Сырты жалтырак, ичи калтырак

"Машботойду" Токтогул жараткан"
Мурдагы сандарыбыздагы шоу-өкүлдөрүнө ар кандай суроо берип, интеллектуалдык деңгээлин текшерип келгенбиз. Эми да кайра баштадык. Ошондой эле суроолор, ошондой эле жооптор... Өткөндө Түгөлбай Сыдыкбековду комузчу кылганы аз келгенсип, бул жолкусунда да Жолдубай Кайыповго комуз карматып, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеваны кыргыз кинолорунда бир нече образдарга жан берген актрисига айландырышты. Мына кызык.


Эрмек Нурбаев, "Тамашоу" лигасынын жетекчиси
- Кыргыз уруулары канча канатка бөлүнөт? (Үч: оң канат, сол канат, ичкилик)
- Эки: оң, сол.
- Касым Тыныстанов кайсы жердин кулуну? (Ысык-Көл)
- Кыргызстандын.
- Ысык-Көлдөн канча дарыя агып чыгат? (Агып чыкпайт)
- Көп эмес... аз эле (күлүп).
- Данияр Үсөновдун ээлеген кызматы? (Президенттик администрация жетекчиси)
- Парламенттин төрагасы.
- Телевизордун кыргызча аталышы? (Сыналгы)
- Сыналгы.
- Жолдубай Кайыповдун кесиби? (Обончу, теле алып баруучу)
- Чоң инсан да. Композитор... (2 мүнөттөн кийин жообун кайра комузчу деп оңдоду).
- Күйөө баланын карындашына кантип кайрылышат? (Кудача)
- Карындаш деп эле айтат да. А жок балдыз дейт.


Фарида Карбосова, ырчы
- "Ашуудан берген отчетум" кимдин калемине таандык? (Б.Сарногоев)
- Байдылда Сарногоев.
- Чыңгызхандын өз аты? (Тимучин)
- Темунжин.
- "Машботой" кимдин күүсү? (А.Огонбаев)
- Ы.Туманов. (5 минутадан кийин кайра өзү чалып, жообун Т.Сатылганов деп оңдоду)
- Айгүл гүлү Кыргызстандын кайсы областында өсөт? (Баткен)
- Баткендин бир тоосунда. Мен ал жакка баргам да.
- Кыргызстанда канча бийлик бутагы бар? (Үч: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот)
- Төрт. Президент, исполнительный, сот, анан... СМИ.
- Флешка деген эмне? (Маалымат сактагыч)
- Колдонобуз, мен деле клип, ыр, концерт, информациянын бардыгын... то есть... эмне деп коет? Архив сыяктуу...
- Турмушка чыга элек кызга кантип кайрылышат? (Бийкеч)
- Бийкеч да.


Темир Назаров, ырчы

- Жеңижоктун өз аты ким? (Өтө Көкө уулу)
- Билбейм.
- Курманжан датканын күйөөсүнүн аты? (Алымбек датка)
- Алымбек да.
- Орган музыкалык аспабы кылдуу аспаптарга киреби, же үйлөмөлөргөбү? (Үйлөмө)
- Кандайча? Негизи орган кылдуу аспаптарга деле кире берет да, туурабы?
- Музыкадагы интервал түшүнүгү эмнени билдирет? (Эки добуштун аралыгы)
- Алло, алло-о... Азыр подвалда жүрөм, жарым сааттан кийин чалайынчы.
- "Ажар" повестинин автору ким? (К.Баялинов)
- ...
- Алмаз Атамбаевдин партиясы кандай аталат? (СДПК)
- ...
- Премьер-министрдин кыргызча аталышы? (Өкмөт башчы)
- ...

Кайрат Пиримбердиев, ырчы

Ч.Айтматов канчанчы жылы туулган? (1928-ж.)
- 1928-жылы.
- Сталиндик репрессия кайсы жылдары болгон? (1937-1938 жж.)
- Кайсы репрессия? 1936-38-жылдардын ичинде.
- Конституция дегендин кыргызча аталышы? (Баш мыйзам)
- Билбейт экемин.
- Музыкалык кандай ачкычтарды билесиң? (Скрипкалык, бас, альт, тенор...)
- Нотанынбы? Билбейм.
- "Кошой-Коргон" тарыхый комплекси кайсы жакта жайгашкан? (Ат-Башы району)
- Нарында.
- Радионун кыргызча аталышы? (Үналгы)
- Үналгы.
- Бүбүсара Бейшеналиева ким болгон? (Балерина)
- Актриса. Ой жанагы... бийчи, балет бийлейт го.
Бегимай БАКАШЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan