архив • редакция 



  Куу жалаа

Камалардын алдында...

Кыргызстанда саясый куугунтуктун күч алышына күбө болуудабыз. Албетте, мен жеке жаран катары капалануудамын. Соңку учурдагы саясый лидерлерге болгон кысымдар өлкөбүзгө терс таасирин тийгизери ажеп эмес. Санабай эле коеюн, бүгүн бийликке сын айткан баардык жарандар запкы жей баштады. Алардын көч башында Аликбек Жекшенкулов турат. Кеп ушул жөнүндө болсун.
Аликбек мырза камакка алынардын астында экөөбүз кенен сүйлөшүү жүргүзгөн элек. Ал ушул кылмышы боюнча кудай алдында ак экенин, бийликтин үстөмдүгүнөн гана басмырланып атканын жашырбаган. Ошого катар ИИМдеги экспертизанын жыйынтыгына ишенбестигин да кошумчалап, "мени адам өлтүрүүгө катыштыгы бар дегени абсурд" деп баса белгилеген. Бул эми Аликбек Жекшенкуловдун кескин пикири, ал өзүнүн ак жеринен күйүп атканын жүрөгүнөн айтты. Дал ушул кылмыш ишинин козголушу менен анын таза экенине ишенгенимди жашырбайм. Ал эми өкмөттүк ММК булактарынын сайраганы башка кеп. Алардын "чыгармачылыгына" эстүү калк баасын берсин!
Айтмакчы, кечээ СДПК лидери Алмаз Атамбаев Аликенин камалышына катуу кабатырланып, мындай жорук Кыргызстандын тышкы саясатына, ошондой эле ички да саясатыбызга аброй апкелбесин айтты. Ушунакай кадамдарды оппозицияга карата жасалган үстөмдүк катарында баалап.
Эмне демекчибиз? Бийлик арыдан бери болуп, өлкө коопсуздугун, саясый коопсуздукту эске алса, оппозиция лидерлерине адилеттүү мамиле жүргүзсө деген эле ой. Кыргызда "чайпалалы, бирок төгүлбөйлү" деген кеп бар. Анынсыңарындай, бүгүнкү кырдаал оң жолго түшсө деген тилек. Ал эми Аликбек мырзанын ак экенине мен ишенгендей эле, караламан калк да ишенсе керек. Эң алды биз үчүн ушул маанилүү...
Асланбек САРТБАЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan