Репрессиянын желаргысы

Аликбек Жекшенкуловдун
камалышына сиздин пикириңиз?
Бакыт Бешимов,
ЖК депутаты, СДПК фракциясы:
- Бул азыркы оппозицияны куугунтуктоо саясатынын негизинде болуп жаткан процесстер. Айтыңыздарчы, мурдагы тышкы иштер министри өзүнө таандык пистолет менен ошол Таластагы түрк бизнесменин өлтүрдү дегенге ким ишенет? Албетте, репрессия жүрүүдө. Дагы бир нерсени айтып коюшум керек. Учурда Кыргызстанда күч органдарынын хунтасы орнотулуп атат. Мындан улам азыр айрым адамдар акырындык менен саясат жүргүзүшүбүз керек деп коркуп, чоочулашууда. Бирок хунтаны орнотуп жаткандар бир нерсени эстеринен чыгарбашы керек. Бир күнү келип туруп ошол хунта авторлорунун башына килейген зоо-таштай түшөт. Ошондуктан "бирөөгө ор казсаң, тайыз каз, өзүң түшүп калба" деп бекеринен айтылган эмес. Негизи бирөөлөрдү камап, коркутуп саясый аренадан сүрүп чыгарам деген саясаттын арты дайыма жамандык менен бүтүп келген.
Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Аликбек Жекшенкулов саясатка кечээ эле келген жаш жигит эмес. Ал буга чейин ОБСЕде элчи жана ТИМ министри болуп жооптуу кызматтарды аркалап келген. Ага козголуп жаткан кылмыштын адам ишенерлик, акылга сыярлык жагы жок. Анткени, укук коргоо органдары элге жеткиликтүү далилдерди келтирип бере албай жатышат. Эгерде мындай саясый куугунтук Аликбек сындуу лидерге улана берсе, анын арты жакшылыкка алып барбайт.
Болот Жанузаков,
"Кут" партиясынын лидери:
- Дегеле бүгүнкү күндө оппозициянын көрүнүктүү, аттуу-баштуу жигиттерине кылмыш иштеринин козголуп жатышы өлкөбүздүн эртеңкисине терс таасирин тийгизет. Анткени, Конституцияга ылайык ар бир адам жеке пикирин мыйзам чегинде айтууга укуктуу. Ал эми ачуу сын-пикирди айткан оппозициянын белдүү жигиттерин куугунтуктоо бүгүнкү бийликке аброй алып келбейт.
Репрессияга тушуккан жигиттердин көбү "элим деген, артка жылбай, алдыга жылсак" дегендер. Убагында алар мамлекет үчүн албан эмгек кылышкан. Андыктан бийликти салмактуу, сабырдуу, иш кылганга чакырар элем.
Мирослав Ниязов,
экс-коопсуздук катчысы:
- Мен Аликбектин эмне себептен камалганын толук билбейт экемин. Ага таандык пистолет менен адам өлтүрүлгөн дейби? Эгер ошол факты анык болсо, аны аягына чейин изилдегенден кийин камакка алынышы керек болчу. Мен ойлойм, бул жерде аша чапкандык болуп жатат. Бирок эмоцияга алдырып, "репрессия, куугунтук" дей бергенге эртерээк го. Күч органдарынын Жекшенкуловго таккан күнөөлөрүнөн соң жыйынтыктуу кеп айтса болот. Менимче, азыр бул суроого бир тараптуу жооп бериш али эрте.
Нина Зотова,
А.Жекшенкуловдун адвокаты:
- Күч органдары Аликбек Жекшенкуловду кармаган учурда абдан оройлукка жана наадандыкка барышты. Жакындарына телефон чалганга да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Биз эки экспертизалык корутундулар менен тааныштык. Биринчисинде Жекшенкуловго сыйлыкка берилген Макаров пистолетинин "Х.О" түнкү клубунда болгон хулигандыкка жана журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар делинген фактылардын тастыкталбаганы айтылат. Экинчисинде, 9-декабрь күнкү Таласта өлтүрүлгөн түрк бизнесменине ушул пистолеттен ок чыгарылышы мүмкүн делинет. Бирок биз экспертизалардын корутундусуна ишенбейбиз. Бул ишти көзкарандысыз экспертиза караш керек эле. ТИМдин экс-министри Аликбек Жекшенкуловдун камалышы - Куловдун окуясынын кайталанышы болуп жатат. Ошол эле сценарий башынан аягына чейин кайталанууда. Бул менин адвокат катары жеке пикирим.
Мукар Чолпонбаев,
саясый ишмер:
- Негизинде Кыргызстандагы баардык табелдик, сыйлыкка берилген курал-жарактын баары каттоодон өтөөрдөн мурда атылып көрүлүп, компьютерге салынып, андан ИИМдин өздүк картотекасына жиберилет. Түрк бизнесмени 2007-жылы атылыптыр, ага чейин картотекадан карап көрбөй эмне кылып жүрүшүптүр. Эми гана "отстрел" кылып, эми гана экспертизадан өткөрүлүшү чоң шектенүүнү туудуруп жатат. Менимче, бул жерде накта куугунтуктоо жүрүүдө. Аликбекке буга дейре козголгон эки кылмыш ишинен кынтык таба алышпай, айласы кеткенде ушул жолго барып атышат.
Семетей Талас уулу




  Буга дейре...

Түрк бизнесменинин өлүмүн ИИМ башкага жүктөп келген
...2007-жылдын 9-декабрь күнү Талас шаарында буурчак бизнеси менен шугулданган "Серкон" фирмасынын жетекчиси Четин Серветти белгисиз киллерлер атып кетишкен. Ч.Серветтин өлүмү Түркия парламентинде козголуп, биздеги түрк элчилиги чуу көтөргөндөн кийин окуя төмөндөгүчө уланган.

Бийлик тараптан команда болгонбу, айтор, ИИМ бул буйрутма өлүмдөн соң катуу иштеп, 2008-жылдын 28-январында министрликтин пресс-кызматы Четин Серветтин өлүмүнүн ачылганын жар салган. Анын өлүмүнө тиешеси бар деп ГУБОПтун кызматкерлери Ильяс А. деген атуулду Бишкектеги "Гранд-отель" мейманканасында жаткан жеринен кармашкан. Ильяс кармалган кезде жанында колго жасалган пистолет жана 5,45 калибрдеги автоматтын 30 огу табылган. Ал эми Ильяс оперативдик маалыматтарда кримавторитет Рысбек Акматбаев тобунун активдүү мүчөсү, атургай жеке айдоочу болгон деп айтылып келген. Кийин Ильяс Акматбаев ОПГнын мураскери катары таанылган Максат Карасартовдун уюшма кылмыштык тобунда да активдүү мүчө болуп келген делинет.
2006-жылы Бишкекти дагы бир "окуя" дүңгүрөтүп аткан. Ордо калаанын борборунда кыргыз элитасы жашаган үйдүн тушунан ИИМ оперативниктери эки спорт денелүү жигитти кармашкан. Алардын бири, албетте, Ильяс эле. Кармалгандардын бирөөсүнөн патронникте тартылып атууга даярдалган пистолет табылган. Ошондо бул жигиттер ошол кездеги ИИМ министри М.Суталиновго кол салганы жүрүшкөн деген божомол айтылган. Арийне, экинчи божомол биринчисин жокко чыгарган. Көрсө, Ильяс кримдүйнөдө Рембо деген ат менен таанылган жаранга кол салганы барышыптыр. Кийинчерээк бул эки иш жабылган. Ал эми Ильяска мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, жарым жылга кесилген. Ушул коогалаңдуу окуядан кийин Ильяс укук коргоочулардын кароолуна былтыр Четин Серветтин өлүмүнө байланыштуу илинген. Кызыл жакачандардын айтымында, Ильяс Четиндин (Ч.Сервет атылып өлтүрүлгөндөн мурда алгач анын машинасы өрттөлүп, кийин бычак жеп аман калган) машинасынын өрттөлүшүнө, бычак менен кол салынышына тиешеси бар экенин моюнга алган. Бирок түрк бизнесменинин өлтүрүлүшүнө катыштыгы жок экенин далилдеген. Ошентип былтыр январь жана март айларында Таласта өлтүрүлгөн Ч.Серветтин өлүмүнө байланышы бар делинген Ильяс жеке коопсуздугу үчүн борбордогу СИЗО-1де кармалбай, УКМКнын тергөө изоляторуна жабылган.
Биз муну менен учурда А.Жекшенкуловдун пистолетинен Четин Серветке ок чыгышы мүмкүн деген күч органдарынын божомолуна улай өткөндү эске салып, мурда бул кандуу окуяны кандай негизде карап келгенин коомчулук билип, таразалап алсын дедик.
Семетей Талас уулу





  От оюн

Турат Мадылбеков:
"Менин туугандарыма да кысым башталды"
- Турат мырза, сизге карата жасалып аткан кысымдарга токтоло кетсеңиз...
- Мага болуп аткан кысымдар эки тараптуудай көрүнөт. Биринчиси, Чүй облусундагы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы катары облустагы иш алып баруума, партиялаштарыма, "Кылым жолу" ардагерлер коомуна. Бул жерден да жөн койбой, ардагерлердин сыйлыкка берилген куралдарын текшерип, кээ бирөөлөрүнүкүн ушу убакка чейин кайтарып бербей жүдөтүп атышат. Экинчиси, менин биртуугандарымды укук коргоо органдары улам-улам текшерип, тинтип атышат. Алар өзүлөрүнүн дыйкан-чарбалык иштери менен алектенип, такыр саясатка аралашпаган адамдар. Эми мына жаз айлары башталып атса, аларды жөндөн-жөн эле бат-баттан суракка чакыргандары жанды ачытат. Эмне себептен ушундай иштерге барып аткандары түшүнүктүү. Себеби, алар ачыктан ачык "агаңарды токтоткула" деп туугандарыма айтып атпайбы. "Саясатка аралашпасын, "Ата Мекенден" баш тартсын" дегендей кептерди.
- Жеке өзүңүзгө кысым көрсөткөн тараптан сүйлөшүү амалдары кылындыбы?
- Мага досторум, туугандарым аркылуу чыгып атышат. Бийлик тараптан "келиңиз, сүйлөшөлү" деген сунуштар бар. Чындап келсе, эмнеге менден кабатыр болуп атканын түшүнбөйм. Же, ошондой эле радикалдуу сөздөрдү айтпасам, иштерди жасабасам. Мүмкүн алар жаз айындагы митингдерден чоочулап аткандыр... Кысымдарды бүгүнкү күнгө чейин токтотушкан жок. Бирок мен тутунган багытымдан кайтпайм. Аны билип коюшсун. Бул кысымдар бийлик тарабынан болобу, укук коргоо органдарынанбы, айтор, коомчулукта "1937-жылкы репрессия кайра кайталанып жатабы?" деген пикирди жаратып жатат. Эгерде мындай кысым абалдарын токтотушпаса, жөн жерден от чыгып кетиши ыктымал.
- Кандай болсо да сиз "Ата Мекен" жолунан кайтпайсыз да?
- Мен ушунча жыл топтогон иш тажрыйбам, адамгерчилик сапатым, принципиалдуулугум менен бул жолдон кайтып кеткеним туура эмес болуп калат. Мен "Ата Мекен" партиясына башында эле элге кызмат кылам деген максат менен киргем жана мындан баш тартышым мүмкүн эмес. Эгер "Ата Мекен" партиясы элдин бакубат жашоосу үчүн күрөшүп, митингге чыга турган болсо, анын ичинде мен дагы бармын.
Сурат Жылкычиев














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan