең болбойт,
Түптөлөт эл-журт ошол кезде
Түндүк же Түштүк деген болбойт.

Иш көзүн издеп аягына чыкпайт,
Ишинин бирок аягына чыкпайт.
Өз кишилерин өйдөгө сүйрөп,
Өзүнүн тааныш-таягына ыктайт.
Ушинтин бир жыгылат.

Президент болот жатагы кенен,
Президент болот азабы менен.
Бийликтен кетет бир күнү ал да
Бир аялдын чатагы менен.

-Экинчи президент кандай келет?
Көрүп турам чуу болот,
Көк тумандап, буу болот,
Көздөн жоолук чечилип,
Көлдө-чөлдө дуу болот.
Көлкүлдөгөн саз жүрөт,
Көчөлөрдөн таш күйөт,
Көөдөнү пас бир адам
Көпчүлүктөн ат минет.
Ал бир келген жан болот,
Аты баспай кар болот
Алган көчү түзөлбөйт,
Акыл-өрү тар болот.
-Канча мөөнөткө турат?
-Бир эле мөөнөт.

Р.S. Көздү байлаган таңуусу чечилген эл акыры элдик революцияны алып келген, Көлүбүз да, Чөлүбүз да дуу болгонун... чуу да болгонун көрдүк... көрүп да жатабыз.

Мен Мелистен кайра сураган элем.
-Үчүнчү президент жөнүндө айтсаңыз?
-Үчүнчүсү жаш болор,
Ишке тыкан, маш болор.
Ченебеген чечкиндүү
Чебер болор, так болор.
Өндүрүштү өстүргөн,
Өтө катуу таш болор.
Мүнөзү анын кырс болор,
Душмандары жык болор,
Каны Түштүк, а бирок
Калкын бөлбөй, нык болор.
Тегерегин курчаган,
Терең жандар жыш болор.
Өлкө нүгүп, өзгөрөөр,
Эл жыргалды көп көрөөр.
Кыргызстан чыгарган
Машинаны көз көрөөр.
Жүрө-жүрө ал дагы.
Өзүмчүлгө айланып,
Кайра келбес шайланып...

Шайлообек Дүйшеев, "Агым" гезити, 20-май, 2005-жыл.
Редакциядан: Жакынкы сандарыбызда парапсихолог Мелис Карыбеков менен маектешмекчибиз.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan