sms үкөк

Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.

059. Балыкчы шаарында жашаган апам Жамгырчиева Гүлайымды 13-март туулган күнү менен куттуктайм. Апа, сизге узун өмүр, чың ден-соолук, бакыт каалайм. Эч качан оорубаңыз.
Кызыңыз Зарина
060. Урматтуу апалар, эжелер, карындаштар! Сиздердин өтүп кеткен 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм!
0104 абоненти
061. Баардык кыргызстандыктарга салам! Март майрамыңар менен!
Алматыдан Бурулай
062. Салам, сиз менен таанышса болобу?
От Стамбул
063. Бильярд спорт федерациясынын жогорку даражадагы тренери окуучуларды үйрөтүүгө кабыл алат.
Т: 0312 45 16 67
064. Шашылыш түрдө ВМW-525 авто машинасын сатам. 1985-жылы чыккан. Баасын сүйлөшөбүз.
Т.: 0555 31 32 73
065. Эң туруктуу саясатчы Өмүрбек Текебаевге салам! Өмүрбек байке, "биздин көчөдө да майрам болор". Кудай сиздей ак адамдарды куру таштабашына терең ишенем. Кантип эле акыйкаттык, актык бааланбай калсын. Ушунуңуздан жазбаңыз. Президент болбосоңуз да, кыргыз тарыхында элдик лидер, мыкты инсан катары жазылып каласыз. Канча каралашса дагы мен сизди сыйлайм, сизге болгон ишенимимди эч ким жүрөгүмдөн алып сала албайт.
Иниңиз Улан
066. "Учур" гезитинин өткөн санындагы кабарлардан "Ата Мекен" партиясы акча чогултуп атканын окуп калдым. Алардын эсебине колдоо иретинде өзүмдүн 700 сом пенсиямды котордум.
Бектур, пенсионер





Президенттик администрация башчысы Данияр Үсөновдун саясый ишмердүүлүгүнө окурмандардын пикири.

01. Данияр Үсөнов эң начар сорттогу адам. Ал мактанчаак, дардаңдаган, элди ойлобой, өзүн ойлогон киши. Мадумаров экөө былтыр 8-мартта аялдарын алып, өзүнчө самолет жалдап, сейилдегендери өздөрүнүн акчасына дейсиңерби? Ал деген элдин акчасы. Ошондой эле акчалары батпай жатса, жетимдер үйүнө, карылар үйүнө, жетишпеген үйбүлөлөргө жардам беришпейт беле? Ал акчаларды маңдай тери менен тапкан акча эмес, элдин эсебинен уурдалган акчалар. Кусуп берер күн да келет.
0214 абоненти
02. Үсөновдун начар адам экени көзүнөн эле көрүнүп турбайбы. Бекеринен "көз - жан дүйнөнүн күзгүсү" дебейт да.
И....
03. Мен Данияр Үсөновдун саясый да, адамдык да сапаттарын баалабайм. Бир кезде бетме-бет жолугуп калсак, бетине деле айтмакмын.
Таалай
04. Гезиттерден сүрөтүн көргөндө эле жиним келет. Бул кишинин жамандыгы бетинде эле жатпайбы.
Гүлшат
05. Я знаю что он умеет зарабатывать деньги. Обычно мне нравятся такие мужчины, но в нем есть что-то отталкивающее.
Сабира




Гороскоп
16-марттан 22-мартка чейин

Кой (21.03 - 20.04)
"Буттан жаңылган турса да, сөздөн жаңылган турбайт" деген сөз бар. Бул жума бою дал ушул принцип менен жашаңыз. Жуманын аягында көптөн күткөн адамдар менен мамилеңиз бекемделип, жаңы
таанышуулар болот. Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар ийгиликтерге жетишет.

Букачар (21.04 - 20.05)
Дүйшөмбү күнү маселенин баары сиздин пайдаңызга чечилет. Аптанын ортосунда жагымдуу кабар угасыз. Ал эми апта аягы эс алуунун ордуна талыкпас эмгекти талап кылат, бирок бул эмгектин үзүрү жакын арада кайра сизге кайтып келеринен кам санабаңыз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Дүйшөмбү маанилүү маселерди чечүүчү күн эмес. Шейшембиде сизге материалдык пайда алып келчү сунуштар болот, бирок жакшылап ойлонуңуз. Жуманын ортосунда ишиңизде да, жеке жашооңузда да жагымсыз көрүнүштөр болушу ыктымал.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Аптанын ар бир күнү акча маселесине байланышкан проблемалар менен өтөт. Бирок бул үчүн кечке ойлонуп, нерв системаларына зыян келтирүүнүн кажети жок. Аптанын акыркы күндөрүндө бул маселени чечүү жолдору табылып, эмки жума башында толугу менен "баш оорутмалардан" арыласыз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Арстан жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендерди бул апта романтикалуу жолугушуулары менен кубантат. Бейшемби күнү сүйүктүүңүздү күтпөгөн жерден, капысынан кезиктирип калышыңыз ыктымал. Ошондуктан, бул күндөрү өзүңүзгө жарашыктуу кийимиңизди кийип, тыкан алып жүргөнгө аракет кылыңыз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Бул жылдыз алдында төрөлгөн мырзалар аптанын жарымынан көбүн кара күч эмгектерине жумшайт. Чыгармачыл адамдар болсо турак-жай маселесине байланышкан маселе менен алек болот. Ал эми айымдардын, тескерисинче, бош убактысы арбын болуп, көптөн бери кездеше албай жүргөн курбулар менен маектешкенге, дүкөн кыдырып келүүгө шарт түзүлөт.

Тараза (24.09 - 23.10)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү көңүл сүйүнткөн кабар угасыз. Жума күнү иштен өзүңүздүн чеберчилигиңизди көрсөтүп, бир топ мактоолорго, атургай кесиптик тепкичтен бийиктегенге да мүмкүнчүлүк аласыз. Жуманын эс алуу күндөрү көнүмүш эле маанайда өтөт.

Чаян (24.10 - 21.11)
Апта адаттагыдай эле башталат. Бейшемби тегеректеги тааныган да, тааныбаган да ар бир адамга ойлонуп сүйлөңүз. Жума күнү орчундуу маселелерди чечүүгө туура келет. Ал эми жекшемби күнү сизге сүйүүсүн арнагандар болуп, жакшы кабарлар кулагыңызды сүйүнтөт.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Бизнес жаатындагы адамдар үчүн жемиштүү учур. Өтө чоң киреше алып келе турган сунуштар болот. Өз акыл-эс, энергияңызды таразалап алып, анан гана макул болуңуз. Кандай жагына болсо да, ал чечимден кийин кабар угасыз. Бирок, ал кабар кандай болсо дагы, эс алуу күндү жакындарыңызга арнаңыз.

Текечер (22.12 - 20.01)
Бул жума сүйүүгө учураган адамдар үчүн эң сонун белектерин аябайт. Ишемби күнгө чейин жагымдуу жолугушуулар, жакшы кабарлар болуп турат. Жекшемби күнү бир аз жагымсыз кабар угасыз, бирок жума ичинде алган энергия маанайыңыздын жайдарылыгын сактап калат.

Суупери (21.01 - 19.02)
Апта башында үйбүлөлүк маселелерди чечкениңиз оң. Анткени жуманын ортосунан аягына чейин тез арада бүтүрө турган иштер чыгып калат. Аларды дароо ишке ашырууга аракеттениңиз. Апта аягында жакшы майнап чыгат.

Балык (20.02 - 20.03)
Бул жума сиз үчүн болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди алып келет. Шаршемби, бейшемби күндөрү жакындарыңыз менен майрамдап койсоңуз да болот. Жуманын аягында алыс жолго чыгышыңыз мүмкүн.

Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan