Спорт time
  Өкмөт

Александр Воинов, мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
"Орзубек менен тандемге баргам"
-Александр Хусаинович, сиз жетектеген мамлекеттик агенттикке келгениңизге аз гана убакыт болду. Айтыңызчы, кандай терс жактарын байкай алдыңыз?
-Спорт тармагы - бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде эң орчундуу маселелерден болуп келет. Муну ажобуздун ар бир элге кайрылуусунан байкап отурасыздар. Мага чейин иштеп кеткен жетекчилердин ишти толук кандуу алып кете албагандарына бир топ себептер болгон өңдөнөт. Маселен, иш алып баруу системасы бир беткей багытта болбой, чар жайыт экени байкалган. Муну тартипке келтирүү оңой-олтоң иш эмес экенин айтуу керек. Ошол жетекчилер өз убагында кыргыз элине таанымал саясый ишмерлер болгону менен, спорттон алыс адамдар эле. Тереңине сүңгүп, күрөө тамырынан кармай алышкан эмес. Спорт комитетине бөлүнгөн акчаларды маңыздуу жумшап, жыйынтык берүүнү максат кылышпаган. Ар кандай программаларды иштеп чыгууну, анын өтөөсүнө жетип көрүшкөн эмес. Дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин, бул тармакты өнүктүрүүдө спортко күйүп-бышкан, аны толугу менен билген спорт адамы гана ордунан жылдырып, алга сүрөй алса керек. Ажобуздун указы менен мени бул тармакка дайындоосу, мага чоң ишеним артуу экенин түшүнүп эле турам. Демек, ишти аркалап кетүү менин мойнумда.
- Эмнеден ишти баштап отурасыз?
-Бүгүнкү күндө өлкөнүн региондоруна кабатырланып келем. Шаарда анча-мынча жылыш бар. Ал эми алыскы райондор, андагы айыл жергесиндеги кичи спорт жагдайы өкүнүч туудурат. Парламенттеги депутат өкүлүбүз Орзубек Назаров, УОКтун президенти Мурат Саралинов үчөөбүз жыл башында айылдарды кыдырып келдик. Кээ бир мектептин окуучулары дене-тарбия сабагы жөнүндө түшүнүгү жок экенин байкадык. Спорт аянтчалары, ага тиешелүү буюм-теримдеринен дайын жок. Чоң спортко аттанган адамдын баары ушу жерден чыгарын өзүңүз деле билесиз. Алыс кетпейли Кытай олимпиадасынын баатырлары Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев айыл жерлеринен келген балдар болчу. Эмне үчүн муну айтып атам, себеби шаардын балдарынан анда -сандасы гана чыгат. Алар жалакай болушат. Түйшүктү көп көтөрө алышпайт. Ал эми айыл балдары өжөр, намыстуу, чыдамкай келишет. Ошондуктан, региондордогу жергиликтүү бийлик адамдары менен биргеликте иш алып барууну биринчи кезекке койдук. Өз учурунда айылга же мектепке тиешелүү спорт аянтчаларын, кичи имараттарды оңоп-түзөөнү колго алышса, а биз болсок кээ бир атрибуттарына жардам берип турат элек. Ал эми чоң спорт жагына келсек, олимпиада жылдары башталды. Көздү ачып-жумгуча 2012-жыл дагы келип калат. Бүгүнкү күндө кайсы спортко багыт коюп, кайсы спортчуга басым кылуубуз керек деген суроонун үстүндө иштеп атабыз. Былтыркы жылы Кытай жергесинде өткөн олимпиадада биздин өлкө эки медалга татыган эле. Мына ушул көрсөткүчтөн ылдый шыпырылып калбашыбыз зарыл. Колдон келсе Лондондо өтүүчү кезектеги жайкы оюндарда, биздин бардык спортчулар жакшы ийгилик алып келүүсүнүн үстүндө күжүрмөндүктү көрсөтүшөөр дейт элем.
-Спортчулардын шарты туурасында токтолсок, ошол эле оор атлетика жагынан мисал келтирели. Эмне үчүн ушул убакка чейин Кыргызстандын улуттук курамын түзгөн чоюн билек балбандарыбызда база жок. Дегеним, мамлекет тарабынан каражат каралып, заманбап жатаканасы, рациондуу тамак бере турган ашканасы, медицина тармагы жана машыгып турчу залы бар кичи комплекс курса болот беле?
-Ооба. Көйгөй бар. Жада калса атлетчилердин жаңы моделдеги штангалары, помосттору жок. Бул жөнүндө бир аз мурун жогорку деңгээлде сөз болуп, быйылкы жылдын орто ченинде чакан база, анын ичинде жанагы сиз айткан заманбап тармактарды камтыган кичи курулуш иши башталганы турат. Муну өкмөт колдоп берсе керек. Ал эми чоң спорттун башка түрлөрүндө кандайдыр бир деңгээлде базалары бар. Бирок, заманбап ылайыкталбаса да эски замандан калган көзгө урунттуулары менен колдонуп турса болот.
-Кичине артка кайрылалы. Өткөн парламенттик шайлоо учурунда "Акжол" партиясынын тизмесинде сиз да бар элеңиз. Жадакалса бир жолу парламенттен көрдүк эле...
-Андай учур болгон. Партиянын үгүт иштерине катышып, көйгөйлүү деген спорт жагын көтөрүүнү максат кылып, Орзубек экөөбүз аттанган элек. Бул жерде чынында мен депутаттык креслого умтулган эмесмин. Ал жерде сүйлөшүп, кеңешип, бир бүтүмгө келип, Орзубек депутат болду, аз өтпөй мени бул жакка жиберишти. Ошентип, кандайдыр тандем жаралып калды. Биргелешип иш алып баруу натыйжасында, чукул арада спорт мыйзамы көз жарганы турат. Бул чоң жетишкендик деп эсептейм.
-150 миллион сом сиздердин агенттикке бюджеттен каралып отурат. Кай жакка жумшоо керек экендиги чечилип калгандыр?
- Быйылкы жылы бул акча жылдагыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Анткен күндө эки жыл мурун Москвага бир спортсмендин барып келүүсү 250 доллар чамасын түзсө, азыр бул баа үч эсе көбөйдү. Кайра эле таз кейпибизди кийип атабыз. Ошого карабастан жыл башында иштелип чыккан календардык план боюнча тыкыр карап, мелдеш, турнирлерди үзгүлтүккө учуратпоонун ыгын табуудабыз. Акчаны да жөн жерге чачып ийбестен, маанилүү, майнабы-маңызы бар орчундуу делген тармактарга колдонуудабыз.
-Ушу жерден бир нерсени айта кетсеңиз. Бизге спортту сүйгөн, спортко демөөрчүлүк кылат элем деген бизнестин битин сыккан ишкерлер бар эмеспи. Ошол адамдар менен ымала түзүп, салык маселе жагынан жеңилдетип иш алып барса болот беле?
-Андай сүйлөшүүлөрдүн туу чокусуна чыкпасак дагы мен айткан спорт мыйзамынын беренелерине киргиздик. Эгер ошол мыйзам иштеп кетсе бизге да, бизнесмендерге да чоң жеңилдик болор эле деген үмүттөмүн.
-Сиз жетектеп келген "Гермес-Проффи" атындагы чыгыш эл таймашы федерациясы бар эле. Акыркы күндөрү анын аты чыкпай калды го?
-Бул жөнүндө кийинчерээк кенен маалымат берейин. Азырынча айтарым төмөндөгүчө, быйылкы жыл - юбилейлик жыл. Жай мезгилинде ушул мааракеге арнап "сыр сандык" камдап атабыз. Аны убагында көрө аласыздар.




Чокон атуу Ноорузга калды
Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын манежинде шаардын биринчилиги аяктады. Турнирге сегиз команда катышты. Шаардын райондору жана жогорку окуу жайдын курамдары ат салышты. Финалдык оюнда Свердлов районунун мыкчыгерлери менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын командалары беттешип, Академиянын студенттери жеңип чыкты. Эми бул байгелүү орунду ээлеген командалар Нооруз майрамына багышталган жалпы республикалык мелдешке катыша алышат. Бул күн 24-мартка белгиленип, өлкөнүн булуң-бурчтарынан ордо оюнунун мыкчыгер командаларынын келүүсү күтүлүүдө.

Бишкектин курамына теНелиш кыйын го
Ордо калаабыздагы өспүрүмдөрдүн атайын спорт мектебинде, 1991-1992 жылдары төрөлгөн балдар үчүн Республиканын биринчилиги өттү. Бул мелдешке жергебиздин алыс жайгашкан райондорунан тышкары, борбордогу балдар мектебинен болуп 180ден ашык балбандар катышты. Чемпион аталган атлеттердин көбү Бишкек курамынан. 48 кг. - Калбай уулу Кыялбек, 52 кг. - Токтобек уулу Рамис, 60 кг. - Артур Те, 65 кг. -Ахмед Алиев, 70 кг. -Рахман Абдраимов, 75 кг. -Эгемберди Үмөталиев, 87 кг. - Айбек Бекболаев, 87 кг.дан жогору - Бекболот Рахатбеков. Ал эми сырттан келгендерден - 56 кг. -Бекзат Асанкулов, 81 кг. -Айдар Алыбаев.

КТУнун кыздары oжoрлyyбy же oнoрлyyбy?
Аялдар арасында шаардын биринчилиги аяктады. Чемпиондук наам үчүн финалга мамлекеттик техникалык университеттин кыздары менен Орус-славян университетинин кыздары чыгып, волейбол күйөрмандары беш бөлүктөн турган бүйүр кызыткан оюндарына күбө боло алышты. Техникалык университеттин спортсмендери чеберчиликте өнөрлөрүн көрсөтүп, жеңишке 3:2 эсебинде жетишти. Үчүнчү орунда "Эви-Автоцентр" курамы чыкты.

Оошуп келген Чыгыш таймаштары
Борборубузда ашихара-каратэ боюнча шаардын ачык биринчилиги аяктады. Кумитэ жаатынын 65 кг. салмак ченинде Ысык-Көлдүк Ардак Бактиев (16 жаш) жана Азамат Абдыжапаров (17 жаш) чемпион болушту. Ошондой эле бул наамды Таалайбек Канаев (18 жаш), Сталбек Момукеев (18 жаш, 65 кг.), Максат Абдылдаев (18 жаш, 75 кг.) жеңишти. Кол чарпышуу боюнча жаштары 45тен жогорку мырзалар арасында Леонид Камалидиновго теңдеш эч ким чыкпады. Ушуга катар мелдештин Ката түрү боюнча үч баскычта таймаш болду. А баскычында - Нурсултан Туташев (8 жаш). Эдуард Лим (10 жаш), В баскычында - Акыл Төксүнбаев (10 жаш), С баскычында - Никита Иванин (8 жаш), Дмитрий Гайдин (10 жаш).

Яна Панованын таймашы
Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында өлкөнүн биринчилиги өттү. 2007-жылы Азия күрөшүндө жылдызы жанган Яна Панова чемпион аталып, коомчулуктун жакшы сөзүнө татыган. Бул жолу да республика чемпионатында бийик көрсөткүчкө жетишти. Анда алтын медалга татыган жалпы балбан кыздарыбызды атай кетели:
48 кг. - Махринсо Нурматова, 51 кг. - Турдугул кызы Азияр, 57 кг. - Ильгиза Анарбекова, 59 кг. - Алымкул кызы Бурул, 63 кг. - Нестан Ниязова, 72 кг. - Яна Панова.

Ала-Тоодо спорт майрам
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында 21-март Нооруз күнүнө карата спорттун ар кандай түрлөрүнөн мелдештер өтөт. Майрамдык иш-чараны шаардык дене-тарбия, спорт жана туризм боюнча комитети колго алган. Бул күнү улуттук оюндардан: ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү, ал эми чыгыш таймаштарынан: ушу-саньда, таэквондо, каратэ чеберлери да килем үстүндө өнөрлөрүн көрсөтмөкчү. Ушул эле учурда "Ак-Кула" ипподромунда көк-бөрү боюнча майрамдык таймаштар болгону турат.

Даярдаган Сурат Жылкычиев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan