Сүйүү ден-соолугу

Түгөйлөр түңүлбөсүн, арзышкандар араздашпасын!
Көз кубанткан жаздын алгачкы күндөрү жандүйнөгө сүйүү сезиминин илеби уруп, жаңылануу, жашаруу жолуна түшкөн табият менен бирге адамдар да жаңы туюм, бийик сезим, махабат майрамын эңсеп калышат.
Ар бир сүйүшкөн жуп, үйбүлө очогун сактагысы келген жубайлар өздөрүнүн ынак мамилелерине доо кетиргиси келбери анык. Бири-бирине болгон ишеним, түшүнүүчүлүк, жылуу маанай ар дайым жашашын ар бири каалайт, аны жоготуудан коркот. Бирок, баары эле экөөнүн ортосундагы байкалбай айтылган күнүмдүк орой сөздөр, тетири жаңсоолор, кыска кайым айтышуулар, жада калса кандай тамак жеп жаткандары да интимдик жашоосуна, сексуалдык мамилелерине таасир этерин, андан улам эң кымбат байлык - денсоолуктарына кандай залал келтирерин билишпейт чыгар. Түгөйүңүзгө сиздин азыркы мамилеңиз суктанарлык болгон күндө да, бул темада камтылган кеңештер эч качан жашооңузга ашыкча болбойт деп ишенебиз.

Жуптардын сексуалдык гармониясынын сыры
Сексуалдык жашоонун бактылуулугунун сыры төшөктө жасаган ишибизде эле эмес. Негизги сыр - биз төшөктө сүйүү оюнуна түшкөндө башыбызды кандай ойлор басып, түгөйүбүзгө карата кандай сезим багыштап жаткандыгыбызда.

Жаштык сапарынын сааттары
Эркектер 25 жашка келгенде организми гормоналдык жетилүүнүн сересине жетет да, ал 10 жылдай убакытка сакталат. Аялдарда болсо бул убакта тестостеронду бөлүп чыгаруунун өрчүшү, сексуалдык жактан бойго жетилүү жүрүп аткан болот. 28-32 жашында көпчүлүк жуптарда сексуалдык гармония жашайт. Ал эми улам жаңы таасирленүүнү издеп, гормоналдык бороон-чапкынды басып өткөн эркек бара-бара токтоо тартып, бир гана аял менен узак мамиледе болууга дитин кое баштайт. Айымдардын басымдуу көпчүлүгү болсо 30 жаштан кийин гана секстен ырахат алып, оргазмды "тааныйт".

Айым күчөгөндө,
эркек басаңдайт
Эркектердин тестостеронунун бөлүнүп чыгышы 30-35 жаштан кийин жылына 1%га төмөндөп отурат. Толуп кетүү, семирүү бул процессти 10%га күчөтүп жибериши мүмкүн. Мына ошондо организми май эркектердин жашоосунда секс мурункудай зарылдык ролун аткарбай калат. Айымдардыкы, тескерисинче: тестостеронду бөлүп чыгаруу өрчүп отуруп, 40 жашка келгенде төшөктөгү сүйүүнүн туу чокусуна жетүү даамын даана сезет. Бул учурда алар климакска жакындап калганы менен, гормоналдык жагы аны секстеги "жарылууга" түртөт. Жыныстык катнаш аларга эми гана зарыл боло баштаса, аларга жашташ эркектер бул учурда көңүл, мамиле жылуулугун издеп калышат. Чанда эркектердин гана бул жашында кумары күчөйт. Ошондуктан, аял-эркектердин ушул жашында туруктуу никелери бузулуп, ажырашуу көрүнүштөрү көп болуп, жаш айырмасы "элге сөз кылган" никелер пайда болот.
Андан арычы?
Азыркы мезгилде "адам канчалык секс жагынан активдүү болсо, ошончолук өзү үчүн жакшы" деп эсептешет. Ошону менен катар, пайгамбар жашына келгендердин арасында интимдик жашоого басым жасагандардын саны өсүп, жаш айымдарга үйлөнгөндөр көбөйүүдө. Мунун баары алар үчүн денсоолук, жашаруу, карылык алган күч-кубатты кайрып алуу экени талашсыздыгын медиктер далилдеп келет.
Сөз соңундагы кеңеш: ар бир үй-бүлөдөгү психологиялык климаттын жагымдуу болушу, жубайлардын бири-бирин кубанта алышы, сүйө билиши, көр оокат, көр сезимге алдырбай түшүнө билиши, бири-бири менен жашоону бирге улантуу каалоосу бар экени, сексуалдык гармониядан зор канааттанууну ала алышы - үйбүлөлүк очокту өчүрө албайт.

Бир шилтем менен айтканда…
Жуптардын күн алыс эмес жыныстык кошулуусу иммунитетти бекемдейт, чарчоону, денедеги ооруксунууну алып чыгат, организмди жашартат, сасыктумоодон тартып, онкологиялык ооруларга чейин профилактикалык милдет аткарат,
инфаркттын алдын алат, нерв системасын калыбына келтирет.

***
Эгерде жыныстык катнашыңыздын жашоосу активдүү болсо, ага кошул-ташыл дайыма өнөктөштөрүңүздү да бат-бат алмаштырып жүргөн болсоңуз, бул - бактериялык инфекцияга кабылып калышыңызга чоң коркунуч келтирет. Бактерия алгач заара чыгаруучу системага кирип, анан ар кандай ооруларды пайда кылат. Эң белгилүү симптомдор: ачышуу, заара кылгандагы ооруксунуу, кычышуу.

***
Сексуалдык жашоого кызыкчылыгын жоготкон айымдар гормоналдык бузулууга, бөйрөк оорусуна, диабетке чалдыгышы мүмкүн. Жыныстык катнашуудан качуу -депрессиянын көрүнүштөрүнүн бири.

***
Эркектердин бир калыпта көпкө отуруусу алардын потенциясы үчүн зыян. Өзгөчө бул айдоочуларга тиешелүү. Анткени, бир орунда 20 мүнөткө отуруудан эле урук бездери сакталган жериңиздин температурасы 34,2ден 35,5 градуска чейин, ал эми 2 сааттык жол жүрүүдө 36,2 градуска чейин көтөрүлөт. Эгерде узак жол жүрүүгө чыксаңыз, шартка жараша көбүрөөк токтоп эс алууга аракет кылыңыз, о.э. кененирээк шым кийүү пайдалуу экенин унутпаңыз.

***
Анар жемишинин ширеси эркектердин потенциясын көтөрүүдө виаградан кем эместигин америкалык окумуштуулардын изилдөөсү далилдеген. Шире кан тамырларынын кеңейишин тездетет, ошондой эле эрекциянын бузулушун калыбына келтирет.

***
Кызганыч адамдын денсоолугуна сокку урарын билесизби? Кызганчаактарды баш оору, ич оору коштоп жүрөт, уйкусуздук, жүрөк кагышынын тездеши, мындан сырткары тынчсыздануу, акыл-эсти бир ойго токтото албоо түйшүгү басат.

***
Кучакташуу - жашаруунун эликсири. Күнүнө бир нече жолу жагымдуу сезим менен кучакташкандар, же сүйүктүү адамынын кучак койнунда жаткандар карылыктан алыстап, жашоосун узартышат. Кучакташуу учурунда жакшы маанайдын гормону - эндорфин бөлүнүп чыгат.

***
Унчукпай, тымпыйган адатка түшүп жашаган жубайларга караганда, буркан-шаркан түшүп өз мамилелерин кыйкырышып чечип алгандардын никеси узакка жашайт.

***
Секс - жүрөктүн, өпкөнүн, кан тамырдын машыктыруучусу. "Машыктыруучусуз" жашоо эркектердин денсоолугуна простатит, уретрит ооруларынын пайда болушуна алып келет. Андыктан, түбөлүк сендикмин деп жашаган түгөйлөр денсоолукка көңүл буруп, секске кол шилтеп салбоого тийиш.
Сүйүшкөндөрдүн
диетасы
Сүйүү жалынын күчөткөн азыктарды бир канча түргө бөлсө болот. Ошолордун ичинде, албетте, эң чоң тизме менен жер-жемиш турат. Аларда минералдык заттар, витаминдер гана камтылбастан, маанайды көтөрүүчү, сүйүү тартылуусун күчөтүүчү, дүүлүктүрүүчү жыпар жыттар да бар. Албетте, баарынан мурда сизде кумарга батуу каалоосу болуш керек, ал эми каалоону андан ары өнүктүрүү - сиздин гана колуңузда…
Ананас, кокостон тартып, жүзүм, шабдаалы, коон ж.б. менен бирге кургатылган жемиштерди да унутпаңыздар, күнүнө аздап жеген мейиз, жаңгак, өрүк, кара алкоор сыяктуулар өнөктөшүңүз менен сүйүү оюнуна батууга өтө пайдалуу түрткү берет.
Жашылчалар да сизге жардам берүүдө артта калбайт: пияз эркектердин потенциясын көтөрсө, чеснок, сельдерей өсүмдүгү дүүлүктүрүүчү кызматты аткарат. Кызыл, эттүү помидор жашылчалардын ичинен сүйүшкөндөрдүн эң жакын досу.
Пайдалуу азыктардын андан кийинки бөлүгүнө жаңгак түрлөрү, семичкелер кирет. Өзгөчө грек жаңгагы, ашкабак семичкеси менен азыктанганыңыз сизди түгөйүңүз менен бирге болууда "баатырга" айлантат.
Сүйүү диетасына бал жана деңиз азыктары да сөзсүз кириши шарт, балыктардан форельди, камбаланы эске алыңыз.
Белоктуу заттардан: сыр, козукарын, бөдөнөнүн жумурткасы. Булардын ичинен бөдөнөнүн жумурткасына өзгөчө токтоло кетели. Ал денсоолукту чыңдоочу азыктардын ичинен рекордсмен катары саналып, сүйүү каалоосун, потенцияны гана калыбына келтирбестен, ден соолукту да ишенимдүү деңгээлде чыңдайт. Күнүнө 3 жолу бештен бөдөнө жумурткасын жеген адам өзүндөгү өзгөрүүнү байкабай койбойт. Анын сырткы келбети жакшырып, чачы кайраттуу, тырмагы бекем болуп, организмге күч-кубат, энергия топтолот.
Даярдаган Алия БЕКМАТОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan