Сөз эркиндиги муунтулуп

С.Абдылдаевдин колунун сындырылышы журналисттерге эскертүүбү?
Бир жуманын ичинде эки журналисттин өмүрүнө кол салынды. Коомчулук муну сындап, сөз эркиндигине жасалып аткан басым катары баалашууда. Журналисттин өмүрүнө кол салып атса, "Ким?" дегенден мурда биринчи эле кезекте "Эмне үчүн?" деген суроо коюлары бышык.
Бир жуманын ичинде эки журналисттин өмүрүнө кол салынды. Коомчулук муну сындап, сөз эркиндигине жасалып аткан басым катары баалашууда. Журналисттин өмүрүнө кол салып атса, "Ким?" дегенден мурда биринчи эле кезекте "Эмне үчүн?" деген суроо коюлары бышык.

Журналист Сыргак Абдылдаевди бычактап кеткенден төрт күн өтпөй, Ош ТВ телекомпаниясынын журналисти Бахадыр Кенжебаевди да белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен. Ага Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен кол салышкан. Жыйынтыгында мээси чайпалып, денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Ал эми "Репортер-Бишкек" гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин акыбалы салыштырмалуу жакшы. №4 оорукананын травмотология бөлүмүнүн башкы дарыгери Рамис Үсөнбековдун айтымында, денесинин 21 жерине бычак жеп, эки колу чыканактан өйдө сынып кеткен журналисттин буттарындагы бычактын жаралары айыгып атат. "Мээси чайкалгандыктан баш оорусу бар, денесинин шишиктери таркай элек. Сынган колдорун операция жасоо маселеси да көтөрүлүүдө, бүгүн тиешелүү рентгенден өткөрүлмөкчү. Дары-дармек, керектүү каражаттар жетиштүү, бирок өзүңүздөр билесиздер, алдыда дагы операциялар бар, ошондуктан, дагы кан керек болот," - дейт дарыгер. Буга чейин жакшы дем алалбай аткан, азыр аба кенен кирип аз-аздан сүйлөп калды.
Сыргак Абдылдаев өзү азырынча журналисттерге интервью бергенден баш тартып атат. Тергөөгө жолтоо болбоюн деп. Эксперттер менен кесиптештери бул кол салууларды кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Анткени, Бахадыр Кенжебаев коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында материалдарды даярдап келген болсо, Сыргак Абдылдаев ички, сырткы саясаттын былык-чылыктарын көзгө сайып келген. "Репортер-Бишкек" гезитинин редактору Турат Акимовдун айтымында, Руслан Шабатоев менен Бактыяр Амиржановдун дарексиз жоголуп кеткендиги тууралуу макалаларын жазып баштагандан тарта "проблема" башталган. Ошол учурда Сыргак Абдылдаевдин үйүнө бирөөлөр телефон чалып, унчукпай угуп туруу бир нече жолу кайталанган. Көбүнчө анын жубайы трубканы алчу. Анан бир жолу Сыргак өзү алып, "силерге эмне керек?" дегенде, алар "Труп!" деп телефонду коюп койгон. Андан кийин артынан кимдир бирөөлөр аңдып атканын да кесиптештеринен жашырган эмес. 3-март күнү кечке жуук саат 18.30дарда "Макул анда, мен кеттим, бирөө менен жолугушум керек эле" деген бойдон редакциядан чыгып кеткен. Кетип бараткан жеринен, Кыргыз экономикалык университетинин жанынан кол салынган. Көчөдө эч ким жок болгон, демейде турчу таксилер да Тоголок Молдо көчөсү бир тараптуу болгондон баштап турбай калышкан. Тез жардамды ошол жердеги дүкөндүн сатуучусу чакырыптыр. Абдылдаев өзүнө келгенден кийин Турат Акимовго төрт же беш адам кол салганын айтып берген. Анын айтымында, бир жигит "Сыргак байке!" деп келип кучактап учурашымыш болуп, колун сындырган. Андан соң калгандары чуркап келип ортого алышкан. Бирөө команда берип "Ур! Көз айнегин сындыр!" деп турган. Металл труба, полотенцага оролгон таш, бычак менен урушкан. Кудай жалгап кийген жынсы шымы менен, катуу кебезден тигилген курткасы өлүмдөн сактап калган.
Урматтуу, журналисттер! Сыргак Абдылдаевдин колун сындырышканы "колуң менен жазгансың" деген түшүнүк. Муну баарыбызга берилген эскертүү катары кабылдашыбыз керек. Ушундай окуялар болуп атса, жөн гана маалымат жазып тим болбостон, баарыбыз биригип, кандайдыр бир чараларды көрсөк. Болбосо, мындай кол салуулар кайталана бериши мүмкүн. Ошондуктан, журналисттерге болгон кол салуунун күнөөкөрлөрүнүн табылуусун көзөмөлдөп турушубуз шарт. Эгерде, кылмыш иштеринин бети тез арада ачылбаса, күнөөлүүлөр табылбаса, кандайдыр бир акцияларды уюштуруп, керек болсо маалымат берүүдөн жалпы баш тарталы дегим келет.
Дилбар АЛИМОВА



Бул Сыргак Абдылдаевге кол салгандардын бирөөсүнүн фотороботу
ИИМдин маалыматына караганда, ал 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү киши. Бою 160-165- сантиметр чамалуу, орто дене түзүлүштө, тегерек жүздүү. Чачы кара, кыска. Бул адамды көргөн-билгендер болсо, тергөө-оперативдик тобу 68-37-40; 48-63-72;
66-74-31; 66-23-31; 66-24-52;
48-62-54; 0-555-70-38-43; 0-772-51-57-08 телефондоруна чалып коюуңуздарды суранат. (ИИМ жана Бишкек ШИИБинин кылмыш изилдөө тобу)




 "Жунгли закону"

аңчылык
Буга чейин Кыргызстан демократияны тутунган, сөз эркиндиги кандайдыр деңгээлде калыптанган өлкө катары таанылып келген. Президент журналисттер менен жолукканда да баса белгилеп "Кыргызстанда сөз эркиндиги бар" деп айткан эле. Тилекке каршы, бүгүн эркин ойлонгон, бийликтин тизгининен алыс журналисттерге кысым күчөп, атургай чалажан абалга дейре жеткизе сабалып, кордук көргөзүүнүн ашынганы көрүлүүдө.
Маселен, өткөн жумада "Репортер Бишкек" гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди 21 ирет бычак менен уруп, эки колун сындырып кетишкен. Азыр ден-соолугу оор шартта. Ошого катар эле 7-март күнү "Ош ТВ" телеканалынын оператору Бахадыр Кенжебаевди ким бирөөлөр катуу сабап кетишкен. Анын да ахвалы начар. Өкүнүчтүүсү ушул, журналисттерге кол салган кылмышкерлер кармалбай келет. Эгерде күч органдары С.Абдылдаев менен Б.Кенжебаевдин укугун сактап, айбан сымал зөөкүрлөрдү таппаса, анда журналисттерге жасалган аңчылык дагы күчөйт. Кыргызстан сөз эркиндигинен ажыроо коркунучунда калып, "демократия" деген үлпөтүбүздүн пайдубалы быркырап кетиши ажеп эмес. Аргасыз таңкаласың, бүгүн биздеги күч органдары оппозиция лидерлерине, алардын тууган-уруктарына кылмыш козгоо боюнча камчы салдырбай калды. Мына ушундай активдүү иликтөө иштери журналисттерге кол салган зөөкүрлөргө карата көрүлсө, балким жыйынтык чыгат беле? Мындан ары С.Абдылдаев менен Б.Кенжебаевди сабап кеткен кылмышкерлер табылбаса, анда тиешелүү күч органдарынын жетекчилери кызматынан кетиши керек. Себеби, ушундай окуялардан саясый кысым жыттанып атканы, атайын буйрук менен жасалганы алаканга салгандай байкалат. Дегеле кылмыш кырдаалына өзгөчө баа берилүү зарыл. Эркин сөздү тутунгандардын оозун бууп, өлкө кайсы аңгекке тыгылар экен?..
Эсиңерде болсо, 2007-жылдын соңунда журналист Алишер Саипов атылып өлтүрүлгөн. Анын ким колдуу болгонун күч органдары бүгүнкү күнгө чейин так маалымат бере алышпады. Мына ушундан соң ойлонот экенсиң, бийлик журналисттердин өмүрүнө кайдыгерби (?) деп.
Ал эми бүгүнкү күндүн дагы бир фактысына токтолсок, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго кылмыш иши козголуп келет. Албетте, анын кылмышы бар-жогун тиешелүү органдар изилдейт деңизчи. Бирок, бу жерден оркойгон суроо туулат. Бабырбек мырза бийликке сын айтканы үчүн куугунтукталып, кылмыш козголушу керекпи? Кызык эй! Акүйгө карата сын көзкарашта болгон журналисттер сабалып, атылып өтүрүлүп, ошого катар кылмыш козголо берсе, анда биз кандай мамлекетке айланабыз? Кыргызстанда укук сакчылары ыргылжың абалда болсо, журналисттердин тагдыры тепсендиде кала берсе, мындай шартта мамлекеттин жүзүнө көө сүйкөлөрү турган иш.
Ток этер жери, ушул күндөрү бизге карата да коркутуп-үркүтүүлөр болуп келет. Бирок курулай эле жалакай болгонсуп, жазып чыгуудан уялат экенсиң. Алиги сөз эркиндигин тутунгандарга акылга сыйгыс кордук-зордуктар болуп аткан соң, анча-мынча коркутуулар кеп болбой калат тура. Чынын айтсак, көкүрөктө бир сезим жашап келет: "кимиси каерден кол салып кетет" деп. Албетте, бүгүнкү күндө журналисттердин коопсуздугун сактоо жагы өтө начар деңгээлге түштү. Корунуп, шектенүү менен жашоо канчага дейре уланат? Андыктан, жалпы журналисттердин коопсуздугун президент Курманбек Бакиев өзгөчө маселе катарында карап, Конституциянын гаранты катары катуу туруп бербесе болбой калды. Укук сакчыларын ойготуп дегендей. А болбосо "жунгли закону" түспөлүндө кетчүдөйбүз. Бидин жолубуз күндөн-күнгө тарып баратканы да белгилүү. Дагы кайда барабыз?..
Асланбек САРТБАЕВ




  Туке айтса, туурасын айтат

Акыйкатчы сенсация тартуулайт

Акаев режиминде чындык үчүн бийликтин жасаган кысымдарына, азап-тозогуна чыдаган жылаңач баатырлардын бири - Турсунбек Акун эле. 17 жылдан бери акыйкат үчүн күрөшкөн эмгегинин акыбети кайтып, Туке былтыркы жылдын 21-февралынан бери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп иштеп келе жатат. Ушул бир жылдын ичинде Акыйкатчы Турсунбек Акун эмнелерге жетишти, кандай өзгөрүүлөр болду (?) деген теманын өңүтүндө кеп козгосок.

Омбудсмен аппаратынын "ашканасын" мыкты билгендерге ириде кадрлар түзүмүнүн жаңыланганы байкалат. Мурдагы 137 кызматкердин ордуна 104ү калып, ашыкча түзүмдөр жоюлуп инспекциялар бөлүмдөргө бириккен. Аппарат түзүмүнүн конкурстан уткан мыкты адистер менен жаңыланышы - Акыйкатчы институтунун ишинин алдыга жылуусуна өбөлгө түзөт деп үмүттөндүрөт. Акыйкатчынын алгачкы жылдагы ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты жарандык сектордун өкүлдөрүнүн башын кошту, укук коргоочулардын коомдук кеңеши омбудсмен аппаратынын алдында түзүлүп, ага белгилүү укук коргоочулар тартылышты.
Эл аралык уюмдар менен иштөөнү да жандандыруу керек эле. Эл аралык байкоочулар акыйкатчы аппаратынын ишмердүүлүктөрүн талдап чыгышып, натыйжада бир катар эл аралык уюмдардын колдоосунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кыска мөөнөттүү семинарлардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.
Акыйкатчы кызматында иштеген алгачкы жыл адам укуктарынын жалпы
декларациясынын 60 жылдык маарекесин өткөргөн жылга туш келди. Бул маанилүү документтин 60 жылдыгы бүтүндөй
республика боюнча өткөрүлүп, ага КР Акыйкатчысы координатор болду.
"Адам укуктары: бүгүнкүсү жана келечеги" деген аталыштагы эл аралык конференция 2 күнгө созулду. Эл аралык уюмдар да акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө жогорку баа беришип, мындан ары техникалык грант берүү алдында турушат.
Негизи бүгүн-эртең Акыйкатчы Турсунбек Акун бир жылдык аткарган иштери боюнча парламенттин алдында баяндама жасайт. "Баяндама калыс жана сенсациялуу болот"-дейт Турсунбек Акун. Демек, Туке айтса, айтканындай болот деп күтө туралы.
Семетей Талас уулу













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan