Доскелер Ырчы жигиттер Замир Арыкбаев менен Съездбек Искеналиев бүгүнкү күндө чыгармачылык жактан гана достошпой, үйбүлөлөрү менен да тыгыз байланышта. Алар бир топ ырчылардын башын кошуп, чоң компания түзүп алышкан. Анда Максат Бегалиев, Бакыт Байсариев жубайлары менен жана жаңы үйлөнүшкөн Неля менен Урмат да бар. Замир менен Съездбек 8-март алдында келип, "Доскелер" аттуу жаңы рубрикабызга конок болуп кетишти. Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ: "Шортигимдин эки жагын бир метр чоюп ырдагам" Замир АРЫКБАЕВ: "Немистин кинолорун "Манаска" кошуп тoгyп салчумун" Съездбек Искеналиев: -Кандай досум, үйдөгүлөр жакшыбы? Замир Арыкбаев: -Жакшы, Жанна кандай жүрөт? С.И.: - Жакшы эле. 8-мартка жакын аялдар кандай жүрмөк эле (күлүп)? Чын эле, Лирага эмне белек кылайын деп атасың? З.А.: - Кыштан бери эле "жаз келсе мага жакшы көйнөк алып берчи, ары-бери чакырып калгандар болот экен" деп жүрөт. Анан өткөндө айткам "акчасын берейин, базардан барып өзүңө жаккан көйнөгүңдү тандап сатып ал" деп. Сенчи? С.И.: - Өткөндө бир улуу адамдан жакшы сөз уктум. Мисалы аялга гүл, же кымбат баалуу белек кылганың жакшы экен. Бирок, андан да сонун белек сүйүү дейт. Эң негизгиси аял сенин сүйүүңдү сезиш керек турбайбы. А муну-тигини деп көңүл үчүн айтып коет экенбиз да. Ошондуктан, мен сүйүүмдү тартуулайм. Анан каалаганын алып берем. З.А.: - Ой ал жагынан... Мен деле сүйүп жашап келатам. Эмне сен эле сүйөт бекенсиң? Же биздин ортобузда сүйүү жок эле малча жашап жүрүптүрбүзбү (күлүп)? С.И.: - Жо-ок Замир, сен чычалаба, мен аны айткан жокмун. Ии, эртең "Война невест" деген жакшы кино болуп атыптыр, буюрса ошого барабыз. Чогуу барбайлыбы? З.А.: - Баралбайбыз. Биз эртең айылга кетип атабыз. Көптөн бери бара элекмин. Мектепти бүткөндөн бери эле 8-мартты ушул шаардан өткөрөм, апамды телефон аркылуу эле куттуктап коймой. Жок дегенде ушунусунда барып, эже-карындаштарымды кошуп, баарын куттуктап келейин деп атам. С.И.: - Мен болсо баякүнү эле куттуктап койгом. Апам бат-бат келип турат да, өзүң билесиң го. З.А.: - Мен барбайм, апам өзү келет дебейсиңби (күлүп)? С.И.: - Чын эле кызың жакшыбы, эмне кылып атат? З.А.: - Тили таптак чыгып калды. С.И.: - А менин кызым сонун болуп калды. Кечке ырдайт, телевизордон клиптерди тандап көрөт, орусча же чет элдик клиптерди кадимкедей көрбөй кетип калат. Кыргыздын клиптерин берсе телевизордун жанынан чыкпайт десең. Кошо ырдап жыргай берет. Мени тартып ырчы болоюн деп аткан го дейм. З.А.: - Менин кызым деле ошондой болчу, азыр уялчаак болуп калды. Бир жашында укмуш бийлечү. Ыйласа комуз менен сооротуп койчумун. Азыр деле ыр жаздырууга үйдөн даярданып атканда, ал мени телевизордон концерт көрүп аткансып, маңдайыма келип карап отура берет. Куурчагын алдына алып таптап коюп. Мен болсо аны байкабай, өзүмчө образга кирип алып ырдай берем, бир убакта көзүмдү ачсам, мени берилип карап отурган болот. С.И.: - Ошентип аркасынан бала чакырып атат окшойт. Наристе сезет экен да. Лиранын боюнда бар да ээ? З.А.: - Буюрса. С.И.: - Ой бар да эми. Буюрса деп тим эле... З.А.: - Сен кайдан билесиң? С.И.: - Билем да. З.А.: - Алдын ала баарын билгениң жакшы. Сага "Съездбек сезет" деген ат коюш керек. Узиден да күчтүүсүң го. С.И.: - Үч ай болдубу ээ? З.А.: - Эй, анысын мен сага айткан эмесмин да. Сен точно сезгич болуп кеттиң го. Кайдан билесиң? С.И.: - Билем (күлүп). Мен жонум менен сезгидей доңуз белем. Просто Лира менен Жаркынайдын телефондон сүйлөшүп атканын угуп калам да. З.А.: - Ошондой десең. Бирок, бирок... С.И.: - Толкунданба досум, негизгиси адамгерчилик. ( Ред.: ушундай приколдору бар экен) З.А.: - Мындай нерсени эртелеп сүйүнчүлөбөй эле койгон жакшы го дейм. С.И.: - Досум, билдирбеген менен келинчегиң боюнда болсо сүйүнөсүң да. Сен балалуу болсоң, биз деле сүйүнөбүз да. З.А.: - Эй сезгич, аны коетур. Андай кыйын болсоң, баягүнү Неля менен Урматты отко киргизип чакырганда, Нелянын боюнда бар-жогун сездиңби? С.И.: - Бар болуш керек... З.А.: - Урмат сакалын алып эле койсо ээ? Бирок өзү динге жакын жигит эмеспи. С.И.: - Ооба да. З.А.: - Сакал койгондун себебин билесиңби эмнеде? Сакал деген антенна, илхом бат келет деп атышат го. Урматтын жакшы ырларды жазып атканынын себеби ушул. Өзүнүн айтымына караганда, сакалдын жакшы касиети бар экен. Неляны "сакалдан тажаган жоксуңбу" деп да сурап жинине тийдим. С.И.: - Тажабаптырбы анан? Бирок Урматка сакал жарашат экен. И баса, эстегенде бир анекдот айтып берейинби? 8-март жөнүндө. Аялы күйөөсүнөн сурайт экен "мага эмне белек кыласың?" деп. Күйөөсү "мен сени зордуктайм" дейт. Таң калган аялы "эмнеге зордуктайсың, мен зордуктатпайм" десе, "анда белеги жок каласың" деген экен. Анынсыңарындай сен да аялыңа өзүңдү-өзүң белек кыласыңбы? З.А.: - Конечно. С.И.: - Буюрса эмки жумада мончого баралы ээ. Бакыт барат бекен? Урмат менен Максатка айтсам, барбайбыз деп коюшту. З. А.: - Парга көнүп алсаң жакшы экен да. С.И.: - Ооба да, мени парга Бакыт көндүрдү. З. А.: - Мончосу го мончо экен. Лупаригиң келатабы? С.И.: - Лупарикпи, иши кылып эмки жума буюрганы келет. А сен үйүңдү ремонттойм деп атпадың беле? З. А.: - Буюрса, иштеп, кененирээк акча таап туруп. Ал үчүн эл той бериш керек. Элде барчылык болсо, бизде да болот да. Биздин тилегенибиз ушул турбайбы, досум... Анан баягы Асема менен бир кинонун пилоттук долбооруна тартылууга макулдугумду бербедим беле. Аны тартып, спонсор издеш керек экен. Бирок кийин кинонун өзүн тартыш керек болгондо кастингине да катышыш керек экен. Балким өтүп калаармын, ээ? Бирок качан экенин билбейм. Азыр Асема өзү кошбойлуу болуп атпайпы. С.И.: - Асема ал кино эмес, өзү иттей сонун кино болуп жүрөт. З. А.: - Ошо-ол... Ии, чынеле Жаркынай кызганабы? С.И.: - Эмне болду анча? Албетте, кызганбай да сүйүү болчу беле? Билгизбейт бирок өзүм сезем. Башында түшүндүргөм. Акылдуу аял бир айтканды түшүнөт да. З. А.: - Түшүнөөрү түшүнөт, бирок кээде бирөөлөр телефонуңа эч себепсиз эле чалып тийише берет го. С.И.: - Айтмакчы, бүгүн бирөө чалып, "Съезд, чалчы, пожалуйста" деп калды. Чалсам, "бир жерде отурасың го" дейт. "Көрүп атасыңбы" десем, "ооба, Айпери Кубик кызынын телефонун берчи" дейт. Аныкы менде жок десем, Бактыгүл, Султан, Мирбек деп катары менен сурап кирди, "эй, алардыкы менде жок" десем, сөгүнүп коюп койду. Кызык адамдар көп. Баягүнү дагы бирөө чалып, мен жөнүндө ушунчалык жакшы сөздөрдү айтып, чыгармачылыгыма ийгиликтерди каалап туруп, аягында "Султан Садыралиевдин телефонун бериңизчи" деп сурап койгондочу. Андайларга мен 0312 680000гө чалсаңар, бул Кыргызтелекомдун номери, ошол жактан айтышат деп коем. Тигилер болсо сүйүнүп "рахмат, рахмат" деп коюп коюшат. А чынында андай номер барбы, жокпу билбейм. А кээ бирөөлөр кечке маяк берет, анан коркосуң да бир жерде өрт болуп аткан болуш керек деп кайра чалсаң, атыңды сурап коюп койгондор бар. Күйүп кетесиң да, күйүп... З. А.: - Да-а досум, андайлар болот. С.И.: - Замир, сага кымындай кезимди айтып берейинби? З. А.: - Кымындай? С.И.: - Ооба, кымындай десем эле Неля менен Урмат күлө берет. Бала кезимде мага кыздын көйнөгүн кийгизип коюшчу экен да, анан кошуналар "иий, бул Искендин кайсы кызы" деп эркелетип атканда, мен тоңкойсом эле "апе-ей, эркек бала турбайбы" деп далай кемпирлер чоочушуптур. Андан бир аз чоңоюп калганда, үйгө конок келсе эле шортигимдин эки жагын бир метр кылып чоюп алып ырдай берчүмүн. З. А.: - А менин кичине кезимде үйдөгүлөр тойгузуп туруп, Манас айттыра беришчү экен. Мен болсо телевизордон көргөн немистин кинолорунун эсте калган сюжеттерин Манаска кошуп, "төгүп" салчумун. С.И.: - Сенин Манасың сонун. З. А.: - Бирок Манасты шылдыңдабаш керек. Өткөндө сахнада Нэля "Сыйкырчы" деген ырын ырдап атканда, мен анын обону менен Манас "айтып" аткам, Максат мени карап каткырып аткан, бир убакта жөн жерден чо-оң колонка башына кулап түшпөдүбү. Эси ооп, тез жардам чакырттык. С.И.: - Ээ... Эсиме башка эле күлкүлүү окуя түшүп кетти. Өткөндө биздин айылдык бир бала менен сүйлөшүп калдым. Ырчы болууну каалачу экен. Бирок атасы каршы болуп, ырдасаң уй, коюңа ырдап, айылда жүр деп болбой коюптур. Бир күнү үйгө конок келип, атасы баласына ырдап койчу десе, "ата, мен уй, койго ырдайм" деп чыгып кетиптир. Бирок ошентип каршы болгондор болуп, кагылып-согулуп чыккандар анык жылдыз болот. А келгенде эле май талкандын үстүнө отуруп калгандарың болбойт экен. Колтуктарына, желкелерине, салааларына чейин "жылдыз оорусу" деген "жара" чыгып кетет экен. Аябай коркунучтуу дарт тура. Анан аларды айыктыралбай продюсерлери куурап атат (күлүп). З.А.: - Америкадан дары заказ беришиппи? С.И.: - Бизге келет, "силер мындан кантип дарыландыңар эле" деп. З.А.: - Биз башында жылдыз оорусуна каршы ырас эле укол сайдырып коюптурбуз ээ. Мунун открытый, закрытый түрлөрү болот турбайбы. Открытыйы коркунучтуу дешет. С.И.: - Кой досум, андайдан Кудай сактасын. Мен азыр кетейин. Эртең жолугалы. З.А.: - Ой, экөөбүз азыр эле бир жерден жолугуп калышыбыз мүмкүн. Коштошпой эле коелу. С.И.: - Макул анда. Рубриканын алып баруучулары доскелер Бегимай менен Дилбар |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|