Көздүү мончок

Саламат САДЫКОВА, Кыргыз Эл артисти:
"Концертте басып жүргөн адамды көрбөйсүң"
Өзүнүн мукамдуу үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова жакында эле Европанын бир катар мамлекеттеринде жеке концертин берип, нукура кыргыз музыкасын даңазалап кайтты. Сапардын жыйынтыгы тууралуу аны кепке тарттык.

- Концертиңизди Европанын кайсы өлкөлөрүндө коюп келдиңиз? Сапарыңыз ийгиликтүү болдубу?
- Бул жолу бир жыл мурда түзүлгөн келишим боюнча Голландия, Белгия, Люксембург мамлекеттеринин бир катар шаарларында өзүмдүн жеке концертимди берип кайттым. Көөдөн толо кызыктуу сапар болду деп айта алам. Эң жакшы адамдар менен тааныштым, мээримдүү, жароокер анан дагы сүйкүмдүү адамдар менен иштештим. Алардын жүрөгүнөн төгүлүп айткан ыраазычылыгы жаныңды тазартат. Жогорку маданияттуу, чыныгы адис адамдар менен иштешүү бакыт, ырахат эмеспи. Ал жакта көрүүчүлөр музыканы абдан кунт коюп, дилгир угушат экен. Албетте, залда адашып келип олтурган көрүүчүнү таппайсың. Себеби, биринчиден маалыматты интернет аркылуу алышып, күн мурунттан эле музыкалык сайттардан тигил же бул артист менен азын оолак таанышып туруп анан келишет экен. Мындайда залда чыныгы көөнө маданиятка кызыккан адамдар болот. Концертте басып жүргөн, ушак айтып сүйлөшүп олтурган адамды көрбөйсүң. Мен чакыруу алган концерттик уюмдун эң башкы жетекчиси концертим Утрехт деген шаарда өтүп атканда өзү баштан-аяк катышып, аягында кубануу менен, толкундануусун жашырбай рахматын билдирип жатты. "Эң алгач сенин үнүндү укканда көздөрүмдөн жаш кетти. Мен сени таап алганыма кубанычтамын. Дагы жаңы долбоорлордо жолугабыз", - деп жылуу ойлорун жашырган жок. Ушунун өзү менин концертимдин ийгиликтүү өткөндүгүнүн бир далили го дейм. Ал эми концерттин башында "кыргыз музыкасынын ханышасы алдыңарга чыгат"- деп жаркылдатып чакырып жатты.
- Мурдараак радиого берген бир маегиңизден "Буга чейин аз айлыкка эле иштеп жүргөн болсом, эми эмгегимдин акыбети кайтып коммерциялык негизде ырдайм" деп айтканыңызды угуп калдым эле. Сапарыңыз олжолуу да болсо керек?
- Ооба, мен он алты жашымдан тарта мамлекеттик маданият тармагында кынтыксыз таза ак кызмат өтөдүм. Өмүрүмдүн акырына дейре ушул калыбымда элимдин эрмеги болсом дегенмин. Бирок, мени керексиз ырчынын жагдайына тушуктурган айрым тобокелдүү өз пайдасын көздөгөн митаам, адамдардын көзүн будамайлоого көнгөн бюрократтардын доорунда тагдырым оюнга айланып, кайдыгерлердин казаны кайнап жатканда мен ишсиз калган күндөрдү баштан кечирдим. Бирок мен кайратымды жоготподум, Кудайга миң ыраазымын азыр мен дүйнөлүк деңгээлдеги өзүнүн жүзү бар, тили башка болгону менен дили, ою бир, талантымды баалаган адамдарга жоолуктум. Ошолор аркылуу аалам кезип кыргыз обондорун даңазалап, кыргыз элимдин атынан ыйык кызматымды өтөп ырыскымды да башка журттан таап жан багып атам. Буга да шүгүрчүлүк, кантейин, арамза адамдар эч качан коомду алдыга жетелебейт тура. Бүгүн биз дем берүүчү, сыймыктануучу ичинде арамы жок адамдарга муктаж болуп тургандайбыз. Анткени, дени соонун жаны соо дейт эмеспи, айтор, элибиз аман болсо ой-мүдөөлөр ишке ашаар күндөр да келер.
- Бийликти сындаган сөздөрүңүздү угуп жүрөбүз. Саясатка кирейин деген оюңуз барбы?
- Бийлик, сасыган саясат туурасында кеп кылбай эле коелучу. Көкөйгө көк таштай тийди. Кайсынысын айтайын, айткан сөздөн майнап жок баягы көпкөн бюрократ көпкөн бойдон мурдун балта кеспейт. Элибизде "Кыздын жайын ынак билет, сөздүн жайын кулак билет" дейт. Бүгүн ынак кайда, кулак кайда, туш тарабым тунжурайт...

Саламат Садыковага
филармониядан орун жокпу?

Саламат Садыкова узаткан суроолорубузга кыскача жогорудагыдай жооп берди. А ушундай дүйнө сахналарын дүңгүрөткөн кыргыз таланты эмне үчүн бүгүн өзүбүздүн чоң сахналарыбыздан көрүнбөйт? Эмне үчүн кыргыз таланттарынын экинчи үйү боло турган филармониядан жумуштан четтетилет? Жаңы бийликтин келиши менен "эски бийликтин ырчылары" делинип бир катар ырчылар өгөйлөнгөнү, аны менен катар Саламат Садыкованы дагы Кыргыздын сахнасынан сүрүп чыгарып коюшканы өкүндүрөт. Кайсы күнөөсү үчүн?.. Болгон доомат "Акаевдин ырчысы болгон" дешет. Эгер кине коюп аткандар көзүн чоң ачып карап көрсө, Саламат Садыкова Акаевге чейин, Усубалиевдин тушунда эле өзүнүн таланты менен топ жарып чыга алганын ким тана алат? Маданият министри Султан Раев менен филармония жетекчиси Керим Турапов телевидениелерге "Саламат Садыкованы көп чыгарбагыла" деген команда бергенин кулагыбыз чалганы бар. Ошол эле Керим Турапов Акаевдин тушунда ырдаган жок беле? Же Садыкованын филармонияда таза иштеп, аброй күткөнүн көрө алышпаганыбы?.. Негизи нукура таланттуулар көпчүлүк учурда көралбастыктын курмандыгы болуп келишет. Болбосо кыргыздын нукура чыгармачылыгын даңазалап, Саламат Садыковадан ашып түшүп ырдаган кайсы ырчы бар? Сахналаштары андан кыргыз сахнасын кызганып атса, Кудай ага дүйнөнүн сахнасына эшик ачып койду. Бул көздүү мончок жерде калбайт дегендик. Кыргыз тарыхында буга чейин фольклордук ырчылардан эч ким чет өлкөгө жеке концертин коюп барган эмес. Эми салыштырып көрүңүз, окурман, таланты менен таш жарган ырчы жумушсуз жүрөт, ал эми филармониянын ичинде кишинин санын көбөйтүп жүргөндөр "Даңк" орденин алып атат. Бийликтин көзү түз болсо дал ушундай таланттарыбыздын тагдырына көңүл буруп койбойбу?
Дилбар АЛИМОВА




  Уютма

Эдил Алыкулов:
"Нурландын музыкалык билими жок эле орошон талант"
Байыртан ырга ышкыбоз, өнөрдү туу туткан кээ бир таланттуу адамдарыбыз эл, жер кыдырып жүрүп эле орошон болуп чыга келген. Калк каадасы мындайларды такшалткан, бышырган. Журттун жумуруна сиңип, аңыз кепке айланган. Бүгүнкү күндө ушундай "чымыны" барлар саналуу. Биринчи жолу Нурлан Алыкуловду элдик фронт уюштурган "Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт" аттуу сынагында көргөн элем. Ошондо эле аккордеонун колунан түшүрбөй созолонто "Туугандар" аттуу ыры менен конкурстун бир ыптасынын көркүн ачып, лауреат аталган. Төмөндө биз сөз кыла турган Нурлан жөнүндө анын бир тууган агасы Эдил менен азыноолак маек кылдык.

- Эдил мырза, айтыңызчы, иниңиздин "чымыны" кайдан учуп келген? Дегеним, өнөрдүн өзөгү, таланттын тамыры кайда жатат?
- Биздин чоң энебиз аябагандай ыр жандуу адам экен. Ал киши 1918-жылдары Казакстанды ачарчылык каптаганда, Сокулук жергесиндеги солтолорго келген. Ара-чолодо элин, кең талаасын сагынып, ырдап калчу дейт. Ошол казак кызын биздин чоң атабыз алып, жалгыз уулдуу болушкан. Ал биздин атабыз болот. "Эр тайын тартат" дегендей, биздин тайларыбыз казак баурдастар.
- Нурландын чоң тайлардан жуккан бу өнөрү качан байкалып отурат?
- Жетинчи классты бүтүп, жайкы каникулда аккордеонду колго алып, Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаев агалардын ырларын созуп жүрүп өз алдынча өздөштүрдү. Кийинчерээк обончулук жагына да ыктай баштады. Алгач, биз туулган Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылыбызга концертин берип, ийгилик коштогон.
- Нурландын обон жаратуусуна эмне түрткү берет? Биринчи ырдын сөзүн окуп, сиңириппи, же?..
- Инимдин алгач обону жаралат. Элди аралап жүрүп эле илхому келип, музыкасын түптөп коюп, анан сөзүн кылдат издейт. Мына, бүгүнкү күндө жыйырмадан ашык ырлары бар. Анын ичинде жарандык, ата-эне ж.б. ар кыл темада камтылат. Кээде ыңгайлуу текст таппай калган учурда өзү да сөзүн курап иймейи бар.
- Сиз агасы катары кандай колдоо көрсөтүп турасыз?
- Азыркы тил менен айтканда, мен инимдин продюсери болуп, дайыма жанында жүрөм. Концерттерин уюштуруу маселеси толугу менен менин мойнумда. Шопурлук, алып баруучулук, билет таркатуу, афиша ж.б.
- Чет жакага чыгып, эл аралап көрдүңөрбү? Коомчулук кандай кабыл алууда?
- Чынын айтсам, кыргыз жергисинде кыдырбаган жерибиз калган жок. Казакстандын кээ бир аймактарын чарпып кетип аттык. Кээ бир жылдыздарга окшоп, райондун борборуна эле концерт берип чектелбей, биз андан ары айылдардын клубуна, мектебине, эки-үч кошара жанаша жайгашкан жерлерге чейин барып концертибизди тартуулап атабыз. Коомчулуктун бизди кабыл алышы абдан жакшы. Эл эстрададан тажап, аккордеон, комуздун коштоосундагы улуу муундун ырларына суусап турганы байкалат.
- Мен билгенден Нурландын атайы музыкалык билими жок болуш керек.
- Убагында маданият үйлөрүндө иштеп жүрүп, бул жагына көп көңүл бурбаган. Бирок кептин баары ушунда жатпайбы. Кээ бир нукура таланттарга окуунун кереги жоктой сезилет. Эл тандап, асырап алса, туу туткан өнөрүнө кедергиси тийбейт деле экен. Учурунда жакшы ырдагандыгы үчүн айылдан райондук масштабга келгенде Жалгап Казакбаев менен Төлөгөн Рахманов агайларыбыз Кара-Балта шаарынан бир бөмөлүү үйдү белекке беришкен.
- Мындан аркы иш-аракеттериңер кандай болот?
- Эми чукул арадагы пландарга токтоло кетсек мындай: Нооруз майрамында Караколдо болобуз. Аны улай көлдү түрө кыдырып, Нарын, Жумгалга барсак деген үмүт бар. Ал эми күтүрөгөн күздө Бишкекте чоң программадагы концертибизди берип, сахнадан Нурланга жана келинчегине нике кыйылып, үйлөнүү тоюн ошол жерден өткөрсөк деген тилек бар.
Маектешкен
Сурат Жылкычиев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan